|

Жарылган жүрөк

3/5 - (2 добуш)

(Элдик уламыш боюнча жазылган поэма)

Кылымдан кылым кылымды сурап,
таянып тоону көк тиреп турат.
Ансайын тоолор бийиктеп улам,
кылымдын доошун, тарыхын угат.

Өмүрдөн өмүр өмүрдү сурап,
таянып жерди бийикке умтулат.
Жашоого жашоо жашоону улап,
сапарга алыс аттанып турат.

Табышмактуу да, табият күчтүү
жаралган тура түбөлүк, түптүү.
Жашоодо Адам аз убак, чиркин,
мекендеп өтөт Жер бетин түктүү.

Табият, Мекен, Жашоо, Күн, Аба,
Адамзат, өмүр, ичер Суу жана
мамиле, Сүйүү – тирилик өлбөс,
алоолоп жанат жашоодо гана.

Өмүрдө жашап канчалар өткөн,
шамалга желип издери өчкөн.
Бул баян бирок түбөлүк жашайт,
кылымдан өтүп кылымга жеткен.

Жарылып жүрөк жалындуу жандан…
жалыны жарып каптаган кандан,
кызарган тоолор кылымды сурап,
эстелик болуп муунга калган.

Жети-Өгүз тоосун жетектеп алган,
жол боюн ээлеп жол карап калган,
«Жарылган жүрөк» баяны мындай,
сүйүүнүн күчүн даңаза салган.

Кылымдар мурун кыргыздан чыккан,
кыз болгон дешет акылы тунук.
Ата-энеси аны бапестеп багып:
«Байлыгым, – дешкен, – байлыктан улук!».

Табият аны жаратып башка,
жанына жанын ширеткен экен.
Бир гана ирет адамзат үчүн
жаралып тирүү гүл өскөн экен.

Бурулуп тыңшап булбулдун үнүн,
билиптир ал кыз куштардын тилин.
Бириккен экен дүйнөгө жаны
түшүнгөн үчүн дүйнөнүн дилин.

Аярлап карап ар чөбүн, гүлүн
айтчу экен элге алардын үнүн.
Карагай, арча, жан-жаныбардын,
сезе алган үчүн жан туйбас дилин.

Адамдан башка гүл жибек мүнөз,
бой жетет Сулуу акыры бир кез.
Аралап айыл-айылга түнөйт,
айтылуу кыздын дүйнөсү – көп сөз…

Керилип күндөй мээримин төгүп,
суйкайып айдай көңүлдү бөлүп.
Караган жандын шаштысы кетет,
карагат көздүн акылын көрүп.

Эрке жел аста чачынан сылап,
ийилип гүлдөр таазимин кылат.
Кулпуна түшүп ал басып өтсө,
чыкпаган жерден гүл өнүп чыгат.

Акмалап жүрүп алыстан багып,
Күн-Эне кызга мээримин салып,
бой жеткен кезде пендеге Сүйүү
бериптир ийип, ишенип, жанып.

…Күндөрдүн бири күтпөсө керек,
бир сезим келип Сулууну эзет.
Жомоктой Сүйүү эшигин ачып,
периште жанын азгырып кетет.

Каранып сууга таранып жатса,
сейилдеп Сулуу эс алчу бакта,
жүрөгүн өрттөп чок салып өтөт,
бир атчан жигит көз оту башка.

Ажары кыздын көңүлүн буруп,
көрбөсө көпкө бушайман кылып,
айылдаш жигит арзуусун айтып,
сулуунун анан санаасы тынып.

Ээрчишип экөө сырдашып терең,
чырмалган сезим түйүнүн чечет.
«Аркалап бирге өмүрдүн жүгүн,
өтөлү жарык дүйнөдөн», – дешет.

Көл жээгин бойлоп көркөмү артык,
куушуп ойноп, бактыга балкып…
ар күнү бирге узатып күндү,
кайтышат кечте жүздөрү жаркып.

Бөлүнсө экөө дүйнөсү тарып,
эртеңин күтүп кареги талып…
кубанып кайра тосушат таңды
койнунда түндүн уйкусу калып.

Жолукса айтар сөздөрү бүтпөй,
тамшанат дүйнө кооздугун карап.
Таң калат: «Мынча байкалбай мурун,
табият көркү неге ойго салат?..»

Кулпунуп дүйнө кубулуп миң түр,
ашыктык ырын обонго салат.
Булактын шыңгыр үнүндө мукам,
эки ашык жардын күлкүсү калат.

Тоолордун толкун денеси жибип,
арчалар бийлеп, куштары сайрайт.
Суктана карап Ай дагы көктөн
ардагын издеп сүйүүнү самайт.

Күн нурун төгүп, гүл жыты аңкып,
таманда жашыл шибери баркыт.
Жашоого эргип кумары канбай,
жомоктой дүйнө сезимге балкып…

Аларда сүйүү мөмөсүн үзүп,
каларда сезим мекенин ээлеп,
кетерде бүтүн дүйнөнү түзүп,
жетерде күткөн тилегин өөнөп,

чагылган болуп ортону бөлгөн,
тагдырдын катуу бороону урат.
Бир бүтүн тамчы өңдөнгөн Экөө,
бөлүнөт баштан бактысы кулап.

Айылдын бийи атагы чыккан,
сулуунун сынын суктанып угат…
Уу колун салып туткундап алып,
сезимди бийдин бийлиги утат…

Жактырат – Бий да – Сулууну чындап…
А Сулуу – улуу Сүйүүнү сыйлап,
тагдырга моюн сунгусу келбейт…
Бий алат – кызды күч менен кыйнап…

Тарттырып ийип жигити сыздайт,
айласы кетип Сулуу да ыйлайт.
Кызыгы өчө түшкөндөй жашоо,
муңканып сүйүү дүйнөсүн кыйбайт.

Бозоруп тоолор, боздоптур шамал
бото көз кайгы тартканы үчүн.
Көнөктөп жамгыр көз жашын төгүп,
томсоргон экен дүнүйө бүтүн.

Акыры көнбөй жазмышка Сулуу:
«Ата-энем мени кечирер, – дептир, –
байлыктын кулу, бийликтин кулу
болгуча жандан кечкеним эптир!..» –

деген ой менен жашынып, качып,
тоо таяп жөнөйт айаары жалгыз, –
табият болуп таянары анын,
кайратын айтып дирилдейт – жалбыз.

Жандуудай тамчы көз жашын сыгып,
арчалар ыйлап, термелип терек:
«– Адам, бул – жашоо, жашоодо кымбат
сүйүүнү сыйлоо пенде үчүн керек.

Кейибе Сулуу кетериң анык,
периште жаның өз изин салып.
Арманың өңдүү жашоодон танбай,
түптөлгөн сүйүү дастаның калып», –

дегиче болбой, жүрөккө туштап,
канжарды малып, топурак уучтап,
жыгылат – Сулуу – кучактап тоону,
жашоого канбай, жерди оё муштап.

Жалындуу жүрөк жарылды дагы,
жалындап тоону каптады каны…
Ысыгы өтсө Жер-Эне туйлайт,
кыйналып кошо чыкчудай жаны.

Башынан сүйөп Жер-Эне сүйөт:
«– Пендени менче кайсы жан сүйөт?!
Коюнум муздак… жаштыгың кантет?
Өрттөнүп дүйнөм, өзөгүм күйөт!

Кайрымдуу болсо тагдырың сенин,
бир үйдүн куту – жар болбойт белең.
Сыйлашсаң сыйдан жер денем жибип,
сендей жаш жанга зар болбойт элем.

Таалайлуу болсо тагдырың сенин,
талпынтып бала учурбайт белең.
Энелик парзды аткарып сен да,
жолунан тосуп утурлайт элең!..»

Сыздаган үндөн сыздаган шамал,
тоо өрдөп чуркайт, токтоно албай.
Булкунуп жөнөйт, буулуккан бойдон,
төмөндө айыл… Кабары бардай…

…Арманы артып, Сулууну ойлоп,
эскерип, тааныш жолдорун бойлоп,
келатса жигит алдынан торойт,
сыздаган шамал бастырбай боздоп.

Сезгендей жигит ашыгып келип,
кан жуткан ысык ашыгын көрүп,
аскадан боюн таштаган экен,
Сулуусуз өтөр өмүрүн жерип…

…Жалбырттап жанып, кайгыны танып,
аргасыз көктөн Күн жетпей калып,
зыркырайт кыздын бетинен сүйүп:
«– Нурума бөлөп жүрчү элем багып.

Оо, пендем, сүйүү тамырың кыйдың,
тагдырың түшөр торуна ыйдын…
Өзүңдү өзүң өксүтүп кыйнап,
кол салып койдуң боюна сыйдын.

Сүйүүнү сага ишенич менен,
жанымдан сууруп өзүңө бергем.
Өзүмдөй күйүп, жашоону сүйүп,
бөлөнсө дегем мээримге жерден.

Бул сүйүүң тамган тамчы эле менден,
канымдан сыгып өзүңө бергем.
Мээримге балкып бири-бирин сүйгөн,
ынтымак, сыйды күткөмүн сенден.

Аттиң ай, эми арманда калып,
адашкан кайчы сүйүүнү багып,
жетсең да, жетпей өкүнүп көбүң
күйүттү ырдап өтөрүң анык»,  ̶

дегенде ысып, үп болуп аба,
күн нуру тоону тешиптир өтүп.
Күйүттүү сүйүү нурунан туйлап,
ордунан тоолор козголуп кетип,

кыз-жигит өлгөн жаралуу аска,
жарылып чарт-чурт бөлүнгөн дешет.
Сүйүүнүн улуу касиет, күчү
«Кош жүрөк» болуп көрүнгөн дешет.

Өмүрдө жашап канчалар өткөн,
шамалга желип издери өчкөн.
Бул баян бирок түбөлүк жашайт,
кылымдан өтүп кылымга жеткен.

Жети-Өгүз тоосун жетектеп алган,
жол боюн ээлеп жол карап калган
«Жарылган жүрөк» кылымды тосот,
узатып кайра жолуна салган…

Жанынан өтсөм көңүлгө түнөп,
көп ойго салат «Жарылган жүрөк».
Кыялым барып чабыттап алыс,
кыярган доордун көлүндө сүзөт.

Көргөндө дайым көңүлдү буруп,
«Жарылган жүрөк» жол жээкте туруп,
азыркы күндүн аялуу дартын,
көрсөткөн өңдүү ичинен туюп…

Арыбай кылым карыткан сүйүү,
баянын уксам көз жашым кулайт.
Жарылбай азыр жүрөктөр канча,
жаракат алып жашоосун улайт.

* * *

…Жарылбай азыр жүрөктөр канча,
жаракат алып жашоосун улайт…

2001-ж.

  • Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ага окутуучусу, ф.и.к., доцент, акын, КР Жазуучулар бирлигинин мүчөсү.

    “Кызык, жашоо…” (ырлар жыйнагы, 2012), “Каармандар сүйлөйт” (драмалуу ыр түрмөгү, 2015), «Кантсин эл!..» (ыр түрүндөгү пьеса, 2016), «Жашынмак» (балдар ырлары, 2022) жыйнактарынын автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген