| |

Жек Лондон: “Мартин Иден” (II)

4.7/5 - (4 добуш)

Романдан үзүндү. Калган бөлүктөрү: I

II БАП

Ашканага жетиш да ага тозоктун тозогу болду. Секунд сайын урунуп аламбы деп апкаарыгандыктан, мына бул толгон-токой жайнаган жылтыр-жултур буюмдарды аралап өтүп кетиш бир туруп мүмкүн эместей сезилип баратты. Ошентсе да бул опурталдуу жолду эптеп басып өтүп, Руфтун жанына жетип алды. Тамак жей турган бычак менен айрылардын көптүгүн көрүп андан бетер эси чыкты. Буларды кантер экенмин дегенчелик чочулап, аларды көзүн албай карай берди, эрксизден эсине өзүнүн достору менен тамак жеген матростук кубрик түштү; баарылап сүрсүгөн этти макилери менен талаша кескилеп жеп, же болбосо колдору менен жулмалаша тытмалап, сабы кыйрайган темир кашыктар менен коюу буурчак сорпону бир мискейден шорулдата ичишээр эле. Анын мурдуна ошол начар эттин саңырсыган жыты ургандай боло түштү, кулагына матростордун улам кашыктарды мискейге чаңкылдата ургулап, чалпылдата тамак ичип атканы да кадимкидей угулгансып кетти. Чочкодон айырмабыз болгон эмес экен деди ал ичинен. Эми бул жерден абыдан сак, аяр болуш керек. Алдына келген тамакты тырс этип дабыш чыгарбай адептүү жегенге аракет кылышы керек. 

Акырын столду тегеректеп отургандарга көз кырын салды. Бет маңдайында отургандар Артур менен Норман. Руфтун бир туугандары деди ичинен, ошол замат ичи ысып, аларга мээрими балкып кетти. Карачы, буларды, бири-бирине үйрүлө түшүп турушат экен! Ошол замат эми эле Руфь апасын кантип утурлап тоскону, экөө кантип ооз учунан өбүшкөнү, анан кыналыша өзүн көздөй баскандары кайрадан көз алдына келе түштү. Өзү чыккан карапайым дүйнөдө болсо ата-эне менен балдарынын ортосунда мындай сыпайы сылык мамилелер адат эмес эле. Мунун баары ага ачылыш сыяктуу болуп жатты, жанатан бери байкагандарынын баары ак сөөктөр жетишкен бийик даражанын далили болду. Бул көрүнүш Мартин өзү ушул дүйнөдөн көрүп турган сонундардын сонуну эле. Карап туруп көңүлү балкып, жүрөгү көлкүлдөп эрип бараткансыды. Ушул тапта бүткүл табияты сүйүүнү, жакшы көрүүнү эңсеп кетти. Анткени сүйүү анын жашоосунун али орду толо элек, ажырагыс зарыл муктаждыгы эле. Бирок, ал мунсуз эле жашап келди го, жалгыздыктан жабыркаган жан-дүйнөсү барган сайын катаалдашып баратканын билген да, сезген да жок эле. Сүйүүгө муктаж экенин өзү эгерим аңдаган эмес, ага азыр да башы жетпей олтурат. Ал сүйүү кандай болорун эми бул жерге келгени сыртынан гана көрүп турду, мунун баары ага ушунчалык баасы жок асыл, кол жеткис бийик, укмуштуудай керемет болуп көрүндү. 

Баарынан да азыр үйдүн кожоюну мистер Морздун жоктугуна кубанып жатты. Руфь, анын апасы жана бир тууганы Норман менен таанышканы деле жетишет. Артурду болсо анча-мынча билип калды да. Анан атасы менен да таанышуу ашыкча болуп кетмек. Өмүрүндө ал эч качан мындан кыйын ишти аткарган эмес. Дүйнөдөгү эң оор деген жумуш мына бул окуя менен салыштыра келгенде ага азыр жөн эле баланын оюнундай сезилип турду. Мурда колу көнбөгөн момундай майда-барат ишти кылам дебатып кыйналганынан чекесинен мончоктогон тери чыпылдап, үстүндөгү жегдеси да сууланышып чыкты. Ал тамакты эми мурдагыдай баса калбай, кантип колдоноорун билбеген мына бул жаркыраган аспаптардын жардамы менен жеши керек, акырын башкаларга көз салып байкап, алардан үйрөнө да отурушу керек, ошол эле маалда сырттан тынымсыз агылып келибаткан жаңы таасирлерди өзүнө сиңирип, аларды аң-сезиминде иреттеп да отурууга тийиш; анан да жүрөгүнө чок салып, бүдөмүктөгөн кусалык ойготкон кызды элжирей тиктеп, ал жашаган жашоонун чөйрөсүнө аралашсам деген эңсөөсү зарыктырып, ага кантип жетсем деп тынымсыз ойлоп кыйнала да берди. Бет маңдайлаш олтурган Норманды же башкаларды улам көз кыйыгы менен тиктеп коёт, алардан бычак, айрылардын кайсынысын кандай учурда колдонуш керектигин кунт коё байкап олтурду; ошол эле учурда ал отургандардын жүздөрүн жакшылап эстеп калууга жана өзүнүн Руфь менен канчалык мамиледе экенин билүүгө ынтызарланып жатты. Мындан тышкары ал сүйлөшү, башкалардын ага айткандарын же эмне тууралуу кеп болуп атканын угушу, зарыл учурда аларга жооп кайтарып, бирок мында бейбаш сүйлөп көнгөн тилинен балп эткен бирдеме кокус чыгып кетпесинен сактанып отурушу керек эле. Дагы бир коркунуч – кара басып, үй кызматчысы да жаны тынбаган эпилдеген неме экен, дабыш алдырбай улам далысынан пайда боло калып, мойнун созо табышмак сезилген ар кандай тапшырмаларды берип, жооп бергенге аргасыз кылып атканы аны ого бетер жүдөттү. Баарынан да тамак ичип бүткөн соң манжалардын учун салып чайкай турган чөйчөкчөнү ойлоп сар-санаага батканычы. Ойлобоюн десе да болбойт, бул эмне болгон идиш болду экен, аны качан алып келишет деп ичинен бушаймандана берди. Буга чейин укканы гана болбосо, аларды дегеле көзү менен көргөн эмес, мына эми азыр алып келгени турушат, анткени ал тамактан кийин манжаларынын учун дайыма суу менен чайкап көнгөн мартабалуу ак сөөк жандар менен бир үстөлдө чогуу отурбайбы. Андай болгон соң аларга кошулуп, өзү да манжаларын чайкашы керек. Бирок баарынан да аны камтама кылганы, бул адамдар менен деги өзүн кандай кармаса экен? Мээсин чыңалтып, тынчын алыбаткан ой ушул болду. Бир туруп өзүнүн ким экенин билдирбей, амалданып койсомбу дейт, бирок ошол замат башка опуртал санаа оюна келе түшөт: анте да албайт, себеби жасалмалуулук ага жат эле, минте турган болсо, абийири ачылып, уят болуп калышы турган кеп. 

Ушул сыяктуу сарсанаага батырган ойлор менен алпурушуп отуруп, Мартин түшкү тамактын биринчи жарымын олуттуу кармана сабырдуулук менен өткөрдү. Мунусу менен ал Артурдун үйүндөгүлөргө: мен түшкү тамакка бир жапайы немени ээрчитип келем, бирок силер андан эч чочубагыла, анткени жапайы болгону менен өтө кызык бала деп алдын ала кабарлап койгон тымызын кастыгын ашкерелеп койгонун өзү билген жок. Руфтун бир тууганы ушундай тымызын саткынчылыкка жөндөмдүү экени Мартиндин оюна да келген эмес, анткени аны төпөштөйбүз дегендерден арачалап калбады беле. Ошентип ал өзүн азыр санда жок бир бечара экенин сезип, бирок айланасында болуп аткан нерселерге суктануу менен карап олтурду. 

Тамак ичкен жалаң гана табигый муктаждык эмес экенин Мартин алгачкы жолу ушул жерден түшүндү. Мурда эмне жеп атканын эсине да алчу эмес. Тамакпы, тамак, аны жеш керек дегенден башка ой жок эле. Эми болсо мына бул аземдүү, кардай таптаза алжапкыч салынган үстөлдө отуруп, тамактануудан улам козголгон кандайдыр бир ичин ысыткан керемет сезимдерге балкый канаатанып отурду, анткени тамак ичүү бул жерде, көрсө, эстетикалык ыракат тартуулаган иш тура. Чарк урган акылы тынымсыз иштеп жатты. Тегерегиндегилер ал маанисин түшүнө бербеген, китептерден гана кезикчү сөздөрдү сүйлөшүп атышты. Мындай сөздөрдү ал жашаган чөйрөдөгүлөр дегеле билбейт, буга тилдери да келбейт. Ошондон уламдыр, мындай сөздөрдү мынабул үйдөгүлөр эч бир кыйналбай эле эркин айтып сүйлөшүп жаткандарына суктанганынан денесин майда калтырак да аралап кеткенсиди. Ал китептерден гана окуган кызыктын, кереметтин баары, көрсө, чын турбайбы. Муну ойлогон Мартин кыялы күтүлбөгөн жерден орундалган кишидей жыргалга бата магдырап отурду. 

Жашоосунда ал өмүрү мындай даражага көтөрүлгөн эмес. Байкап, угуп отуруп, «ооба, мисс», же «жок, мисс», же болбосо Руфтун апасы кайрылса «ооба, мэм» же «жок, мэм» деген гана жоопту узатканга аракет кылып жатты. Деңиз эрежелери боюнча аз жерден анын инисине «ооба, сэр» деп да жибере жаздады. Антсе анда өзүн булардын астында басынтып алмак, чындап Руфка жеткиси келсе, мындай болбошу керек. Буга анын намысы да жол бермек эмес. Кудай акы, деп ойлоду ал, менин булардан эмнем кем, эгерде алар менден көптү билсе, анын баарын үйрөнүү менин деле колуман келет. Бирок, кез-кези менен Руфь же апасы ага «мистер Иден» деп кайрыла калышканда, эмелеки намыска алдырган кежирлигин унутуп, кулакка жагымдуу бул сөздөн жүзү жарк дей түшүп жатты. Мартин азыр буга чейин өзү китептерден гана окуган адамдардын чөйрөсүндө тамактанып отурган маданияттуу киши эле. Ал кудум эле ошол китептерге сүңгүп кирип кетип, мукабаланган калың томдордун барактарын аралай саякаттап жүргөнсүдү. 

Мартин үстөлдө Артур айткандай, жапайы эмей эле, момураган сылык, тынч, сыпаа отуруп, жанындагылар менен өзүн кандайча кармоо керек деген гана ой менен алпурушуп жатты. Негизи ал өлжүрөгөн жоош эмес эле, андыктан биерде анын өктөм мүнөзү экинчи ролдо болубатканы менен эч бир келише албай атты. Ошенткени менен ыгы келген кезде гана кыска сүйлөп коюп отурду, бирок оозунан чыккан сөздөрү анын улам бир эмерекке урунуп атып конок тоскон бөлмөдөн ашканага келген ахыбалын эстетип турду. Мартин оюнда өзүнүн көп тил аралашып кеткен сөз байлыгын кыйнала аңтарып, керектүү сөздү туура айта алар бекенмин, өзүнө жат болуп калган сөздөрдү колдонсо буларга түшүнүксүз, орой угулбас бекен деп чочулап жатты, сөзгө чукактыгы ага эми минтип кедергисин тийгизип, эмнени көрүп, эмне ойлоп атканын айтканга тоскоол болобу деген түпөйүл ой тынымсыз мээсин мыжып, кыйнаганын айтпа. Андан тышкары, анын өктөмдүгүн крахмалданган жакасы да мойнуна салынган иттин каргысындай кыкыйта муунтуп, ого бетер мокотуп, жүдөтүп атты. Мартин минтип көпкө туруштук бералбас. Аны чырмап алган тыбыраган сезимдери менен ойлору болсо улам сыртка тээп, так бир калыпка ээ болгонго ашыгып атты; ошентип отуруп бир маалда каерде отурганын унутуп, айта жүргөн эски бир сөз оозунан чыгып кетсе болобу.

Мартин баятан бери кубаңдаган көлөкөдөй артынан кетпей жадаткан малайдын сунган тамагын колу менен жаңсап артка кайтарып жатып, кыска жана даана мындай деди: 

– Пау. 

Үстөлдө олтургандар таңгала дымый түшүштү, бул акыры ушинтмек дегендей мылжыйган текебер малай болсо бырс күлө жаздап өзүн араң басты, айтаарын айтып алып, чочуп кеткен Мартин өзү да селдейе түшүп катып калгансыды. Бирок тез эле эсине келди да: 

– Бул канак деген элдин сөзү, – деп жиберди, – мааниси «болду», «жетишет» дегенди билдирет. Кокусунан оозуман чыгып кетти. Ошол замат ал өзүнүн колдоруна кызыга карап калган Руфтун көз карашын байкай коюп, анын үнсүз узаткан суроосуна жооп кайтаргандай, кебин улантты: 

– Мен азыр эле Тынч океандык почта линиясын тейлеген кемелердин биринен түштүм эле. Кеме кечигип келгенинен портто жүк жүктөп калдык. Кара терге малына, берилип иштеп атканбыз. Колумдун терисин ошол жерде сыйрытып алдым эле. 

– Жок, мен аны караган жокмун, – деди Руфь шашкалактап, – сиздин колдоруңуз мүчөңүзгө салыштырмалуу кичирээк көрүнөт экен. 

Бирөөлөр анын дагы бир кемчилигин көрсөткөндөй Мартин кызара түштү. 

– Ооба, туура айтасыз, – деди ал кейигенсип, – менин муштумум алсыздай көрүнөт, бирок каруу булчуңдарым качырдыкынан да күчтүү, соккусу да оңбогондой. Бирок кимдир бирөөнү тумшукка урганда эле ушинтип колумду канжалатып алмайым бар. 

Мартин бул сөздү айтарын айтып алып, кайра өзүнө нараазы боло түштү. Өзүнүн сүйлөгөнүн көзөмөлдөбөй, кайдагы бир болбогон кепти ашыкча былжырап ийгени үчүн өзүнө жийиркенип да кетти..

– Мурда тааныбасаңар деле Артурга убагында жардамга келгениңер абдан азаматтык болуптур, – деди Руфь Мартиндин саал сүрдөнө түшкөнүн сезе койду, бирок мунун себебине түшүнгөн жок. 

Анын сылык адебин түшүнүп баалаган Мартин кыздын алкышына эргип, токтоналбай кетип, чоркок тилин дагы эркин агытып коё берди: 

– Түккө турбаган ишчелик кеп. Менин ордумда башка болсо да ошентмек. Урунаарга тоо таппаган бир ууч каңгып жүргөн сандалбаптар да. Артур аларга тийишкен деле жок. Жалгыз кишиге жапырт жабылганда мен карап турмак белем, өзүлөрүн тике качырдым, сазайын жакшылап эле колдоруна бердим окшойт. Ырас, колумдун сыртын бир аз сыйрып алдым, эки-үчөөнүн тиши күбүлдү окшойт тигилердин. Өзүлөрү келип катылгандар ушуну көрмөк. Эми мен мындайды көргөндө барбы… 

Ушул замат ал өзүнүн Руфь менен бир абадан дем алууга да татыксыз бечара экенин дагы эстей келе калып, оозун ачып баратып унчукпай калды. Ошол маалда Артур да жөн турбай, паромдо болгон окуяны жыйырманчы жолу кайталап бежиреп айтып кирди, – аракка тоюп алган кайсы бир безери мастар ага кол салган экен, анан кайдан жайдан Мартин Иден келе калып арачалап куткарып алыптыр. Ал антип айтып атканда окуянын каарманы болсо каштарын үрпөйтө унчукпай, аша чаап кеткенине дагы эле наарзылана, өзүн бул чөйрөдө кантип алып жүрсөм экен деген баягы түпөйүл ойго кайрадан батып кетти. Эмне сүйлөп, эмне кылса да анысы орду менен болбой атпайбы. Бир тукумдан болбогон соң буларчылап асемдеп сүйлөй алмакпы. Түшүнүктүү да. Же аларды эле туурай берсечи? Бирок бул оюну ордунан чыкпай тургандай сезилди, анткени анткорлук анын табиятына жат нерсе эле. Алдайын же жасалма кылайын деген өмүрүндө болгон эмес. Эмнеси болсо да ал өзүнүн турган турпаты кандай болсо, ошондой кала берүүнү туура көрдү. Азырынча алардын тили менен сүйлөй албай жатат, бирок бара-бара сөзсүз буга жетишет, ичинен ишенип турат. Эми эмне, таптакыр унчукпай отура бермек беле! Өзүнүн көнгөн эле кара жалпак тили менен эле, бирок алардын эсин чыгарбагыдай, жатык, түшүнүктүү кылып, жумшарта сүйлөгөнгө аракет кылат. Кечке дымын чыгарбай, эч нерсе түшүнбөсө да уккандарын түшүнгөндөй түр көрсөтө тымпыйып олтура берсе, тигилер чынында эле бул бирдемени түшүнүп атат экен деп ойлоп калышын такыр каалабай турду. 

Ошондуктан университеттеги иштердин жайын сүйлөшүп жатышкан ага-ининин «триг» деген сөздү бир нече ирет кайталашканын угуп калган Мартин жанагы оюна баш ийип: 

– «Триг» деген эмне? – деп сурап калды. 

– «Тригонометрия», – деди Норман. – Жогорку «матиканын» бир бөлүгү. 

– А «матика» деген эмне? – деп дагы сурады эле, анысына Норман кытмыр жылмая түшкөнсүдү. 

– Математика, арифметика. 

Мартин түшүндүм дегендей башын ийкеди. Ал даанышмандыктын түпсүз кыйрына кол сермегендей боло түштү. Бирок элестеп көргөн нерселери ошол замат так формаларга ээ болду, жандуу кыялы көзгө урунбас бул элестерди айкын образдарга айландырып жиберди. Тригонометрия, математика жана бул сөздөр символу болгон билимдин башка бардык тармактары анын мээсиндеги бырыштарга аттын кашкасындай дапдаана чийилип, жата түшкөнсүдү. Ал кадимки сүрөттөгүдөй жашыл жалбырактарды, күн нуруна бирде жарык боло калып, бир туруп арасын алтын шоола аралаган ачык аянтчаны көрүп турду. Алыстан анын баарын көлбүгөн кызгылтым жука туман каптап тургансыйт, бирок ал мына ушул тумандын ары жагында белгисиз сырдуу, керемет бир дүйнө жатканынан түк шек санаган жок. Мунун баары анын башын шараптай эңги-деңги кылып турду. Мында эрдик жасаганды эңсеткен, ой сермеп, иштегенге кенен мейкиндик, анан, – ушул жерден анын дил түпкүрүнөн жылт эткен бир ой өзүнөн-өзү ачылып чыга келди, – маңдайында олтурган лилия гүлүндөй үлбүрөгөн кызды багындырууга аттанса боло турган чалкыган бир ажайып дүйнө жаткан эле алдыда. 

Жанатан бери дилин жаркытып турган бул элес Мартин эми алдын ала өзү айткан жапайылыгын качан көрсөтөр экен деп байкатпай ынтызарланып, анысын бир туугандарына түркүн ишара кыймыл менен жеткиргенге абдан аракет кылган Артурдан улам кайдадыр житип кеткенсиди. 

Мартин Иден эч кандай жасалмасы жок эле өзүмдү кандай болсом, ошондой кармайм дегени эсинде эле. Эми баягыдай кысынбай этпей, өзүн өзү кадимкидей эркин башкарып, адегенде бир аз буйдалса да, бара-бара өрөпкүгөн чыгармачылык эргүүгө берилип, турмушту өзү кандай билсе, ошондой баяндоого умтулуп, аңгеме айтып кирди. Бажы катери аткезчилик менен шугулданган «Хальцион» кемечесин кармаган чакта ал ошондо жалданма матрос эле. Мартин дээринен көрөгөч байкагыч, анан да көргөндөрүнүн ширесин агыза айта билген мыкты аңгемечи да болчу. Ал буркан-шаркан түшкөн албуут деңизди, кемелерди, командадагы адамдарды сүрөттөп, элеске бай кыялынын күчү менен угармандарын азгырып, аларды окуяга өзүнүн көзү менен кароого аргасыз кылыбатты. Даргөйү нукура сүрөткердин кылдат туюму менен жарыкка, кулпурган түркүн-түс боёкторго жана жандуу кыймылга жык толгон окуялардын ичинен эң таңгалыштуусун, эң укмуштуусун тандап алып, угуп олтургандарды өзүнүн куюлушкан сөзү, эргүүсү жана кайраты менен уютуп, биротоло арбап салды. Бир туруп угармандарын анын аңгемесинин үрөйдү учурган чындыгы, бир туруп уккан кулакты өйкөгөнсүгөн сөз айкаштары чочутуп атты, бирок анын сүрөттөөсүндөгү оройлук ошол замат не бир жаркын салыштыруулар менен, ал эми жанды кейишке салган жерлери матростордун ойго келбеген тапан, куунак-шайыр тамашалары менен ширелише кезектешип, алмашып турду. 

Мартин Иден сүйлөп бүткүчөктү кыз андан көзүн албай, суктана карап отура берди. Жигиттин ысык деми ага да өтүп, кадимкидей жылытып аткансыды. Өзү буга чейин кантип мындай мерездик менен жашап келгенине таңгалып да отурду кыз бала. Ошентип отуруп, мына бул күчтүү, ден соолугу жанар оттой ташкындап турган келбети келишимдүү, турган турпатынан жалыны ашып-ташкан жигитке боюн таштап, ага кыналгысы келип кетти. Капылет келген бул каалоонун азгырыгы ушунчалык эле, кыз өзүн-өзү араңдан зорго токтотуп, кармап тургансыды. Бирок, ошол эле маалда аны кандайдыр бир сезим Мартинден оолактатып турду. Бул анын оор эмгектин жана ыплас жашоонун тактары калган колдору, чытырап көөп турган булчуңдары, байлама жакасы өйкөп салган коло түс мойну эле. Баян айтып келатып, анын оозунан чыгып кеткен ар бир орой сөз Руфтун кулагын кызартып, жигиттин жеке таржымалындагы олдоксон майда-бараттар назиктиктен бүткөн жан дүйнөсүнө акаарат келтирип жатты. Ошентсе да аны шайтан айдагандай азгырыктуу сыйкыр күч коё бербей, болбой эле жигитке тартып турду. Угуп отуруп мээсиндеги буга чейин бекем орноп калган калыптуу түшүнүктөр улам барган сайын эмнегедир өзүнөн өзү олку-солкулана алсызданып, түркүктөрү четинен бошоңдой берди. Мартиндин романтика менен шумдук окуяларга толгон өмүрү анын көнүмүш болуп калган бардык шарттуу түшүнүктөрүн четке сүрүп салгансыды. Жигиттин арамдыгы жок таза күлкүсүн, не бир опуртал коркунучтарга толгон кызыктуу, шайыр аңгемелерин укан сайын берилген Руфь жашоону эми, ушул мүнөттөрдөн тарта мурдагыдай олуттуу жана татаал нерсе катары эсептегиси келбей баратты: жашоо эми ага каалаган жагын көздөй айлантып ойногонго жагымдуу, бирок бирөөгө кармата берсе деле эч өкүнгүс оюнчук сыяктуу сезилип баратты. «Мына, эми сен да ойной бер, – дегендей болду ички туюму, – ошончолук каалап турсаң, ага боюңду кына, асылып, мойнунан кучакта». Мындай жеңил ойлуулугуна кайра жини келе түшүп, өзүн-өзү күнөөлөгүсү келди, бирок бул тымызын туйгусуна аруулугун, маданиятын – деги кой, аны ушул жигиттен айырмалап турган бардык нерселерди каршы коёюн деди эле, анысынан майнап чыкпады. Ойлору сапырылган Руфь айланасын кыдырата караса, башкалар да Мартиндин аңгемесин кунт коюп, дымын чыгарбай, көшүлө тыңшап отурушкан экен, бирок апасынын көздөрүнөн, бир чети, өзүнүкүндөй эле таңгалган чочулоону байкады да, бул ага кайра дем бере түштү. Эсине келе калып, ооба, орой деп эсептелинген караңгы дүйнөдөн чыккан бул адам – жамандыктын туундусу эмей эмине деди. Муну апасы деле көрүп билип турбайбы, – демек ошондой да. Боло келгендей эле Руфь апасынын көз карашына макул болгонго дайыма даяр эле. Мартинден уруп турган жалын эми Руфту баштагыдай тызылдата каптабай калды, андан келип жаткан түпөйүл коркунучтун курчу да кадимкидей мокой түштү. 

Тамактан кийин экөөнүн ортосун эки жээк кыла бөлүп турган түпсүз туңгуюкту ого бетер тереңдетүүнү кааладыбы, тымызын сырдана кыз ага рояль ойноп берди. Анын музыкасы Мартиндин эсин оодарып, башка чапкандай кылды, бирок ошол эле маалда жан-дүйнөсүн сапырып, кыялдарынын тозоңун чыгара аңтар-теңтер түшүрдү да кетти. Ал Руфка суктанып, ичи элжиреп карап турду. Кыз сыяктуу ал деле ортодогу туңгуюктун ого бетер тереңдей түшкөнүн сезди, бирок Мартинде барган сайын бул ажырымды аттап өтсөм деген каалоо күч алып баратты. Ал кылт эткен сезимтал жана ийкем жан болгондуктан, жылжыган музыканы тыңшап коюп, экөөнү бөлүп турган түпсүз ажырым туурасында кечке ойлонуп, жайбаракат отура бергенге кайыл эле. Музыка дайыма ага өзгөчө катуу таасир этчү. Чебер колго ачытылган накта шараптай музыка аны не бир тайманбас ойлорго, эрдиктерге шыктандырып, кыялын ширемас кыла, булуттардын үстүнө алып чыгып кетер эле. Өзүнө канат бүткөнсүп сезилчү мындайда. Тегеректеген кунарсыз тирилик жашоо ордун оюн азгырып кыялдарын ээрчиткен не бир жаркын, не бир сонун кереметтерге бошотуп берип, кайдадыр четке сүрүлүп кетчү. Арийне, Руфтун эмнени ойноп жатканына ал түшүнгөн деле жок. Бул Мартин матростордун үлпөт кечелеринде угуп жүргөн күүсүнөн жанган сынык пианинонун каңгыраган доошуна же үйлөмө оркестрдеги кулак тундура бапылдаган жез сурнайдыкына түк окшобойт. Кулактан жылжып куюлуп кирип бойду эриткен мындай сыйкыр музыка туурасында ал китептерден окуп калчу, бирок азыр кулагына жат болгон көнүмүш ыргактарды таппаса да Руфтун ойногонун жан-дили менен кабыл алып, көлкүлдөп жибип бараткан тула бою менен сезибатты. Кээде ага ыргакка шайкеш келген элестерди кармагансып сезилип жатты, көз алдына тартыла түшкөн көрүнүштөрдү ошол ыргактарга жуурулуштуруп, бириктиргенге даяр эле, бирок алар ошол замат башаламан үндөрдүн арасында кайда житип кетип жатканы билинбей, көкөлөгөн кыялдары тирөөчү жок оор салмактай кайра төмөн карай кулап жатты. 

Ушул арада ага кайдан жайдан Руфь мени шылдыңдап жатабы деген ой да келе калды. Кыздын ойногонунан ал кандайдыр бир билинбеген тымызын кастыкты, теңсинбөөнү сезгенсип, клавишаларды койгулап ойноп жаткан колдору эмнени айткысы келибатканын билүүгө аракеттенип жатты. 

Бирок, ал мындай татыксыз ойду шак эле башынан алыс кубалап салып, кайрадан музыкага берилип, магдырап кетти. Баштагы ажайып көрүнүштөр кайрадан жылоолоно, болгон дитин ээледи. Укмуш, буттары жерден үзүлүп, өйдө көтөрүлүп баратыры, денеси каалгыган рухка айланды, каректерине чагылышкан укмуштай жаркыраган нур көз алдынан кең жайык дайра болуп жайыла агып бараткансыды. Айланасындагы чын дүйнө кайдадыр жоголуп, өзү болсо көптөн бери кыялында эңсеп келген таптакыр чоочун, кооздукка тунган дүйнөдө каалгып учуп жүргөнсүдү. Бул жаркын көрүнүштөрдүн ичинде тааныш да, бейтааныш да нерселердин баарысы аралашып, жанды койбогон азгырык элестер көз алдынан кетпей айланчыктап туруп алды. Мартин ысыгы лапылдаган өлкөлөрдүн бейтааныш портторун көрүп, кыжылдаган эл толгон аянттарды, өмүрү башкалар көрбөгөн жапайы уруулардын кыштактарын аралай кезип жүрдү. Мурдуна деңиздерде сүзүп жүргөн кезинде каны катып, суусундук издеп атайын сүзүп барчу жылуу түн чүмкөгөн аралдардын тааныш атыр жыты ургансып кетти, андан ары тропикалык узак күндөр бою Улуу океанда, көк мейкиндиктин бетинде бирде көрүнө калып, кайра жок болуп турчу пальмалар жыш өскөн маржан аралдардын арасында сүзүп жүрдү. Бул элестер кандай бат пайда болсо, ошондой эле ылдамдык менен абага сиңгендей дайынсыз жоголуп кетип жатты. Бир туруп ал какыраган чөлдө дүпүрөтө ат чаап бараткандай болот, бир туруп табы куйкалаган ысык абанын закымдаган жука түтүнүн арасынан Ажал Өрөөнүнүн апакай күмбөзүнө көз салып, же зыңкыя тоңгон эбегейсиз чоң аралдары күн нуруна чагылышкан Муз океанынын толкундарында калак шилтеп бараткансыйт. Кээде маржан аралдагы кокос пальмасынын көлөкөсүндө жатып алып, деңиз толкунунун бир калыптагы шарпылдагына кулак төшөп тыңшагансыйт. Тигине, кыйроого учураган эски кеменин тулкусу көгүлтүр жалынга алоолонуп жаткансыйт, андан шоокумдана жайылган сырдуу жарыкта бийчилер менен ырдагандардын буулуга озондогон үндөрү, гавайдык гитардын доошу менен там-тамдын тарсылдаган дабышынын коштоосунда «huia» бийин бийлеп атышат. Делебени козгоп, мемиреген тропиканын түнү көшүлөт. Коюу жылдыз жыбыраган капкара асмандын алыскы төнүмүндө жанар тоонун сөлөкөтү үрүл-бүрүл мунарыктап көрүнгөнсүйт. Төбөдөн болсо күңүрттөнгөн күмүш табактай ай жай гана калкып баратыры, горизонт менен биригип кеткен жапыз кыйырдын этегине шыкалган Үч Аркардын жылдыздары жымыңдайт. 

Ушул турпатында Мартин эол арфасына окшошуп турду. Анын өмүрүндөгү көргөндөрү менен башынан өткөргөндөрү арфанын кылдары болсо, ал эми музыка көкүрөгүндөгү эскерүүлөрү менен куса-арманын козгоп, аларды күүгө сала термеген айдарым шамал сыяктуу эле. Ал жөн гана сезимге алдырган жок. Ар бир туйгусуна жан кирип, калып менен боёкко ээ болуп, кандайдыр бир керемет жана сырдуу жолдор аркылуу көзгө даана көрүнгөн элестерге айланып жатты. Өтмүшү, азыркысы жана эртегиси бир бүтүнгө айланып жуурулушуп кеткенсиди; ал кызга жетиш үчүн не бир улуу эрдиктерди жасай турган, чексиз, кыйыры карек талдырган кең, табы ысык, көз жоосун алган кооз ааламга баш оту менен сүңгүп кирип кетти. Мына эми арзыганына жетип, экөө бирикти, аны кучагына бекем кысат да өзүнүн ширин кыялдарынан жаралган керемет ааламына алып кетет. 

Руфь Мартиндин ийнин арта карап, анын эмне ойлоп, эмне сезип турганын жүзүнөн эле окуп койду. Бул эми бакырайган көздөрү дабыштарды аралай тигилип, ал жакта күпүлдөп уруп турган тириликтин демин жана ээ-жаа бербей чабыттаган кыялдардын эбегейсиз чоң караандарын көрө билген таптакыр башка адамдын өңү эле. Руфь эсин жогото түштү. Эмелеки орой, олдоксон жигиттин изи да калган жок. Кыз анын начар тигилген костюмун, жарадар болгон колдорун, күнгө алдырган жүзүн мурдагыдай эле көрүп турса да, мунун баары эми ага кудум темир тор сыяктуу гана болуп көрүндү, анын артынан кыз тилсиз, алсыз, бирок улуу адамдын чалкыган жан дүйнөсүн көрүп турду, мындан улам толкуп келген сезимдерин айтып түшүндүргөнгө ага сөз жетпей калып жатты. Бирок муну Руфь чагылгандай көз ирмем ичинде гана көргөндөй болду; эби жок олдоксон жигит ошол замат кайрадан пайда болду да, кыз өзүнүн кыялына өзү күлүп жиберди. Ошенткени менен эмелеки көз ирмемден алган таасири көңүлүнө уюп калды, кеткенге камынган Мартин олдоксон басып, коштошуу үчүн жанына келгенде ага Суинберндин менен өзү окуп жаткан англия адабиятынын курсунан Броунингдин бир томун суна берди. Бирдеме деп күбүрөп ыракмат айткан Мартин ушу тапта ага балакай сыяктуу көрүнүп, эрксизден ага карата боор ачыган энелик мээрими ойгоно түшкөнсүдү. Руфь эми олдоксон жигитти да, мусаапыр өңдөнгөн бечараны да, аны эркектин сүйкүм чачкан, бирок чочулаткан сүрдүү көз карашы менен караган жигитти да унутуп койду. Анын алдында өзүнүн туурулуп кеткен таштай катуу колу менен өзүнүн колун сындырып жиберчүдөй бекем кысып, мукактана сүйлөгөн балакай гана турду: 

– Бул менин өмүрүмдөгү эң сонун күн. Билсеңиз, мен мындайга, – деди ал айланасына абдырай көз чаптырып, – мындай адамдарга, мындай үйлөргө көңгөн эмесмин… Мунун баары мен үчүн чоң жаңылык болду… бул мага бөтөнчө жакты. 

– Биздикине дагы келерсиз дейм, – деди Руфь Мартин анын бир туугандары менен коштошуп жатканда. 

Мартин эмне дээрин билбей, кепкасын башына кондура калып, босогодон мүдүрүлө аттады да чыгып кетти. 

– Кандай, ал сага жактыбы? – деп сурады Артур. 

– Өтө кызык экен. Баарыбызга таза абанын жели келип кеткендей болду окшойт, – жооп кайтарды ал. – Канча жашта болду экен? 

– Жыйырмабы, же жыйырма бирде болсо керек эле. Бүгүн сурагам, бирок аны мынчалык жаш деп ойлобоптурмун. 

«Демек, мен андан үч жашка улуу турбаймынбы» – ойлоду Руфь, инилеринин беттеринен өөп, бейпил түн каалап жатып.

(уландысы бар)

  • (1876–1916)

    Америкалык жазуучу жана журналист, коомдук ишмер. Ал көбүнчө укмуштуу окуялардын жана романдардын автору катары белгилүү.

  • Котормочу:

    Журналист, котормочу. 1961-жылы туулган. 1987-жылдан бери журналистикада. Кыргыз жана орус тилдеринде жазат, адабий котормо менен да алектенет. Учурда чет элдик тоо-кен компаниясында котормочу болуп иштейт. Москвадан чыкчу «Человек и мир» журналы менен туруктуу кызматташат.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген