Орхан Памук: “Менин Атым Кырмызы” (2)
(роман)
(Уландысы. 1)
2. Менин атым Кара
Туулуп-өскөн шаарым Стамбулга он эки жылдан кийин уйку-соонун арасында жүргөн кишидей болуп кирдим. «Өлөр адамды жер өзүнө тартып алат» дешет, мени да өлүм тартып келгендей болду. Шаарга алгач киргенимде анда өлүм гана бардай сезилчү эле, кийин сүйүүгө да жолуктум. Бирок ошол кезде, шаарга жаңы кадам таштаганда, сүйүү деле качанкы эскерүүлөрүм сыяктуу эле алыстап, унутта калган нерсе болчу. Он эки жыл мурун Стамбулда таежемдин али жашы жете элек кызына ашык болгом.
Стамбулдан кеткенден төрт жыл өтпөй, Персиянын учу-кыйыры жок талааларында, кар баскан тоолорунда, кайгылуу шаарларында кат ташып, салык жыйнап жүрүп, Стамбулда калган балалык сүйүүмдүн жамалын акырындык менен унутуп баратканымды сездим. Чочуп кетип, ошол дидарды эстөөгө көп аракет кылдым, бирок канчалык сүйсө да адам көрбөй калган кишинин өң-түсүн бара-бара унутарын түшүндүм. Чыгышта паашалардын кызматында катчылык кылып, сапар менен өткөн мезгилимдин алтынчы жылында элестеткен өң Стамбулдагы сүйүктүүмдүн өңү эмес экенин түшүнгөм. Алтынчы жылы жаңылыш эстеген өңдү сегизинчи жылы дагы бир жолу унутуп, кайра башкача элестеткенимди да билчүмүн. Он эки жылдан кийин, отуз алты жашымда шаарыма кайтып келгенимде сүйүктүүмдүн жүзүн баягыдан дагы унутуп койгонумду кайгы менен аңдадым.
Досторумдун, туугандарымдын, кошуналарымдын көбү ушул он эки жыл ичинде көз жуумптур. Алтын Мүйүз булуңун караган көрүстөнгө барып, апама жана мен жок кезимде каза болгон агаларыма куран окудум. Баткак топурактын жыты эскерүүлөрүм менен аралашты; бирөө апамдын мүрзөсүнүн жанына кайсы бир кумураны талкалап кетиптир, эмнегедир сыныктарына тигилип карап туруп ыйлап жибердим. Өлгөндөргө ыйладымбы же ушунча жыл өткөндөн кийин дагы эле жашоомдун башында тургандай сезилгенимеби, же тескерисинче, өмүр жолумдун соңуна келип калганымды туйганым үчүнбү – билбейм. Аста-аста кар себелей баштаган. Ар кайсы жакка учкан сейрек кар бүртүктөрүнө алаксып, өз жашоомдун бүдөмүктүгүндө жолумду жоготуп турганымда, көрүстөндүн караңгы бурчунда бир кара ит мени карап турганын байкадым. Көз жашым тыйылды. Мурдумду сүрттүм. Кара иттин мага достук ишараты менен куйругун булгалап турганын көрүп, көрүстөндөн чыгып кеттим. Кийин атам тараптагы туугандарымдын биринин мурдагы үйүн ижарага алып, ошол маалеге жайгаштым. Үй ээси аял мени согушта Сефевид аскерлери өлтүргөн уулуна окшоштурду. Ал үйдү жыйнап, тамагымды жасап бермек болду.
Стамбулга эмес, дүйнөнүн бир четиндеги араб шаарларынын бирине убактылуу келгендей, шаар кандай болуп калды экен деп кызыккандай көчөлөргө чыгып, көпкө басып, тойбой кыдырдым. Көчөлөр тар болуп калганбы же мага эле ошондой сезилдиби? Айрым жерлерде бири-бирине жөлөнгөн үйлөрдүн ортосундагы тар көчөлөрдө жүк жүктөлгөн аттарга урунуп кетпеш үчүн дубалдарга, эшиктерге сүйөнүп, кыйналып өтүүгө туура келди. Байлар көбөйгөнбү же мага эле ошондой сезилдиби? Кооз араба көрдүм, мындайды Арабияда да, Персияда да көргөн эмесмин; ал текебер аттар тартып бараткан бүтүндөй бир сепил сыяктуу эле. Ченберлиташта, Тоок базарынан келген сасык жыттын ичинде бири-бирине жөлөнгөн, жыртык кийимчен арсыз тилемчилерди көрдүм. Алардын бири сокур эле, жааган карга карап жылмайып жатты.
Мурда «Стамбул жакыр, кичинекей, бирок бактылуу» дешсе ишенбес элем, бирок жүрөгүм ушинтип айтып жатты. Анткени мен таштап кеткен сүйүктүүмдүн үйү баягыдай эле липа менен каштан дарактарынын арасында турса да, эшиктен сурасам башка бирөөлөр жашап калыптыр. Сүйүктүүмдүн апасы, таежем каза болуптур, таажездем менен кызы көчүп кетишиптир, анан калса мындай учурларда жүрөгүңдү канчалык аёосуз эзерин түшүнбөгөн эшиктеги адамдар айткандай, баштарынан кандайдыр бир кырсыктар өтүптүр. Булардын баарын азыр айтып бербей эле коёюн да, эски бактагы липа дарагынын бутактарынан кичинекей манжамдай муз кесектери салаңдап турганын, бир кезде жылуу, жашыл, күн нуруна толгон жайларды эске салган бак эми кайгыдан, кардан жана кароосуздуктан өлүмдү эске салганын айтайын.
Туугандарымдын башына түшкөн окуялардын бир бөлүгүн жездемдин мага Тебризге жөнөткөн катынан билчүмүн. Ал катында жездем мени Стамбулга чакырып, падышабыз үчүн жашыруун китеп даярдап жатканын, мага жардам керек экенин жазган. Тебризде мен Осмон паашаларына, валилерге, Стамбулдагы кардарларга китеп даярдатканымды жездем угуптур. Менин ишим, китеп жасатчулардан алдын ала акча алып, согуштардан жана Осмон аскерлеринен тажаган, бирок али Тебризден Казвинге же башка Персия шаарларына кетпей калган сүрөтчүлөрдү, каллиграфтарды таап, аларга барактарды жаздырып, кооздотуп, мукабалап, китепти Стамбулга жөнөтүү эле. Жаш кезимде жездем менин кооз китептерге болгон ышкымды ойготпосо мындай иштерге аралаша алмак эмесмин.
Жездем мурда жашаган көчөнүн базарга чыккан башындагы чач тарач али ошол эле дүкөнүндө, баягы эле эски күзгүлөрү, устаралары, кумуралары, самын жиптери менен отурган экен. Көз карашыбыз чагылыша калды, бирок мени тааныдыбы-жокпу, аны билбейм. Ысык суу куюлган баш жуугуч идиштин шыптан илинип турган чынжыры дагы эле баягыдай ийри сызык чийип ары-бери термелип турганын көрүп, көңүлүм ачыла түштү.
Жаштыгымда баскан айрым маалелер, көчөлөр он эки жыл ичинде өрттөнүп, күлгө айланып жоголуптур; алардын ордунда иттер жол тосуп, жинди адамдар балдарды коркуткан ээн талаалар пайда болуптур. Кээ бир жерлерге болсо мен сыяктуу алыстан келгендерди таң калтырган бай аксарайлар салыныптыр. Айрымдарынын терезелерине эң кымбат, түстүү Венеция айнектери орнотулуптур. Бийик дубалдардын үстүнөн чыгып турган балкондордон Стамбулда эки кабаттуу, келишимдүү үйлөр көп салынганын көрдүм.
Башка көп шаарлардагыдай эле, Стамбулда да акчанын баасы түшүп кетиптир. Мен Чыгышка кеткен жылдары бир акчага төрт жүз дирхамдык чоң нан берген наабайканалар эми ошол эле акчага анын жарымын гана, анын үстүнө даамы да, жыты да бала чагымды эске салбаган нан бере башташканын байкадым. Маркум апам он эки жумурткага үч акча төлөнөрүн көрсө, «тооктор эркелеп башыбызга секире электе башка жакка эле кетели» демек. Бирок бул арзандаган акча бардык жерди каптап кеткенин билчүмүн. Фландриядан, Венециядан келген соода кемелеринин сандыктарында жасалма акча толтура экен дешчү. Мурда жүз дирхам күмүштөн беш жүз акча чапса, эми Сефевиддер менен бүтпөгөн согуштардан улам сегиз жүз акча чабыла баштаптыр. Йеничерилер (1) алган акчасын Алтын Мүйүзгө ыргытып көрүп, алардын сууга түшкөн буурчактай калкып жүргөнүн көрүп көтөрүлүшкө чыгып, падышабыздын ордосун душмандын чебиндей курчоого алышкан экен.
Баязит мечитинде баян айткан, өзүн пайгамбарыбыздын тукумунанмын деген Нусрет аттуу динаятчы да ушундай кымбатчылык, ууру-кески күч алып турган кезде атагы чыккан экен. Эрзурумдук атыккан бул динаятчы акыркы он жылда Стамбулду каптаган бардык кырсыктарды, өрттөрдү, эпидемияларды, согуштардагы жоготууларды ислам жолунан алыстоо, Курандын буйруктарын аткарбоо, христиандарга эркиндик берүү, шарап сатуу, теккелерде (2) музыка ойнотуу менен түшүндүрчү.
Бул кабарларды мага толкунданып айтып берген туршу (3) саткан соодагер базарды каптаган жасалма акча, жаңы дукаттар, арстан сүрөтү түшүрүлгөн жалган флориндер, күмүшү азайган акчалар, көчөлөрдү каптап кеткен черкестер, абхаздар, босниялыктар, грузиндер, армяндар сыяктуу эле адамдарды кайра кайткыс адепсиздикке түртүп жатканын саймедиреп отурду. Анын айтымында, бузукулар кофеканаларга чогулуп, таң атканча ушак айтышат экен; кээ бир жиндилер, баңгилер, эски календер сыяктуулар теккелерде «бул Кудайдын жолу» деп музыканын коштоосунда бийлеп, өздөрүн жарадар кылып, акыры бири-бири жана жаш балдар менен бузукулукка барышат экен.
Бир убакта таттуу уд (4) үнүн уктум да, аны издеп кеттимби, же эскерүүлөрүм менен каалоолорумдун баш аламандыгы мени ошол соодагерден качырып жол көрсөттүбү, билбейм. Бирок билгеним: бир шаарды жакшы көрсөң, анда көп жүрсөң, жылдар өткөндөн кийин ал шаардын көчөлөрүн жаның эле эмес, денең да тааный баштайт; армандуу кар себелеп турган мүнөттөрдүн биринде буттарың өзү эле сени көңүлүң сүйгөн дөңсөөгө алып чыгат.
Ошентип, Налбант базарынан чыгып, Сулеймание мечитинин жанынан Алтын Мүйүзгө жааган карды карап турдум: түндүктү караган чатырларда, күмбөздөрдүн шамал урган бурчтарында кар топтолуп калыптыр. Шаарга кирип келаткан кеменин түшүрүлгөн желектери Алтын Мүйүздүн боз тумандуу түсүндө термелип, мага араңжан салам айткандай сезилди. Кипарис менен чынар дарактары, чатырлардын көрүнүшү, кечки кайгы, төмөнкү маалелердин шыбыры, соодагерлердин кыйкырыгы, мечит короосунда ойногон балдардын үндөрү — баары биригип, мага эми өмүрүмдү бул шаардан башка жерде өткөрө албай турганымды шыбырады. Бир ирмем сүйүктүүмдүн унутулган жүзү көз алдыма келчүдөй болду.
Дөңдөн ылдый түшүп, элге аралаштым. Акшам намазынан кийин боор саткан дүкөндө курсак тойгуздум. Дүкөндүн ээси мени мышык багып жаткандай мээрим менен карап, тамак берип, ар нерсени айта берди, мен аны кунт коюп уктум. Андан алган кеңеш менен көчөлөр караңгыга чөмүлгөндөн кийин Кул базарынын артындагы тар көчөлөрдүн бирине бурулуп, кофекананы таптым.
Анын ичи ысык, эл толтура экен. Тебризде жана башка перс шаарларында көп көргөндөрүмө окшоп бул жерде бир жомокчу — ал жакта «пердедар» дешчү — очоктун жанындагы бийик жерге чыгып, бир эле сүрөттү — калың кагазга шашылыш, бирок чебер тартылган иттин сүрөтүн илип алып, улам ошол итти көрсөтүп, баянын иттин атынан айтып жатты.
________________________
(1) Йеничерилер – Осмон империясындагы падышага гана таандык жөө аскерлер армиясы.
(2) Текке – дервиштер сыйынып, жыйындарын өткөрүүчү жай.
(3) Туршу – туздалган жашылчалар.
(4) Уд – музыкалык аспап.
(уландысы бар)
Түрк тилинен которгон Толук Бек Байзак
