| |

Жонтемир Жондор: “Галдир (Көкмээ)”

2/5 - (1 добуш)

Мээм оор…
Чыкыйыма шприц сайып туруп,
Мээмдеги ойлорду соруп алсам дейм.
Анан ошол боп-бош калган башымды
Балдарга топ кылып берсем — ойносун, тоголотсун…
Мээм оор…
Ийиниме конгон — Газа тилкеси.
Мыкчысам эле — жарылып кетчүдөй,
Жарылбасын… Гүл курактар соолбосун…
Азап!
Сайылат бир көз,
Үч көз…
Чачтарымды жайып жиберип силкисем,
Төгүлөт элестер кабат-кабат:
Балким, жердин өзү —
Нух пайгамбар жасаган эң алгачкы кемедир?
Пилдин тумшугуна конгон доңуз
Ичимди аңтарат, ыплас кемирип,
Рабгузийден (1) уруксат да сурабай.
Кемелер көрүстөнүнө бойлоп,
Жүрөгүмдү Аралдын ордуна коюп көрөм…
Дүйнөдөгү бардык бейкүнөөлөрдүн өкүрүгү кулагымда,
Тамеки түтүнү менен абага «БАКЫТ» деп жазам.
Бирок кургак учукка чалдыккан борбор
Учуруп жиберет аны жөтөлүп…
Мээм оор…
Поэзия кеткен жашообуздан.
Маңкурт айдоочу,
Маңкурт чиновник, чала молдо…
Чамасы, биз тескери окуп жатабыз —
Канча кылымдан бери апендилер,
Зулумду эмес, сабырды жумшартып келет.
Эээээй!
(Үнүмдүн барынча кыйкырам)
Апендинин айтканы чын —
Бул дүйнөдө баары ууру!
Сайылат бир көз,
Төрт көз…
Оюнчук дүкөнүнүн жанында
«Топ алып бер» деп,
Атасына эркелеген баланын бут алдына
Жатып алгым келет:
«Кана, теп!»
Ушундай теп дейм, башым чыгып кетсин Нухтун кемесинен…
«Бедезарда адашкан аары,
Балыңдан бер, жол көрсөтөм.
Эки кашың жалбыздуу арык,
Кайсы бактын алмасы көп?»
Бир көз,
Он көз аңтарат,
Түшүнбөйт, жактырбайт — зыянсыз.
Майдалап жатат бул маңкурт жашоо…
Качан кайтып келесиң, Поэзия?
Мээм оор…
Алым жок… Топ… Нух кемеси…
Ойлор сайылат.
Бир аз жеңил жашасам дедим эле,
Ийиниңиздин ижарасы канча?..
______

Рабгузий (Насируддин Рабгузий) — XIV кылымда жашаган, түрк тилдүү элдердин пайгамбарлар тарыхын баяндаган атагы таш жарган «Кыссас-ул-анбия» («Пайгамбарлардын баяндары») китебинин автору.

Оодарган Жанаргүл ЖОЛДОШОВА

Автор

  • «Калемимдин багытын Жогорку адабий курстан тактап, сөз өнөрүнүн сырларын тереңдетип үйрөнүүдөмүн. Ошону менен бирге, кыргыз адабиятындагы өзгөчө кол тамгасы бар Матисаков мектебинин өкүлү катары чыгармачылык жолумду улантып келем. Бала кезден жан дүйнөмдү ээлеп, кагаз бетине түшүүгө шашкан көркөм ойлор бүгүн менин турмуштук бейнемдин ажырагыс бөлүгүнө айланды».

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген