| |

Лю Цзунъюань: “Фубань коңузунун өмүрү”

5/5 - (2 добуш)

Редакциядан:
Лю Цзунъюань (773–819) — Тан династиясынын доорунда жашаган кытай ойчулу жана жазуучусу.

(аңгеме)

Фубань – кичинекей бир коңуз. Бирок ал абдан шамдагай жана ыкчам, жолдо кездешкен нерселердин баарын жонуна жүктөп алууга жөндөмдүү. Ал баскан сайын, жолдо кездешкен нерселерди топтоп, башы менен сүзгүлөп, аркасына жүктөп алат. Жүктүн салмагы көбөйүп, оорлосо да, ал токтобой, жолдо кездешкен нерселерди жыйнап алууну улантат. Анын аркасы быдырлуу болгондуктан, жүктөр ордунан жылбай, жерге түшпөй кармалып турат. Бирок бир күнү ал чарчап, жыгылып, тура албай калат. Кимдир бирөө анын абалына боору ооруп, жүгүн чечип жардам берет. Оор жүктөн бошонгондо, коңуз кайрадан жолго чыгып, кайрадан жолундагы нерселерди чогулта баштайт.

Ошондой эле, бул коңуз бийиктикти жакшы көрөт. Күчү аз болсо да, дайыма бийикке көтөрүлүүгө умтулат, бирок барар жерине жетпей жыгылып, акыры өлүп тынат.

Азыркы адам да ушундай: көзүнө көрүнгөн нерселерден кыя өтпөйт. Бир нерсени көрүп калса, аны таштап кете албайт; тескерисинче, байлыгын көбөйтүүнү каалайт, бирок ал нерсени алганда өзү үчүн пайдасы эмес, түйшүгү көбөйөрүн түшүнбөйт. Ошентип, улам бир нерсеге жетем деп жүрүп, кара жанын карч уруп жашайт.

Кээде, өзүнүн ашкере каалоосунан улам адам кадыр-баркын жоготуп, кызматынан кетүүгө мажбур болот. Баарын таштап, башка жумушка орношот. Бирок кыска убакыттан кийин, байлыкка болгон кумары кайра күчөп, мурдагы жоругун кайталайт. Ал дайыма жогорулап, байлыгын көбөйтүүнү гана ойлойт. 

Ач көздүк коркунучтуу, ал сөзсүз өлүмгө алып келет. Тилекке каршы, ач көздүктөн бирөө өлгөнүн көрүп турса да, адам андан сабак албайт. Сырткы көрүнүшү таасирдүү, абалы жогору болгону менен, ал бир бечара адам. Анын акыл-эси майда коңузга окшош. Эх! Ал жөн гана боор оорууга татыктуу.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Автор

  • Жазуучу, котормочу. “Улуу Жантай санжырасы”, “Эрмектеп тапкан эмгегим” деген чыгармалары, “Абай Кунанбаевдин “Жүрөктү агарткан кара сөздөр”, Мухтар Ауэзовтун “Дүрбөлөң заман”, Салтыков-Щедриндин “Абийир жоголду” деген чыгармалардын котормолору китеп болуп басылып чыккан.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген