Роберт Рождественский: “Өткөн жылдар – өчпөс менин байлыгым”
Карылыктан корко турган жөнүм жок,
Кар басса да чачтарымдын бардыгын.
Өткөн жылдар – өмүрүмө жүк болбойт,
Өткөн жылдар – өчпөс менин байлыгым.
Көп иштерди бүтүрсөм деп эңсегем,
Шашыптырмын кечип мезгил агымын.
Акча деле топтобосом эмне экен,
Ал күндөрүм – анык менин байлыгым.
Ыраазымын өткөн ар бир күнүмө,
Ичип дагы берген ачуу дарысын,
Аны бербейм, алмаштырбайм эч кимге
Өткөн жылдар – өмүрдө чоң байлыгым.
Эгер мага деп айтышса кылымдар:
“Капа болбо, өчтү сенин жарыгың…”,
Балалыктай бактылуу үнүм угулар:
Өткөн жылдар – өчпөс менин байлыгым.
Которгон Нурланбек Кайрыев
