| |

Жек Лондон: “Мартин Иден” (VI)

3/5 - (2 добуш)

Романдан үзүндү. Калган бөлүктөрү: I, II, III, IV, V

VI БАП 

Мартинди өзөрткөн ачкалыктын азабы сымал жан тынчын кетирген кабатыр бир сезим бийлеп алды. Ал назик колдору менен күтүлбөгөн жерден анын бүткүл жашоосун бекем мыкчып алган кызды кайра бир көрсөм дегенге эки көзү төрт боло, күсөп турду. Барайын дейт, бирок ага даабайт. Тез эле жетип баргысы бар, бирок жанагы этикет дегендин баш айланткан эрежелерин бузуп аламбы деп да тынчы кетет бир туруп. Ошентип Мартин өзүн да, Гертруданы, Мэриенди, жадагалса, пиво менен жакшылап сыйлагандан кийин гана макулдугун берген Жимди да жаздырып салган китепканада узак сааттардын өткөнүн байкабай отуруп жүрдү. Ал төрт кишиге тең китеп алып, өзүнүн кичинекей тар бөлмөсүндө таң атканча газды өчүрбөй окуп отура берчү болду. Анткени менен газ жакканы үчүн мистер Хиггинботамга жумасына элүү центтен ашык акы да төлөп жүрдү. 

Бирок окурун окуганы менен китептер анын кабатырын күчөттү. Жаңы китептин ар бир барагы ага билим багына кирүүчү жылчык сыяктуу болуп көрүндү. Окуган сайын каалоосу ого бетер күчөйт, анүстүнө, эмнени окуп баштаарын билбей башы катып, өзүнүн даярдыгынын жоктугунун азабын да тартып атты. Байкаса, ал китепти колуна алган ар бир адам билүүгө тийиш болгон эң жөнөкөй нерселерден да кабары жок тура. Мартин өзү тимеле жата калып берилип окуган поэзия жөнүндө да ушуну айтууга болоор эле. Суинберндин ал Руфь берген китепчесиндеги ырларын гана окубастан, анын «Долорессин» да окуп чыгып, айтылгандын баарын сопсонун эле түшүндү. Руфь бул чыгарманы балким жете түшүнө албаган чыгаар деп ойлоду ал. Ушундай кылдат, үлпүлдөгөн жашоо менен жашаган кыз муну кайдан түшүнсүн? Анан колуна Киплингдин ырлары тийип калды, өзүнө жакын, тааныш нерселер жөнүндө баяндаган бул ырлардын уккулуктуулугуна, шыр жаткан уйкаштыктарына, саптарынын кереметтүү элестүүлүгүнө муюду. Аны Киплингдин ырларындагы жашоого болгон терең сүйүү жана анын психологиялык жактан кылдат чеберчилиги укмуш таң калтырды. «Психология» деген сөз Мартин Идендин тил байлыгындагы жаңы сөз болуп калды. Чөнтөгү эңшериле түшкөнүнө карабай сөздүк да сатып алгандыктан, деңизге чыгуу мөөнөтүн тездетүүгө аргасыз болду, андан тышкары, бул акчаны сөздүккө короткончо жашаган бөлмөсүнө төлөсө болбойт беле деп жанталашкан жездеси – мистер Хиггинботамдын да каарына калды. 

Күндүзү ал Руфтун үйүнө жакын жологонго даачу эмес, бирок кеч кирер замат ууру өңдөнүп Морздордун үйүн айланчыктап жүрө берчү, жарык күйүп турган терезелерге алыстан уурдана карап, жадагалса, аларды курчап турган дубалдар да көзүнө жакшы көрүнчү. Ушинтип акмалап жүрүп ал көп жолу байкоосуздан Руфтун бир туугандары менен сүзүшүп да кала жаздаган; бир күнү болсо, жарык көчө менен бараткан мистер Морздун өңүн жакшылап таанып алыш үчүн артынан байкатпай ээрчип жүрүп олтурду, ичинен, кана эми ушу кишиге кимдир бирөөлөр капылет кол салып калса, анан мен чыга калып куткарып калсам деп кудайдан тилеп да баратты. Дагы бир жолу Мартин кокусунан экинчи кабаттын терезесинен Руфту көрүп калды. Анын башы, ийини жана колдору көрүнүп турду. Кыймылына караганда кыз таранып аткан окшоду. Бул бир нече ирмемге гана созулганы менен жаш жигиттин жүрөгүн өрөпкүтүп, мас кылган шарапка айланууга жетишерлик ирмем болгону. Руфь чыны, терезенин пардасын бат эле ылдый түшүрдү, бирок Мартин анын бөлмөсү кайсыл экенин эстеп калды да, ошондон кийин маңдайкы жөлөк жолчонун боюндагы бактын түбүндө улам тамекиден соруп коюп, сааттар бою кыздын терезесин карап тура бергенди адатка айлантты. Дагы бир жолу банктан чыгып келе жаткан Руфтун апасын көрө коюп, өзү менен алардын ортосундагы асман менен жердей айырманы дагы бир жолу сезген. Руфь акчасын банкта кармаган адамдардын катмарына кирет тура. 

Муну көргөн соң тимеле моралдык революцияны башынан өткөргөндөй болду. Өзү болсо, башына жүн чыкканы өмүрү банк дегенге кирип көргөн жан эмес, андыктан андай жерге байлыгы ашып ташкан, кудуреттүү адамдар гана барат деп ойлочу. Кыздын периштедей аруулугу жана пакизалыгы ага ушунчалык таасир этти дейсиң, кандай болбосун, мен да ошондой таза болушум керек деп чечти Мартин. Эгерде кыз менен бир абадан дем алганга татыктуу болгусу келсе, анда ал да ошондой таза болууга тийиш. Күн сайын тишин тазалап, дүкөндүн терезесинен тырмак тазалагыч кичинекей щеткачаны көрүп, анын эмнеге керек экенин тапканга чейин, колун идиш жууган щетка менен кызарганга дейре жышып, жууп жүрдү. Көрөр замат жетип барды эле, анын тырмактарын көргөн дүкөнчү тырмак тазалагычты сунуштады, ошентип, анын даарат буюмдарынын саны дагы бир буюмга көбөйдү. Ал китепканадан адамдын жеке тазалыгы жөнүндөгү китепти таап алып, андан күн сайын эртең менен сөзсүз муздак суу куюнуп туруу керек экенин окуду. Бул өнөрү Джимдин кызыгуусун ойготсо, ал эми мистер Хиггинботамдын итиркейин келтирди, мындай апендичиликти жактырбаган жездеси тескерисинче, Мартинден эми суу үчүн өзүнчө акы ала башташ керек деген маселени шак эле кабыргасынан койду. Мартиндин прогресстин жолундагы кезектеги кадамы шымынын тигилиши туурасында кам көргөнү болду. Бул маселеге кызыга баштаган Мартин мүшөктөй көлбөктөгөн жумушчулардын дамбалдары менен мартабалуу таптын адамдары кийишкен кыры бычактын мизиндей шымдардын ортосундагы айырманы бат эле байкады. Мунун сыры эмнеде экенин түшүнгөн соң, Мартин эжесинин ашканасына барды да үтүк менен үтүктөй турган тактайды издеп кирди; бирок алгачкы аракети ордунан чыкпай, шымын күйгүзүп алып, кайра жаңысын сатып алууга чыгаша болду, мындан улам деңизге чыгып кете турган мөөнөтү ого бетер кыскарды. 

Бирок иш сырткы кебетени оңдоо менен гана чектелип калган жок. Ал тамекини али таштабаганы менен, ичкиликти биротоло токтотту. Ушул күнгө чейин мас болгонду ал анык эркектердин иши деп эсептеп келген, кала берсе, өзүнүн канча ичсе да көтөрө турганына, бөтөлкөлөш достору мурду менен чочкочо жер сүзүп калганда да өзү бир чым деп койбогонуна маашырланып мактанып калчу. Сан-Францискодо аны менен бир кемеде деңизге сүзгөн достору көп болчу, жолуккан сайын аларды баягыдай эле бапыраган марттыгына салып вино менен сыйлачу, өзүнө болсо, бир кружка гана пиво же башка жеңил ичимдиктен алып ууртап коюп, тигилердин тийишкендерин көтөрүп, жылмая отура берер эле. Ал жолдошторунун улам ичип олтуруп, акырындык менен ылжып мас болуп, айбан кебетесине жеткенин кызыгуу менен назар салып отуруп, өзүнүн сопсоо экенине кубанып калчу болду. Арийне, алардын ар биринин өз кайгы-капасы боло турган, ичимдик болсо аларга мунун баарын жеңилдеткенге, бир аз болсо да унутуп, татуу кыялга чөмүлө кайгысы жок, алыс бир керемет ааламга кирип кеткенге жардам берер эле. Бирок Мартинге эми ичкиликтин таптакыр кереги жок. Анткени ал адамды арак менен вино караганда алда канча тереңирек мас кыла турган махабатка мас эле, өзүн жаңы жаркыган жашоого шыктандырган Руфка, мурда сезип көрбөгөн не бир чексиз каалоолорун ойготкон китептерге мас болучу. Өзүн тазалыгынан улам саламаттыгынын чың экенин ого бетер сездирген, жашоонун сүйүнүчүнөн улам денесин чымыраткан ойлорго мас эле. 

Күндөрдүн биринде Мартин Руфту көрөмбү деген бүдөмүк ой менен театрга барып, чын эле театрдын экинчи кабатынын балконунда отуруп Руфту көрүп калды. Ал Артур, анан көз айнекчен, чачын тикчийтип кыска алдырган бир чоочун жигиттин узатуусунда партер менен өтүп баратыптыр. Жанындагы немеге көзү түшөөрү менен эле кызгануу сезими дүрт этти. Карап туру, ана, Руфь биринчи катарга келип отурду, ошону менен Мартин оюн бүткөнчө анын сымбаттуу ийиндери менен алтындай сары чачын карап гана отургандан башка эч жакты көргөн жок. Бир-эки жолу бурулуп, эки жагына көз жиберди эле, өзүнөн бир нече орун нарыраакта отурган эки кызды байкады, кыздар ага жылмая, ойноктогон көздөрү менен жооп кыла карашты. Мынчалык көңүл бурубатышкан соң жоопсуз калтыруу табиятына жат Мартин мындай учурду жаза кетирбей дароо тааныша калчу. Саал мурдарак болгондо, ал сөзсүз буларга жооп кылып жылмайып коер эле, андан аркы иш нугу менен кетмек. Бирок азыр эч анте албайт. Ошентсе деле тигилерге жооп кыла жылмайып карап койду да, ошол замат кайра бурулуп кетти, башка карабаганга аракет кылды. Катарлаш отурган кыздарды унутуп койгону менен баары бир болбой эле бир нече жолу алар менен көздөрү чагылыша түштү. Адамдын бир эле күндө өзгөрүлүп кетиши кыйын, анүстүнө ал табиятынан эле жароокер, кичи пейил жан эле, ошондуктан гана кыздарга бир нече жолу жылмайып, жөн эле досторчо карап койду. Мунун баары дүйнө жаралгандан бери келаткан эски салт эмеспи. Ал тигилердин жөн эле кылыктанып атышкандарын түшүнүп турду. Бирок ага эми мунун баары башкача. Анткени тетигин биринчи катарда Мартиндин өзү чыккан катмарга таандык бул эки кызга таптакыр окшобогон, болгондо да ченемсиз окшоштугу жок, ал дүйнөдө эңсеген бирден бир ашыгы Руфь олтургандыктан, тиги бечараларга ичинен гана боор тарткандан башкага жараган жок. Мартин бул кыздарга Руфтун жогеле дегенде тырмагынчалык сулуулугун чын дилинен каалап турду. Бирок аларды минтип ачык эле кылыктанып атышкандарына кенедей да күнөөлөгүсү келген жок. Ошол эле маалда мындай кылыктануу ага мурдагыдай жакпады: Мартин эгерде Руфтун чөйрөсүнө таандык болгондо, бул кыздар эч качан ага минтип тийише алмак эмес экенин түшүнүп жатты. Алар караган сайын өзү жашаган ааламдын тарбалаңдаган колдору аны туш-туштан мыкчый кармап, ылдыйга тартып жаткандай сезилип турду. 

Мартин акыркы актынын бүтөрүнө бир аз калганда ордунан туруп, Руфь чыгып баратканда дагы бир жолу көрүп калайын деп сыртка эртелеп чыкты. Театрды тегеректеп жүргөн бекерпоздор көп эмеспи, акырын арлашып кетсең сени ким таанымак эле, маселен, кепкасын баса кийип байкатпай Руфтун артынан да узата басса болот. Ошентип элден мурда жанталашып чыга калып, жөөлөшкөндөрдүн арасынан Руфту акмалаганга ыңгайлуу орун тапкан кезде кырсыктай болуп жанагы эки кыз чыга калса болобу. Бул кыздар так өзүн издеп жүргөнүн билип, ошол замат аялдарды ар качан ага желимдей тартып турган касиетине наалат да айтып жиберди. Адегенде алар байкамаксан болуп калышты, бирок бул жөн эле амалдануу экенин Мартин жакшы түшүнүп турду. Алар Мартинге жакындап келишти да басыгын жайлатып калышты, кыздардын бирөө өтүп баратып билмексенге сала ийни менен Мартинди коюп кетимиш болду да, эми гана тааныгандай карап калды. Бул сымбаты келишкен, кара чач, кара көздөрү ойноктогон кыз болчу. Эки кыз Мартинге дагы бир жолу жылмайышты эле, Мартин да аларга жооп кайтара жылмая: 

– Салам, – деп койду. 

Бул анын мындай учурда дайыма айта жүргөн көнүмүш сөзү эле. Дээринен ак көңүлдүгү, ачыктыгы башкача мамиле кылганга жол бербес эле. Кара көз кыз куунак кылыктана жылмайды да, курбусун чыканактан алды, кыязы токтой турчу дегени го. Курбусу да мейли дегенсип шыңк этип койду. Мартиндин жүрөгү шуу дей түштү: Руфь өтүп бара жатып анын бул кыздар менен сүйлөшүп тургандыгын көрүп калышы ыктымал. Ошондо ал кара көз кызды көздөй бурулуп, анын катарында бараткан кишидей болуп басымыш болуп калды. Азыр эми мындагы сүйлөгөн сөздөрүнөн жана кыймылынан Мартин эч бир тартынбас эле. Бул жерде ал өзүн үйүндө жүргөндөй эркин сезип, керек болсо, оттуу тамашаларынан ыргытып коюп, же калпты чынды койгулай каткырып кете бермек эле. Жүрүп олтуруп, көчөнүн бурчуна жеткенде, алдыга умтулган элден арттыраак калып, чолок көчөнү көздөй бурулуп кирип кеткиси келди эле, бирок кара көз кыз курбусунун кармаган колун коё бербей туруп, Мартинди шак чыканактан алды да кыйкырып жиберди: 

– Токтой турчу, Билл. Мынчалык кайда шашасың? Же бизден качып кетейин деп турасыңбы? 

Мартин токтой калып күлүп, кыздарды көздөй бурулду. Алардын арт жагында күндүзгүдөй жарык көчө менен адамдар чубап келе жатышкан эле. Алар сүйлөшүп турган жер бир топ караңгы болгондуктан, эгерде ушул жерден Руфь өтүп бара жатса, өзүн байкатпай аны көрүп калса да болот. Руфь болсо ушул жерден сөзсүз өтөт, анткени аны үйүнө алып бара турган башка жол жок. 

– Курбуңуздун аты ким болот? – деди Мартин кыздын кара көз курбусун жаңсап. 

– Анын өзүнөн сураңыз, – деди чоюлган кыз. 

– Кана атыңыз ким болот? – деди ал, эми кара көз кызга бурулуп. 

– А сиз мага өз атыңызды айтып койдуңуз беле? – деди кыз жооп бергендин ордуна. 

– Сиз сураган жоксуз да, – деди Мартин жылмайып, – бирок менин атымды билет турбайсызбы. Билл деп атпайсызбы. Чын эле атым Билл болот. Туура айттыңыз! 

– Койсоңузчу! – деди ал кылыктана жоодураган көздөрүн Мартинден көпкө чейин албай. – Чын эле айтып жатасызбы?

Кыз дагы карады. Көздөрүндө жер каймактагандан бери эч бир өзгөрүлбөгөн ургаачылык насил ачык чагылышып турду. Андан ары эмне болорун Мартин беш колундай билет: кыз тартынчаактанымыш этип артка чегине баштайт, бирок жигиттин кубалай ээрчигени бир аз эле жайлап калганын сезер замат кайра эле чабуулга өткөнгө даяр боло калат. Кантсе да эркек эмеспи, уургаачынын жайган торуна, жалооруп үнсүз чакырып турганына кайсы эркектана каршы тура алат. Мартин бул кыздарды жакшы биле турган, билгенде да колунун беш манжасындай билчү! Булар жалаң оор жумуш менен нан тапкан чөйрөдөн чыккан эң эле чырайлуу делинген кыздар эле. Өз абийирин сатканды намыс көргөн бул байкуштар кенедей болсо бактыларын жашоо чөлүнөн издеп, акыр-аягы көрүнгүс, жакшы акы төлөнгөнү менен тайкы тагдырлуу, татаал жолдуу, жалаң оор, кара жумуш күтүп турган келечек деген аты бар чексиз түпкүргө үңүлгөнгө аракет кылышчу эмес. 

– Ооба, Билл, – деди ал кайра. – Кудай урсун! Менин атым Билл Пит. 

– Тамашалап аткан жоксузбу? – кайталап сурап калды каракөз. 

– Таптакыр Билл эмес, алдап атыры,– кепке аралашты беркиси. 

– Сиз кайдан билесиз? Сиз мени эч качан көрбөсөңүз. 

– Көрбөсөм эмне экен! Алдап атканыңызды ансыз деле билип турам! 

– Кандай деги? Чын эле Биллби? – кайра сурады биринчи кыз. 

– Мейли Билл эле болсунчу, – тамашалап жылмайып койду Мартин. 

Каракөз кыз анын ийининен кармап, далыга акырын чаап койду. 

– Сиздин алдап жатканыңызды билгем. Келбетиңиз келишкен жигит экенсиз. 

Мартин анын ынтызар колун кысып койду эле, алаканынан өзүнө тааныш быдырлуу кесиктерди сезди. 

– Консерва заводунан эчак эле кеттиңиз беле? – сурады ал. 

– Аны кайдан билесиз? Көзачык эмессизби? – таңгала жарыша сурап жиберишти эки кыз тең. 

Ушинтип кыздар менен ар кайсы келжирек тамашаларды айтышып атканда күтүлбөгөн жерден көз алдына кылымдардын даанышмандыгын ичине камтыган китепкананын зор томдору элестеп кетти. Кайдан жайдан чыга калган бул көрүнүшкө кейиштүү жылмайды да, ошол замат кайрадан сарсанаа ойлорго кептелди. Башындагы куюндаган бул ойлорго, сөзгө алаксыганы менен көчөдөгү адамдардын агымын да көз кырынан чыгарган жок. Тигине, шамдардын жаркыраган жарыгынан иниси менен көз айнекчен бейтааныш жигиттин ортосунда бараткан Руфту көрдү. Жүрөгү сокпой токтоп калгансыды. Жанатан бери арзыгып күткөнү ушул эле. Ал Руфтун башынын үстүнөн кандайдыр бир айым нур балкыгансып кеткенин, анын сымбаттуу денесин, маралдай каалгый басканын, көчөдөн туура өтүп бара жатып этегин өзүнө куп жарашкан кыймылы менен абайлап өйдө көтөрө кармап алганын алганын көрдү. Ошентип карап турганча Руфь өтүп кетти, ал болсо эки жумушчу кыздын жанында, алардын айла жоктон эптеп жарашыктуу кылып кийүүгө тырышкан кунарсыз көйнөктөрүнө, арзан баа туфлийлерине, иштен туурулган манжаларына салып алган арзан шакекчелерине, арзан боолоруна кадала караган бойдон кала берди. Ошо маалда кимдир бирөө аны чыканакка түртүп жиберип, кулагына мындай деген үн кирип келди: 

– Көзүңдү ач, Билл. Сизге эмне болду? 

– Эмне дейсиз? – кайталап сурады Мартин. 

– Жөн эле, эч нерсе деле эмес анчалык, – деди каракөз кыз башын чайкап, – мен жөн гана ойлодум эле… 

– Эмнени? 

– Эгерде сиз мобул курбума да жигит таап берсеңиз жакшы болмок, – деди ал жолдош кызын көрсөтүп, – анда биз төртөөбүз бир жерге барып кофе ичип, балмуздак жеп отурмакпыз. 

Ал күтүлбөгөн жерден көңүлү айный түшкөнүн сезди. Себеби Руфтан кийин кайрадан буларга кайтыш ага өтө эле орой көрүндү. Бул кыздын жалооруган көздөрү менен катар Мартин тазалыктын кол жеткис бийиктигинен өзүн карап турган Руфтун нур чачыраган туптунук көздөрүн көрүп тургансыды. Өзүндө кандайдыр бир улуу күчтү сезгендей болду. Ал мунун баарынан жогору турат. Жашоо ал үчүн жигиттер менен балмуздактан башканы ойлобогон мына бул кыздарга караганда алда канча маанилүү. Ал буга чейин деле кыялында таптакыр өзгөчө жашоо менен жашаганын эстеди. Кээде бул кыялдарын башкаларга да айтып бөлүшкүсү келчү, бирок алиге чейин муну түшүнө турган бир да аял, анан калса, эркек деле чыкпады. Оюнда жүргөнүн башкаларга айтса, аны баары келесоодой карашар эле. Ооба десең, эгерде анын оюна башкалардын акылы жетпесе, демек, бул анын алардан жогору турганы эмеспи. Ал кайра бир зор күчтү сезип, муштумдары түйүлдү. Эгерде жашоо ага кандайдыр бир зор нерсе болсо, демек, ал да жашоодон чоң нерсени үмүт эткенге акысы бар, бирок аны бул жерде мобул адамдардын жанында эмес, башка жерде талап кылмакчы. Мына бул ойноктогон кара көздөр ага эч нерсе бере албайт. Анткени аларда эмне кыялдар жатканын Мартин билет – балмуздак, балким, дагы бир башка нерсе бардыр. Ал эми Руфтун нур чачыраган каректери болсо, ал умтулган нерселердин баарын – китептерди, картиналарды, сулуулук менен бейпилдикти, руху бийик жана кылдат жашоону, андан да чексиз көп нерселерди убада кылып турду. Мына бул кара көздөрдө ага эчактан тааныш ой жоруму жүрүп жатты. Бул сааттын механизми сыяктуу эле, Мартин анын ар бир бурамачасына дейре байкап тура алмак. Бул көздөр аны акыр түбү үңүрөйгөн көр күтүп турган беймаани, ыплас жыргалга чакырып турду. Ал эми Руфтун нур чачыраган каректери болсо аны эзели ачып болгус сырларды баамдап билгенге, түбөлүк жашоонун кереметине чакырып тургандай эле. Бул каректерде кыздын жан дүйнөсү, анан өзүнүн да жан дүйнөсү чагылышып турганын көрчү.

– Бирок бүгүнкү программада бир катачылык бар, – деди ал эки кызга үнүн бийик чыгарып, – менин бүгүн колум бош эмес. 

Кыздардын жүздөрү сумсая түштү. 

– Оорубаткан досуңузду көргөнү барам демекчисизби? – каракөз кыз какшыктап калды. 

– Жок, эмнеге… – ал мукактана түштү, – бир кыз менен жолугушмак элем. 

– Алдап аткан жоксузбу? – кыз кескин сурады. 

Мартин анын көздөрүнө тигилип туруп жооп берди: 

– Чын айтам. Бирок биз башка бир күнү жолугушарбыз. Сиздин атыңыз ким? Каерде турасыз? 

– Менин атым Лиззи, – деди анын колун бекем кыскан кыз бүткүл денеси менен ага ыктап, – Лиззи Конолли. Базардын маңдайындагы Бешинчи көчөдө жашайм. 

Алар дагы беш мүнөттөй аны муну сүйлөшүп туруп калышты. Мартин түз эле үйүнө кайткысы келбей турду. Анан өзүнө тааныш баягы бакка жетип, Руфтун терезесинин тушундагы көнгөн ордуна турду да жүрөгү өрөпкүй шыбырады: 

– Руфь, менин жолугуша турганым сиз. Мага башка менен жолугушуунун кереги жок.

(уландысы бар)

  • (1876–1916)

    Америкалык жазуучу жана журналист, коомдук ишмер. Ал көбүнчө укмуштуу окуялардын жана романдардын автору катары белгилүү.

  • Котормочу:

    Журналист, котормочу. 1961-жылы туулган. 1987-жылдан бери журналистикада. Кыргыз жана орус тилдеринде жазат, адабий котормо менен да алектенет. Учурда чет элдик тоо-кен компаниясында котормочу болуп иштейт. Москвадан чыкчу «Человек и мир» журналы менен туруктуу кызматташат.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген