“Кайыгып жүрөк, кусалык демин терметип…”
* * *
Кайыгып жүрөк, кусалык демин терметип,
Кайыгын үйлөп, кыялдын бугун селдетип,
Капаска каткан качаңкы сүйүү дастаным,
Кантейин жаным, алсырайт жаны теңселип.
Кыйылып сезим, жыргалда болбой чын сүйүү,
Кылдарда калды, күйүт күү болуп чертилип.
Жабыгып сезим, жай албай жаным серпилип,
Жаны жок кези жүрөктүн жүүнү эшилип.
Жаа тартып улам, сүйүүңдү бута коём деп,
Жанымдын жансыз канаты сынган мертинип.
Жыргалды билбей сүйүүнүн чындык ырлары,
Жылдарда калды арман күү болуп чертилип!
