Жек Лондон: “Мартин Иден” (I)
Романдан үзүндү
I БАП
Эки жигиттин астында келатканы француз ачкычы менен эшикти ача берди. Аны ээрчип келген жаш жигит босогону аттап баратып, башындагы кепкасын олдоксон шыпыра колуна ала койду. Ал деңиз жыттанган жупуну, жүдөө кийимчен эле. Мындай жерди мурда көрбөгөн неме кире бериштеги кенен бөлмөгө кирери менен кадимкидей кысына түштү. Колундагы кепкасын кармалай, эмне кыларын билбей туруп калып, анан аны чөнтөгүнө солоп жиберейин деди эле, ээрчите келген шериги аны акырын колунан алып, илгичке илип койду. Муну ал ушунчалык жөнөкөй, табигый жасады дейсиң, ыраазы боло түшкөн конок жигиттин башынан «менин абалымды түшүнүп турат, уятка калтырбайт», – деген ой жанып өттү.
Таман астындагы пол кудум эле деңиз толкуну сыяктуу бирде өйдө көтөрүлүп, бирде ылдый түшүп бараткансып, кадамын кере таштап, чайпала баса анын артынан баратты. Анын минтип арыштап басканына бул кенен бөлмө абыдан эле тардай сезилип турду – андыктан ийиндерим менен каалганын кырына урунуп, же каминдин үстүндөгү майда-барат буюмдардын бирин серпип кетпегей элем деп апкаарып баратканы. Ары-бери ойт берип баратып, өз оюнан жаралган коркунучту ого бетер күчөтүп атканын билбейт. Рояль менен үстүндө китептер үйүлүп жаткан үстөлдүн ортосунан алты киши кенен өткүдөй эле, ал болсо жүрөгү түшүп атып араң өттү. Эки ийнинен шалактаган шадылуу колдорун кайда катарын билбей кыжалаттана берди. Аңгыча тигил үстөлдөгү китептерге колу тийип кетчүдөй сезилгенде, үрккөн аттай ойт берип, аз жерден роялдын жанында турган табуреткени кулатып ала жаздады. Ал астында эч бир кыйналбай эле эркин, жеңил басып бараткан жолоочусуна көз чаптырып, өзүнүн басканы абдан эле олдоксон экени жана ал башкалардыкына таптакыр окшошпой турганы өмүрүндө алгачкы жолу оюна кылт этти. Мындай ойдон улам намыстана, ичи тыз дей да түштү.
Чекесинен тери чыпылдап чыга түшкөндүктөн, токтой калып, бет аарчысы менен коло түспөлдөнгөн жүзүн аарчыды.
– Артур достум, бир аз токтой туруңузчу, – деди ал кысынып турганын билдирбеске аракеттенип тамашага чаптыра, – биринчи жолкусунда мунун баары мага өтө эле ашыкча болуп кетти окшойт. Эсимди жыйып алганга мүмкүнчүлүк бериңиз. Билесиз да, бул жерге келейин деген эмес элем, анүстүнө сиздин үйдөгүлөр деле мени көргөнгө куштарланып турбагандыр.
– Эчтеке эмес! – деген көңүл жубаткан жооп болду, – бизден эч чочуркабаңыз. Биз карапайым кишилербиз… Эх-ээ! Мага кат келген окшойт!
Артур кысынып сүрдөп турган конокту эркине коюп, үстөлгө келди да катты ачып окуп кирди. Конок да буга түшүнүп, ичинен ыраазы боло түштү. Ал табиятынан эле сезимтал, сергек эле, андыктан апкаарып турганына карабай, анысынан азыр деле жазган жок. Ал тер чыга түшкөн маңдайын дагы бир жолу сүртүп алды да, бөлмө ичине эми токтоо көз чаптырды, бирок көз карашында дагы эле кудум капканга чабылуудан чочулаган жапайы жаныбардыкындай кооптонуу бар эле. Аны айланасында буга чейин дегеле көрбөгөн нерселер курчап турду, бирдеме болуп кете тургансып ичинен опкоолжуганы дагы эле басыла элек, эмне кылаар айласын таппай, олдоксон экенин түшүнүп турду, мунусу анын басканынан, кыймылынан гана эмес, бүт туруш-турпатынан көрүнүп турбайбы. Ансыз да жандан башкача сезимталдыгы тула боюн ысытып, тартынып кысынганы жетер жерине жетип турганда, окуп жаткан катынын үстүнөн Артурдун кылтыйып карап койгону бычак менен ургандай ого бетер эсеңгиретти. Бирок жагдайга бир аз көнө түшүп, баарынан да тартип жайын билип калгандыктан, анын көз карашын жалт кармаса да, байкамаксан болгондой түр көрсөттү. Ошенткени менен бул анын намысын козгоп, эрдемситти. Бул жерге келгени үчүн өзүн өзү ичинен сөгүп да алды, бирок ошол замат эмне болсо, ошол болсун, ырас, биякка келдиби, эми акыр аягына чейин баарына чыдаш керек деди. Өңү сурданып, көздөрүнөн заар учкун жылт этти. Эми эки жагын баштагыдан ишенимдүүрөөк карап, көзгө урунган жагдайдын аки-чүкүсүнөн өйдө эсине тутуп калууга аракеттенди. Анын бакырайган көздөрүнөн эч нерсе жаздым калган жок; бөлмөдөгү кооз буюмдарга ынтаа коюп караган сайын көздөрүндөгү каардын учкуну улам бастап, анын ордун дилинде жылуулук ойготкон суктануу ээледи. Ал кооздукка дайыма кумары артык жан эле, бул жерде болсо андай нерселер жетишерлик экен.
Үй ичин кыдырата караган жигиттин көңүлүн дубалдын бетине илинген майлуу боёктор менен тартылган картина өзүнө бурду. Эбегейсиз зор толкун жээктеги аскага шарпылдап урунуп атыры; ылдый самсаалаган чагылгандуу булуттар асман бетин жылчыксыз жааптыр, ээ-жаа бербей чамынган жаалдуу толкун бетинде уясына отуруп бараткан күндүн кызгылтым нурларына чагылышып, оодарылып кеткидей бери жантайган чакан кеменин палубасы алаканга салгандай көрүнүп турат. Бул бөтөнчө кооз эле, ал эми кооздуктун баары аны дайыма азгырып турчу. Жигит өзүнүн олдоксон басыгын унутуп коюп, сүрөткө жакыныраак келип карады. Бул эмнеси, эмелеки сулуулуктун жыты да жок го. Сүрөт болсо боёк каршы-терши шыбалган, бети одуракай эле бирдеме болуп калыптыр. Саал артына кетенчиктеп туруп кайра карады эле, сүрөт кайрадан баягыдай боло түштү. «Керемети бар сүрөт тура», – деп койду артына бурула берип. Мына бул азем буюмдардын арасынан түккө турбаган амалкөйлүктүн эсесине ушунчалык сулуулуктун садага чабылганына бир аз кыжыры да келе түштү. Живопись деген анын түшүнө да кирбеген нерсе эле. Буга чейин ал алыс менен жакынды бирдей даана, тегиз чагылдырган хромолитографиялык ыкмадагы сүрөттөрдү гана көрүп жүргөн. Ырас, дүкөндөрдүн витринасынан боёк менен тартылган кооз картиналарды да көргөн жайы бар, бирок калың айнектерден улам аларды жакшылап ынтаа коюп караганга болбос эле.
Ал катты окуп жаткан досу жакка бурула берди, үстөлдүн үстүндө жаткан китептерди көрүп калып, кудум тамак көрбөгөн ачка кишиден бетер көздөрү жайнай түштү. Ошол замат дагы чайпала басып жакын келди да, оюн өрөпкүгөн сезим эрксизден бийлеп, китептерди четинен кармалап көрө баштады. Алардын авторлорун жана аталыштарын карап, ичиндеги тексттердин айрым жерлерин күбүрөй окуп, саптардын баарын көзү менен да, колу менен да бир сыйра сылап, эркелетип чыккандай болду. Анан китептердин арасынан кокусунан өзү жакында эле окуган бир китепти тааный койду. Бирок ушул китептен башкасы алардын авторлору сыяктуу эле, ага бейтааныш эле. Ал колуна тийген Суинберндин томун бети албыра түшүп окуп кирип, кызыкканы ушунчалык, өзүнүн кайда экенин унутуп да койду. Китептин окуп жаткан бетине сөөмөйүн коюп, эки жолу жаап, анын авторун кайра карады. Суинберн! Ал муну эсине сактап калат… Бул Суинберн, кыязы, боёктор менен алардын кылдат көлөкөлөрүн абдан даана көрө билген, көзү шумдук курч киши көрүнөт. Бирок бул ким болду экен? Көп акындар сыяктуу эле мындан жүз жыл мурда көзү өтүп кеткен немеби, же азыр деле жазып жүргөн тирүү адам болду бекен? Ал китептин баш барагын карады. Мына турат, Суинберн бул эле эмес, башка китептерди да жазыптыр. Болуптур, ал эртең менен эле ортолук китепканага барат да, ал жерден мунун кайсы бир чыгармасын таап окуганга аракет кылат.
Ал китепке берилип кетип, бөлмөгө жаш селкинин кирип келгенин байкабай да калды. Анын оюн Артурдун заңк эткен үнү күтүүсүздөн бөлүп жиберди:
– Руфь! Бул мистер Иден!
Мартиндин колундагы китеби жабыла түшүп, бурулуп карардан мурда буга чейин кулагы угуп көрбөгөн бул сөздөн бүткөн бою чымырап чыкты. Болуп көрбөгөндөй мындай сезим бөлмөгө аяр баса кирип келген сулуу кыздан эмес, анын инисинин азыр эле өзүн «мистер» деп атаганынан улам пайда болду. Булчуңдары таштай бул чымыр жигитте сезимталдык ушунчалык күчтүү эле, кенедей бир тыштан таасир боло калса деле ойлору удургуп, тула бою ысып, дуулдап кете турган. Кылт эткенди туйган кылдаттыгы менен таасирчилдигинен, аша чапкан кыялкечтиги тынымсыз иштеп, өзүн курчаган нерселердин байланышын, алардын айырмасы менен окшоштугун ажыратып турчу. Ошондуктанбы, аны буга чейин өмүрү эч кимден укпаган «Мистер Иден» деген сөз жалт эттиргени. Аны минтип бир да жан атаган эмес, эс тарткандан жөн эле «Иден» же «Мартин Иден» болуп келбедиби, анан эле «мистер» деп жатышса оңойбу. «Ии, бул эми башка кеп», – деп көтөрүлө компоюп койду ичинен. Анан заматта удургуй түшкөн ойлору чогулуп келип кинотасма тарткан килейген камеранын оозуна сорулуп кирип кеткендей болду, көз алдынан кубалашкан тааныш элестер: от жаккыч жайлар, трюмдар, доктор, кеме токтоочу жайлар, түрмөлөр, арзан тамак-аш саткан трактирлер, бейтапканалар жана урандыга айланып бараткан жепирейген кепе үйлөр чубурду; мунун баары ага көнүмүш болгон кунарсыз, кедей жашоонун өзөгүнө биринен сала бири тизмектелип келип жатты.
Ал бурула берип, кирип келген кызды көрдү. Эси-дартын куюндаткан эмелеки башаламан көрүнүштөр заматта кайдадыр житип кеткенсиди. Маңдайында абадай үлпүлдөгөн, кубакай жүз, жалжылдаган асман ыраң көпкөк бакыраң көздөрү мээрим чачкан, алтын сымал жылтылдаган олоң чачы айдалысынан куюлган ажайып жан келберсип турду. Мартин кыздын үстүндөгү кийимин байкаган да жок, бирок анын өзү кандай татынакай болсо, кийими да ошончолук жарашыктуу экенин билип турду. Оюнда бул айназик кызды ичке сабак аксарала алтын түс гүлгө салыштырып жиберди. Жок деди кайра, бул чынында периште, кудайдын үр кызы болсо керек, мындай көз талдырган сулуулук карабашыл пенде атмайда кайдан болсун. Же коомдун жогорку чөйрөлөрүндө буга окшогон чүрөктөр толуп жатат деп китептерде жазылгандар чын болду бекен? Жанагы Суинберн деген мына ушул кызга арнап ыр жазса болмок экен. Баса, тетиги үстөлдүн үстүндө жаткан китебиндеги Изольданы сүрөттөп атып дал ушуга окшош кыз туурасында ойлогондур, балким? Куюндаган бул ойлор, чымыраган сезимдер жана көз алдыга тартылгандардын баары жылт эткен бир ирмемдей кыска убакытта гана болуп өттү. Сырткы окуялар болсо өзүнүн кадыресе нугу менен уланып жатты. Руфь ага колун суна берди, кадимки эле жигитчесинен олдоксон кармап, бек кыса учурашканда, кыз да жооп кыла ага жалт караганын байкап калды. Башка аялдар Мартин менен кез-кезде гана кол беришкени болбосо, минтип учурашчу эмес. Ушул жерден ага ар кайсыл аялдар менен кантип таанышканы жөнүндөгү эскерүүлөрдүн кызыл-тазыл элестери кайрадан жаба берип, өз кучагына оп тартып кетти. Бирок, ошол замат анын баарын алыс кубалап таштап, маңдайындагы Руфту суктанып карап кирди. Мындай ажайып сулууну ал өмүрүндө көргөн эмес. Өзү көрүп билген аялдарчы…. Ошол замат көз алдына «ошол аялдар» тартыла калды. Чексиздей сезилген бир секунда ичинде сүрөттөрдүн галереясында тургандай болуп кетти, алардын чок ортосунда Руфь турат, анын айланасында болсо сансыз аялдар тизилет, алардын ар бирин Руфь менен салыштырып, баалап чыгыш керек эле. Алардын арасынан фабрикада иштеген тыржыйган арык, купкуу өңдөрү оорудан шапайган аялдарды, шаар четиндеги кыштактардан агылып келип, чоң көчөлөрдө эч нерседен тартынбай шапар тепкен куунак кыздарды; мал кармаган ранчолордо бели бүгүлгөнчө тоңкочук аткан малай аялдарды жана оозунан сигара түшпөгөн Эски Мексиканын кара тору айымдарын көрдү. Анан таманы жыгач кепичтерин кийип алып тыпылдап баскан куурчак сымал жапон аялдары көзгө чалдыкты; алардын артынан жүздөрүнөн тукум бузулуунун белгилери ачык байкала баштаган Евразиянын чийме каш назик аялдары; аларга улай Тынч океандын аралдарындагы ындыкара, тула бойлорун кызыл-тазыл гүлчамбарлар менен ороп, жаап алышкан болпойгон, толмоч аялдар чыга келди. Эң акырында булардын баарын четке сүрүп таштап, көз алдынан үрөй учурган тозоктон чыга келгендей караламан топ – качан караба, Уайтчэпелдин караңгы чолок жолдорунда пароходдордон түшкөн матросторду аңдып, акмалай, кыдырата тизилген, турган турпатына бузуку жайлардын жан чыдагыс саңырсыган жыты сиңип калган, аял кейпинен небак ажырап, жанына киши жологус болуп калган ыпылас жалаптар – порттордун таштандылары, адамзат кайнаган мештин көбүктөрү топурап, кылка жипке тизилгенсип, булар да биринин артынан бири чубап өттү.
– Отуруңуз, мистер Иден, – деп кылая караган кыздын шыңгыр үнү кулагына кирип келди бир оокумда. – Болгон окуяны Артурдан уккандан соң сиз менен аябай таанышкым келди. Бул кылганыңыз абдан чечкиндүү иш болуптур.
Ал башын чайкап, бул арзыбаган нерсе экенин, анын ордунда башка бирөө болсо деле ушинтмек деген тейде бирдемелерди булдуруктаган болду. Руфь ал колун сунганда билегинде жаңыдан айыгып келе жаткан сыйрылган жерин байкап калды; берки колуна көз жиберди эле, анысында да ошондой так бар экен. Андан ары сынай көз чаптырган кыз анын жаагындагы жана маңдай чачынын так түбүндөгү тырыгын, крахмалдатып катырып алган жакасынан улам көрүнө калып жаткан үчүнчү тырыкты байкады. Ал жетишпегенсип тотуккан мойнундагы кыкыйган жакасы өйкөй берип, так боло түшкөн ичке кызыл тилкени көрө коюп бырс күлүп жибере жаздап, өзүн араң басты. Ал жака тагынып жүргөнгө көнгөн эмес окшойт да. Ургаачынын сын көзү анын мүшөктөй көлөктөгөн кастүмүнүн да орой бычымын, ийининдеги ийри-буйру тигиш-бүгүштөрүн, астынан чың булчуңдары чытырап турган жеңдериндеги бырыштарды бир сыйра сыдырып өттү.
Өзү жасаган иштин эч кандай деле бөтөнчөлүгү жок экенин дагы бир жолу кайталаган жигит сыпайылык менен креслону көздөй басты. Отурганы баратып көзүнүн кыйыгы менен Руфтун эркин жана келишимдүү кыймыл менен диванга олтурганын суктана караганга үлгүрдү, өзүнүн одоно туруш-турпатын элестете коюп, ого бетер уялып кетти. Бул жердегинин баары ага жаңылык эле. Анын өзү эби жокпу же чапчаңбы, бул туурасында ойлоп да койбогон экен. Өзүнө сырттан карап баа берүү деген анын оюна да келген эмес. Эми колдорун кайда катаарды билбей, этияттык менен креслого жетип, коомайлана четине отура кетти. Кайда койсо да колдору эч жакка батпай койду, минтип сүрдөп турганда какаганга муштаган болуп Артур да так ушул маалда сыртка чыгып кетиши керек да. Мартин Иден аны кыжалат болгон түр менен узата карап, ээн бөлмөнүн ичинде аял кейпиндеги куба жүздүү пери менен бет маңдай жалгыз калды да, апкаарып сүрдөгөнүнөн өзүн таптакыр жоготуп койду. Кара басып, бул жерде ичимдик турчу жер да көрүнбөйт, же пийвага чуркатып ийгенге да жубарымбектер жок, анткени мындайда ээн эркин кеп баштаганга шараптын жардамы куп гана тиет эле да.
– Сиздин мойнуңуздагы тырык, мистер Иден, эмнеден болду эле? – сурап калды кыз, – балким, бул кандайдыр өзгөчө окуядан улам болгон чыгаар?
– Мексикалык бир жигит бир жолу мени бычак менен уруп калды эле, мисс, – жооп берди ал тили менен эрдин жалана, анан тамагын жасап жөтөлүп койду, – анан кармаша кеттик. Мен анын бычагын жулуп алганымда, ал менин мурдумду тиштеп ала жаздады.
Муну ал жупуну, колдур тили менен айтып койду, бирок ошол замат көз алдына Салина-Круцтагы көөдөй кара, абасы үп, жылдыздуу дымкыл түндүн элестери: жээктин ак тилкелери, кант жүктөлгөн кемелердин оттору, мас матростордун бакылдаган дооштору, топураган жүк ташуучулар, жини башына тээп, өң-алеттен кеткен мексикалык баланын жылдыздын жарыгында жырткычтыкындай жылтырап күйгөн көздөрү, мойнуна кадалган болот бычактын муздагы, дирилдеп аккан кан, дүүлүккөн караламан топтун кыйкырык ызы-чуусу, кумдагы чырмалышкан эки дененин ары бери аласалып тоголонгону жана гитаранын алыстан угулган мукам шыңгыр, кусадар добушу тартыла калды. Ошондой болбоду беле, аны эстегенде селт этип алып, тетиги дубалдагы картинаны тарткан неме ушунун баарын так өзүндөй келиштирип сүрөттөй алаар беле деген ой кылт этти. Агыш жээк, жылдыздар, жүк ташуучу кемелердин оттору – анын баары сүрөттөн укмуш көрүнмөк, ал эми алардын чок ортосунда, кумда мушташып жаткандарды чуркурап тегеректеп алган сүрмө топ удургуп турмак. Картинада бычакты да көрсөтүп койсо болот эле – жылдыздарын жарыгына болоттун чагылышып турганы шумдук кооз чыкмак!
Бирок бул жөнүндө ал ооз ачкан да жок.
– Ооба, ал аз жерден менин мурдумду тиштеп ала жаздады, – кайталады ал.
– О! – ак тамагы кылайган кыз таң кала түштү, анын үнүнөн, жүзүнөн өзүн бир аз жогото түшкөнүн байкады. Мартин аны карап өзү да абдырай түштү, күнгө күйгөн жүзү боёк чачып ийгенсип ого бетер кызарып кетти. Бирок бети өзүнө оозу ачык мештин маңдайында олтурган адамдын бетиндей алоолонуп жаткансып сезилди. Үлбүрүгөн ак сөөк айым менен бычакташып мушташкандай жагымсыз нерселелер туурасында аңгемелешүүнүн өзү осол иш болоор. Китептерде анын чөйрөсүнө таандык адамдар эч качан минтип сүйлөшпөсө керек, балким, алар мындайды билбейт да чыгаар.
Жаңыдан башталып келаткан сөз ушинтип үзүлө түштү. Руфь эми анын жаагындагы тырыгы жөнүндө суроо узатты. Мунусу кыздын аны менен өзүнө гана тааныш нерселер туурасында сүйлөшүүгө аракет кылыбатканын түшүндү, шарт эле жооп берип, анан кеп нугун Руфтун өзүнө жакын темаларга бурууну чечти.
– Мындай окуя болду эле, – деди ал жаагын сыйпалап, – бир жолу түндө чоң толкун болуп, гротту (кеменин тумшугу жагындагы мачта – Б.Ш.) шаймандары менен кошо жулуп кетпеспи. Болот зымдан эшилген аркан жыландай ийрелеңдеп, карматпай туйлап, туш келди чапкыланып кирди. Аны кармайбыз деп бүт вахтанын жабыла убараланганын айтпаңыз. Мен болсом шак эле үстүнө жата калдым да кармап бекиттим, ошол кезде жаагым тыз дей түштү эле.
– О! – Руфь дагы кыйкырып жиберди, ага «грот», «трос» деген сөздөр кытайдын катындай түшүнүксүз болсо да, бул сапар үнүндө аёо бар эле.
– Жанагы… Свайнберн, – деди ал ойлогон оюн орундатууга аракеттенип, бирок атын туура эмес айтып алды.
– Ким дейсиз?
– Свайнберн, – деди ал кайталап, – акынчы.
– Суинберн десеңиз, – Руфь аны түзөп койду.
– Ооба, ошол, – деди ал дагы кызара түшүп, – эчак каза болсо керек?
– Анын каза болгонун укпаптырмын, – деди Руфь ага таң кала тиктеп, – а кишини билесиңерби, каерден тааныштыңар эле?
– Жо-о, мен аны өмүрү көргөн эмесмин. Азыр эле сиздин келериңиздин астында үстөлдүн үстүндө жаткан тетиги китепчеден кээ бир ырларын гана окудум. Анын ырлары сизге жагабы?
Өзүн кызыктырган нерселер туурасында кыз ыргактуу, эркин сүйлөп кирди. Мартин эми бир аз өзүнө келе түшүп, креслого дагы тереңирээк ныгырылып олтурду, тимеле астынан жыла качып өзү кулап түшчүдөй анын туткасынан бекем мыкчып да алды. Ал кызды кызыктырган тема тапканына ичинен ыраазы, угуп отуруп, бирде анын алмадай болгон башына ушунча көп билимдин кантип батканына таңыркап, бир туруп үлпүлдөгөн ай чырайына кумарлана бүткүл дитин коюп тыңшап отурду. Укканын жакшылап түшүнсөм дегенге эки көзү төрт, кыздын эриндеринен шыр куюлуп аткан бейтааныш сөздөр эсин оодарып жатты, анүстүнө, кыздын ой жоруму да ага таптакыр жат эле. Ошенткени менен мунун баары анын акылын ойготуп, ишке салды. Мына, маданияттуу, билимдүү жашоо деп ушуну айт деп ойлоду ал, көз уялткан керемет сулуулук мында жаткан турбайбы, мунун бирин да ал билбептир. Бүт нерсенин баарын унутуп, көзүн кыздан албай отура берди. Ооба, көктөн издегени бул жерден табылып отурат, жан үрөп жашап, жеткенди көксөп умтулаары, керек болсо, кара жандан кайыл боло кечип кете турган кымбат нерселер эмеспи булар. Китептерде айтылгандар чындык тура. Бул жарыкта ушундай аялзаты да болот экен э. Мынакей алардын бири. Руфь анын кыялдарына канат бүтүргөндөй болду, көз алдына романтикага толгон сырдуу элестер, махабаттын, акжуумал, алтын түс ушул аялзаты үчүн оттон-суудан кайтпаган баатырдыкка ойлонбой бой уруунун ирмемдери жылоолонгон, көздү уялткан, чалкыган картиналар тартыла түштү. Закымдай дирилдеген бул керемет элестердин арасынан ал өзүнө өнөр менен адабият туурасында айтып берибаткан тирүү аялды көрүп турду. Ага огеле кадала тиктегенин сезбей, өзүнүн эркек таналык напси күйүп турган көздөрүнөн чачырап турганын аңдыбай, аны бериле угуп, аңкая карап отура берди. Бирок эркектерди, алардын жашоосун жакшы биле бербеген Руфь Мартиндин от чачыраган көз карашын аялдык аяр сезими менен кокустан байкай коюп, чочуп, ошол замат сактана түштү. Ушул убакка чейин бир дагы эркек аны минтип караган эмес, бул көз караш анын эсин оодарып, уялтып жиберди. Кыз мукактанып барып унчукпай калды. Талкуунун учугун да колунан чыгарып жибергендей окшоду. Бирок көздөрү жалын чачкансыган бул адамдан чочулап турса да, анын минтип караганы баары бир эмнегедир кызга жагып турду. Руфтун алган тарбиясы бул сыяктуу опурталдын жана мындай сырдуу, айлакер сүйкүмдүүлүктүн таасиринен сак болууга үйрөткөн; бирок ага карабай эле сокур сезим канын ойнотуп, өзүнүн тегин, коомдогу мартабасын унуткарып, мына бул колдору тытылган, мойнунда кызарган тагы бар, башка дүйнөнүн коногу өңдөнүп капылет келип калган, айтканына караганда, өзү жашаган карапайым көр турмушту беш колундай билген жаш жигитке эмнегедир тартып туруп алды. Кыз периштедей пакиза жан эле, ошол аруулугу бул азгырык сезимге жол бергиси келбей, каршылык кылып, үнсүз чыркырап турду; бирок насили кантсе да ургаачы эмеспи, аялдын таңгалыштуу табияты эмитен гана өзүнө ачылып келаткан жаш селкинин али өзү толук туя элек, тээ тереңде катылып жаткан ышкысы ушинтип тымызын козголуп баратты.
– Мен эмне дедим… Эмнени айтып аттым эле? – деп кыйкырып жиберди сөзүн токтото калып Руфь, анан кайра шыңкылдап күлүп калды.
– Сиз ошол Суинберн деген улуу акын болбой калгандыгынын себебин айтып келаткансыз… ооба… мына ушул жерден токтодуңуз, мисс…
Ошентти да ачкадан өзөргөн адамдан бетер башы эңги-деңги боло түштү. Руфтун шыңгыр күлкүсүнөн тула бою дуулдап ысып чыкты. Чиркин, үнүнүн тазалыгын карачы, кадимки эле жылаажын, даана күмүш коңгуроо тимеле; мына ушул көз ачып жумганчалык ирмемде Мартин алыс бир өлкөгө учуп кеткенсиди, ал жакта бажырая гүлдөп турган кызгылтым мөлтүр алчанын түбүндө жайбаракат чылым түтөтүп, камыш сандалчан кудайы пейил момундарды тайынууга чакырган, асманга кайкалаган чатырынын бурчтары шиштүү кечилканынын коңгуроолорун угуп отургансып сезип кетти өзүн.
– Ооба, ооба… ырахмат. – Суинберндин улуу акын болбой калышынын себеби – кээ бирде ырларында оройлукка алдырып жиберген жактары бар. Айрым ырларын кишинин окугусу да келбейт. Чыныгы акындын ырынын ар бир сабы терең ойго бай келип, окуганды өзүнө имерип арбап, аны адамдагы улуулукка, керемет касиет-сапаттарга үндөп чакырып турат эмеспи. Улуу акындардын бир сабын да жараксыз деп чийип салууга мүмкүн эмес. Анткенде бул дүйнө үчүн зор жоготуу болмок.
– Мага азыр эле окуган жерим жаккансыды эле, – деди ал ындыны өчө түшүп. – Бирок анын мындай шүмшүк экени оюма да келбептир. Мунусу башка китептерине да жуккан чыгар.
– Анын жанагы силер окуган китебинде эч бир ойлонбой туруп чийип таштай турган саптары толтура, – деди Руфь ишенимдүү.
– Мага алар туш келбесе керек, – деди ал, – бирок мен окуган ырлары мыкты экен. Жан-дүйнөмдү кудум күндүн же прожектордун нурундай жарытып жибергендей болуп кетти. Мага ушундай сезилди, мисс, бирок менин ыр туурасында таптакыр түшүнүгүм жок болсо керек…
Айтарын айтты да тилинин чоркок экенине кыжалаттана түшүп унчукпай калды. Азыр эле окуган ырларынан ал жылуулуктун илебин жана жашоо турмуштун чалкыган ченемсиз тереңдигин сезген эле, бирок мунун баарын түшүндүрүп берүү үчүн ага сөз байлыгы жетишкен жок. Өзүнө өзү көөдөй караңгы түндө чоочун кемеде, бейтааныш жабдууларга чалынып, ар кайсынын арасында адашып жүргөн матрос сыяктуу болуп көрүндү. Макул деди ал чечкиндүү, демек кандай гана болбосун, акыл-эсин азгырып, тынымсыз кубулган бул чоочун ааламды ал сөзсүз багындырышы керек. Ал каалаган нерсесине эч качан жетпей койгон эмес, азыр да тартынып, кысынып турганына карабай, Руфка өзүнүн сезимдери менен оюндагысын туура түшүндүрүп айта алгыдай деңгээлге жетишим керек деп ичинен катуу шерт бекитти. Руфь болсо эчак эле анын акылы жеткен нерсенин баарын айтып салбадыбы.
– Мына, мисалы Лонгфелло… – кайрадан кебин улады кыз.
– Ооба, ооба. Мен окугам аны, – деди жандана калган Мартин Руфтун сөзүн бөлүп, мунусу менен өзүнүн адабият жаатынан аз-маз болсо да кабардар экенин тезирээк көрсөтүүгө ашыкты. Өзүн таптакыр дөдөй эмес экендигин далилдегиси келди.
– Мен «Турмуш ырларын», «Эксцельсиорду» окугам… Окугандарым ушулар эле болду окшойт.
Руфь күлүмсүрөп башын ийкеп койду, Мартин анын жылмаюусунда кечиримдүүлүктү, болгондо да аны аяп, боор ооруган сыяктуу кечиримдүүлүктү сезди. Өзүнүн жарыбаган азыноолак билгендерин айтам деп осол болуп калды окшойт. Анткени мына бул Лонгфелло да сансыз китептерди жазса керек.
– Ар кайсыны келжиреп сөзүңүздү бөлгөнүмө кечирип коюңуз, мисс, – чынымды айтсам, мындай нерселерге башым анча деле жете бербейт. Бирок мына көрөсүз, буга мээм жете тургандай кылганга умтулам.
Бул сөздөрү опузалагандай угулду. Үнү дирилдеп, көздөрү жанып, уурттары бүлкүлдөп кетти. Кызга жадагалса, анын жаак сөөктөрү да оркоюп чыга түшкөндөй көрүндү. Ырайы сурданып, караганга жагымсыз эле. Ошого карабай, андан күпүлдөп уруп турган кайраттуулук менен тайманбастыктын ысык толкуну Руфту да каптап өткөндөй болду.
– Албетте, ишенем, сиздин акылыңыз буга жетет, – деди ал наздана жагымдуу жылмайып. – Сиз абдан күчтүүсүз!
Руфтун назары сыдырылып барып Мартиндин буканыкындай жоон, күнгө күйгөн, чың мойнуна түштү. Жигиттин абыдан эле кысынып, апкаарып олтурганы жагып, Руфту ого бетер ага тартып кирди. Кыз оюнда азыр ушул моюндан кучактай турган болсо, анын болгон кайрат-кубаты өзүнө өтүп кете тургансып сезилди. Күтүлбөгөн жерден айыбы ачылгансып, бул оюнан өзү да уялып кетти кыз. Ушул убакка чейин ага кара күч олдоксон, орой сезилип келген эле. Кыялында самаган жигити сулуулук менен назиктик айкалышкан, илбериңки, арык чырай, шыңга бой, кылдат кыймылдуу болууга тийиш эле. Бирок анын бүткүл дитин капылет келген таң каларлык башкача бир сезим бийлеп туруп алды. Жигиттин мына бул күнгө күйгөн мойнунан кучактап алсам деген каалоосу кайдан пайда боло калганын өзү да түшүнбөй турат. Анткен менен мунун баары жөпжөнөкөй эле нерсе эле. Табиятынан назик жаралган кыздын чыбыктай денеси менен акылы жетишпей турган мына ушундай алп күчкө тымызын зар эле. Ал муну мойнуна алгысы келген жок, бирок оргу-баргы карапайым сөздөрү кулагына орой угулса да, буга чейин бир да эркектана анын ургаачылык жан дүйнөсүн мобул олдоксон жигиттей аңтар-теңтер түшүрө алган эмес.
– Ооба, негизи менин ден соолугум буканыкындай эле, – деди жигит, – керек болсо, дат баскан темирди да сиңирип жиберем. Бирок, азыр бир нерсени, сиз айткан нерселердин көбүн сиңире ала тургандай эмесмин… Анткени мени эч ким, эч качан мындай нерселерге үйрөткөн эмес. Мен китептерди, ыр окуганды абдан жакшы көрөм, кенедей бош убактым боло калса эле окуп кирем. Бирок алар туурасында эч качан сизчелик ой жүгүртө албайм. Ошондуктан китептер жөнүндө туура пикир айтуу мага кыйын. Ишенсеңиз, бул иште өзүмдү картасы, компасы жок чоочун деңизде калган матростой сезип турам. Бул жерде мен кептин эмне туурасында болубатканын билгим келет. Мүмкүн сиз мага жардам берерсиз? Сиз мынча көп нерсени кайдан билип алгансыз?
– Мен окудум да, мектепке баргам, – деди Руфь.
– Бала кезде мен деле мектепке барганмын, – деп койду ал.
– Ооба, бирок мен орто мектепти бүттүм, анан университетке, лекцияларга барып турдум…
– Сиз университетте окугансызбы? – сурап жиберди жигит таң кала. Экөөнүн ортосундагы айырма ошол замат миллиондогон чакырымдарга созулуп кеткенсиди.
– Азыр деле ошол жакта окуп атам. Англис филологиясы боюнча атайын курска барып турам. Мартин «филология» деген эмне экенине башы жетпей, өзүнүн дөөпайлыгына да бир жолу ичинен кемсинип алып, анан мындай деп сурады:
– Эгерде мен университетке киргим келсе, дагы канча окушум керек?
Руфь анын бул ниетин кубаттагысы келди.
– Бу сиздин мурда канча окугандыгыңызга жараша болот. Сиз орто мектепте такыр окуган жоксузбу? Ооба, окуган эмессиз да, кайдан… Бирок башталгыч мектепти бүтүргөнсүз да?
– Эки гана жыл калганда чыгып кеткем, – деди ал. Бирок, дайыма сыйлык алып окучумун.
Ошол замат, ашыкча мактанып жибергендигине кыжыры келип, креслонун туткасын катуу кысып жибергендиктен, манжалары ооруп сыздай түштү. Аңгыча болбой, үйгө бир аял кирип келди. Руфь ордунан тура калып, анын алдынан утурлай басты. Экөө ийин ала кысышып, өбүшүп көрүштү да, анан колтукташкан бойдон Мартинди көздөй чогуу басышты. Бул Руфтун энеси болсо керек деп ойлоду Мартин. Ноочо бойлуу, асемдеп тараган ак саргыл чачтуу, сымбаты сулуу бул аял ушундай мартабасы ашкан берекелүү үйдүн кожейкеси дей тургандай келишимдүү да кийинип алыптыр. Адемдеп тигилген көйнөгү караган көздү кубандырат. Аны карап туруп Мартиндин эсине бир кезде сахнадан көргөн аялдар келе түштү. Дал мына ушундай жарашыктуу кийинген, келбети зыңгыраган аялдарды ал Лондондун театрларынын кире бериштеги кенен жайларында полицай көчөгө кууп чыккычакты демин ката, жалдырап көз албай карай бергенин эстеди. Ага улай эле көз алдына Нокогамдын Гранд-Отелиндеги алыстан гана көрүп жүргөн аялдар тартыла түштү. Анан да Нокогамдын, уу-дуу түшкөн башка шаарлардын жана гавандардын жыбыраган элестери көз алдынан зымырай чубап өттү. Бирок ошол замат мунун баарын оюна жуутпай алыс кубалаганга өзүн мажбурлап, болгон дитин өңүндө болуп жаткан нерселерге бурду. Руфтун энеси менен тура калып саламдашып, өзүн тааныштыруу керек экенин түшүндү, бирок шымынын тизе тушу көлбөктөп чыга түшөөрүн сезип, креслодон араң козголду. Колдору шалдайып, азыр эми дагы бир сыноодон өтөрүн ойлоп, кыжалаттана түштү.
(уландысы бар)
