|

Ак куу & Бүркүт

5/5 - (1 добуш)

(эссе)

Бир топ жыл болуп калды. Дал ушул эле “соцтармакта”, таңдан кечке колубуздан түшүрбөй, каймак сүйкөлгөн нандай эзиле кармап жүргөн кол тилипонубуздагы “Фейсбук” достугумда, ал учурда басымдуу көпчүлүк анча деле таанып-билбеген, КУРМУШУЕВ аттуу ташкын суудай шар аккан талант, башкаларга эч окшобогон жазма акын, бири-бирибизге жан дүйнөбүз өзгөчө жакын, Илим деген иним бар эле. Экөөбүз бири-бирибизди өмүрү көрүп билбесек да, көрүп билген адамдай, ал эмес бир туугандай “онлайн” байланышып, сүйлөшүп, абдан жакын мамиледе болуп жүрдүк. Айрым учурларда жекебиз менен жазышып, ар нерсени кеңешип-таңашып, аркы-беркиден кеп-сөз салып калат элек. Ошол учурларда Илим иниме эмнегедир, жазган ырларын жакындан билип, канааттануу менен окуп, ал тургай ат тезегин кургатпай жеке баракчама жаңы жазган ырларын бөлүшүп жүргөндүктөн, эч тартынбай эле “Азыркынын Алыкулу” деген наам ыйгарып салгам. Анымды тынбай кээ бир постторумда, ой-пикирлериме кошуп, ачык эле жаза калып жүрдүм. Ал эми ушул эле “Фейсбуктагы” достугубуздагы ашкере калыстыгы, акыйкат-чынчылдыгы менен далайларыбыздын сый-урматыбызга ээ болуп жүргөн Аксакалыбыз, Советаалы СЕЙИТБЕКОВ агайым Илимге “Алп Акын” деген абройлуу наамды ыйгарып салган.

Накай чыныгы талант экенин билгендер ошондо эле билип, окуп, бөлүшүп, талантына таазим кылып, аздыр-көптүр баа берип жүрдүк. Өкүнүчтүүсү, Илимдин ал учурдагы ташкындаган акындык таланты болгону ушул, бир гана “Фейсбук” деген айантча менен чектелип, Илимдин ким экенин көпчүлүк жарытылуу билбейт эле. Андан тышкары, Илим иним Көк жал эле. Сайасаттын да сазайын берет эле. Айрымдардай болуп, абайлап, арамданып же куйтуланып отурбай эле, опурулуп-жапырылып келип, калжаңдап, жалжаңдагандарды жаткыра чаап, обужоктонуп оңураңдагандардын ооздорун Ошту каратып, ооз ачкыс кылып, ошол замат “жайлап” салат эле. Ээн ооздордун көпчүлүгү элеңдеп, эмне деп жазарын билбей, эсин жоготуп койгону кадимкидей эле байкалып, билинип калчу. Мен дапдаана билет элем. Өрттүгү бар, Жигиттин гүлү эле.

Ошол. Тилекке каршы, Кудайдын кудурети, буйругу, маңдайга жазылган жазмышы ошондой тура, ат-тиң! Айттырып-дедирбей, капилет, кайдан-жайдан келип, чапкенедей жабышкан оору, акындын артынан калбай, азезилдей ээрчип алган ажал “Алыкулубузду”, “Алп акыныбызды” ай-буйга келтирбей, чогуу баскан жолубуздан, “кармашып” жүргөн колубуздан шарт жулуп кеткенин деле билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй, оозубузду ачып отуруп бердик. Бүт баары күтүүсүз болду.

Ошондо, ошол жылы, ошол күнү атайын чакан эскерүүмдө минтип жазган элем: “Кыргыз дагы бир Алыкулунан айрылыптыр! Ат-тиң! “Азыркынын Алыкулу”, “Алп акыны”, “Көк жалы” дечү эмес белек! “Оозубузга таш”, ошентип айтпай эле койсок болмок экен! Көрсө Алп акындар, Алыкулдар, Көк жалдар көп жашабайт тура. Аларга көрүнгөн көз, өзгөчө “бөлүнгөн” сөз көп тийет тура, андай “Алптар” үчүн ал өтө эле оор жүк тура”, – деп жазганым бар. Билбейм, балким аным туурадыр, балким бир аз аша чаап кеткен “эмоцийадыр”, бул эми бүгүн анча маанилүү деле эмес, маанилүү жагы азыр башкада, ошол жөнүндө бир аз сөз козгойун дедим.

Ал учурда Ааламтордо азгантай эле, Улутту, Улуттун узун-узун баалуулуктарын, көркөм дүйнөсүн, салт-санаа, көөнөлүктөрү менен көз караштарын көтөргөн, чагылдырган бирин-серин гана тайпалар (группа) бар эле. Алардын бири, биринчиден, “Улуу Кыргыз” деп аталарын жакшы билгенимден, өзгөчө өз жан дүйнөмө жакын экенинен (“Кыргыз Көчү” тобума, көп жагынан окшоштугу жагат эле) ал тайпаны байма-бай барактап ачып, окуп, ой-пикир жазып калар элем. Экинчиден, ал тайпа так ошол Илим иниме тиешелүү экенин да жакшы билет элем. Бирок…

Ал тайпаны алып барган, аны менен тынбай алектенген, окумдуу постторду, көзгө сүйкүм фото сүртүмдөрдү үзбөй жарнамалап жазып, көпчүлүктү тайпага тартып, кадимкидей “арбап” турган таптакыр башка адам эле. Ошол баарыбызды өзүнө тартып “арбаган”, аздыр-көптүр кызыгуубузду арттырып, ошол тайпага “кармаган” сырдуу жана сыйкырдуу адамдын аты-жөнү Skarlett O’Hara эле. Ал учурда ким кандай түшүнүп, ким кандай кабыл алып жүргөнүн билбейт элем, жеке мен өзүм “өз аты-жөнүн жашырган, көптөгөн “Фейктердин” бири болуш керек”, – деп койчумун.

Дал ошол “Фейктин” ким экенин, анын “Фейк” эмес экенин, биз сыйактуу эле кадимкидей адам экенин, болгондо да жанда жок жароокер экенин, жашоого болгон көз карашы башкача, өзгөчө экенин, талантка болгон табити менен таазимин, сыйы менен урматын, айкөлдүгүн жана адамкерчилигин, Жибектей созулган, ай чырайлуу Айым экенин “именно” Илим иним өлгөндөн кийин билдим. Ооба, ошондой болду, ошондо билдим. Тагдыр. Табышмактуу, сырдуу Skarlett О’Hara деген ким экенин мен эле эмес, миңдеген мекендештерим билип, көрүп, ошондо таанып, эл-журтка төбөсү көрүнүп калгандардан бери баалап, барктап, ал эмес талантына тан берип, алкап, мактап-жактап эле жатып калышты. Эмнеге???

Эч ким тааныбаган, анын ырларын окубаган, окумак турсун өз көздөрү менен эч качан көрбөгөн адамды, көзү өтүп кеткен нукура талантка өз колу менен экинчи, кадимкидей эле экинчи өмүр тартуулап, жамы журтка таанытып, “именно” Skarlett О’Hara Илимди кайра “тирилтип” салды. Чыгармаларын, чыңырып, чындыкты даңазалаган ырларын чогултуп, эринбей-этпей жыйнап туруп, баарын толуктап туруп, ирээттеп, ийине келтирип туруп, килтейген китеп кылып чыгарып, ачыгын эле айтайын, ат көтөргүс иш жасап салды. Башкаларды билбейм, ушул эмгеги үчүн мен, Skarlett О’Hara аттуу айымды жан дилим менен баалап, барктап, сыйлап калдым. Илимдин өзүнө деле айтып, “сен менин бир тууган инимсиң”, – деп койот элем. Аныма жооп кылып, ал мени “Алтын акемсиң” деп койот эле.

Ошол, ошол кабырганы кайыштырган кайгылуу окуйадан кийин Skarlett’и “өзүмдүн карындашым” деп атап алгам. Ачыгы, азыр деле өзүмдүн бир тууган карындашымдай көрөм. Билесиңерби, мактап жактабасам деле, Skarlett О’Hara карындашымдын жасаган кыпкызылдай эмгеги чынында эле баалап, башынан сылай турган, күчөтүп айтканда, күрдөөлдүү иш деп эсептеп келем. Башка бирөөнүн китебин эмес, өзүнүн китептерин чыгара албай, кыйналып-кысталып, жолун таппай, ара жолдо жүдөп жүргөн таланттар канча, андайларды азыр четтен санап тапса болот. Мындай чыгармаларды топтоп, ырларды жыйнап, ыр жыйнак кылып, басмаканага дайардап, бастырып, китеп кылып чыгарып, өз көзүм менен көргөн адам катары, андайдын акы-чүкүсүн, азабын абдан жакшы билем. Түмөн-түйшүгү көп. 

Эссемди жыйынтыктап жатып, эми мындай дегим келди. Эч качан, бир дагы жолу бири-бирин көрбөгөн, бири бийик тоону, бири ыйык Көлдү “өрдөгөн”, бири тоо бүркүтүн, бири Айдың Көлдүн Аккуусун эңсеп көнгөн, эки бирдей нукура таланттын эмне мынча жакындыгы, экөөнү тең “зарыктырган закымдыгы” бар экенин баалап, кадимкидей сезип, туйуп турсам дагы, билмексен эле болуп, “эссемди” улантпай, унчукпай, ушул жеринен эле токтотойун дедим. Дегеним, менсиз деле, ансыз деле, бары жогун бүт баары билет. Эмне дегенде, эң эле ысыгы менен кызыгы, андан да баарынан бийиктиги менен ыйыктыгы дал ушунда деп билем. Ал дагы жетишсиз десеңер, анда, бир аз ылдыйлап, ыр саптарга үңүлгүлө.

Эч нерсе деп айталбайм, эми менден түңүлгүлө…

Сен үчүн!

Изилдеп таң кайдан атканын,
Ийрилип аккамын, ташкамын.
Жээктерин жеп кетип жазмыштын,
“Жетсем” деп мен сага шашкамын.

Үмүттү бек курчап байланып,
Үзүлбөс сапарга шайланып.
Үркөрдөй бийиктен жаркыган,
Үйүңдүн короосун айланып.

Жашадым, көөп өмүр өткөрдүм,
Жашымдан чайпалдым, бөксөрдүм.
Иликтеп мен азыр олтурам,
Изинен өзүмдү өткөндүн.

Мен эми кайдадыр акпасмын,
Мертинген жолдорду баспасмын.
Мен билген бир гана нерсе бар,
Мен сенсиз тагдырдан аксапмын!

Аман бол, кай жакта жүрбөгүн,
Акылдуум, алмашкыс сүйгөнүм.
Сен эле жашоодо бар болсоң,
Сен үчүн менин да жүргөнүм!

11-апрель, 2022-жыл.

Тоолор сени, толкун мени жетелеп

Көңүл калбай сагынуудан, күтүүдөн,
Көөдөн жылып сени күтүп үшүүдөн.
Күлө багып, күчкө толуп тургансыйт,
Күүлүп өмүр күндө менден түшүүдөн.

Жазмыш буйруп жазда, жайда барбагам,
Жашоо чиркин жалгандыгын чанбаган.
Жайы ортолоп калгычакты өмүрдүн,
Жазым, сени көрбөгөнгө арданам.

Кирдегенде каректердин кабаты,
Зилдегенде санаалардын санаты.
Аппак карлуу кышта сага жеткирди,
Арзуубуздун алтын чалгын канаты.

Айтуу кыйын ошондогу мүнөттү,
Али турат апкаарытып жүрөктү.
Тамылжыган жүзүң турду шыбырап,
Тапканымды жүрөгүңдөн түнөктү.

Көлдөй терең көздөрүңө чагылып,
Көөдөн турду кетүүчүдөй жарылып.
Көрсө сен да мени күтүп түңүлбөй,
Көлдөй толкуп жүрүпсүң да сагынып?

Көлдүн жээги көздүн жээгин бойлогон…
Көп өмүрдү кошо сүрсөң тойбогон.
Толкун жиреп толкуп турду тоолугуң,
“Тобурчак” деп тоону минип ойногон.

Сенин жүзүң жаштык эле, жаз эле,
Сенин көзүң жалын эле, наз эле.
Көкөлөтүп Көктүн көңүл ышкысын,
Көл жээгинде турган сендей аз эле.

Жээкте бастык жеңин кармап ойлордун,
Жең ичинен сен нелерди ойлондуң?
Мен тоолордо уктап басып баратып,
Мен толкундун кучагында ойгондум.

Толкун, Тоолор, Толукшуган махабат,
Тозбос өмүр ушулардан жасалат.
Чырга сүйрөп учуп келген тоолук куш,
Чырайын өөп сенин, көлдүн жашарат.

Эң акыркы улоосундай кербендин,
Ээнсиреген элсиз жээкке мен келдим.
Билгем муну. Башканын не кереги?
Бир өмүрдүн бүт мезгилин сен бердиң.

Чыккан Күндүн батаар шарты барындай,
Чыргоо мезгил чымын-куюн арымдай.
Кайттым тоомо, кайыштырып кабыргам,
Калдың Ак Куум, жара бөлгөн жанымдай.

Аман болгун, апапак куум секелек,
Алдыда өмүр, сен экөөбүз кече элек.
Биз дүйнөнү дагы далай кезебиз,
Тоолор сени, толкун мени жетелеп!

26-январь, 2021-жыл.

Келсинки шаары, Финляндия, 15.07.2026-ж.

Автор

  • 1960-жылы Нарын облусунун Кызыл-Туу айылында төрөлгөн. Сүрөтчүлүк, журналисттик кесиптерди аркалаган. 2013-жылы «Азаттык» радиосунун 60 жылдык мааракесинде Азамат Алтай атындагы орден менен сыйланган. Ааламтордо алгачкылардан болуп мекенчилдердин «Кыргыз көчү» тобун түзгөн. 2009-жылдан бери Финляндиянын борбору Келсинки шаарында жашайт.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген