|

Меланхолия

3.7/5 - (3 добуш)

Кайгы дайым шаттык менен алмашчу,
Бирок билгем бопбоз күндүн келерин.
Сөз угузбайт жүрөктөгү ызы-чуу,
Издеп таппайм коштошуунун себебин.

Суроолорум же түгөнбөйт ичимде,
көкүрөктү бир капалык мыжыгат.
Көз алдымда туманбы же түтүнбү,
Кооптоном, корком, көөнүм бузулат.

Мен артыма эмне таштап баратам?
Кандай эле бийиктеги ал максат?
Жашым, күчүм, жаштыгым да, карасам,
Түтүнгө окшоп тарап, түгөп баратат…

Мен алдыга эмне артып баратам?
Балким дагы чоң нерселер болоттур.
Мүдөө-максат, ой-тилек да, санаа да,
Неге баары өз маанисин жоготту?

Күнүм батып, баратамбы түн беттеп?
Үмүтсүз ой, көңүлү жок өмүр – түн.
Ичимдеги миң булакты сүйлөтпөйт,
Сөздөн, ыйдан жүрөгү өлгөн өз үнүм.

Январь, 2026-ж.

  • Журналист, аудиокитептерге үн коштоочу. Учурда «Азаттык» радиосунун казак кызматын башкарат. Аны менен катар бир нече жылдан бери YouTube сайтында кыргыз тилинде поэзия жана проза окуп келатканы менен белгилүү. Бир нече ыр жана кыска аңгемелердин, котормолордун автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

  1. Төрөкул Дооров ырыңыз мыкты экен! Бар болуңуз!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген