Ата

1/5 - (2 добуш)

(Обончу жана аткаруучу Азиз Батировдун өтүнүчү менен жазылган)

Колумда сыздайт комузум, ата,
коңур үн, ырда добушуң, ата.
Көөдөндү эзет, О дүйнө кетип,
көрүнбөй, узак болушуң, ата.

Балаңды ойлоп койбодуңбу, ата,
ажалды артык ойлодуңбу, ата?
Бешиктен белим чыга элек кезде,
бурулуп карап койбодуңбу, ата?

Мезгилдер улам жаңырат, ата,
медериң сени сагынат, ата.
Мекендин жүгүн аркалаар кезде,
мээримиң жоктоп камыгат, ата.

Он эки мүчөм сөгүлөт, ата,
он талаа жашым төгүлөт, ата.
Обонум укпай кеткениң ойлоп,
ойлорум онго бөлүнөт, ата.

Таланттын күчүн ким билген, ата,
таалайым, Теңир, бир билген, ата.
Талантым көрбөй кеткениң үчүн
таарынам, айтчы, мен кимге, ата?

«Эл ичи – өнөр кенчи» экен ата,
өнөр да мурас, энчи экен, ата.
Өнөрүм көрүп, күүмү уксаң не,
эртелеп узап кеткичең, ата.

Дем алсам демиң байкалат, ата,
демимде жаша кайталап, ата!..
Дегеле сени «көзү жок эми»,
дегендер сөзүн кайта алат, ата!

Туулган жер күтөт жетпедим, ата,
элимде жогуң эстедим, ата.
Төрөлүү менен ажалдан бүткөн
жашоону эрксиз жектедим, ата!

Жүрөгүм соксо жүлүнүм сыздап,
жоктоймун, ата, өзүңдү ырдап.
Жашоодо эми уулуңдун парзы,
жоктотпой атың чыгарып турмак.

Дүйнөдө көзүм турганда тирүү,
атыңды журтум унутпайт чыгар.
Улутунамын, айла жок эми,
уулуң бар, ата, жолуңду улар.

Автор

  • Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ага окутуучусу, ф.и.к., доцент, акын, КР Жазуучулар бирлигинин мүчөсү.

    “Кызык, жашоо…” (ырлар жыйнагы, 2012), “Каармандар сүйлөйт” (драмалуу ыр түрмөгү, 2015), «Кантсин эл!..» (ыр түрүндөгү пьеса, 2016), «Жашынмак» (балдар ырлары, 2022) жыйнактарынын автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген