Айылымдын ак таңы

2.5/5 - (4 добуш)

Айлана жарык, жылдыздар калган суюлуп,
Аппак парда желге ойнойт тынбай куюлуп.
Апакем сааган сүттүн үнү шырылдап,
Чакага түшүп жатканы турду угулуп.

Атакем айдап койлорду кетти кош-коштоп,
Абалап иттер, ээрчишет аны топ-топтоп.
Ачылбай уйкум, кулагым төшөп баарына,
Ансайын моокум канбады менин айылыма.

Суктанып жаттым, айылымдын аткан таңына,
Айылым сулуу агарып аткан таңында.
Нандары жыттуу апакем жапкан казанга,
Атакем караан, күч-кубат болуп жаныма.

Салкын жел келип, сыласа өөп бетимден,
Сагыныч кучөп, жазылбай жарпым эзилгем.
Сан жылдар келбей жүргөндөй мага сезилип,
Сагынып жүрүп, айылым менен кезиккем.

Автор

  • 1971-жылы Суусамыр айылында төрөлгөн. Үч баланын энеси.

    Авторго колдоо көрсөткүсү келгендерге:

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген