Күтүү

5/5 - (1 добуш)

Ала-телек карлуу ТООЛОР жол карап,
жүзү албырган КҮНДҮ күтөт таң эрте.
Ала-шалбырт тонун чечип ЖЕР күтөт:
«Келе көр! – деп, чөп жыттанган ЖАЗ эрте».

Боюн түзөп кең далылуу ДАРАКТАР
КЕЛГИН КУШТУ күткөн өңдүү шаңданат.
Гүлдү күткөн жазгы ЖЕЛГЕ бой керип,
БАЙЧЕЧЕКЕЙ башын ыргап назданат.

Жер төшөнүп жаткан улуу таштак ЖОЛ
жонун тосуп ЖОЛООЧУСУН күткөндөй.
Жол жээгинде кургап калган АРЫКТАР
жайды күтөт кыштан чарчап бүткөндөй.

Күтүү менен АЙЫЛЫМ өмүр өткөрүп,
өз БАЛДАРЫН топтой албай жыл санайт.
СЕН тарапка кеткен ойдун учугун
жыйнай албай ҮМҮТ кургур жол карайт…

Күтөт баары, күтүп жатып шашканын,
туйган жан жок КЫЛЫМ түптөп жатканын.
«Күтпөй жашап көрчү!» – деген таризде,
күлө карап тургансыйт КӨК АСМАНЫМ.

Байкадың бекен?

Батыш жак сулуу, карачы, КҮНДҮН батканын,
нуруна бөлөп ЖАШООНУН мейкин асманын.
«Кой!..» десе болбой, ээрчиген эрке баладай,
КЕЧ КҮҮГҮМ кетти көтөрүп анын чачпагын.

Керимсел жүргөн керемет ТҮНДҮН коюнун
ээледи ЖАШОО токтотпой сансыз оюнун.
Балбылдап жанган көктөгү жылдыз, нурлуу АЙ
өмүрүн тилейт сыйкырдуу ТУРМУШ жолунун.

Карарган ДҮЙНӨ сагынып күтөт ак таңын,
бийиктеп улам КҮНДҮ издеп түнкү асманым.
Байкадың бекен, биликтей жанган ӨМҮРДҮН
таңды эңсеп, КҮНДҮН нуруна суусап жатканын.

Чыгышты каптап, карачы, ТАҢДЫН атканын,
уйкулуу көзгө ӨМҮРДҮ сүртүп жатканын.
Байкадың бекен, баладай аруу төрөлгөн
АК ТАҢДЫН кечте БУУРУЛ КҮН болуп батканын,
байкадың бекен?..

Автор

  • Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ага окутуучусу, ф.и.к., доцент, акын, КР Жазуучулар бирлигинин мүчөсү.

    “Кызык, жашоо…” (ырлар жыйнагы, 2012), “Каармандар сүйлөйт” (драмалуу ыр түрмөгү, 2015), «Кантсин эл!..» (ыр түрүндөгү пьеса, 2016), «Жашынмак» (балдар ырлары, 2022) жыйнактарынын автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген