|

Дабыт Абдылбары уулу: “Адам аттары эпостун жаралуу доорун, тарыхый катмарларын жана маданий маалыматтарын аныктоодо маанилүү булак”

5/5 - (1 добуш)

Дабыт АБДЫЛБАРЫ уулу Кытай Эл Республикасында туулуп өскөн, этникалык кыргыз, уруусу черик, анын ичинде дубан уругунан. Учурда Кыргызстандын жараны (2024-жылдын октабрынан баштап). Филология боюнча PhD-доктор (2020, Кытай Борбордук улуттар университети, КЭР, Пекин шаары). Кытай коомдук илимдер академиясынын пост-доктору

Дабыт мырза, кандайча антропонимдерге кызыгып калдың? Антропонимдерди изилдөө бул жөн гана аттардын тизмесин түзүү эмес. Алар аркылуу элдин качандыр бир кездеги миграциясын, башка элдер менен болгон маданий-экономикалык байланыштарын, тилдик өзгөрүүлөрүн жана ошол доордогу баалуулуктарын тактоо эмеспи. Бул иликтөө сага эмне берди?

– Мен 2017–2020-жылдары Бээжиндеги Борбордук улуттар университетинде PhD докторлук окууда болуп, диссертациямдын темасы «“Манас” эпосундагы энчилүү аттар: Ж. Мамай вариантынын биринчи бөлүмүндөгү антропонимдер» деп аталган. Бул теманы тандап калышыма Кытайдагы манастаануу илиминин ошол учурдагы абалы, муктаждыгы жана мүмкүнчүлүгү себеп болгон. Биринчиден, диссертациямды манастаануу багытында жазууга дилгирленгеним; экинчиден, Кытайдагы манастаануу жаатында аз изилденген теманы тандап алууну максат кылганым менин бул темада иштешиме негиз болгон. Кытайда манастаануу жаатында лингвистика, этномаданият, этимология ж.б. академиялык деңгээлдеги илимий эмгектердин тартыштыгы бул темага шыкактады десем болот.

Албетте, антропоним темасына мен эч качан кызыккан эмесмин деп айтуудан алысмын. Тарыхый лингвистика, этнолингвистика, семантика, этимология, маданият таануу, салыштырма лингвистика тармактары мени кызыктырган багыттардан. Илимий жетекчим, Кытайдагы даңазалуу кыргыз таануучу жана түрколог Мухаммед Ху Чжэнхуа агай менин темамды кубаттап, айрым пикирлерин да айтып, соңунда ушул теманы бекиткенбиз.

«Манас» эпосундагы энчилүү аттарды изилдөө эпостун текстологиясын, анын жаралуу доорун, анда чагылдырылган тилдик жана маданий байланыштарды, руханий маданияттын деңгээлин, дүйнө таанымын жана баалуулуктар системасын аныктоодо чоң мааниге ээ.

«Манас» эпосундагы адам аттарын изилдөө мага эпосту жөн гана көркөм чыгарма эмес, кыргыз элинин тарыхый эс тутумун, дүйнө таанымын жана маданий байланыштарын сактаган тилдик эстелик катары түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди. Адам аттары аркылуу эпосто ар түрдүү доорлордун издери, этностор аралык алакалар, диний жана маданий таасирлер чагылдырылганын көрдүм. Ошондой эле кыргыз элинин балага ат коюу салтынын негизги принциптери кылымдар бою өзөктүү бойдон сакталып келгенин аныктадым. Салыштырма талдоо эпостогу көптөгөн антропонимдер азыркы кыргыз ат коюу системасы менен түздөн-түз байланыштуу экенин көрсөттү. Изилдөө антропонимдердин фонетикалык, морфологиялык жана семантикалык түзүлүшүн системалаштырууга, алардын келип чыгышын жана тарыхый катмарларын аныктоого жардам берди. Натыйжада адам аттары эпостун жаралуу доорун, тарыхый катмарларын жана маданий маалыматтарын аныктоодо маанилүү булак экенине ынандым. Бул эмгек «Манас» эпосун ономастикалык, тилдик жана маданий аспектилерден мындан ары да терең изилдөө үчүн бекем илимий негиз түздү.

– Жусуп Мамайдын вариантындагы антропонимдер Кыргызстандагы негизги варианттардан (Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев) негизги кайсы өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат экен? Башка варианттарда кездешпеген, ушул вариантта гана бар уникалдуу ысымдарды атай аласыңбы?

– Варианттардын өзгөчөлүгү катары антропонимдик айырмачылыктар да эсептелет. Ж. Мамай вариантындагы Кыпчакбайдын уулу Абдылда (Ажыбай) болсо, Саякбайдын вариантында Аргын кандын уулу Ажыбай деп айтылат. Манастын бабалары жөнүндөгү баянда Ж. Мамай түпкү аталарын Кан Мамайдан таратса, Саякбайдын вариантында Бөйөн кандан башталат. Саякбай манасчыда айтылган Улак кан Ж. Мамайда жок.

Терс каармандардан мангыттардын Мадыкөл, Бадыкөл, Соксо, Сотой, Калдай, Дөөкан, Карилип, Чынаача сыяктуулар башка белгилүү варианттарда көп учурабайт. Макел дөө болсо Ж. Мамай жана Сагымбай варианттарында гана бар, Саякбай вариантында кездешпейт.

Антропонимдик өзгөчөлүк жагынан Саякбай вариантына салыштырганда Ж. Мамай жана Сагымбай варианттары жакыныраак. Анткени алардын устаттары барып-барып атактуу манасчы Тыныбек Жапый уулуна такалат.

– Башкы каармандардын (Манас, Алмамбет, Бакай, Каныкей ж.б.) ысымдарынын чечмеленишинде же алардын варианттык формаларында Жусуп Мамайдын өзүнө гана тиешелүү өзгөчө көз карашы же чечмелөөсү байкалдыбы?

– Таасын өзгөчөлүктөрдүн бири – Манастын атынын коюлушу. “Манастын” ар түрдүү варианттарында, анын ичинде Радлов жазып алган вариантта Манаска төрт пайгамбар-кожо Манас деп ат койгону эскерилет. Саякбай Каралаевдин вариантында да Жакып кубанып көп эл чакырып, чоң той берет. Сюжеттин маанилүү деталы болгон балага ысымдын кандайча коюлганы айтылбаганы менен баланын аты Манас болору, калмактарга Чоңжинди деп угузуулары бир нече жолу (Жакып көргөн түштө, сүйүнчүлөп барган Акбалтанын сөзүндө) эскерилет. Ал эми Жүсүп Мамай вариантында болсо Манастын аты анын алаканына жазылган болуп (бирок душмандардан сактануу үчүн анын атын башкага которуп коёт), ал мындайча сүрөттөлгөн:

Ачып колун карады,
Оң колунун бүлтөктөн,
“Манас” атын таап алды.
Камындырбай шарт эле,
Акбалта айта салганы:
– Бул кудайдын бергени,
Манас атын которуп,
Башкадан коюп ийели.
Көп болот кылган иши, – деп,
Жок экен башка киши, – деп,
“Чоң жинди” атын коёлу.
“Манас” десең эл билет,
Чоңжинди десең ким билет? (Ж. Мамай варианты)

– Жусуп Мамай жашаган чөйрөнүн (Шинжаң аймагы, коңшу элдердин тилдери) таасири ушул варианттагы адам аттарында кандайдыр бир деңгээлде чагылдырылганбы? Мисалы, кытай, калмак же уйгур тилдери аркылуу кирген сырткы антропонимдердин жасалыш өзгөчөлүктөрү байкалабы?

– Эпостун нугун сактаган, сюжети көркөм жана көлөмдүү, салттуу варианттын талаптарына толугу менен жооп берген бул вариантта негизги оң жана терс каармандардын ысымдары, Манастын 40 чоросунун аты дээрлик башка классикалык варианттар менен бирдей. Чоң айырма табуу кыйын (айырма болгон күндө да варианттар аралык мыйзамченемдүү гана айырма). Ал эми сырткы антропонимдердин кириши бир гана Жүсүп Мамай вариантында эмес, бардык варианттарда кездешет. Анткени, бул – мухиттей чалкыган “Манас”. Бирок, сиз айткан өзгөчөлүктөр бул варианта дээрлик байкалбайт. Анын негизги себеби, баарыбызга белгилүү болгондой “Манаска” сырт нерселер дароо эле, же болбосо аймактык өзгөчөлүгүнө жараша бат эле алына койбойт. Себеби, “Манас” эпосунун табияты өзү ушундай. Бирок, кызыктуусу, Ж. Мамай вариантында Алмамбет баатырдын алгачкы аты башка көпчүлүк варианттарда кездешпейт. Алмамбет өзү жөнүндө төмөнкүдөй айтат:

Солаладан Сорандык,
Шол жактан болот биздин жик:
– Өзүмдүн атым Солалы,
Эркелетип кийинче,
Сошоя, деп ат койду. (Ж. Мамай варианты)

Бул саптарга негизделсек, Алмамбеттин адепки аты “Солалы” болгон, кийинче аны эркелетип “Сошоя” деп аташкан. Менин талдоомчо “Сошоя” сөзү “Со” жана “шоя” деген эки компонеттен турат. “Со” дегени “Солалынын” кыскартылганы болсо, “шоя” сөзү кытай тилинде байбача, мырза, ханзада маанилерин билдирген “шаойе” сөзүнүн кыргыз тилинин өзгөчөлүгүнө ылайык фонетикалык өзгөрүүгө учурагандан кийинки формасы. 

– Эпостогу терс каармандардын (мисалы, Коңурбай, Алооке ж.б.) ысымдарынын этимологиясы (келип чыгышы) Жусуп Мамайдын вариантында кандай түшүндүрүлөт?

– Бул боюнча Ж. Мамай вариантында атайын түшүндүрмөлөр дээрлик кездешпейт. Айрым каармандарга ат коюу процесси гана чакан баяндалат же тилге алынып өтүп кетет. Бирок ысымдын маанисине, анын этимологиясына атайын токтолгон учурлар жоктун кашы. Ал эми Алооке, Коңурбай ысымдары монгол тилдер группасына таандык экендигин окумуштуулар айтып келишет. Кытай тарых булактарында Алооке деп эсептелген Йелү Дашы деген адам бар. Аны башка темада кенири сөз кылуу абзел.

– Эпостун текстинде манасчы өзү айрым аттарга түз же кыйыр аныктама берет (элдик этимология). Сен изилдөөңдө манасчынын ушул түшүндүрмөлөрүнө таяндыңбы же таза лингвистикалык (илимий) этимологияга басым жасадыңбы? Экөөнүн ортосунда карама-каршылыктар болдубу?

– Мен изилдөөмдө негизинен лингвистикалык (илимий) этимологияга таяндым. Үстүдө айтып өткөндөй, антропонимдердин маанисин түз же кыйыр түшүндүрүү Ж. Мамай вариантында сейрек гана учурайт (Алмамбет, Панус хан сыяктуу ысымдарды түшүндүргөн). Экөөнүн ортосунда карама-каршылыктар көп деле байкалбайт.

– “Манас” деген ысымдын өзүнүн келип чыгышы боюнча илимде көптөгөн версиялар бар. Жүсүп Мамайдын вариантындагы маалыматтар бул талаш-тартыштарга кандайдыр бир жаңы илимий аргумент кошо алабы?

– Ж. Мамай варианты “Манастын” XX кылымдын соңку 20-жылдыгында толук жазылып алынган вариант катары, кыргыз таанууда баалуу фольклордук булак ролун ойнойт. Мен өз диссертациямда “Манас” сөзүнүн келип чыгышы боюнча мен жеке чоң ачылыш жасадым деп айтуудан алысмын. Менин көз карашымда М. Ауэзов жана Р. Зарыпбековдун “Манас” сөзүнүн келип чыгышы боюнча айткан илимий көз караштары азырынча чындыкка эң жакын. 

– Диссертацияңда эпостогу антропонимдерди маанилик (семантикалык) жактан кайсы топторго бөлүп карадың? Кайсы топко кирген аттар (мисалы: диний аттар, тотемдик аттар, мүнөздү билдирген аттар) басымдуулук кылат экен?

– Эпосто байыркы ишенимдердин негизинде, анын ичинде тотемдик сыйынуулар, анимизм, шаманизм ж. б. таасиринде коюлган ысымдар да көп кездешет (мисалы, Чаян, Көкбөрү ж. б.). Ошол эле учурда байыркы кыргыз-түрк ысымдары (Күлчоро, ) ислам дининин таасиринде же болбосо, арап-фарс тилдеринин таасири менен пайда болгон ысымдарды да учуратууга болот (мисалы, Алмамбет, Асылбача), ал эми маанисин, этимологиясын, семантикасын азырынча такыр эле билүүгө мүмкүн болбогон, жиги билингис ысымдар да эпосто көп (Сыргак, Семетей, Чигитей). Булардын кимиси көбүрөөк экендигин илимий жактан так санактоо дагы келечектин иши.

– Бул изилдөөңдүн жыйынтыгы катары келечекте “Манас” эпосунун атайын антропонимиялык сөздүгүн түзүү же мектептерде, жогорку окуу жайларда кошумча курал катары колдонуу планыңда барбы?

– Бул багытта мен улантып иштөөгө аракет кылсам деп жүрөм, келечекте буюрса басмадан расмий жарык көргөн же кол жазма түрүндө сакталган варианттардын бардыгындагы адам аттарын чогултуп, чечмелеп, ар биринин эрдигин, артыкчылыгын толук ачып көрсөтүп, атайын сөздүгүн түзүп, коомчулукка пайдаланууга берсек, ар бир каармандын атына кубат берип, жан киргизсек, эмне үчүн болбосун. Ата-энелер перзенттерине “Манастан” алып ат коюп, сыймыктануу менен чакырса, бул да манас таанууга, кыргыз элине, коомго кошкон салым болмок. Мунун бардыгы мээнетти, билимди жана убакытты талап кылат.

– Бүгүнкү күндө Кытайдагы кыргыз таануу илиминде Жусуп Мамайдын варианты кандай изилденип жатат? Сенин бул диссертациялык ишиң КЭРдеги манас таануучулардын эмгектери менен канчалык деңгээлде айкалышты же жаңы көз караш киргизе алдыбы?

– Учурда Кытайдагы кыргыз таануу илиминде манас таануунун, анын ичинде Ж. Мамай вариантын изилдөөнүн арышы бараандуу жүрүүдө. Академиялык изилдөөлөр жана көркөм өнөрдүн ар кандай жанрларындагы инновациялык трансформациялар Ж. Мамай варианты боюнча өтө күжүрмөндүк менен иш алып барууда. Ал эми менин диссертациялык ишим Кытайда “Манас” эпосун лингвистикалык аспектиден талдаган алгачкы докторлук диссертация болуп эсептелет. Теманын жаңычылдыгы, актуалдуулугу, салымы дегендер боюнча формалдуу, бирок, реалдуу көз караштар диссертацияда берилет эмеспи. Ал эми эмгекке бааны болсо башкалар берет. Мен автор катары ал жөнүндө айтпай эле коёюн.

– Кытайдын түндүк чыгыш аймагында жашаган Фуйү кыргыздарында (Хэйлуңзцияң кыргыздары) коомдук экспедицияда болгон (КЭР, Хэйлуңзцияң провинциясы, Чичихар шаары, Фуйү ооданы, Вужязы айылы, Чижязы айылы) экенсиң. Ал жактагы боордоштор тууралуу маалымат берсең.

– Кыргыз таануу жаатындагы, жалпы эле түркология илиминдеги өтө маанилүү изилдөө бутасы болуп эсептелген Фуйү кыргыздарына болгон коомдук экспедициям 2020-жылдын ноябрь айында болгон эле. Ал учурда мен мамлекеттик грантты утуп алып Бээжиндеги Кытай коомдук илимдер академиясына постдоктор ишимди баштоого даярданып жаткам. Устатым – профессор Адыл Жуматурду мени Фуйү кыргыздарына барып келүүгө жөнөттү. Ал жакта бир жумадай болуп, Фуйү кыргыздарынын коомдук, маданий, тарыхый, экономикалык абалы менен жалпысынан тааныштым. Алар жөнүндө айта турган болсом мындай: Хыйлуңжяңдагы кыргыздар – Кытайдагы кыргыз этностук тобунун ичиндеги өзгөчө жергиликтүү бутактардын бири болуп саналат. Негизинен Шинжаңдагы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда жана ага чектеш аймактарда топтолуп жашаган кыргыздарга салыштырмалуу, Хыйлуңжяңдагы кыргыздардын калкынын саны аз, аймактык жайгашуусу салыштырмалуу топтолгон мүнөзгө ээ. Бирок алардын да чачыранды жайгашуу өзгөчөлүктөрү жок эмес. Алар узак убакыттан бери Нынжаң дарыясынын жана Хуйүр дарыясынын алаптарын байырлап келишкен. Хэйлунцзян провинциясынын Улуттарды изилдөө институтунун илимий тобу жүргүзгөн изилдөө баяндамасына ылайык, 2000-жылдагы Кытайдагы бешинчи жалпы эл каттоонун маалыматтары боюнча, Хэйлунцзян провинциясындагы кыргыздардын саны 1473 адам болгон. Анын ичинен Цицикар шаарында 1332 адам жашап, бул көрсөткүч провинциядагы кыргыздардын жалпы санынын 90,4 пайызын түзгөн; Фуюй районунда болсо 1155 кыргыз жашап, бул жалпы санын 78,4 пайызына барабар болгон. Айылдык жайгашуу боюнча алганда, Уцзяцзы улуттук айылындагы жалпы калк саны 551 адам болуп, анын 276сы кыргыздардан турган, башкача айтканда айыл калкынын 49 пайызын түзгөн; ал эми Цицзяцзы айылында 151 кыргыз жашаган. Бул маалыматтар Хэйлунцзян кыргыздарынын жалпы саны аз болгону менен, Фуюй районунун айрым айылдарында алар дагы эле салыштырмалуу жыш отурукташкан этностук жамаат катары сакталып калганын көрсөтөт.

Ошол эле учурда алар даур, манжур, монгол, хан (кытай) сыяктуу этностор менен узак мезгилдүү өз ара карым-катнаш процессинде Түндүк-Чыгыш чек ара аймагына мүнөздүү болгон өзгөчө социалдык-маданий форманы калыптандырышкан. Бул бөлүмдө калк жана коомдук түзүлүш, тил жана маданий мурастоо, улуттук иденттүүлүк жана өздүк аң-сезим, дин, нике жана күнүмдүк турмуш, ошондой эле модернизация шартындагы маданий өзгөрүүлөр деген беш багыт аркылуу Хыйлуңжяңдагы кыргыздардын социалдык-маданий азыркы абалы талдоого алынат.

Этнологиялык көз караштан алганда, Хыйлуңжяңдагы кыргыздардын социалдык-маданий азыркы абалын изилдөө калктын саны, айыл-кыштактардын жайгашуусу жана каада-салттар сыяктуу көрүнүштөрдү статискалык сүрөттөө менен гана чектелбестен, бул этностук топтун тарыхый көчүп-конуу, жергиликтүү отурукташуу, көп этностуу өз ара байланыш жана заманбап улуттук мамлекетти куруу процессиндеги маданий ыңгайлашуу механизмдерин дагы терең талдоо талап кылынат. Хыйлуңжяңдагы кыргыздардын өзгөчөлүгү дал ушул жагдайда көрүнөт: алар этностук келип чыгышы, көчүп-конуу тарыхы жана ата-бабалар тууралуу тарыхый эс тутумду сактап калуу менен бирге, узак мөөнөттүү жергиликтешүү процессинде Шинжаңдагы кыргыздардан жана Кыргыз Республикасындагы кыргыздардан айырмаланган коомдук турмуш формасын, тилдик абалды жана иденттүүлүк аң-сезимин калыптандырышкан.

– Фуйү кыргыздарынын тилинде жана алардын адам аттарында (антропонимдеринде) бүгүнкү биздин тилибизге караганда байыркы энесайлык же кыргыздык катмар канчалык деңгээлде сакталып калыптыр? Алардын ысымдарында кытай же манжур тилдеринин таасири күчтүүбү?

– Ооба, кытай тилинин жана монгол тилдер группасына таандык тилдердин таасири албетте бар. Бул боюнча белгилүү түркологдор Э. Тенешевдин, Мухаммед Ху Чжэнхуанын, Ву Жанжунун, Виктор Бутанаевдин (Астайбек), Кадыралы Коңкобаевдин, Олжобай Каратаевдин тиешелүү эмгектеринде өтө кызыктуу маалыматтар берилген. Албетте, Фуйү кыргыздарынын антропонимдериндеги пассивдүү жана активдүү өзгрүүлөрдү алардын жашоо шарты, саясий, коомдук жана тарыхый өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүүгө болот. 

– 30дан ашуун илимий макала жазган экенсиң. Бул илимий макалаларың кайсыл темага арналган жана учурда кандай темалардын үстүндө иштеп жатасың?

– Ооба, 30дан ашык илимий макалам Кытайдан, Кыргызстандан, Россиядан, Түркиядан, Улуу Британиядан, Казакстандан, Өзбекстандан чыгуучу SCOPUS, CSSCI, РИНЦ, AMI жана башка макамдардагы илимий басылмаларда, илимий жыйнактарда жарык көргөн. Алардын негизги багыттары – «Манас» эпосу, манастаануу, эпостогу антропонимдер жана ономастика, мифология, фольклордук тил, кыргыз-кытай тилдик байланыштары, кытай тилинен кирген сөздөр, кыргыз тилинин тарыхы, лексикография, салыштырма тил илими, көркөм котормо, ошондой эле Чыңгыз Айтматов таануу жана кытайдагы кыргыздардын тили менен маданиятына байланышкан маселелер.

Учурда изилдөөлөрүм негизинен «Манас» эпосунун эл аралык изилдениши, эпостогу кытай тилдик катмар, санариптик доордо эпосту сактоо жана жайылтуу, Кытай менен Кыргызстандын «Манас» боюнча илимий кызматташтыгы, ошондой эле Жусуп Мамайдын, С. Каралаевдин, Алихановдун, С. Орозбаковдун ж. б. классикалык варианттарды текстологиялык жана фольклордук өңүттөн талдоо багыттарына арналууда. Мындан тышкары, Жибек жолу алкагындагы цивилизациялар аралык адабий-маданий байланыштарды жана кыргыз-кытай гуманитардык алакаларын изилдөө боюнча да иштерди жүргүзүп жатам.

– Көп тил билүү адамга эмне берет?

– Көп тил билүү адамга жаңы тилде сүйлөө мүмкүнчүлүгүн гана эмес, дүйнөнү кененирээк таанып-билүүгө, ар түрдүү маданияттарды түшүнүүгө жана ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт. Ар бир тил – өзүнчө дүйнө, өзүнчө маданият жана өзүнчө ойлоо системасы. Ошондуктан көп тил билген адамдын көз карашы кеңейип, дүйнөнүн түркүн түстүүлүгүн тереңирээк кабыл алуу жөндөмү калыптанат.

Кыргыз элинде «Өнөр алды – кызыл тил» деген накыл сөз бар. Бул сөз тилдин адам турмушундагы жана коомдогу өзгөчө ордун даңазалайт. Улуу ойчул Аль-Фараби да билим менен тилди адамдын эң улуу байлыгы катары баалаган. Бүгүнкү ааламдашуу доорунда бир нече тилди билүү – атаандаштыкка жөндөмдүү болуунун, элдерди жакындатуунун жана мамлекеттердин ортосунда көпүрө боло алуунун маанилүү шарты.

Менин оюмча, тилди үйрөнүүнүн эң башкы максаты – аны өз элиңдин, өз мекениңдин кызыкчылыгына кызмат кылдыруу. Кыргыздын тарыхын, маданиятын, «Манас» эпосун жана руханий дөөлөттөрүн дүйнөгө таанытуу үчүн тил чоң күч болуп саналат. Ошондуктан Манастын урпагымын деген жүрөгүндө мекенчилдик оту бар ар бир жаш кеминде бир нече чет тилди өздөштүрүп, алган билимин элинин жана мамлекетинин өнүгүшүнө арнашы керек. Бул – бүгүнкү муундун ыйык милдети.

Маектешкен Болот Таштаналиев

Автор

  • Журналист, акын, эссеист, сынчы, котормочу. Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү. КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана Адабият институтунун изденүүчүсү.

    «Кароол чоку» (1999), «Бүтпөгөн жол» (2001), «Тоолор кулабайт» (2012), «Жети күн» (2013) ырлар жыйнактары, «Бек» проза жыйнагы (2012) жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген