Атам жана ата мекеним
Сергиймин, кубат алып: «Ата!» десем,
тартылып көз алдыма Ата Мекен.
Атакем, карааныңыздан кагылайын,
калтырган мурасыңыз ыйык экен, ал
түбөлүк биз жердеген – Ата Мекен,
аны ойлосом, атам да ойдо турат экен.
Көңүлүм, санаам тынат: «Ата!» десем,
тартылып көз алдыма кичи мекен –
айылым. Атам өскөн ал куттуу жер
түбөлүк урпагына мурас экен!
Кудуретиңден айланайын, туулган жер,
сени ойлосом, атам да ойдо турат экен.
Ата мекен – бул атам десем, атакебайым,
аталык кудуретиң Мекенде экен!
Бабалардан урпакка өткөн бул Мекенде
атамдын атын өчүрбөй,
урпактары анын жолун улайт экен.
Ата мекеним – атам экен,
атам менин ‒ Ата мекеним.
