“Кайыгып жүрөк, кусалык демин терметип…”

5/5 - (2 добуш)

*   *   *

Кайыгып жүрөк, кусалык демин терметип,
Кайыгын үйлөп, кыялдын бугун селдетип,
Капаска каткан качаңкы сүйүү дастаным,
Кантейин жаным, алсырайт жаны теңселип.
Кыйылып сезим, жыргалда болбой чын сүйүү,
Кылдарда калды, күйүт күү болуп чертилип.

Жабыгып сезим, жай албай жаным серпилип,
Жаны жок кези жүрөктүн жүүнү эшилип.
Жаа тартып улам, сүйүүңдү бута коём деп,
Жанымдын жансыз канаты сынган мертинип.
Жыргалды билбей сүйүүнүн чындык ырлары,
Жылдарда калды арман күү болуп чертилип!

Автор

  • 1956-жылы Нарын шаарында туулган. Москвадагы М. С. Щепкин атындагы театралдык окуу жайында, СССРдин Эл артисти Юрий Соломиндин өнөрканасында актёрдук бөлүмүн аяктаган.

    Кыргыз телеберүүсүндө жана радиосунда, КРдин Саламаттык сактоо тармагында эмгектенген.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген