| |

Ги де Мопассан: “Портто”

Биринчилерден баа бериңиз!

(аңгеме)

I

1882-жылдын 3-май күнү Гаврдан кытай деңиздерин кыдыра сүзүп чыккан үч мачталуу желкайык Шамалдын Умай Энеси төрт жылдык сапарынан соң 1886-жылдын 8-августунда Марсел портуна келип кирди. Көздөп келген кытай портуна биринчи жүгүн тапшырары менен эле корабль Буэнос-Айреске башка жүк алып, ал жактан Бразилияга дагы товар жүктөп кеткен эле.

Жаңы рейстер, авариялар, оңдоп түзөтмөйлөр, айлап созулган штилдер (деңиздеги шамалсыз абал), багыттан адаштырган бороон-чапкындар – айтор, деңизде боло жүрчү бардык кокустуктар, опуртал окуялар жана кырсыктар эми Марселге кайтып келаткан, трюму калай банкелердеги америкалык консерваларга шыкалган нормандиялык үч мачталуу кайыкты мекенине кайтара койбой, алыста кармап турган эле.

Адеп сүзүп чыкканда кораблдин бортунда капитан менен анын жардамчысынан тышкары он төрт матрос – сегиз нормандиялык жана алты бретондук бар эле. Эми ал кайра кайтып келатканда анда беш гана бретондук менен төрт нормандиялык калган; бир бретондук жолдо каза тапты, ар кандай жагдайларда дайынсыз жоголгон төрт нормандиялыктын ордун болсо бир күнү кечинде кайсы бир сингапурлук шам-шум этчү жерден жалдап алышкан эки америкалык – негр менен норвегиялык ээлешти. 

Парустары жыйналып, мачтадагы жыгачтары кайчылашкан чоң кеме күшүлдөп-бышылдаган марселдик буксирдин артынан үлп эткен шамалсыз тынчтыкта бети билинер-билинбес чыбырчыктаган суудан сүйрөлүп келатты; ал Иф сепилинен өтүп, уясына отуруп бараткан күндүн алтын түспөл мунарыгына чулганган жээктеги сур аскалардын ортосунан сүзүп өттү да, эски порттун дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген, формалары, жабдуулары ар кандай, майда-ири, капталдары тоңкулдаша тийишкен кайыктар шыкалган, суусу саңырсып жыттанып кеткен тар бассейнине кирди. Шамалдын Умай Энеси экөө эки жакка чегине жаңы кошунага жанынан жай берген италиялык жана англиялык кайыктын ортосунан орун алып туруп калды. Бажыга жана портко тиешелүү көнүмүш жол-жоболуу иштер жайгарылган соң капитан команданын басымдуу бөлүгүнө кечти жээкте өткөрүүгө уруксат берди.

Иңир түшүп келатты. Марсель жыбыраган отторго толуп чыкты. Кыйкырык менен ызы-чууга, калдыр-шалдырга, шилтенген камчылардын ышкырыгына толгон, түштүкчөсүнөн шатыра-шатман шапар тепкен жайкы дымкыл кечтеги дуулдаган шаардын үп абасында сарымсак менен татымалданган тамактардын мурунду кытыгылаган жыты каалгып жүрдү.

Жээкке бут коёру менен шаарды эчак унуткан, айлап деңиздин толкунунда чайпалган он матрос көнүмүш жагдайдан суурулуп чыккан адамдарга таандык чечкинсиздик менен аярлай баса жолго түшүштү. Чайпала адымдап, тимеле эле аскерчесинен сапта бараткансып жуп-жуп болуп тизилип алышкан, айлана-атырап менен таанышып, гаванга кетчү чолок көчөлөрдү сугалактана карап баратышты – анткени аларды сүзүп жүргөн акыркы эки айдан бери аял көрбөй өзгөчө күсөткөн сүйүү ышкысы кыйла кыйнап койгон эле. 

Нормандиялыктарды алдыда нооча бойлуу, чымыр денелүү, акылы да зирек Селестен Дюкло баштап баратты, алар жээкке түшкөндө дайыма ушул жигит топ баштаар эле. Ал жеңилбаа тотулар байырлаган кылбат жерлерди жакшы билчү, порттогу матростор арасында бат-баттан болуп турчу мушташтарга аралашканды жактырчу эмес, андай учурлардан ар кандай кыйтыр амалдарга салып болсо да оолактап турчу. Бирок мушташка аралашчу болсо, катылгандын катыгын берер эле. Сойкуканалардын деми уруп, саңырсыган жыты сиңген, ыплас суулар агып түшчү куурлар сыяктуу деңизге эңкейип түшкөн караңгы көчөлөрдөн ары-бери темселеп жүрүшүп, Селестен акыры эшиктеринин төбөсүнө илинген чырактардын күңүрттөнгөн түстүү бетине номурлары бадырайта жазылган ийрелеңдеп кеткен чолок көчөлөрдүн бирин тандады. Кире бериштеги кууш аркалардын астындагы отургучтарда алжапкыч тартынган, кызматчыларга окшогон аялдар отурушуптур; алар жакындап келаткан матросторду көрөрү менен ордуларынан тура калышып, шыңкылдаша утурлай тосуп чыгышты да жалаптардын бул ыктыярдуу түрмөсүнө дүүлүгө ашыгып келаткан эркектердин астын торой туруп калышты.

Бул жайдын күрөң тери менен капталган каалгаларынан эми ар кандай аялзаты чыга калат дейсиң, кээде тиги төр жагындагы күтүүсүз жерден ачыла берген эшиктен жарым жылаңач болпойгон эткээл аял чыга келет; мыртыйган сандары менен семиз балтырлары жука кагаз өңдөнгөн ак триконун астынан даана көрүнөт; тыртайган келте юбкасы кооз, жазы кемерге көбүрөк окшош, четтери алтындалып тигилген баркыт лифчигинен салаңдап былбыраган төшү, колдору жана кызгылтым тактар быжыраган ийиндери көрүнүп турат. Ал алыстан эле: «Бияка келе бергиле, сулуу жигиттер», – деп чакыра баштайт, же көчөгө чуркап чыгат да матростордун бирөөсүнө чап жабышып, аны өзүнө эки келген чоң чымынды торуна илген жөргөмүштөй болгон күчү менен эшикти көздөй тартат. Ургаачынын мындай кылыгына козуй түшкөн эркектана аякка азыр эле кире калсамбы же делебени козгогон бул жулмалашмай оюнду дагы бир аз созо түшсөмбү деп олку-солку боло түшөт. Аял асылып атып акыры матросту өзүнүн канасына сүйрөп киргенде, удургуй түшкөн беркилер да анын артынан тобу менен жапырт умтулат, мындай жайлардын сырын жакшы билген Селестен Дюкло ошол замат матроско:

– Аякка кирбе, Маршан, ал жак сен ойлогондой эмес! – деп кыйкырат. 

Анын үнүн угаар замат матрос кескин жулунуп аялдын колунан бошойт да достор бакылдашкан бойдон жолун улап кете беришет. Жини кайнаган келин болсо оозунан ак ит кирип кара ит чыга алардын артынан каргап-шилеп кала берет, ал ортодо түнкү аба ызы-чууну кулактары чалып, бардык эшиктерден атып чыгышкан башка аялдардын да азгыра чакырган, тамекиден киркиреген үндөрүнө толуп чыгат.

Матростор кетип баратышты, кез-кезде алардын астынан өзүлөрүнө окшогон башка кемелердин матростору, курал-жарактарын шарактаткан жоокерлер же бирин-серин жалгыз сейилдеп жүргөн шаардыктар жолуга калып жатты. Алар аялдардын денеси шыкалган үйлөрдүн дубалдарынын ортосунан сызылып агыбаткан суусу саңырсыган, бутка жабышкак, баш адаштырган таш көчөлөрдө көпкө чейин темселеп жүрүшүп, акыры Дюкло сыртынан дурусураак көрүнгөн бир үйдүн жанына келип токтоду да шериктерин ошол жакка ээрчитип кирди. 

II

Ал анан, булардын шапар тепкенин көрүп ал! Матростор төрт саат бою сүйүү менен винонун лаззатын армансыз татышты. Жарым жылдык тапкан акчаларынан сокур тыйын калган жок. Кирери менен ар ким өзүнө бирден кыз тандап, кече акырына чейин ошону менен болду: карапайым немелерге аялдан аял тандаганды ким коюптур. Улам өйдөкү каналарга жупташа чыгып кетишип, кайра түшүп келип ичип атышты. Акыры баары чоң залга чогулушту, ичкиликке өлөрчө тоюп алышкан матростор эми жапырт дарылдап ырдап киришти. Алардын ичинде бекинип жаткан нака жырткыч эми ойгонду бейм, көздөрү канга толуп чыкты, энчилеп алганын тизелерине отургузуп алышып бирде ырдап, бирде өкүрүп-бакырып, муштумдары менен үстөлдү койгулап, ыстыкан менен ичмек тургай, шишенин оозунан эле кекиртектерине улам куюп атышты. Гүрү-гүү түшкөн шериктеринин арасында узун бойлуу, бети албырган сулуу кызды тизесине кондуруп алган Селестен Дюкло да отурду, улам-улам аны сугу арта карап коёт. Беркилерден кем ичпегени менен катуу мас болбогон Селестен ушуяр эле, ой жүгүртүү жөндөмүн да жоготкон жок, бир оокумда сезимталдыкка алдырды шекилди, кыз менен эми жөн гана аркы-беркини сүйлөшүп отургусу келип кетти. Бирок ойлору ага баш ийбей, айтайын дегендери эсинен чыгып кетип, кайра эсине түшсө да ал кызга эмне деп айтып сөз баштаарын билбей турду да болгону: 

– Ушундай дечи… Бул жакта көптөн бери жүрөсүңбү? – деп кайталай берди.

– Жарым жылдай болуп калды, – жооп берди тиги. 

Бул кыздын жакшы жүрүм-турумун тастыктап тургансып, ал башын ийкеди да улантты:

– Сага ушундай жашоо жагат экен да э?

Кыз бир аз тартына түшүп, ыйбаа менен:

– Баарына көнөт экенсиң. Бул деле башка өнөрдөн кем эмес. Кызматчы аялсыңбы же сойкусуңбу – баары бир эле да. 

Селестен кыязы, бул чындыкка макул болгонсуду.

– Сен бул жактык эмессиң го? – сурады ал.

Аял ооба дегендей башын ийкеди.

– Каяктан болосуң?

– Перпиньяндан.

Матрос кубанып кетти:

– Ошондойбу! 

– Өзүңчү, моряк, алыстан келдиңби?

– Ооба, далай өлкөнү, портторду кыдырып келдим, көрбөгөнүм деле калган жок.

– Дүйнөнү бүт айланып чыккандырсың?

– Ошентип койсом да болот ко.

Аял эсине бирдемени түшүргүсү келгенсип кайрадан ойго батып кетти.

– Сен сүзүп жүрүп көп кемелерди көргөн чыгаарсың? – деп сурады бир оокумда.

– Көрбөй анан!

– Сага Шамалдын Умай Энеси жолуккан жок беле?

Жигит бырс күлдү.

– Кантип жолукпайт! Өткөң жумада эле көргөм аны.

Аялдын өңү купкуу боло түштү, бетинен каны тартыла түштү.

– Чынбы? Чын элеби? – сурап жиберди. 

– Чыпчын.

– Алдап аткан жоксуңбу?

– Кудай алдында чын айтып атам.

– Сен билбейсиңби, анда Селестен Дюкло деген дагы эле сүзүп жүрөт болду бекен?

Жигит таң кала аярлай түштү. Жооп берерден мурда бул суроонун артында эмне сыр жатканын билгиси келди. 

– Сен аны тааныйсыңбы?

Эми аял тынчсызданып калды.

– Жок, аны бул жерде бир аял билет экен.

– Ушул үйдөнбү?

– Жок, башка үйдөн.

– Ушул көчөдөбү ал аял?

– Жок, жакын эле жерде турат.

– Эмне болгон аял экен?

– Мендей эле бир аял…

– Аны эмнеге сурап атыптыр?

– Мен аны кайдан билейин, балким жердеши чыгаар.

Экөөнө тең азыр өзгөчө бирдеме болуп кетчүдөй туюлуп, бири бирине тигиле карап калышты.

– Ошол аялды көрсөм болобу? – сурады матрос.

– Ага эмне дейт элең?

– Селестен Дюклону көрдүм деп айтам да.

– Аман-эсен жүрөт дейсиңби?

– Ооба, анын саламаттыгы экөөбүздөн кем калышпайт. Ал бекем жигит.

Аял кайра ойлонуп калды, анан жайбаракат сурады:

– Жанагы Шамалдын Умай Энеси кай жакка кетип бараткан экен?

– Бул жакка эле, Марселге келатыптыр.

Аял чочуп кетти.

– Чынбы?

– Чын. 

– Сен Дюклону билесиңби?

– Билем.

Аял дагы ойлоно түштү да:

– Ошондой дечи… – деди акырын.

– Анын сага эмне кереги бар эле?

– Угуп турсаң, ага минтип айтчы… Жок, эч нерсе дебей эле кой.

– Аны сен да тааныйсыңбы?

– Жок, – деди аял.

– Тааныбасаң эмнеге сурадың?

Аял ордунан шарт турду чуркап барып лимондон кесип келип, анын ширесин ыстыканга эзди, ага суу куйду да матроско сунду.

– Ме, ичип жибер.

– Эмне үчүн?

– Мастыгың тарасын. Анан мен сага бирдеме айтам.

Жигит үндөбөй ичип жиберди, колу менен эрдин сүрдү да:

– Даярмын! Угуп жатам! – деди. 

– Дюклого мени көргөнүңдү айтпайм деп убада бер. Мен азыр сага айта турганымды кимден укканыңды да айтпайм деп карганчы!

Жигит колдорун өйдө көтөрдү да бырс күлдү.

– Ант берем.

– Чынбы?

– Чын.

– Анда ага атасы, энеси, иниси да каза болуп калганын айтып кой, мындан үч жыл мурун, миң сегиз жүз сексен үчүнчү жылдын январында үчөө тең келтеден бир күндө каза болуптур де.

Муну уккан Селестен дал боло түшүп, жүрөгү сайгылашып кеткенин сезди. Адегенде эмне дерин билбей калды, анан күдүктөнгөнсүп, эсин жыйып сурады:

– Сен муну кайдан билесиң?

– Билем.

– Сага ким айтты?

Аял анын ийинине колун койду да көзүнө тике карап туруп мындай деди:

– Эч кимге айтпайсыңбы? Касам иччи айтпайм деп!

– Касам ичем.

– Мен анын карындашымын.

– Франсуаза! – жигиттин оозунан анын ысмы өзүнөн өзү чыгып кетти. 

Аял кайра аны тигиле карап калды, анан коркконунан жүрөгү оозуна тыгыла түштү да, эриндерин кымтый электе шыбырап жиберди:

– Ия! Селестен?! Сенсиңби?!

Экөө бири бирине тигиле карап катып калышты. Жанында болсо Селестендин жолдоштору болсо гүрү-гүү түшүп жатышты. Ыстыкандардын шыңгыраганы, ырдын ыргагын коштоп жер тепкилешип, муштумдары менен үстөлдү тарсылдата койгулап жатышты, аялдардын чайылдаган үндөрү баш аягы жок дарылдаган ырга кошулуп кетип жатты. 

Жигит кыздын ысык денеси ага башкача кыналып жабыша түшкөнүн сезди, бул эми анын бир боор карындашы болчу. Башкалар угуп калбасын дегенчелик кылып, Селестен акырын шыбырады:

– Ох, ата, ит эле болгон турбайымбы!

Аялдын көзү жашка толо түштү.

– Менде эмне күнөө?

– Демек баары каза болгон экен да? – деди жигит күтүлбөгөн жерден.

– Ооба, каза болуп калышты.

– Атам, апам, иним дагыбы?

– Мен сага айттым го үчөө тең бир айда каза табышты деп. Жалгыз калдым, анча-мынча кийимимден башка эч нерсем жок калдым. Дарыкана менен догдурларга карызым башыман ашып кетти, үчөөнү көмөм деп үйдөгү буюм-тайымдын баарын саттым. Анан Каше мырзага жалданып иштегенге бардым, сен аны билет болушуң керек, жанагы төкөрчү? Сен кеткенде мен өн төрт жашка да толо элек болчумун. Төкөр менен аргасыз күнөөгө баттым. Аялдын баары эле жаш кезде келесоо болот экенбиз да. Андан кийин нотариустун үй кызматчысы болуп бардым, ал да мени азгырды, Гаврадан бир бөлмө да жалдап берип, маалы-маалы менен келип турду. Бирок бара-бара дайынсыз жоголду. Үч күн ачкадан кезерип төрт дубалда камалып отурдум да, – же жумуш болсочу, – акыры айлам кеткенде момундай бир үйгө бардым. Мындай шоркелдей мен эле жалгыз дейсиңби… Руан, Эвре, Лилль, Бордо, Перпиньян, Ницца сыяктуу ыплас жерлердин мен да далайын көрдүм, эми минтип Марселге келип калдым. 

Аялдын көздөрүнөн тынбай чубурган жаш жаагынан ылдый куюлуп оозуна кирип жатты. Ал муңдуу баянын аяктады да:

– Мен сени да эчак эле өлүп калса керек деп ойлогом, Селестен байкушум, – деди буулуга. 

– Мен сени тааныбай калдым да. Сен анда кенедей кыз болчусуң – эми карачы, таанылбай да калыпсың. Бирок сен… сен мени кантип тааныбай калдың?

Аял колун шилтеди:

– Күн сайын канчалаган эркекти көрүп жүрсөң кайдан, баары эле окшоштой көрүнүп калат экен…

Бирөө башка муштап жибергендей бул окуядан ээ-жаа бербеген ички толкунданууга баткан Селестен кыздын көзүнө тигиле карай берди, каректеринен ысык жаш чыбырчыктап, чыбык менен чыпылдата сабап аткан жаш баладай чыңырып ыйлагысы келип турду. Аны дагы эле кучактап тизесине алып отурду. Тигиле карап отуруп акыры кичинекей кезинде үйдөгүлөр менен таштап кеткен, өзү деңиздерди кыдырып жүргөндө атасын, апасын, инисин жалгыз көмгөн кара чечекей карындашын эми даана тааныды.

Күтүлбөгөн жерден матростун күрөктөй болгон колдору менен жаңы эле таап алган карындашынан башынан мыкчый өзүнө тарта бир тууганы – агасы катары өпкүлөп кирди. Көкүрөгүнөн бир туруп деңиз толкунунун күңүрт шарпылдаган жай добушуна, бир туруп мастын ыктытканына окшош өксүп ыйлаган үн чыгып атты.

– Бул сенсиңби, сен турбайсыңбы, Франсуаза, кичинекейим менин! – деп токтоно албай солуктап жатты. Анан бир маалда ордунан атып турду да үстөлдү бир муштады, ушунчалык күч менен койгондуктан, анын үстүндөгү ыстыкандар туш-тушка ыргып, бырын-чырын талкаланды. Өзү болсо доошунун жетишинче өкүрүп-бакырып кирди. Анан бир-эки кадам таштады да күп кулап түшүп, колу буттары менен жер чапкылап, жаны үзүлүп бараткан кишинин киркирегениндей үн чыгара полдон ары-бери томолоно баштады. Аны тегеректеп алган жолдоштору болсо каткырып атышты.

– Ой, бул өлө тойгон экен, – деди бирөөсү. 

– Муну жаткырып коюш керек, – деди дагы бирөө. – Бул кебетеси менен көчөгө чыкса, дароо эле кармап камап салышат.

Чөнтөгүндө акчасы болгондуктан кожейкеден сурап, өзүлөрү буттарында араң турушкан жолдоштору Селестенди кууш тепкич менен өйдө жакка эптеп аны кабыл алган аялдын бөлмөсүнө сүйрөп чыгышты. Аял болсо азыр эле айбан кылбаган иш жасалган кылмыштуу төшөктүн жанындагы отургучта таң атканча агасындай өксүп ыйлап отурду.

Которгон Бахтиер Шаматов

Автор

  • Журналист, котормочу. 1961-жылы туулган. 1987-жылдан бери журналистикада. Кыргыз жана орус тилдеринде жазат, адабий котормо менен да алектенет. Учурда чет элдик тоо-кен компаниясында котормочу болуп иштейт. Москвадан чыкчу «Человек и мир» журналы менен туруктуу кызматташат.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген