Жазуучу Рахат Аманованын “Айымпаашасынын” артыкчылыктары менен кемчиликтери
Кыргыз адабияты соңку ондогон жылдар аралыгында өзүнүн кезектеги табигый өткөөл доорун баштан кечирип жатат. Коом өзгөргөн сайын адамзаттын дүйнөнү кабылдоосу, турмушту түшүнүү жагдайы, эстетикалык табити да табигый шартта өзгөрөрү талашсыз маселе. Албетте бул өзгөрүү адабиятта да өзүнүн изин калтырбай койбойт. Азыркы кыргыз адабий процессинде салт менен жаңычылдыктын, көзгө көрүнгөн реалдуу турмуш менен ички психологиялык абалдын, улуттук баалуулук менен глобалдык дүйнөтаанымдын өз ара эркин карым-катнашы ачык байкалууда.
Бүгүнкү калемгерлер Кыргыз Совет адабиятындагыдай эле адам тагдырын, сүйүү менен арманды, мекен менен улуттук наркты сөз кылганы менен, аларды окурманга жеткирип берүү формасы, көркөм ой жүгүртүүсү мезгил талабына жараша сезилерлик өзгөрдү. Өзгөчө соңку жылдарда колуна калем кармаган сүрөткерлердин чыгармаларында жеке адамдын ички дүйнөсүнө үңүлүү, жалгыздык, руханий кризис, өзүн издөө, коом менен инсандын тиреши, тагдыр менен тизгин талашуу сыяктуу темалар кеңири орун алууда. Поэзияда да, прозада да жаңы образдык изденүүлөр, эркин композиция, жаңыча метафоралык ой жүгүртүү, дүйнөлүк адабий тажрыйбаны эркин алкакта өздөштүрүү аракеттери байкалат.
Ошол эле учурда азыркы адабий процессти интернет желелериндеги социалдык тармактар менен санариптик мейкиндиктен бөлүп кароо да мүмкүн эмес. Бүгүн калемгерлердин чыгармалары китеп болуп жарык көргөнгө чейин эле окурманга жетип, чыгармага карата айтылган сын пикирлер дароо эле коомчулуктун назарына түшүүдө. Мындай көрүнүш бир жагынан адабияттын аудиториясын кеңейтсе, экинчи жагынан көркөм талап, адабий табит анан да кесипкөй адабий сын маселесин да сүрөткерлердин алдына курч коюуда. Чыгарманын популярдуулугу менен анын көркөмдүк наркы дайыма эле бирдей боло бербейт эмеспи. Ошондуктан, азыркы адабий процессте чыгармачылык эркиндик менен көркөм жоопкерчиликтин тең салмактуулугун сактоо өзгөчө мааниге ээ.
Мына ушундай шартта адабий сындын милдети да өзгөрүүгө тийиш. Сынчынын максаты жөн гана чыгармага “жакшы” же “начар” деген баа берүү эмес, чыгарманын ички көркөм дүйнөсүн ачуу, автордун изденүүсүн түшүнүү, чыгарманын адабияттагы ордун аныктоо, текстти автордун өмүр баянынан бөлүп кароо, ошондой эле окурман менен калемгердин ортосунда интеллектуалдык көпүрө түзүү болуп саналат. Бүгүнкү жаңы чыгармаларга баа берүүдө мурдагы шаблонгоо салынган калыптарга гана таянбастан, заманбап адабий процесстин табиятын түшүнүү зарыл. Анткени адабият – мезгилдин же адамзат турмушунун күзгүсү гана эмес, дүйнө коомчулугунун руханий багытын аныктоого түздөн-түз катышкан чоң күч.
Бүгүнкү кыргыз адабиятынын келечеги жаңы темаларды алып чыгууда гана эмес, зарыл деп эсептеген баардык темаларды тереңдик менен көркөм ойго айландырган калемгердин сөз кудуретинде. Акын, жазуучу, драматургдардын үнү салттуу адабий тажрыйба менен айкалышканда гана улуттук адабияттын жүрүшү бекемделип, аалам алкагындагы байсалдуу сапарга чыгат. Демек, азыркы адабий процессти талдоо бүгүн көзгө урунган чыгармаларды “ак же көк” деп баалоо гана эмес, эртеңки кыргыз адабиятынын жүзү кандай болору жөнүндө да ой бөлүшүү.
Мен төмөндө калыптанган калемгер, жазуучу-акын жана адабиятчы Рахат Аманованын чыгармачылыгына кайрылып, анын адам тагдырын, инсандын ички дүйнөсүн жана руханий изденүүсүн чагылдырган “Айымпааша” аңгемесине саресеп салып, окурмандардын көңүлүн калемгердин чыгармачыл кудуретине бургум келип турат. Рахат Аманова менин пикириме муктаж эмес болушу да мүмкүн. Эгерде ал жаңыдан калем кармап жолго чыккан жаш калемгер болгондо, “аттап, тондоп” ак жол каалап колдоо көрсөтсөк туура болмок. Рахат айым адабий айдыңда эки тизгин, бир чылбырды колго алган дасыккан калемгер болгону үчүн ар тараптуу калыс пикирими туура кабыл алат деген ниетте ортого салып отурам. Соңку мезгилдеги адабий айдыңда ат салышып келаткан улуу-кичүү калемгерлердин чыгармачылыгы жөнүндө жазылган калыс, курч сын пикирлеримди (мурда интернет желелеринде, ЖМКларда жарыяланган жана эч жерге жарыялана элек) топтомун чукул арада жарыкка чыкчу китептен окуй аларын окурмандарга маалымдап кетүүнү да туура көрүп турам.
“Айымпаашанын” негизги көркөм өзөгү – каармандардын экинчи жолу кайра жаралуусу
Кээде адамдын өмүрүндөгү эң маанилүү бурулуш жалындаган жаш куракта эмес, өмүрдүн кыроо баскан кеч күзүндө да келерин ким жокко чыгара алат. Кээде сүйүү да жеке эле жаш жүрөктөрдүн энчисине гана берилбей, турмуштун далай сыноосунан өтүп, жан дүйнөсү жараланган адамдардын акыркы үмүтүнө айланат. Кээде коом “жаман”, “жексур”, “кара жолтой” деп акыркы өкүмүн чыгарып койгон адамдардын ичинде али өчө элек адамдык нурду бир гана боорукер жүрөк көрө алат. Жазуучу Рахат Аманованын “Айымпааша” аңгемеси мына ушундай адамзат тагдырынын аянычтуу кесилишинде жаралган чыгарма. Чыгарманын башында эле окуя окурманга таң калтырган кабар менен төмөнкүдөй абалда эшик ачат.
“Айымпааша өзү айттырып, баягы жексурга нике кыйдырып, кечээ түнү тийиптир, ботом?..” Ушул бир сүйлөм чыгарманын драмалык негизги өзөгүнө айланып, окуяны окурмандын аң-сезимине локоматив сыяктуу, психологиялык принциптин динамикалык темпи менен сүйрөп кирип келип, токтоосуз жүрүп отурат. Бирок автор окурманды сырттан айтылган ушактын деңгээлинде калтырбайт. Тескерисинче, “жексур” деген коомдук бааны талкалап, анын артында турган адамдын ички дүйнөсүн ачууга киришет. “Жексур” ким? Автор чыгармачылыктагы эң кызыктуу көркөм анонимдүүлүк жана аны кийин ачуу – идентификациялоочу көркөм ыкмаларды ийкемдүү колдонуп, баш каарман Чоронун өз атын көпкө чейин атабай, анын ордуна эл өкүмзордук менен койгон “жексур” деген ат менен окуяны өнүктүрөт. “Жексур” жөн гана каймана ат эмес, коомчулук тарабынан чыгарылган катаал өкүмдүн символу.
Чоро жаш кезинде киши өлтүрүп, 27 жыл түрмөдө отурат. Бирок түрмөдөн чыккандан кийин эле анын жазасы бүтпөйт. Тескерисинче, коомдук жээрүү, эл тарабынан четтетүү башталат. Туугандары да андан баш тартышат. “…Тууган-уругу мунун бузулган түрүн көрүп тууганчылыктан кечип коюшту…” Ошентип, Чоронун чыныгы түрмөсү темир тор артында эле эмес, айыл элинин, туугандарынын жээрүүсүнө түшкөнүндө да уланат. Мыйзам алдында жазасын түрмөдө өтөгөндөн кийин ал коом алдында өмүр бою жазаланган адамга айланат. Мына ушул жерде чыгарманын эң маанилүү гуманисттик суроосу жаралат. Адам өзүнүн бир жолу жасаган күнөөсү менен өмүр бою күнөөлүү бойдон калууга тийишпи?
Автор бул суроого түз жооп бербейт. Анын ордуна Чоронун кийинки жашоосун сүрөттөөгө өтөт. Ал элден бөлүнүп, жардын оюгуна кепе жасап алып жашайт. Өз колу менен кепе курат. Устачылык кылат, ар кимге жалданып, ар түрдүү иште иштейт. Эң негизгиси, кандай жоготууларга учурабасын туулган жерине болгон сүйүүсүн, урматын жоготпойт. Анын адамдык өзөгү дал ушул мекенге болгон сүйүүсү менен урматында сакталат. “…Жыйырма жети жыл бою туулган жерин сагынып, канча жолу өз өмүрүнө кол салгысы келгенин бир өзү билет!.. Бирок ушул кусасы үчүн кайра жашагысы келди…” Бул жерде калемгер абдан таасирдүү психологиялык параллель түзөт. Адамды коом четке какса да, туулган жер адамды четке какпайт. Бир боорлору кабыл албай жээрисе, туулган жер өз койнунан жай берип, бооруна батырып алат. Мекен, жер эне адамзатка ошон үчүн ыйык!
Айымпаашанын образы да чыгарманын чоң көркөм табылгаларынын бири. Ал өз тагдырын өзү тандоого эрки жеткен күчтүү аял. Айымпааша турмуштун татаал жолун басып өткөн айым. Бир эмес, бир нече жолу турмушка чыгат. Бирок ар бир нике ага бакыт эмес, тескерисинче, азаптуу, оор жүк алып келет. Анын трагедиясы күйөөлөрүнүн өлүмү менен гана чектелбейт. Коомдун ага койгон “кара жаздык”, “кара жолтой катын” деп жаман атты кылган басмырлоосу баарынан оор экенин туюнтат. Айымпаашанын эжесине айткан, “…Эрден эрге тийгенден тажадым!.. Көрүнгөн чоочун үйдө жүрүп чарчадым! Көрүнгөн эркекке аял болгондон чарчадым! Эми өзүмө эр таап, өзүм чечем. Азыр мен үчүн ошо жардын оюгунда жашаган жексур бардыгынан артык!.. Мен үчүн айырмасы канча дейсиз?..” – деген сөздөрү чыгарманын эң күчтүү психологиялык абалын түзөт. Бул сөздөрдөн аялдын жөн гана турмушка чыгууга болгон каалоосун эмес, өз тагдырын өзү чечүүгө болгон укугун сезип, чечкиндүү кадамга барган майтарылбас эркин көрүүгө болот.
Айымпааша ага чейин эжесинин кеңеши менен жашаган. Эл эмне дейт деп жашаган. Күйөөлөрүнүн үйүндө “өгөй эне” катары жашаган. Соңунда ал биринчи жолу өзүнүн жашоосуна өзү кожоюн болууну чечет. Ошондуктан анын Чорону тандашы бир караганда күтүүсүз кадам болгону менен, чыгарманын ички логикасында мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал Чорону коом көргөндөй “жексур” катары эмес, өзүнө окшош жан дүйнөсү жараланган адам катары, тагдыр менен тизгиндешип, эч убакта сынбаган эрктүү адам катары көрөт. Айымпааша менен Чоронун ортосундагы мамиле кадимки сүйүү баяны эмес. Тагдырдан тизгин талашкан эки эрктүү адамдын жолугушуусу. Бул жан дүйнөсү жабыркаган эки адамдын бири-биринен адамдык жылуулук, жан эргиткен мээрим табышы. Ошондуктан Чоро менен Айымпааша экөөнүн никеси жөн гана нике эмес, эки жаман атты болгон адамдын бири-бирин реабилитациялап акташы.
Айымпааша Чорого биринчи жолукканда анын сырткы келбетинен коркот. Күлүмкан кемпир да аны коркунучтуу адам катары кабыл алат. Бирок анын күнүмдүк жашоосун көргөн сайын бул көз караш өзгөрө баштайт. Мисалы, Чоронун жуунуп-тазаланып, аялдын алдына таза барууга даярданып жатканын көргөн Күлүмкан кемпирдин ички дүйнөсүндө чоң өзгөрүү пайда болот. Аны автор, “Аа, адам экен! Аял кишинин алдына бою-башы таза барайын деген турбайбы?” – деп Күлүмкан кемпирдин сөзү менен Чоронун экинчи өмүрүндөгү алгачкы кадамын абдан кылдат сүрөттөп, алгачкы реабилитациялоо жолун ачып берген. Ушул жерде чыгарманын гуманисттик идеясы өтө так көрүнөт. Адамдык нарк – улуу иштерден гана эмес, күнүмдүк майда мамилелерден да көрүнөрүн калемгер чеберчилик менен мыкты далилдеген.
Чоро Айымпаашаны сыйлайт. Анын көңүлүн тебелеп-тепсегиси келбейт. Никелешкен түндүн өзүндө да Айымпаашанын абалын түшүнүп, анын ички дүйнөсүнө аяр мамиле кылып, башка бөлмөгө жатат. “Көңүлгө убал деди Чоро…” Бул Чоронун ички өзгөрүүсүнүн өзөгү. Сүйүү Чоронун ички сезимдерин кайра ойготот. Чоронун кайра жаралуусу Айымпаашанын мээрими аркылуу акырындап ачылып жүрүп отурат. Айымпааша Чоронун өткөнүн суракка албайт. Аны өзгөртүүгө аракет да кылбайт. Аны адам катары кабыл алат. Анын дасторкону Чоронун жүрөгүнө жылуулук алып келет. “Айымпааша алдына дасторконду жайнатып салган сайын ыраазы болуп ичи жылыйт…”
Бул жерде дасторкон жөн гана турмуштук деталь эмес, мээримдин, үйдүн, аялдык назик жылуулуктун, сүйүүнүн, адамдын адамга болгон ишениминин символу. Жыйырма жети жыл бою сый мамиледен ажырап калган Чоро кайрадан бирөөнүн үйүндө өзүн сыйлуу адам катары сезе баштайт. Ошол эле учурда анын Айымпаашага болгон мамилеси да сүйүүгө айланат. Мунун эң ишенимдүү далили катары, калемгердин экөөнүн бири-бирине болгон кызганычын жеткиликтүү сүрөттөп бергенинде. “Анын кайсы маалда Айымпааша көңүлүн ээлеп алганы эсинде жок…” Кечээ гана жалгыз жашоону каалаган Чоро, бүгүн Айымпаашанын 2-3 күн жоктугунан үйүнө батпай калганы, аны түнөп калчу жерге мындан ары жалгыз жөнөпөйм деп кызганганы, ага болгон сүйүүнүн далили. Мына ушул штрих автор тарабынан өтө чебер иштелген.
Чыгармадагы өзгөчө маанилүү дагы бир деталь Чоронун “биздин эл” деген сөзү. “Биздин эл” чыгарманын маанилүү сөздөрүнүн бири. Ал мурда элден бөлүнгөн, эл жээриген адам эле. Өзүн элге тиешеси жок адам катары сезип келген. Бирок Айымпааша менен жашап, үйүн оңдоп, кошуналар жардамга келгенде анын жан дүйнөсүндө жаңы сезим пайда болот. Чоро ошол жерде, “Биздин элди деги билесиң…” – дейт. Ушул “биздин” деген сөз аркылуу калемгер Чоронун руханий реабилитациясынын экинчи этаптагы эң чоң белгисин ачып берген. Кечээ эле “жексур” аталып, элден бөлүнгөн адам бүгүн кайрадан “биз” деген түшүнүктүн ичине кирип жатат. Четтетилген адамды кайра коомго кайтарып алып келген мындан артык дагы кандай сөз, кандай ыкма болушу мүмкүн? Бул жерде жазуучунун сезимтал, чебер калемине баа бербей коюуга болбойт.
Аңгемедеги эски үйдүн образы өзүнчө сөз кылууга татыктуу. Эски үй чыгармадагы мыкты символ. Ал башында Айымпаашанын жалгыз калган, жараланган жашоосунун символу сыяктуу көрүнөт. Бирок Чоро келип, аны оңдой баштаганда үйдүн өзү менен кошо адамдардын аларга болгон мамилеси да оңолот. Чоро үйдү оңдоону Айымпаашага сунуш кылат. Ал макул болуп, иш башталат. Коңшу-колоң чогулат. Эл келип жардам берет. Ошентип, үйдү оңдоо эки адамдын мамилесин оңдоого, андан ары коомдун мамилесин кайра жаңылоого айланат. Өзгөчө таасирдүү учур Чоронун “Үйдү” дебей, “үйүбүздү” деп бата тилеши. Бир эле “үй” менен “үйүбүздүн” деген сөздүн ортосунда Чоронун бүтүндөй ички эволюциясын калемгер чеберчилик менен кылдат сүрөттөгөнүн көрүүгө болот. Ал эми элдин “Чоронун үйү” деп атай башташы да символдук мааниге ээ. “Элдин баары бул үйдү “Чоронун үйү” дегенге өткөн…”
Буга чейин элден чыгарылган адамдын аты эми элдин оозуна жакшы мааниде кайтып келди. Айымпааша да Чоро менен баш кошкон күндөн баштап кайра жаралат. Чыгармадагы өзгөрүү Чорого гана тиешелүү эмес. Айымпааша да Чоро аркылуу жаңы жашоого келет. Ал мурда улам жаңы баш кошкон күйөөлөрүнүн үйүндө өзүн убактылуу адамдай сезип келген. Ар дайым “канчага чейин жашайт?..” деген коомчулуктун теңсинбөөчүлүк көз карашынан коркуп келген. Эми болсо өз үйүндө өзүн чыныгы үй ээси катары сезет: “Өз үй, өлөң төшөгүңдө күн кечирген кандай бакыт, ов!..” Чыгарманын позитивдүү философиялык өзөгү мына ушул жерде жатат. Бакыт сөзсүз эле байлыкта, жаштыкта же көп балалуу болууда эмес. Кээде бакыт өзүңдү сүйүктүү адамыңа керектүү адам катары сезүүңдө.
Чыгарманын кийинки бөлүгүндө автор сүйүүнү идеалдаштырып гана тим койбойт. Анын табигый карама-каршылыгын да ачып берет. Каармандардын бири-бирине болгон кызганычы, экөөнүн тең сүйүүнү мойнуна алганынын аныктамасы. Чоро Айымпаашаны кызганат. Айымпааша Чорону кызганат. Чоро шаарга кеткенде Айымпааша түнү бою жол карайт. Анан кызганычын жашыра албай, “Сиз мени сагындыңызбы? Сагынганыңыз чынбы, айтыңызчы?..” – деп сурайт. Бул жерде автор эки улгайган адамдын сүйүүсүн абдан табигый берет. Алардын сезими жаштардыкындай романтикалуу эмес. Анда турмуштук тажрыйба, коркуу, кызганыч, тартынуу, сый-урмат кынтыксыз жуурулушуп турат. Кеч келген сүйүү ошонусу менен ишенимдүү көрүнөт.
Чоронун, “…Сени менен Кудай канча өмүр берсе бирге жашайм…” – деген сөзү чыгармадагы мамиленин жаңы баскычын белгилейт. Бул убактылуу нике эмес. Бул эки адамдын бири-бирин түбөлүк тандагандыгы. Айымпааша эне болуу бактысына жетет. Аңгеменин акыркы бөлүгү чыгарманын позитивдүү пафосун дагы бийиктикке көтөрүп чыгат. Чоро Айымпаашага өзүнүн уулу бар экенин айтат. Айымпааша баланы көргөндө өзүнүн энелик инстинкти дароо ойгонуп, баланы бооруна басып эркелете баштайт. Тили жаңы чыккан кичинекей бала, “Ата-аа, келдиңижби? Мени алып кетежижби, ата?..” – деп атасына жабышат. Ал эми Айымпаашанын, “Каралдым, кулунум десе, мен келбедимби?..” – деген сөзү анын бүтүндөй өмүрүндөгү чоң боштуктун мелт-калт толгон абалын билдирет. Чыгарманын башында Айымпааша “кара жолтой катын” деген коомчулук тарабынан берилген жаманатты көтөрүп турган аял болуп келип, аягында ал сүйүктүү жарга, “апа” деген ыйык атка ээ болот. Ал эми “жексур” деген ат менен коомдон сүрүлгөн Чоро чыгарманын соңунда ата, күйөө, үйдүн ээси, коомдун олуттуу бир сыйлуу мүчөсү болуп калат. Бул чыгарманын эң чоң гуманисттик, агартуучулук жеңиши.
Аңгеменин акыркы сүйлөмдөрү өзгөчө символдук күчкө ээ. “…Аска-зоолуу тоо койнундагы айылдагы, “аталап”, “апалаган” наристенин кылык-жоругуна толуп-ташыган эски үйдүн түбөлүгү түгөл боло, жарыгы жанып турду…” Бул жерде үйдүн жарыгы адамдардын ички жарыгы. Башында түрмө, жалгыздык, жаманатты, коомдон четтөө, өлүм, кайгы өкүм сүргөн дүйнөнүн ордуна чыгарманын акырында сый-урмат, сүйүү, бала үнү, ата-эне мээрими, үй-бүлө жана жаркын келечек келет. Ошондуктан “Айымпааша” аңгемесинин негизги идеясы – адамды анын өткөнү менен гана өлчөбөө, адамга экинчи мүмкүнчүлүк берүү, мээрим, сүйүү жана ишеним аркылуу жараланган адамдын кайрадан инсандык турмуш-тиричиликке кайтып келишине жол ачкан багыт.
Автор Чоронун кылмышын актабайт. Айымпаашанын тагдырын да идеалдаштырбайт. Бирок адамдын кетирген каталыгынан да, жасаган жакшылыгынан да олуттуу нерсе анын адамдык тубаса мыкты сапаты бийик турарын ачып берген. Ал эми коомдун эң чоң милдеттеринин бири, бир кезде жаңылган адамды өмүр бою четке какпай, анын кайра оңолушуна мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын көрсөтөт. “Айымпааша” сүйүү жөнүндө гана жазылган чыгарма эмес. Бул адамды кайра адам кылган мээрим жөнүндө, ниеттин түздүгү, адамдык сапаттын бийиктиги жөнүндө жазылган чыгарма. Айымпааша Чоронун өткөнүн өчүрбөй, анын бүгүнкүсүн кабыл алат. Чоро Айымпаашанын жалгыздыгын арачалап калууга аракет кылып, анын үйүн оңдойт, бирок акырында анын өзүнүн ички дүйнөсү, жашоо образы да оңолот.
Эл Чоронун үйүн оңдоого жардам берет, ошол эле учурда анын коомдогу ордун да калыбына келтирет. Ал эми наристе бала үйгө келгенде, бул эки жараланган адамдын гана эмес, бүтүндөй бир үй-бүлөнүн кайра жаралышы коомчулуктун арасынан орун алат. Мында, чыгарманын философиялык өзөгүн бир сүйлөм менен айтсак, адамдын биринчи өмүрүн анын жаңылыштыгы аныкташы мүмкүн, бирок экинчи өмүрүн анын адамдыгы аныктайт. “Айымпааша” аңгемеси ушул идеясы менен окурманды күнөөлөөгө эмес, түшүнүүгө, сырттан өкүм чыгарууга эмес, адамдын ички дүйнөсүнө үңүлүүгө, өткөндү гана карап баа бербестен, адамга жаңы жашоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө чакырат. Аңгеменин күчү да ушунда. Караңгылыктан жарыкка чыккан эки адамдын тагдыры аркылуу автор адамдык мээримдин өзгөртүүчү күчүн ишенимдүү, жүрөккө жетерлик сүрөттөй алган.
Бул аңгемени дүйнөлүк адабияттагы бир нече чыгармалар менен сюжеттик окшоштуктан эмес, адам тагдыры, коомдун адамга таңуулаган “жаман атты,” жалгыздык, кайра жаралуу жана адамдык кадыр-баркты калыбына келтирүү идеяларынын үндөштүгү жагынан салыштырууга болот. “Айымпааша” аңгемесинде өзгөчө эки күчтүү нерсе бар. Анда эки каарман тең коомчулук тарабынан жарактан, элден чыккан адамдар. Айымпааша эркектен эркекке өтүп, тийген эрлери өлүп “кара жолтой катын” атка консо, Чоро 27 жыл түрмөдө отуруп, “жексур” деген ат менен элден чыгып калган. Бирок алардын бири-бирин табышы экөөнө тең экинчи өмүрдүн эшигин ачат. Чоро Айымпаашанын үйүн оңдоп гана тим болбостон, бара-бара өзүнүн да коомдогу ордун калыбына келтирет. Ал эми Айымпааша биринчи жолу “өз үйүм, өлөң төшөгүм” деген туруктуулукту сезет.
Бул өңүттөн алып караганда Виктор Гюгонун кыргыз тилинде “Карыптар” (Отверженные) деген аталыш менен белгилүү болгон романындагы Жан Вальжан менен Чоронун тагдырлык параллелин көрүүгө болот. Нан уурдаганы үчүн Виктор Гюгонун Жан Вальжаны 19 жылдык абактан чыкканда, коомдогу адамдардын баары андан жүзүн үйрүшөт. Аны эч ким үйүнө кондурбай, тамак бербей кууп чыкканда, жалгыз гана епископ Мириэль аны кучак жайып тосуп алат. Кийинчерээк боорукер епископтун таасири аркылуу толугу менен өзгөрүп, өмүрүн жакшылык кылууга арнаган асыл инсанга айланат эмеспи. Жан Вальжан коомчулук тарабынан “кылмышкер” аталган адам. Анын өткөнү бүт өмүрүнө көлөкө түшүрөт. Рахат Аманованын Чоросу да киши өлтүруп 27 жыл түрмөдө отуруп чыккан соң, айылына кайтып келгенде, эл аны адам сыягынан чыгып калган, жексур катары кабыл алат. Туугандары тууганчылыктан, эл коомчулуктан бөлүп коёт. Жар оюгуна башпаанек жасап, коомдук жашоодон четте жүргөн Чорого аял экенине карабай Айымпааша өзү жуучу жиберип, баш кошуп, коомчулуктун жылуу колдоосуна ээ болушат.
Бирок бу эки каармандын айырмасы да абдан маанилүү. В. Гюгонун Жан Вальжаны коомго дин ишмеринин жакшылыгы аркылуу кайра кайтып келет. А Рахат Аманованын Чоросу болсо сүйүү, ишеним, үй-бүлө жана өзүнүн адамдык абийири аркылуу кайра жаралат. Мында Чоро Айымпаашанын ишениминен пайдаланбай, анын көңүлүн тебелебей коюшу каармандын ички моралдык кайра жаралуусунун эң маанилүү чекити. Автор муну абдан чеберчилик менен таамай берген. Чоро өзү пендеден көп кордук көргөндүктөн, башка адам анын “колуна түшкөндө” анын көңүлүн оорутууга акысы жок экенин түшүнөт. Ошондуктан “Айымпаашаны” адамды коом эмес, адамдык мамиле кайра адам кылат, деген гуманисттик идеянын кыргызча варианты катары окууп, кабыл алуу керек.
Анан да Рахат Аманованын “Айымпаашасы” Фёдор Достоевскийдин чыгармалары менен өзгөчө адамды күнөөлүү деп сыртка түртүп, жээрүү мотиви аркылуу үндөшуп турат. Ф. Достоевскийде “күнөөкөр адам бүтүндөй адамдык касиетинен ажырап калабы?” деген суроо дайыма маанилүү орунду ээлейт. Анын каармандарынын көбү коомдук жана моралдык соттун алдында турат. Мисалы, Ф. Достоевскийдин “Идиот” романында коом тарабынан уят кылынган, четке кагылган адамдарга боорукерлик менен кароо, адамды күнөөсү же коомдогу абалы менен гана өлчөбөө идеясы сүрөттөлөт. Ф. Достоевскийде адамдын кайра жаралуусунун негизги жолу боорукерлик, сүйүү, кечирим жана адамды адам катары кабыл алуу.
Бул жагынан Рахат Аманованын “Айымпаашасындагы” Күлүмкандын ролу өзгөчө маанилүү. Башында ал Чорону өзү да “жексур” деп кабыл алат. Бирок аны жакындан көргөндө анын жалгыздыгын, тазалыгын, эмгекчилдигин көрөт. Өзгөчө анын Айымпаашага барууга камынып, жуунуп, чайынып, өзүнүн кийим-кечегин жууп-тазалаганы Күлүмкандын көз карашын өзгөртөт. Демек, Чоронун биринчи жолу кайра кадимки катардагы адам катары көрүнүшү элдин сөзүнөн эмес, бир адамдын аны жакындан таанып-билүүсүнөн башталат. Дагы бир жолу кайталап айтсак ашыкча болбос, калемгер Чоронун руханий реабилитациясынын башталышын мына ушул штрих менен окурманга мыкты жеткирип берген.
“Айымпаашадагы” кемчиликтерге келсек
Эми калыстык үчүн чыгармадагы айрым кемчилдиктер жөнүндө пикир билдирели. “Айымпаашадагы ”сюжеттик өтмөлдөрдүн (сюжет перехода) үзүлүп калышы аңгеменин эң олуттуу композициялык-сюжеттик алсыз жерин көрсөтүп турат деп айтат элем. Чыгарманын идеясы күчтүү болгондуктан, окуялардын ортосундагы байланыштын үзүлүшү андан даана байкалат. Аңгемеде Чоро менен Айымпаашанын тагдырында бир нече негизги бурулуштар бар, бирок ошол бурулуштарга алып келген аралык, окуялар толук көрсөтүлбөй калган. Окуп жатып айрым жерлерде окурман “бул окуя кантип мындай болуп калды?” деген суроону өз алдынча толуктоого аргасыз болот.
Мисалы, Чоро киши өлтүруп 27 жыл камакта отуруп чыгат. Эмне себептен киши өлтүрдү, Чоро түрмөгө түшкөнгө чейин ким эле, деген суроо окурманда жоопсуз бойдон калат. Чоро менен Айымпааша алмак-салмак шаарга кетип, эки-үч күн дайынсыз болуп кайра келишет. Бирок ошол аралыкта эмне болгондугу, алар ким менен жолукканы, кандай чечимге келгени, ички дүйнөсүндө кандай өзгөрүүлөр болгону бир тараптуу сүрөттөлүп, жеткиликтүү берилбей калган. Мындай учурда сюжеттин убакыттык ырааттуулугу сакталганы менен, сюжеттик-логикалык ырааттуулук солгундап кекени байкалат. Аңгемеде, “арадан эки-үч күн өттү…” деген маалыматтын өзү суроо жаратат. Эгер ошол эки-үч күн каармандын тагдырын маанилүү өзгөрүүгө алып келсе, автор ошол аралыкты жок дегенде бир-эки маанилүү эпизод аркылуу көрсөтүшү зарыл эле.
Маселен, Чоронун дудук аял менен болгон мамилеси чоң сюжеттик боштукту көрсөтүп турат. Бул чыгармадагы эң олуттуу маселелердин бири. Чоронун мурда дудук аял менен мамиледе болгону айтылат, бирок ал аял ким болгон? Чоро аны качан, кайдан, кандай шартта жолуктурган? Алардын мамилеси кантип башталган? Кантип аяктаган? Эмне себептен ажырашкан? Ал аял азыр кайда? Чоро анын тагдырына кандай карайт? – деген суроолор окурман үчүн жоопсуз калган. Бул жерде автор атайын сырдуулук жараткысы келген деген божомол болушу мүмкүн. Бирок сырдуулук менен сюжеттик боштуктун айырмасы бар. Сырдуу деталь кийин чыгарманын ичинде мааниге ээ болгон, атайын жашырылган нерсе. Ал эми сюжеттик боштук окурман билиши керек болгон байланыштын автор тарабынан түшүрүлүп салынышы.
Чоронун баласы менен болгон мамилеси да толук ачылбай калган. Чоронун шаарга барып, баласына жолугушу. Бул эпизод өзүнчө чоң драмалык мүмкүнчүлүк болчу. Эгер Чоро баласына, “Апаң ооруп жатат. Айыкканда чогуу келип, сени алып кетебиз…” деген сыяктуу сөз айтса, анда бул жөн гана сүйлөшүү эмес. Бул Чоронун өткөн үй-бүлөсү менен азыркы жашоосунун ортосундагы көпүрө болмок. Бирок мындай маанилүү окуя толук драматургиялык деңгээлде иштелип чыкпаса, окурман Чоронун үй-бүлөлүк тарыхын толук аңдай албай калат. Менин жеке пикиримде, автор беш нерсени тактоого тийиш эле. Чоро, баласы, мурунку дудук аялы, Айымпааша ушул беш тараптын ортосунда өткөн тагдырдын логикалык байланышын көз жаздым, үзгүлтүккө учуратпашы зарыл болчу. Анткени Чоро Айымпааша менен жаңы үй-бүлө куруп жаткан учурда анын мурунку үй-бүлөсү кайда калды, баласын бага албайм деген дудук аялынын тагдыры эмне болду? деген суроо табигый түрдө окурмандын аң-сезиминде жаралбай койбойт.
Айымпаашанын шаарга эжесин эрчип 2-3күнгө кетиши да ушундай эле көйгөй жаратат. Айымпааша шаарга кеткенде да окурман анын эмне үчүн 2-3 күнгө кеткенин, кимге барганын, кандай иш бүтүргөнүн, ошол сапар анын чечимдерине кандай таасир бергенин толук билбей калат. Бул өзгөчө маанилүү, анткени Айымпааша жөн гана Чоронун сүйгөн аялы эмес, өз алдынча тагдыры, чечими, башынан өткөргөн оор турмушу бар башкы каарман. Ошондуктан анын ар бир кыймылы каармандын ички өзгөрүүсү менен байланышта болушу зарыл болчу. Мен бул аңгемедеги жалпы кемчилдиктерди мындай бир сүйлөм менен мүнөздөөр элем. Автор негизги окуяларды көрө алган, бирок ошол окуяларды бири-бири менен ширелтип турган өткөөл эпизоддорду айрым жерлерде жетиштүү иштеп чыккан эмес. Мисалы, Чоро, киши өлтүрөт, камалып кетет, Айымпаашага келет, шаарга кетет, кайтып келет, мамиле өзгөрөт, кайра шаарга кетет, баласы менен жолугат, Айымпааша менен мамилеси жаңы баскычка өтөт деген логикалык чынжыр бар. Бирок ушул чынжырдын айрым шакектери түшүп калган. Ошондуктан окурман кээде “бул жерден кийинки окуяга кантип өтүп кеттик?” деп бираз түпөйүл абалда калат.
Мындай кемчилдик чыгарманын эң күчтүү идеясын да бир аз алсыратат. Кызык жери аңгеменин идеясы начар эмес, тескерисинче, абдан жакшы. Чоро коом четке каккан адам. Айымпааша эл “жаман атты” кылган аял. Экөө тең өмүрү жарымынан ооп бараткан мезгилинде бири-бирин таап, кайрадан үй-бүлө куруп, коомго аралашып, өздөрүнө жаңы аброй түптөшөт. Бул “адамдын өмүрү бир жолу бузулса, бүттү дегендик эмес” деген өтө жакшы гуманисттик ой. Бирок ушундай чоң идея үчүн каармандардын кайра жаралуу процесси баскыч-баскычы менен ыраатуу көрсөтүлүшү керек эле. Мисалы, киши өлтүрүү, түрмөдө отуруу, түрмөдөн чыгуу, эл тарабынан четке кагылуу, жалгыздык, жолугушуу, ишеним, күмөн сыноо, чечим, үй-бүлө күтүү, коомго кайтуу, абройдун калыбына келиши. Аңгемеде бул баскычтар бар, бирок айрымдары жогоруда биз белгилеп өткөндөй секирик менен өтүп кеткендей таасир калтырат.
Ошол эле учурда бул кемчилдиктерди “чыгарма начар” деген тыянакка негиз кылууга болбойт. Тескерисинче, чыгарманын негизги идеясы менен каармандарынын потенциалы жазуучу тарабынан күчтүү сүрөттөлгөндүктөн, ушул боштуктар өзгөчө көрүнүп турат. Эгерде автор аңгемени китепке бастырууга чейин кайра иштесе, эң биринчи кезекте жаңы окуяларды кошуудан мурда, азыркы окуялардын ортосундагы өткөөл эпизоддорду ыраатуу иштеп чыгуусу зарыл. Башкача айтканда, “дагы эмне кошсом болот?” эмес, “бул окуядан кийинки окуяга каарман кандай жол менен келди?” деген суроого ар бир бөлүктө жооп берүүсү зарыл. Ошондо Чоронун кантип “жексур” адамга айланып, элден бөлүнүп, кайра үй-бүлөлүү, элге аралашкан, абройлуу адам болуп калыптанышы да, Айымпаашанын “кара жолтой катындан” өз тагдырын өзү чечкен эрктүү аялга айланышы да алда канча ишенимдүү, таасирдүү көрүнөт эле. Дагы бир айта кетчү нерсе, эркек кишиге “Жексур” деген элдик өкүмгө караганда “Жанкечти” деген өкүм ылайыкту болмок беле?.. деген да ой келет.
Жыйынтыктап айтканда, “Айымпааша” жазуучунун чыгармачылык изденүүсүн, адамдын ички дүйнөсүнө үңүлүүгө болгон аракетин айгинелеген мыкты чыгарма. Аңгемедеги биз жогоруда белгилеп өткөн айрым сюжеттик өтмөлдөрдүн толук иштелбей калгандыгы чыгарманын көркөм потенциалын төмөндөтпөйт, тескерисинче, автордун алдыда дагы тереңдетип, өркүндөтө турган мүмкүнчүлүктөрү бар экенин көрсөтөт. Рахат Аманованын калеминен жаралган бул чыгарма анын адам тагдырына кайдыгер карабаган, мээримди, сүйүүнү жана адамдык наркты бийик койгон сүрөткер экенинин аныктамасы. Биз мындан ары да калемгерден мазмуну терең, көркөмдүгү бийик, окурмандын жүрөгүнө жол таба турган мыкты чыгармаларды күтөбүз. Рахат айымга бекем ден-соолук, чыгармачылык эргүү, эки тизгин, бир чылбырды колго алган чыгармачылык сапарда жаңы бийиктиктерди багындырган жемиштүү жол жана Улуттук адабиятыбыздын казынасын дагы көптөгөн мыкты чыгармалар менен байытуу бактысын, узак өмүр каалайбыз.
Бахпурбек Аленов
PS: Жазуучу Рахат Аманованын “АЙЫМПААША” аңгемесин “Адабий ордо” интернет порталынан окуй аласыздар.
