Жашасын, жарык дүйнө!
Жанбагар болуп баары баратканбы?..
Жашагым келбейт күндө карап жанды.
Корогум келет жалаң жакшылыкка,
Коргогум келет чөгүп баратканды.
Жаңылат өмүр аз деп кейигендер,
Бир кылым сага кантип аздык кылат.
Жалп өчкөн жаштыгында – ошол арман,
Жакшы адам карылыкка топук кылат.
Жашасын жарык дүйнө, шүгүрчүлүк,
Бактылуу болгон жакшы күтүп жүрүп.
Эң кыйын сүйбөй калуу баарынан да,
Жек көрүү андан жаман сүйүп жүрүп.
