|

Бексултан Жакиевдин “Күттүргөн жаз да келер” драмасы жөнүндө

Биринчилерден баа бериңиз!

Кыргыз адабиятында бүгүнкү күнгө чейин Улуу Ата-Мекендик согуш темасына арналган ар түрдүү жанрда көптөгөн чыгармалар жаралды. Ал адабий процесс азыр да демдүү уланууда. Анткени бул темага акыркы чекит коюлушу мүмкүн эмес, тескерисинче биздин Жер планетасындагы болуп жаткан реалдуу согуштук окуялар аталган проблеманын актууалдуулугун арттырып жатат десек да жаңылышпайбыз. Ошондуктан замандаштарыбызга, урпактарыбызга согуш алааматынын драма-трагедиясын ар тараптуу, чындыктуу, жогорку көркөм-эстетикалык деңгээлде көркөм иликтеп жана ошол эле маалда дүйнө адамзатын согуш отунун тутанышына аң-сезимдүүлүк менен каршы турууга чакыруу бүгүн да актуалдуу бойдон калууда.

Бирок бүгүнкү сүрөткердин алдында согуш темасын ачуунун жаңы жагдайлары кырынан турганын, согушту чындыктуу, окуучунун жан- дүйнөсүнө идеялык-эмоционалдык дүрзөлөң түшүргүдөй чыңалууда сүрөттөө, ал аркылуу дүйнөлүк адамзатты тынчтыкты сактоо доктринасынын тегерегинде терең ойлонуп, аракеттенүүгө чакыруу милдети да турганы чындык!Бул туурасында тээ эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында эле орустун талантуу жазуучусу Виктор Астафъевдин айтканы эске түшөт. “Она отвратительная война, страшная. Надо писать ее отвратительной, а не лозунгово-героический”, – дейт. Өзүнүн жогорудагы тезисин чечмелеп, бүгүнкү күнү согушту кандай жазуу керек экендиги боюнча оюн мындайча улантат. “Однако думаю настало время писать о войне по другому. Сегодня когда существует довольно большая мировая литература о войне, дающая о ней преставление как кравовой войне, перед художником стоит задача, написать свою войну, сейчас писатель, я так понимаю, должен больше осмыслить происходившие. Вникать в него. Размышлять вслух. Беседовать с глазу на глаз с читателем. Изображать батальных сцен, сплошного действия не годятся”. ( Астафъев В., Созидатель милосердие и братство. ЛГ. 26.09.1990)

Дархан драматург Бексултан Жакиев тээ ХХ кылылымдын 70-жылдарында согуш темасында жазган “Атанын тагдыры” алгачкы драмасында, кийинки ушул эле теманы, проблеманы дагы да тереңдетип сүрөттөгөн “Күттүргөн жаз да келер” чыгармасында да эгерде эле бүгүнкү күндүн жогоруда В. Астафъев белгилеген көркөм-эстетикалык талаптарынан карай турган болсок, менин жеке баамымда, Бексултан Жакиевдин драмалары ал талаптарга толук жооп берип тургандай. Тагыраак айтканда, драматург ошол мезгилде эле “ӨЗҮНҮН СОГУШУН” жазып койгон экен. Жогорудагы драмалардын күнү бүгүн театрларыбыздын сахнасынан түшпөй, ар бир учурда аншлаг менен коюлуп жатканы бекеринен болбосо керек. Дегеним аталган драмаларында автор бүгүнкү турмушубуз жалаң гана согуштук аскердик эрдиктердин жеңишинин натыйжасы эмес, ал миңдеген, миллиондогон адамдардын согуштук кырдаалдан келип чыккан ички карама-каршылыктарын жеңүүсүнөн, ички духтук, рухтук бекемдикти, бүтүндүктү жоготпой, коротпой өздөрүндө түбөлүк сактап калышкан күрөштөрүнүн, каармандыктарынын жеңиши экендигин бүгүнкү окуучусунун, көрүүчүсүнүн эсине салат. 

Драматургдун “Күттүргөн жаз да келер” драмасы учурунда театрларда коюлуп, көрүүчүлөрдүн купулуна толгону эсимде. Мен дагы алгачкы көрүүчүлөрдүн катарында болгон элем. Бирок кийинчерээк негедир репертуардан алынып калган, балким анын объективдүү, субъективдүү себептери болгондур, ал тууралуу кабарыбыз болбоду. Балким Б. Жакиевдин, дегеле кыргыз драматургиясынын тарыхын изилдеген кийинки окумуштуулар бул жагдайга көңүл бурушуп, себептерин ачыкташаар. Азыркы күндө спектаклдин коюлуп жатканы кубандырат. 

Менин аталган маселеге атайын көңүл буруп жатышымдын дагы бир себеби – “ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхын тыкыр изилдеп, ЖОЖдор үчүн окуу китебин жазган профессор Качкынбай Артыкбаевдин китебинде да негедир бул драма көз жаздымда калган экен. “Атанын тагдырынан” кийин жазылган бир катар драмалык чыгармалары менен драматург Бексултан Жакиев өзүнүн мурда жеткен бийиктигинен төмөндөбөөгө, идеялык-эстетикалык жаңы табылгаларды берүүгө көп күч жумшады” деп, драматургдун ишмердүүлүгүнө жогору баа берип, бир катар (кээде катардагы эле) драмаларын талдоого алса да, алардын арасында согуш чындыгын экинчи мертебе (“Атанын тагдырынан” кийин жаңы деңгээлде чагылдырган “Күттүргөн жаз да келер” боюнча үн катпаган экен. (К. Артыкбаев. “ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы”. Бишкек. 2004. -316-б. ). Бул да жөндөн болбосо керек. Менин ошол мезгилде чала-чарпыт кулагым чалгандыгына караганда ал кездеги цензура драмадан идеологиялык ката табышкан. 

Эми драманын өзүнө өтөлү. Аталган драмасында автор согуштун эки назик дүйнөгө салган бүлүгүн көркөм иликтөөгө алат. Анын бири – алаамат согуштун айынан атасынан ажыраган өспүрүм Тилек, экинчиси – ошол эле жексур согуштун айынан жубайынан алыстап, айылда калган мөлтүрөгөн жаш, сулуу келин, Тилектин апасы Зейнеп. Тилек алгач көрүүчүлөргө терсаяк, эч кимдин чекесин жылытпаган бала болуп көрүнөт. Классташтары Эрмат менен Шерматтын жакшы ниеттерин уккусу жок. Ал турсун шефчилердин “сазайын” окутууга даяр. Мугалиминин адресине да орой сөз айтат. Апасынын таякеси Апсаматты да жек көрөт (ал согуштун катышуучусу). Драматург Тилектеги бул сапаттарды анын түздөн түз кыймылында, айлана-чөйрөсүндөгүлөргө жасаган мамилеси аркылуу, сүйлөгөн кеп-сөздөрүндө, жест, мимикаларында жекиликтүү берет. 

Тилектин жан-дүйнөсүн бушайманга салган бир эсе атасынын согуштан өлдү дегенин угузган суук кабар болсо, (бирок Тилек бул суук кабарга таптакыр ишенгиси жок, ишенбейт дагы), экинчиден, атасынын өлгөнүн уккандан берки апасынын жүрүм-туруму.

Согуштук жоготууларды ар ким ар кандай көтөрдү. Алыска барбай эле Чыңгыз Айтматовдун Зейнепке тагдырлаш болгон каарманы Толгонай апанын ай мончоктой келини Алиманды алалы. Алиман апаат согуш алдынан жулуп кеткен бактысыздыгы менен келише албай, орду толгус жоготуусунун ордун толтурчу эч нерсе таппай, ырайымсыз согуштан кантип өчүн алааарын билбей кайыгып жүрүп, акыры бир эссизге алданып, жашоого кумары канбаган бойдон, тагдырынын ташпишин кабыл ала албай жүрүп акыры трагедиялуу бул дүйнө менен коштошподубу! Б. Жакиевдин Зейнеби да дал ушундай жоготууну башынан өткөрөт. Беш гүлүнүн бири ачыла элегинде өмүрлөшү, аздап жүрүп баш кошкон жубайы Асылбегинен ажыраган соң өзүн ичкиликтин утурумдук азгырыгы менен алдап жүрдү. Башка эч бир нерсе анын орду толгус жоготуусун унуттура албачудай туюлду ага. Кара кийип, ичкендин айынан ырай-бешенеси келишип, чачы саксайган, күндө таң атпай өспүрүм уулун дүкөнгө аракка жиберип турган Зейнептин сахнадагы көрүнүшү өтө аянычтуу. 

Драматург Бексултан Жакиев татаал сюжеттик чиеленишти түзүүгө өтө чебер болгон. Каарманынын жан дүнөсүндө болуп жаткан карама-каршылыктардын эволюциясын көрүүчүгө дагы татаал, дагы терең психологиялык чыңалууда ачып берүүнү көздөп, драманын сюжеттик канвасына жаңы турмуштук кырдаалдарды кошот. Ал Зейнеп Асылбекти өлдү деп уккандан көп өтпөй Асылбеги менен майданда бирге болгон, анын өлөөр алдындагы керээзин угуп, денесин өз колу менен жерге жашырган, согуш жарадары Апсаматтын келип, алардыкына туруп калышы. (Анын үй-бүлөсү да согуш апаатында кырсыктан жок болгон болот). Апсамат анын үстүнө Зейнептин алыскы таекелеринен болуп чыгат. Анын күйөөсү Асылбектин жанынан келиши ошо тапта жанына аралжы таппай турган Зейнеп үчүн Асылбектин өзү келгендей эле болду. Ошентип Зейнеп акырындап Апсаматка ылым санап калат. 

Зейнеп менен Апсаматтын ортосундагы мамилени драматург ишенимдүү, чебер өнүктүргөн. Зейнептин ага карата мамилеси турмуштук жактан алганда логикалуу, психологиялуу берилген. Драманын сюжеттик өнүгүшү көрүүчүлөрдүн алдына тынчын кетирген көптөгөн суроолорду коёт. Зейнептин мындан аркы тагдыры эмне болот? Ичкилигин токтотууга кудурети жетээр бекен? Апсамат менен башталган мамилеси кандайча бүтөөр экен? Токтотууга кудурети жетээр бекен? Эгер экөө баш кошуп калышса Тилек аны кандай кабыл алаар экен? Ал башынан Апсаматты жек көрөт, апасынын жанына жакын жууткусу жок. Тилектин тагдыры кандай болот, ушул бойдон оңолбой, турмуштун сыноосунан сынып, жашоодон аша чаап кетпес бекен?

Драманын экинчи бөлүмүнүн башталышында да эмоционалдык чыңалуу бекем, автор окуучу, көрүүчүсүнүн көңүл чордонун тап жылдырбай, сахнадагы окуянын өнүгүш динамикасында кармайт. Күттүргөн жаз келип, өрүктөрдүн жапырт гүл төгүшү Зейнептин ички дүйнөсүндөгү бушаймандыкты ого бетер күчөтүп салды. Эшик алдындагы өрүк-алмаларды Асылбеги асыл тилектери менен отургузбады беле… Жалаң устундан кынаптап үй-жай турузганын кара… Өз демилгеси менен колхозуна балдар бакчасын уюштурган. Эмгиче болсо айылды гүлдөтүп таштамак… Ушинтип терең ойго батып олтурган Зейнептин жанына Апсамат келип калат да, колхоздон ылайыктуу иш табылганын айтып, ага орношуш үчүн үйлүү-жайлуу адам болушу керектигин эскертишкенин айтып, Зейнептен жооп күтүп, колун кармайт.

Драманын окуяларынын буга чейинки өнүгүшүндө драматург Апсаматын көрүүчүдөн алыс кармап, аны менен тикеден тике жолугушууга алып келбейт. Ал бар болгону Тилекке кайрылып, “апаңдын арагын экөөбүз биргелешип койдуралы” деп андан кагуу жегенин эске албаганда ал Зейнептин үйүнөн чыгып, активдүү аракетте көрүнгөн эмес. Демек анын ким экендиги, кандай адам экендиги көрүүчүгө табышмак. Дегинкисинде автор драманын экинчи бөлүгүндө гана эки каарманын: Зейнеп менен Апсаматты активдүү аракетке киргизет.

Апсаматтын образы – драмадагы татаал образдардын бири. Ал согуштук жолдошунун акыркы керээзин аткарып, анын жарын кор кылбай, бүлө кылып алгысы бар (Асылбек өлөөр алдында ушинткен экен). Анын үстүнө согуш башына түшүргөн Зейнептин азыркы абалын, жаштыгын аяйт, тигинтип аракечтик жолуна түшүп баратканы да коопсуздантат. Дагы бир жагынан тентек уулу Тилектин жасаган иштери, жосун-жоруктары чочулатат. Аны менен бир үй-бүлө боло албастыгына да шек койбойт, тарбияга да көнбөс деген жыйынтык чыгарат. (Эскерте кете турган нерсе, Апсаматтын тентекти тарбиялоого чечкиндүү аракети драмада байкалбайт, декларативдүүлүк орун алган). Зейнепке акылдашып, Тилекти тарбия көрсүн деп, шаарга окууга жиберсек кантет деген оюн ортого салат. Апсаматтын мындай аракеттерин эгоистикпи деп да бүшүркөй түшөсүң. Ал ушул тапта Тилектин көзүн боёп кутулуп, эптеп Зейнепти торго түшүрүүнүн амалында жүргөндөй, башка эч бир адамкерчиликтүү тилеги, максаты жоктой сезилет. Жада калса ал жөнүндө Зейнеп да ошол мзгилде ушундай ойдо турат.

Драматург Апсаматка карата дагы бир шектүү нерсенин четин кылтыйтат кийинки сценаларда. Бул окуя драмага зордоп киргизилбестен окуялардын ички өнүгүшүнөн табигий келип чыгат. Ал мындайча болот. Тилекти шефке алышкан Эрмат менен Шермат айылдык селсоветке районго согуштан качып келген бир “жуликти” кармоо жөнүндө кат келгенин айтышып, алардын апасынын баамдаганына караганда ал “жулик” Тилектердин үйүндө жүргөн Тилектин апасынын таекеси имиш деген кабарды Тилекке угузушат. Алар чогулушуп Апсаматты текшеришмек болушат. Имиш-имишке караганда ал “жулик” айылдагы согушта бүлөсү өлгөндөрдүкүнө барып, оокат жайлуурактарыныкына, албетте, “өлгөн эмес, мен өз көзүм менен көргөм” деп сүйүнчүлөгөн болуп, бергендерин алып чогултуп жүргөн дешет.

Апсаматтын эч ачпаган сырдуу чемодоны боло турган. Тилек жолдошторунун кебин угаар менен болду-болбоду ошол чемодан соо чемодан эмес, ошондо арам дүйнө жыйналган деп ойлойт да, Апсаматтын чыныгы жүзүн ачмакчы болот. Ошентип балдар “чемодан” операциясына киришмек болуп калганда, Тилектин апасы карасын чечип, кызыл бөртмө жоолук салынып, ак көйнөк, кара бархыт чыптамасын кийип, үйдөн чыгат. Бул жолу чымырканып, уулуна Апсаматка турмушка чыкмак болгондугун айтууга чыккан. Апасынын күтүүсүз жасалгасын Тилек өзүнчө жоруйт. Демек апасы да атасынын өлбөстүгүнө ишенди. Эми экөөлөп атасынын келишин күтүшмөкчү.

Тилектин таттуу кыялын апасынын “турмушка чыгайын” деген бир ооз сөзү тыптыйпылын чыгарып, кыйратып таштады. Тилектин жаалы келип, апасынын кечиргис жаңылыштыгынын көзүн ачмакчы болду. Апсаматтын “жуликтигин” ашкерелөөчү чемоданды үйдөн алып чыгып, ортого таштап, Апсаматка “ачкын” деп өктөм сүйлөйт. Сахнаны да, залды да оор тыным басат. Чемодан чындыктын куту салынгансып, нары сүрдүү, нары табышмактуу дүпүйөт… Тилектин дембе-дем суроосунан кийин гана Апсамат колдору калтырап жатып, жан чөнтөгүнөн зорго дегенде ачкычты алып чыгып тилекке таштайт. Кайрадан оор тыным. Бул – драмада эмоционалдуу-экспрессивдүү эртеден жүрүп жаткан табышмактуу окуялардын кульминациясы. Аздан соң Тилек чемоданды ачат, ага Эрмат, Шерматтар жарданып калышат, Зейнеп болсо “жамандыкты көзүм көрбөсүн” деген кыязда даап жакындай албай, алыстан чемоданга көз чаптырып турат. Драмадагы ушул сцена сурөтчүнүн жандуу картинасын элестетип, карегиңе биротоло уюп калат, арийне бул драматургдун сүрөткөрлик даремети, чеберчилиги. Сценадагы курч, өлүү драмалык кырдаалды чемодандан алынып чыккан, төшүндө орден-медалдар тагылган аскердик китель бузат. Көрсө Апсамат Тилектин атасынын кителин, төш чөнтөгүндөгү сүрөтү менен кошо катып, ээсине тапшырбай жүргөн экен. “Атам тирүү” деген Тилектин ишеничин өлтүрүүгө дити барбай, ичтен сызып жүргөн тура! Апсамат көрсө ушундай, антка бекем, жолдоштук парзты бекем туткан, адамдардын жан-дүйнөсүнүн кыймылын сезе билген гумандуу адам экен! Зейне эми ага турмушка чыгып алса да кор боло койбосуна көзүбүз жетип, оор тунжурайбыз… Тилекке каршы, Зейнеп антпеди. Сөз кудуретин жакшы түшүнгөн чебер драматург чыгармасынын акырын “жыргап жашап калыптыр” деген жомоктук финал менен же т. а. окуянын чечилиши менен аяктатпады. Ушул чечүүчү минутада Зейнеп Тилегине камданып айтууга ниет кылган баштагы оюнан баш тартат. Ал өз уясынан өз чүрпөсүн тирдентип учурбай, анын келечегине кам көрбөй, анын атасынын тирүүлүгү жөнүндөгү бекем ишеничин төгүнгө чыгарып (кителди, сүрөттү көргөн менен да Тилек баары бир атасынын өлгөнүнө ишене бербеди), анын ансыз да кыйраган дүйнөсүн тебелеп кете албады. Антүүгө кудурети жетпеди, Асылбегине, баласына болгон ыйык сезими, абийири ага жол бербеди. Зейнеп баласынын ый-күлкүсү, шоктугу менен түбөлүккө бирге болууну чечти. Өзүнүн буга чейинки жоругуна туура түшүнүп, кечирип коюсун Апсаматтан өтүндү. Ошентип Зейнеп күтүүсүз адамзаттын башына келген согуштук алааматта турмуштун татаал ой-кырын баштан кечирип, кайрадан калыбына келип, кайрадан чыйралып, атасынын кителин кийген уулун жодоштору менен колхоздун чөбүн жыйноого узатып, ак тилек менен жеңиш жазын күтүп кала берди. 

Бексултан Жакиевдин “Күттүргөн жаз да келер” драмасы жөнүндөгү жогоруда айтылган ойлорубузду жыйынтыктасак, драма автордун “Атанын тагдыры” аттуу Улуу Ата Мекендик согуш темасындагы драмасынын идеялык-тематикалык, проблемалык концепциясын андан ары өркүндөткөн, жогорку көркөм-эстетикалык деңгээлде жазылган драма деп айтууга толук негиз бар. Автор чыгарманын негизине кандайдыр бир жалган пафостуу окуяны алып, аны көбүртүп-жабыртып сүрөттөөгө албайт. Ал өзү жакшы билген, жан дүйнөсүнө жакын кыргыз кыртышындагы бир үй-бүлөнүн согуш маалындагы тагдыр-таржымалы аркылуу согуштун каардуу чындыгын өзү кандай көрсө, кандай укса, кандай түшүнсө, жан дүйнөсүнө кандай таасир калтырса ошондой катаал реалисттик стилде кыйраткыч согуштун адам тагдырына алып келген зор сыноосун чагылдыруу менен В. Астафьев айткан “өзүнүн согушун” жазууга жетишти. Чыгаманын негизги каармандарынын бири өспүрүм Тилек – көркөм адабияттагы согуштун балдарынын галереясын толуктаган күчтүү образ. Анын балалык ширин курагын оңбогон согуш уурдап кетип, эмне деген гана мүшкүлдөрдү башына салбады. Тилектин ички коллизиясы согуштук кырдаалдан гана келип чыкты. Ал табиятында жаман бала эмес. Убагында сабактан да классынын алды болчу. Өз оюн тайманбай айткан курч, фантазиясы бай эле. Бирок адамзаттын башына келген күтүүсүз согуш баланы кескин, таанылгыстай кылып өзгөртүп салды. Атасынын жанында жоктугу, энесинин ичкиликке берилип кетүүсү. Ал энесине таасир этүүгө канчалык аракеттенгени менен эч майнап чыкпады. Акырында өң-алеттен кеткен энеси кайрадан аракка жумшаганда, чыдоосунун чынжыры үзүлүп, тээ ичтен чыккан ызалуу үнү менен “өлсөңчү!” деп бакырышы энесин терең уйкудан ойготкондой селт эттирди. Өз баласынын ызага толгон ачуу кыйкырыгы энесинин ичкиликти токтотушуна себеп болду. Тилекке оор учурда ички тирек атасы болду, ал ар кыл мүшкүл башына түшкөн маалда драмада элестетүү формасында берилген атасынын элеси ага дем-күч берди. Атасынын айткан акыл-насааты, кайратуулук үлгүсү Тилекти өзүн жоготуудан сактап, аны келечекке ишенимдүү кароого чакырды!

Драмадагы бардык каармандар – согуш алааматынан жабыр тарткан бактысыз адамдар. Бирок автор аларды аргасыздыкка эч алып барбайт. Алар үчүн канчалык кыйын, оор кырдаал болсо да, караңгыдан жол табуу аркеттери менен сүрөттөлгөн. Алардын жан дүйнөсүндө башкага жамандык кылайын деген кыпындай да адамга, адамзатка болгон жаман ниеттери жок. Канчалык чоң сыноо алдында турушса да алардын жан дүйнөлөрүндө адамдарга карата аёо, аяр мамиле жашап турганы фашисттик баскынчыларды жеңишибиздин зор залогу болгондугун Бексултан Жакиевдин “Күттүргөн жаз да келер” драмасы дагы бир жолу тастыктап турат!

14.05.2026

Автор

  • Филология илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык Айтматов академиясынын академиги, КР Жазуучулар союзунун мүчөсү. 300дөн ашык илимий, публицистикалык макалалары жарык көргөн, ондон ашык илимий, окуу-методикалык, публицистикалык китептердин автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген