Асыралган балалык
(поэма)
1.
Эстетип эзелки бир турагымды,
Балалык азгырат да бу жанымды,
Бошотуп муунумду, жүүнүмдү,
Келтирет чексиздикке кулагымды.
Кетсем да ошол кезден таза, жарык
Балалык алда качан ыраак калып,
Эмгиче ээнсиреймин сапарымда,
Өзүмө өзүм чоочун сыяктанып.
Эсиме келе берет утур-утур,
Бөлөккө асыралып жүргөн учур.
Мөндүрдүн изи сымал бариктеги,
Көңүлдүн тагы болуп калганы ушул.
Эстеймин төрт энемди дайым бирдей.
Алардан алигиче мээрим издейм.
Өз энем, чоң энелер, бакканыбы,
Кимиси жакын эле мага? Билбейм.
Айтчу эмес апам мени төрөгөнүн,
“Менчиги” болгонуман чоң энемдин.
Базары балалыктын бийлик кылган,
Билбеймин, тегиз беле теребелим.
Чоң энем дүйнө салып сырым билген,
Бөксөрүп турган кезде бала дүйнөм,
Чоң эжем – чоң энемдин улуу кызы,
Жетелеп кетти мени бала-үйдөн.
“Бергиле, караан болсун мага”, – деди.
Бул сөзгө жок дей албай атам көндү,
“Асырайт бизден артык. Көрөсүң”, – деп,
Энемдин кыйылганын тыйган өңдүү.
“Эжекем кемпир багып жүрөт жүдөп,
Кажынган күйөөсү да жеткен түгөт.
Бербейм деп кантип айтам бир тууганга”, –
Дейт атам. Энем турат көөнү кирдеп.
Жок эмес болчу ошол эжесинин
Баласы. Эсимде ал күнү бүгүн.
Окуйм деп кетип шаарга. Азгырыкка
Киргенин эс тартканда, кийин билдим.
Ошентип, балалыгым асыралган,
Капаска түшкөн өңдүү жашылданган.
Дымыган, сабыры суз чоочун үйдөн
Кетчүмүн нечен ирет качып анан.
Айлыбыз алыс эмес, чакырымдык,
Автобус каттап турчу беш тыйындык.
Айдоочу салып кетер эле бекер,
Кымылдап жөнөчүмүн мен сүйүнүп.
Атамдын эжекеси кыйын абдан
Болуучу өтө кылдат, баамчыл адам.
Артымдан жете келип, алып кетчү,
Жалбарып баласындай төрөп алган.
“Кайтарып бербей коюу кыйын беле?”
Таарыныч бала ойго жыйылды эле.
Аргасы болбогонун билсем дагы,
Суз болдум өз энеме кийин деле.
Алданам: ата-энеси бирдей өлүп,
Балдары удаа-удаа “чарчап” берип,
Санаалуу жаш аялмет атам-энем,
Берген го калбайлы деп дагы кемип.
Эшиткем кийин-кийин ата-энемдин
“Таарынып жүрөсүң э?” деген кебин.
Агезде таанып алгам бу жашоодо,
Адам – бул, тагдырга кул пенде экенин.
2.
Баламын да. Боорум бердим кийин мен.
Мактоолорго көшүп далай сүйүнгөм.
Жан киргизип, жансыз үйгө чын эле
Жүргөндүгүм кадимкидей билинген.
Салкын үйдө от өңдөнүп табынган,
Медер болдум жоктон издеп табылган.
Жаман деле эмес окшойт деп жүрдүм,
Жалгыз бала болуп алуу багылган.
“Биздикиндей эмес, кызың чыйрак” деп,
Коңшу-колоң баштаганда узун кеп,
Кадимкидей маашырлана түшчү эле
Баккан энем билер-билбес күлүңдөп.
Кол арага жарайм күндүз. Бешимде
Мал тоскону шаша жөнөйм кезүүгө.
Шылтоо болуп берген бала оюнга,
Эргийм ал кез түшкөн кезде эсиме!
Оюн курчу жер бар эле – жашыл бак,
Чогулчубуз мал тосоорго жакындап.
Издеттирген учур далай болду эле,
Түнгө чейин. Оюнубуз – жашынмак.
3.
Ошол үйдө сөзгө сараң кары эне,
Анан дагы ала мышык бар эле.
Үргүлөгөн эки жандын жанында,
Чындыгында аалам мага тар эле.
Эрте-кечтир оор, терең үшкүрүк…
Уккум келбей эшикке мен жүткүнүп…
Обдулганым сезер замат уйкучу
ала мышык тиктеп калчу тикчийип.
“Тилин алып, карап тургун энеңди,
Билесиң да, мен кечирээк келерди”.
Кетеринде баккан энем иш менен
Айтары ушул чайда эртең мененки.
Кичинекей чакам менен таң ата,
Алып келем кашка суудан шар аккан.
Кесе толо жутат дагы, эне дейт:
“Өх-х! Көкүрөк ачылганын карасаң!”
Анан айтат: “Таштан ташка урунуп,
Бышып келген мына ушул суу улук.
Жаратканга шүгүр эмей эмине,
Койгонуна ушул күндү буюруп!”
Өчкөн көзү тээ тереңден үлпүлдөп,
Миң бырыштуу жүзү калат бүлкүлдөп.
“Тилегиңе жет” деп коёт акырын,
Маңдайында турган мага кирбиңдеп.
“Үркүндө мен сенден кырдуу баламын,
Чекесинде Кулжа деген калаанын
Сууга жетпей… энекемдин ошондо
Оозуна суу тамыза албай калгамын.
Анан көөмп салышты эле буйдалап…”
Деген болуп жаздыгына кыңкаят.
Күндө ушул. Мага кызык көчө жак.
Жөнөйм сызып кемпир, мышык, үй калат.
…Жеткен күнү кетти бир күн ажалы,
Келининен бирок узак жашады.
“Менден артта калба, эне!” дечү эле,
Бузду ажал улуу-кичүү катарын.
Жылдар акты. Кирет кээде түшүмө
Ошол эне бугу толгон ичине:
“Көкүрөгүм ысып атат түгөнгүр,
Арыктан суу сузуп кел, – дейт, – кичине”.
Эсте калды ошол кары өктөөлүү.
Көкүрөктө өкүт калды көктөлүү.
Балалыктын балалыгы ушу да,
Элес албас эзелкинин көп кебин.
Кары-жашты ылгабастан бүт алган
Ач-жылаңач ошол Үркүн замандан
Тирүү калган жандын сырын чече албас,
Алаңказар балалыгым бир арман…
4.
Эски күндөр көздө тизилген.
Эске түшөт шурум үзүлгөн,
Алаңказар балалыгым ай,
Шуру менен кошо күбүлгөн.
Абам сатып келген шуру эле,
Өтө кооз болчу чын эле.
Чагылганда күнгө жаркылдап,
Мен көкөлөп учкам тим эле.
Тагылганда шуру мойнума,
Алып-учуп батпай койнума,
Бара жатып чуркап, үзгөмүн,
Чачып салгам жолдун боюна.
“Тербе эми жерден, болбойт!” – деп,
“Чачылгандын орду толбойт!” – деп,
Энем мени тыйып койду эле,
Жөн чыкпаган экен ошол кеп.
…Анда абамдын соңку келиши.
Ансыз деле сейрек келүүчү.
Узатаарда шаарга негедир,
Жагдай болгон үйдө кейиштүү.
“Ар ким айтат шаар жаман деп,
Кетпе, калгын үйдө балам!” – деп,
Суранды эле энем. А абам:
“Санааркаба, келем аман” – деп…
Айтканындай, чыны, болгон жок,
Ичкиликтен абам оңгон жок.
Чачылды да баары шурудай,
“Анын орду кайра толгон жок”.
Бала дарты жанын зилдетип,
Баккан энем дагы оңгон жок…
5.
Аял эле намыскөй да, бир сырдуу.
Баласы үчүн сөзгө калып бир сынды.
Бакыт аттуу чоң базарга жете албай,
Түнт бүлөдө андан бетер жыртылды.
Асыл дешип алыс-жуук жалпы эле,
Акыл сурап улуу-кичүү барчу эле.
Бирок эле эжесинде атамдын,
Көңүл сынык, жан дүйнөсү жарты эле.
Баккан атам баарын өзү билчү эле,
Орой болчу. Оргу-баргы тийчү эле.
“Көңүл бурба, бар мүнөзү ушу” деп,
Аны дагы дароо жайкап ийчү эле.
Көзүн ачып көргөн жалгыз баласы,
Өз тууруна кайтышын ал самачу.
Ошол тилек орундалбай күттүрүп,
Ушул болду айыкпаган жарасы.
Акка моюн сунду анан бир күнү,
“Санаа” деди, “бала” деди ар кими.
Бүтүн аалам жоктогондой сезилген,
Киши калбай сууланбаган кирпиги.
Бүт өмүрү кертип, ченеп, чектеген,
Көксөгөнү, арман-күйү жетпеген
Сырттандыгы айтылды анан кошокто,
Тирүүсүндө айтылбаган кеп кенен.
Куту качкан короо-жай бүт үңкүйөт,
Кайын эне, күйөө турат мүңкүрөп.
“Сактай албай калдым кечир, эже”, – деп,
Атам ыйлайт, улам жашын сүрткүлөп.
Өзөлөндүм. Суурулгандай өзөгүм.
Ушунчалык буулукпагам эзели…
Атам айтты келгенде сөөк жашырып:
“Жезде, кызды үйгө алып кетейин”.
Үн-сөзү жок өөп койду чекемден,
Көз жашылап турган ата-жездекем.
Ээ-жаа бербей боздогомун ошондо,
Энем өлүп, жетим калган бетерден.
Бирок, ошол аял тайкы тагдыры,
Кыйын эле бүтүн кылган жартыны,
Сөзүн, өзүн, көрөңгөлүү акылын,
Таппай азыр, эсим кетип жатыры.
Кеттик узап. Кар себелейт кыламык.
Калды бир үй куту кетип, тунарып.
Өткөн анда балалыктын күндөрү,
Ээрчип келе жатты ойдо чубалып.
6.
Кабагыма кир жугузбай ата-эне,
Боорго тартып биртуугандар бат эле,
Турса дагы имерчиктеп жанымда,
Алар мага болуп калган жат эле.
Коомай күндөр өттү. Кеттим үйдөн мен
Чарчап жүрүп мен арабөк дүйнөмдөн.
Бойго жетсем болду, эптеп алыстап,
Өзгөрөмүн деген ойду түйгөм мен.
Чаң көчөдөн таш көчөгө жол улап,
Жөнөгөмүн автобуста зуулдап.
Дүкүлдөгү ошондогу жүрөктүн,
Азыр деле кулагыма угулат.
Кеткен менен бир карабай артымды,
Ошол жолдо далай жылдар жанчылды.
Тынымы жок тыбыраган жашоодо,
Бирок болду күндөр жазган жарпымды.
Келди далай жакшылыктар жаркылдап,
Кээде, бирок, жамандыктар алкымдап,
Тилек менен тагдыр далай тирешкен
Туруп берди учурларга жан чыдап.
Улам курак жылган сайын тереңдеп,
Өткөн жолду карай берем элеңдеп.
Кыялга бай кезди сүрүп чыгарган,
Сопу күндөр жүрөт жанда сереңдеп.
Теңелсе да барк-зоболо ай-күнгө,
Арсар мүнөз, коомайсынуу бар дилде.
Көп ичинде жандап жүрөт жалгыздык,
Жалгыздыкта алай-дүлөй жан дүйнө…
Билбейм канча өмүр жанда калганын,
Далай жылды эбак чачып салгамын.
Эстен кетпейт балалыктын өксүгү,
Эн тамгасы көкүрөктө калды анын.
7.
Үлп этип эс тутумум желпип өтсө,
Күңк этет ыңгыранган акыл кексе.
Сезимтал ананайын балалыгым,
Кечиргин, кыялдарың жапа чексе.
Балалык, сыйкыры күч ыйык тумар,
Аруулук жалгыз гана сага сыяр.
Өмүргө ыроолонсо улуу бакыт,
Жашоого сенде гана акысы бар.

Аттанып жер үстүнө дүйнө кезип
Артына мингендердин салмагы эзип,
Эңгиреп Алпкаракуш чарчаганда
Эр Төштүк берген дешет этин кесип.
Артында күрөш калып нечен-нечен,
Алдында турса көптөн күткөн мекен,
Өмүрдүн улуу жолун улаш үчүн
Өзүнүн канын куюп берген экен.
Бир боорун жонуна артып, жылаңаяк
Бирөөсү жабыркаса бирөөсү аяп,
Кылымдар бою келет кыргыз көчү
Кыя албай бирин-бири жөлөп-таяп…
Бурулдун “Асыралган балалык поэмасын бир дем менен окуп чыктым. Чийеленишкен кыз баланын эки үй-бүлөнүн ортосундагы “талашы”, кичинекей кыздын өз ата-энесине болгон балалык таза таарынычы, ошол эле учурда атасынын эжесине бала болгусу келген сюжет поэзиянын тили менен жогорку чеберчиликте берилгендигине ыраазы болосуң. Баракелде Бурул, калемиң курчуй берсин. Окурмандарың сенин жаңы ырларыңды чыдамсыздык менен күтө беребиз