Орхан Памук: “Менин Атым Кырмызы” (1)
(роман)
Бир адамды өлтүрүштү анан ич ара урушушту.
Куран. Бакара сүрөөсү, 17
Сокур менен көрөгөч бирдей эмес.
Куран. Фатыр сүрөөсү, 19
Чыгыш дагы, батыш дагы Аллахга тиешелүү.
Куран. Бакара сүрөөсү, 115
1. Мен өлүкмүн
Азыр мен өлүкмүн, жөн гана бир жансыз денемин, кудуктун түбүндө жаткан сөөкмүн. Жаным чыкканына көп болду, жүрөгүм эчак токтогон, бирок менин башымдан эмне өткөнүн мени өлтүргөн шүмшүк гана билет. Ал жийиркеничтүү, пас неме, мени өлтүргөнүнө толук ишениш үчүн демимди тыңшап, тамырымды кармап көрдү, анан кабыргага бир тепти да, кудукка сүйрөп барып, ылдый ыргытып жиберди. Мурун эле таш менен талкалаган баш сөөгүм кулап баратып ого бетер майдаланып кетти, жүзүм, чекем, жаагым эзилип жок болду; сөөктөрүм сынып, оозум канга толду.
Төрт күндөн бери үйгө кайтпай мында жатам, бала-бакырам мени издеп жатса керек. Кызым ыйлай берип шайы ооду го, бакчанын дарбазасын тиктеп тургандыр; баары сыртты карай берип көздөрү тешилсе керек.
Чын эле эшикте күтүп турушабы, аны да билбейм. Балким, көнүп да калышкандыр. Атаганат дүнүйө! Адам бул жакта турса да артында калган жашоо мурдагыдай эле уланып жатат деген сезим келе берет экен да. Мен төрөлгөнгө чейин артымда чексиз убакыт бар эле. Мен өлгөндөн кийин да түгөнгүс убакыт бар! Тирүү кезимде муну ойлочу эмесмин; жарык ичинде, эки караңгы доордун ортосунда жашап өтүп кете берчүмүн.
Бактылуу элем, чын эле бактылуу болгонумду эми түшүнүп жатам: падышабыздын көркөм өнөрканасында эң мыкты зергердик шөкөттөмөлөрдү мен жасачумун, менчелик колунан көөрү төгүлгөн башка чебер уста жок эле. Сырттан жасаган иштеримден ай сайын тогуз жүз акча табар элем. Мунун баарын ойлосом өлүмдүн азабы ого бетер жанымды чыдатпай барат.
Мен жалаң гана кооздоп, сайма түшүрчүмүн; барактардын четин жасалгалап, алкак ичине түстөрдү, жалбырактарды, бутактарды, гүлдөрдү, куштарды тартчумун: ийри-буйру кытайча булуттар, бири-бирине аралашкан жалбырактар, түстүү токойлор жана алардын ичинде жашынган кийиктер, кемелер, падышалар, дарактар, сарайлар, аттар, аңчылар… Мурда кээде табактын ичине, кээде күзгүнүн артына, кашыктын ичине, кээде Босфор жээгиндеги бир аксарайдын же үйдүн шыптарына, кээде сандыктын үстүнө да сүрөт тартар элем… Акыркы жылдары болсо китеп барактарына гана иштеп калдым, анткени падышабыз саймалуу китептерге жакшы акы төлөй баштаган. Өлүм менен бетме-бет келгенде акчанын жашоодо эч кандай мааниси жок экенин түшүндүм деп айта албайм. Адам тирүү болбосо да акчанын маанисин сезет экен.
Азыр менин ушул абалымда үнүмдү угуп, кереметти көрүп, эмне деп ойлоп жатканыңарды билип эле турам. “Тирүү кезиңде канча акча тапканыңды айтпай эле кой. Бизге ал жакта эмнени көрүп жатканыңды айт. Өлүмдөн кийин эмне бар? Жаның кайда? Бейиш менен тозок кандай экен? Ал жактан эмнелерди көрүп жатасың? Өлүм кандай нерсе экен, жаның ооруп жатабы?” Туура, тирүү кезде пенде баласы наркы дүйнөдө эмне болуп жатканына абдан кызыгат. Ушул кызыгуусунан улам канга боёлгон согуш талааларында өлүктөрдүн арасынан тирүү калган бирөөнү издеп жүргөн адам тууралуу жомокту да уксаңар керек… Акыры, ошондой бир жарадар жоокерди көрөм деп жүргөндө, аны Темирдин жоокерлери душман деп ойлоп, кылыч менен экиге бөлүп салышкан экен. Ал болсо аркы дүйнөдө адам экиге бөлүнөт экен деп ойлоптур.
Андай нерсе жок. Тескерисинче, тирүү кезинде денеси экиге бөлүнгөн жандар ал жакта кайра биригет десем да болот. Бирок динсиздердин, каапырлардын, шайтанга азгырылгандардын айткандарынан айырмаланып, акырет бар, буга да болсо шүгүр. Менин ушул жактан силерге үн катканым ошонун далили. Мен өлдүм, бирок жок болуп кеткен жокмун. Ошентсе да Куранда айтылган, астынан дарыялар агып турган алтын-күмүш сарайларга, мөмөсүнөн шагы ийилген бактарга, сулуу үр кыздарына туш келген жокмун, аны ачык айтышым керек. Вакыа сүрөөсүндө айтылган бакыраң көз үр кыздарынын сүрөтүн канча жолу ырахат менен тартканым эсимде. Ошондой эле Ибн Араби сыяктуу кыялкеч адамдар сүрөттөгөн, сүттөн, шараптан, таттуу суудан жана балдан турган төрт дарыяны да көргөн жокмун. Бирок бул сөздөрүм менен динге ишенген адамдарды да күмөн ойго түрткүм келбейт: бул менин өзгөчө абалымдан улам экенин айтып коюшум керек. Наркы дүйнө тууралуу аздыр-көптүр билими бар ар бир момун мендей бейпилдик таппай жүргөн жан Бейиштин дарыяларын көрө албай турганын жакшы түшүнөт.
Кыскасы, көркөм өнөрканада усталар Зариф Эфенди катары тааныган мен өлдүм, бирок сөөгүм көмүлбөй калды. Ошондуктан жаным сөөгүмдөн биротоло кете албай жатат. Бейишпи, тозокпу – тагдырым кандай болсо, жаным ошол жакка жетиши үчүн денем ыплас күнөөлөрүнөн арылышы керек. Бирок бул өзгөчө абалым жан дүйнөмдү азапка салып үрөйүмдү учуруп жатат. Баш сөөгүмдүн талкаланып жатканы, денемдин муздак сууда чирип баратканы сезилбейт, бирок жаным денемден ажырай албай кыйналганын терең азап менен сезем. Бүт аалам менин ичимде куушурулуп, тарып бараткандай.
Бул куушурулган сезимди мен өлүп бараткандагы ажайып бир чалкыган сезим менен гана салыштыра алам. Башыма күтүүсүз таш тийгенинен, ал пас киши мени өлтүргүсү келгенин дароо эле түшүнгөм, бирок өлтүрө алат деп ишенген жокмун да. Үмүтүм ушунчалык көп экен, ушуга чейин байкабаптырмын. Тирүүлүккө манжаларым, тырмактарым, аны тиштеген тиштерим менен бүт жармаштым. Башыма тийген соккулардын азабын айтып эми силерди кыйнабай эле коеюн.
Өлүм жакындап калганын түшүнгөндө ичимди укмуш бир чалкыган сезим каптады. Ал жакка өтүшүм ошол кеңдик менен болду: бул жакка келишим да түшүңдө өзүңдүн уктап жатканыңды көргөндөй жумшак өттү. Акырында тиги киши өлтүргүчтүн кар менен баткакка булганган бут кийимин көрдүм. Көзүмдү уктап жаткандай жумдум да, таттуу бир арыш менен тирүүлүктөн кете бердим.
Азыркы кайгым, тиштеримдин кан толгон оозума төгүлүп жатканы эмес, жүзүмдүн таанылгыс болуп эзилгени да эмес, кудуктун түбүндө калганым да эмес; мени тирүү деп ойлоп жатышканы болду. Мени жакшы көргөндөр мени дагы эле бир жерде куру убара менен жүрөт же кайсы бир башка аялдын артынан кетти деп ойлогону жанымды андан бетер кыйнайт. Биринчи кезекте денемди табышсын, жаназа окуп көмүшсүн! Андан да маанилүүсү – менин жанымды кыйган неме табылсын! Ал табылмайынча, мени эң кооз мүрзөгө көмүшсө да жаным жай албай, көрүмдө оодарылып жата береримди билип койгула. Мени өлтүргөн немени тапкыла, ошондо мен силерге наркы дүйнөдө көргөндөрүмдү бирден айтып берем! Бирок аны тапкандан кийин темир аттиш менен кыйнап, далай сөөктөрүн, айрыкча төш сөөктөрүн акырын сындыргыла; анан анын жийиркеничтүү майлуу чачтарын атайын темир шиштер менен баш терисинен бирден сууруп, бакырта жулгула!
Мени өлтүргөн киши ким? Эмне үчүн мени күтүүсүздөн өлтүрдү? Ушуларды ойлогула. Дүйнөдө ар кандай киши өлтүргүч акмактар толтура деп ойлоп жатасыңарбы? Анда силерге эскертип коёюн: менин өлүмүмдүн артында динибизге, салтыбызга, дүйнө таанымыбызга каршы жийиркеничтүү кутум бар. Көзүңөрдү ачкыла! Исламдын душмандары мени эмне үчүн өлтүргөнүн, бир күнү силерди да эмне үчүн өлтүрүшү мүмкүн экенин билип алгыла. Улуу дааватчы Эрзурумдук Нусрет Хожанын айткан сөздөрү бирден чыгып жатат. Башыбызга келгендерди китепке жазган күндө да аны калемдин эң мыкты чеберлери сүрөттөп бере албайт. Куран сыяктуу, туура эмес түшүнбөгүлө, бул китептин күчү да анын сүрөттөлгүс касиетинде жатат. Муну түшүнгөнүңөрдөн күмөнүм бар.
Карагылачы, мен да шакирт кезимде тээ тереңден келген, алыскы үндөрдөн коркуп, көңүл бурбай, шылдың кылчумун. Акыры тагдырым ушул кудуктун түбү болду! Бул силердин да башыңарга келиши мүмкүн — сак болгула. Эми мен толук чирип кетсем, сасыган сөөгүмдүн жытынан таап алышар деген үмүтүм гана калды. Анан да, мени өлтүргөн неме табылганда ага бир калыс киши көргүлүктү көргөзүп атканын элестеткенде үмүтүм жандана түшөт.
(уландысы бар)
Түрк тилинен которгон Толук Бек Байзак
