Төөнөгүчтөй төөнөлөмүн,
Кыялыма жете албай.
Кыя жолдо кыйналамын,
Шыдыр өтүп кете албай.
Кырчылдашам, талашамын
Ичимде үнсүз ой менен.
Кызылдардай туу көтөргөн,
Жүрөгүмдөн желбиреген.
Кыска убакыт, кысынбайын,
Кырчын жаштык кезимде.
Кымкап кийип кычыраган,
Оттуу жалын сезимде.
1971-жылы Суусамыр айылында төрөлгөн. Үч баланын энеси.
Авторго колдоо көрсөткүсү келгендерге:
