|

Роберт Рождественский: “Өткөн жылдар – өчпөс менин байлыгым”

5/5 - (1 добуш)

Карылыктан корко турган жөнүм жок,
Кар басса да чачтарымдын бардыгын.
Өткөн жылдар – өмүрүмө жүк болбойт,
Өткөн жылдар – өчпөс менин байлыгым.

Көп иштерди бүтүрсөм деп эңсегем,
Шашыптырмын кечип мезгил агымын.
Акча деле топтобосом эмне экен,
Ал күндөрүм – анык менин байлыгым.

Ыраазымын өткөн ар бир күнүмө,
Ичип дагы берген ачуу дарысын,
Аны бербейм, алмаштырбайм эч кимге
Өткөн жылдар – өмүрдө чоң байлыгым.

Эгер мага деп айтышса кылымдар:
“Капа болбо, өчтү сенин жарыгың…”,
Балалыктай бактылуу үнүм угулар:
Өткөн жылдар – өчпөс менин байлыгым.

Которгон Нурланбек Кайрыев

  • (1932–1994)

    Советтик жана орусиялык акын, котормочу, XX кылымдын эң атактуу ырларынын автору. Ал совет адабиятындагы эркин ой жүгүртүү гүлдөгөн "алтымышынчы жылдыктар" муунунун Евгений Евтушенко, Белла Ахмадулина, Андрей Вознесенский сыяктуу эң ири өкүлдөрүнүн бири.

  • 1972-жылы Алай районунун Гүлчө айлында туулган. 1994-жылы Кыргыз Улуттук университетинин физика-техникалык факультетин бүтүргөн. Ошондон бери КРСУда, КУУда иштеп келет. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент. Акын, котормочу.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген