“…Мен…”
* * *
…Мен,
Мен – мейкиндик,
Мен – чексиздик!..
Суудай тунук,
Күндөй жарык, жылуумун!
Асман,
Жермин –
«Периштемин» сулуумун!
Аппак кармын,
Көпкөк көлмүн тунукмун!
Көздү ачсам,
Көздү жумсам –
Аруу таңдын нурумун…
Нур дүйнөмө кош келдиң!..
Эй, өмүрүм улугум!
Мен сен үчүн кулпурдум!!!
…Кулпурдум и-и-ий,
Бийиктерге умтулдум!..
Улуу Кыргыз,
Улуу Казак журтумдун!..
Шумкарын да тулпарын да
учурдум,
Казак – оң кол,
Кыргыз – сол кол
эгиз элдин кутумун.
Кундузумун,
Жылдызымын,
Туусумун! ..
– Ооба, ырас!..
Эрке кызы тунумун,
Ушул эки элимдей мен улукмун!
Акта элдин үмүтүн э-э-эй кулунум!..
…Мен,
Мен – мейкиндик,
Мен – чексиздик!..
Кээде кармын, –
Кара жердин музумун.
Тирүүлүктүн тузумун,
Туйлап барат,
Ташып барат,
Толкуп барат жүрөгүм!..
Мен өмүрдүн бал-каймагын сузупмун,
Батып барат жанарыма баарысы.
Мен бактылуу адамзаттын уулумун!..
Бир КУДАЙДЫН кулумун!..
01.10.2018
