| |

Жек Лондон: “Мартин Иден” (III)

3/5 - (2 добуш)

Романдан үзүндү. Калган бөлүктөрү: I, II

III БАП 

Тепкичтен ылдый түшүп баратып Мартин Иден чөнтөгүнөн бир чымчым мексика тамекисин, бир үзүм жука күрөң күрүч кагаз алып чыгып, тамеки ороду. Ыракаттана терең сорду да түтүндү шашпай алкактанта өйдө үйлөдү. 

– Туй ата! – деп жиберди ал маашырлана таңгалып. – Туй ата! – деди дагы кайталап, бир саамга унчукпай калды да анан дагы бир жолу күбүрөдү: – Ох ата! Анан кыкыйган жакасын чечип чөнтөгүнө урду. Сыртта муздак жаан шыбыргактап турган экен, бирок жылаңбаш, көкүрөгү далдая ачык Мартин эч нерсеге көңүл бурбай, теңселе басып келе жатты. Жаап аткан жаанды сезген да, тоготуп да койгон жок. Өзүн өзүнө унуткарган чексиз жыргалдын кучагында магдырайт, өңүндө түш көрүп жаткансып, эмелеки көргөндөрүнүн баарын кайрадан эстеп келатты. 

Мына, ал, мурда чыны, кээде гана ойлой калып кыялында элестете жүргөн аялга жолукту, аялдар туурасында ой жүгүртүү ага таандык мүнөз эмес эле, бирок ошентсе да бир күнү эңсегенине жолугам деген бүдөмүк ой санаасынан сыдырыла калып жүрчү. Жолукканда да кандай аялга жолукту дейсиң, аны менен бир үстөлдө чогуу отуруп, колун кысты, көздөрүнө тигиле карап, алардан бул ааламга жарык чачып турган ченде жок сулуулукту, анын үлбүрөгөн жан дүйнөсү катылган чыбыктай денесин көрдү. Бирок аны Мартин кадимки дене деп ойлогон жок. Бул ага ачылыш болду, анткени Мартин эч качан аялдар туурасында минтип өзгөчө ойлонгон жан эмес эле. Кыздын денеси бөтөнчө эле, демек, ага кадыресе оору-сыркоо деген жологус болууга тийиш. Бул дене кыздын жанын гана катпай, анын ички дүйнөсүн нурдантып, сөз жеткис кудайы керемет маңызынын аруулукка, кооздукка айланышы эле. Мындай шумдуктуудай кудайы таасир Мартиндин жакасын карматып, анан эргиген кыялдарын бир паста тозутуп жиберди да, кадыресе көнүмүш ойлорго кайтарды. Ушул убакка чейин анын аң-сезими бир да сөз, бир да кеңеш, бир да ишара аркылуу жараткандын бул сыяктуу кереметине чалдыгып көргөн эмес. Мартин эч качан мындайга ишенген жан эмес эле. Ал дайыма дини жок жашаган пенде катары, молдолор менен жандын өлбөстүгү жөнүндөгү чыгармаларды күлкүгө алып, келекелеп келген. Өзүнө-өзү «тигил дүйнөдө» эч кандай жашоо жок, болушу да мүмкүн эмес; бардык жашоо ушу гана жарык дүйнөдө, андан аркысы түбөлүктүү караңгылык деп койчу. Бирок анын азыр Руфтун карегинен көргөндөрү – өлбөй турган жандыкы эле. Өзү буга чейин билген эркектер менен аялдардын бири да анда өлбөстүк жөнүндө азыркыдай ойду жарата алган эмес. Ал эми Руфь болсо так ошондой ойду жаратпадыбы! Ал бир карап туруп эле муну кулагына шыбырап койгонсуду. Руфтун жүзү кайрадан көз алдында жайнап турду, ак куба тартып, токтоо, сүйкүмдүү, анан да бото көздөрү делебени козгоп, ушунчалык назик жана боор тартып караганычы, минтип дегеле Мартиндин оюна түк келбеген аруулуктун нурун периштелер гана чачып карай алат болушу керек. Анын пакизалыгы Мартинди айран-таң калтырып, эсин оодарып жиберди. Дүйнөдө жакшылык менен жамандыктын ар дайыма жанаша жүрөрүн ал жакшы билчү, бирок кубулуп турган бул тирүү жашоонун бир белгиси дал ушундай ченде жок аруулук экени оюна да келбептир. Эми айкалышы түбөлүк жашоо эсептелген ошондой аруулуктун, кайрымдуулуктун жана ныпым кемчилиги жок күнөөсүздүктүн эң жогорку үлгү даражасын Руфтан көрүп тургансыды. 

Ушул замат аны өлбөстүккө жетишүүнү күсөгөн каалоосу кучагына тартып кетти. Ал кыздын суу ташыгычы болууга да татыктуу эмес экенин, бүгүн кечте аны менен сүйлөшүп отурганынын өзү ага күтүлбөгөн укмуш бакыт болгонун түшүнүп турду. Албетте, бул чынында кокустук гана эмеспи. Мындайга жеткенге ал эмгек сиңирген эмес болчу, болуп көрбөгөн бул таалайга татыктуу да эмес эле. Анын эси-дартын эми пейилин чалкыткан диний маанай бийлеп туруп алды. Заматта жарык дүйнөнүн жыргалынан баш тартып, жанынан кечип салчу кишинин кейпин кийип калды. Күнөөсү арбын адам тобо келтиргенге мына ушундай абалда барат. Анын да айыбы ашкере болбодубу. Бирок кылган күнөөлөрүнө өкүнүп, жалбарып зарлап ыйлап, тобо келтирип, андан кийинки жыргалына көзү ачылган бардык күнөөкөрлөрдөй эле ал да кызга жетер мүмкүнчүлүктү тартуулай турган алдыдагы бактысына жетине албай турду. Бирок бул туурасындагы ниет тилектер туманда калгандай бүдөмүк эле, алар буга чейинки демейде боло келген ойлоруна түк коошпой жатты. Ээ жаа бербеген кыялдары ага канат бүтүргөнсүп, көз кайкытып, башты тегеренткен көгирим бийиктикте не бир жаркын, не бир ажайып сонун нерселерге ыракаттана суктанып, Руфь менен сыр чечише, жанаша каалгып учуп жүргөндөй болуп кетти. Бул бардык куник орой нерселерден арылган кош жүрөктүн эркин байламдуу чабыты эле, бирок канча чымырканса да кадыресе ойлордун аягына эч бир чыга албай жатты. Ага аракет деле кылган жок. Дегеле эч нерсе туурасында ойлогусу да келген жок. Кыялы акыл-эсин тумандатып, жан дүйнөсүнүн буга чейин өмүрү туйбаган сезимдерин толугу менен эркине таштап коюп, күүлдөп турган жашоонун чегинен чыга, шуудуруган кусага толкуп ташыган мухиттин агымы менен агып кете берди. Кадимки мастай темтеңдеп, өзүнчө угулаар угулбас кобурап баратты: 

– Туй, ата! Ушундай да болот экен э! 

Бурчта ары-бери баскандарды бакылап турган полицейский кайра-кайра ага шектүү карап, басыгынан матрос экенин байкады да: 

– Тоюп алган экенсиң э эргул? – деп сурады. 

Ойлору удургуган Мартин ошондо эсине келди. Ал табиятынан ички ийкемдиги, сырткы жагдайга бат ыкташа калчу жөндөмү менен айырмаланчу. Ошондуктан полицейдин үнүн угар замат, эсине келе түштү. 

– Шумдугуң кур! – деди күлүп жиберип, – өзүм менен өзүм сүйлөшүп келе жатканымды билбей калган турбаймынбы. 

– Дагы бир аздан соң ырдап да киресиң, – деди полицейский анын ахывалын байкап. 

– Жо-ок, ырдабайм этпейм эле, андан көрө, ширеңкеңиз болсо бериңизчи, чылым жандырып алайын, анан трамвайга түшөм да үйдү көздөй кетем. 

Ал чылымын күйгүзүп алып, полицейскийге түнкү күзөтүнүн бейпил болушун тилеп, андан ары жолун улады. 

– Ушул эми сизге жагабы, ыя? – деди ал өзүнө-өзү булдуруктап, – бул кеңкелес мени мас деп ойлоду! – ал бырс күлдү да, ойлогону бул болду: «А мен чын эле кызуу турбайымбы; ургаачынын сулуулугуна мас болом деп түк ойлогон эмес элем». 

Телеграф-авенюда ал Берклиге кетип бара жаткан трамвайга секирип түшүп алды. Вагондун ичи студенттик шаңдуу ырды созолонткон жаштарга жык толтура экен. Аларга кызыгуу менен карап баратат. Булар университеттин угуучулары боло турган. Алар да Руфь барчу лекцияларга катышып, Руфь чыккан чөйрөдөн чыгышкан, каалашса, аны менен качан болсо да таанышып, күндө амандашып көрүшө алат. Бирок, муну каалашпайт тура, алар Руфь менен аңгемелешүүнүн, ага суктана берилип, урматтап карап отургандын ордуна, минтип көрүнгөн жерде максатсыз каңгып жүргөндү артык санашканын көрүп, таңыркап да кетти. Анан назары кокусунан эрди калбык, жүлжүк көз бир студентке түшө калды. Эч бир түзүк ишке жарабас, суу мурун балакай деп ойлоду ал. Эгерде бул кемеде болсо коендой коркок, ыйлаак, анан да жеткен ушакчы болмок экен. Мартин өзүнүн бул мадыра баштан алда канча өйдө турганын ойлоп, ага абдан кубанып да алды. Анткени бул ой аны Руфка дагы жакындаткандай сезилип кетти. Эми өзүн ушул студенттер менен салыштырып кирди. Денеси таштай чың, чымыр булчуңдары ойноп турат, кааласа, булардын кимисин болбосун жалпайта чаап салат. Бирок, булардын баштары толтура билим, бул болсо аларга Руфь менен бир тилде сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк берет. Мартиндин көңүлүн чөгөргөн ой ушул болду. Бирок ал ошол замат мээ мага деле бекеринен берилген эместир деп ойлоду. Алар жеткенге мен деле жете алам. Ал чыныгы жашоо менен алпурушуп жүргөндө булар аны китептерден гана үйрөнө башташкан эмеспи. Анын деле башында билим толтура, бирок бул башкачараак билим. Кана, алардын кимиси парусту кере тартып, рулду башкара алат же вахтага тура алат? Ошол замат көз алдынан кадам сайын опурталга толгон, тобокелке салган тайманбастык менен бар –жокко бардаш кылган жашоосу чубуруп өттү. Машыгып жүргөн кезде баштан өткөргөн окуяларынын барысы эсине түштү. Бирок, андан дагы эле болсо уттурган жери жок. Качандыр бир кезде мобулардын ичинен да кимдир бирөөсү чыныгы турмуш менен бетме-бет кезигишер, ага да Мартин көргөндөрдүн баарын көрүүгө туура келер. Ошондой эле болсунчу. Ал көргөндү тигилер жонунан өткөрүп сезе баштаганда, Мартин жашоонун башка жагын китептерден үйрөнө баштайт. 

Трамвай Окленд менен Берклинин ортосундагы курулуштар сейрек тилке жерден келе жатты. Мартин Иден трамвайдын эшигинин үстүндө «Хиггинботамдын чекене дүкөнү» деген жазуусу бадырайып турган үйдүн тушуна жетишин зарыгуу менен күтүп келатыры. Акыры трамвай үйгө тушма-туш боло бергенде, секирип түштү да, жакын келип алиги жазууга бир мүнөтчө кез жүгүртүп туруп калды. Жазуу андагыны окугандан тышкары да алда канча көп маани берип турду. Жадагалса, андагы тамгалардан да майдачыл текебердиктин, өзүмчүлдүктүн, боор ачыткан кунарсыздыктын илеби уруп тургансыйт. Ал эми Бернард Хиггинботам деген неме болсо Мартиндин эжесин алган жезде сөрөйү, ошондуктан анын сырын беш колундай жакшы билет. Мартин ачкычы менен эшикти ачып, үйдүн экинчи кабатына көтөрүлдү. Жездесинин жашаган жери ушул. Дүкөнчө ылдыйда турганы менен чириген жашылчалардын сасык жыты экинчи кабатка чейин саңырсып уруп турат. Ал караңгы оозгу үйдөн өтүп баратып, жайнаган жээндеринин бири жыйнабай унутуп койгон оюнчук арабага чалынып кетти да эшиктин каалгасына карс эте урунду. «Кессе кан чыкпас битир, – деп ойлоду ал жездесин, – мында жашаган адамдар чалынып жыгылып, мурдун талкалап албасын деп газга эки цент ашыгыраак төлөп коюуга да көзү кыйбайт». 

Анан сыйпалабатып, эшиктин туткасын араң таап ачты да эжеси менен Хиггинботам олтурган жарык бөлмөгө кирип барды. Эжеси күйөөсүнүн дамбалын жамап олтурган экен, тигиниси болсо апкыты мыйрык эски килем тапичкесин илип алып, сөөгү оркойгон буттарын бири бирине учкаштыра гезит тиктеп отуруптур. Мартин бөлмөгө кирип келери менен окубаткан гезитинин төбөсүнөн капкара, жылтыр митаам көздөрү менен карап койду. Мартин Бернардды башынан эле өлөөрчө жек көрө турган. Эжеси мындай неменин эмнесин жактырды экен? Ал Мартинге ыпылас курттай сезилип, көргөндө эле таманы менен эзгилеп жанчып салгысы келип турчу. «Акыры бир күнү мунун тумшугун талкалабасамбы», – деп өзүн сооротуп койчу, мына ушул ой гана ага бул адамга чыдаганга жардам берчү. Көрбөйсүңбү, жездеси азыр да жырткычтыкындай заар көз карашы менен Мартинди жактырбай карап турганын. 

– Ии, эмне болуп кетти? – сурады Мартин жипкире түшүп. 

– Каалганы өткөн жумада эле сырдатканбыз, – деди мистер Хиггинботам не капаланганы, не ачууланганы билинбей, – азыр турак-жай оңдогон союздар кандай акы сыйрып алыбатышканын сен кайдан билмек элең. Этияттасаң болбойбу! 

Мартин буга жакшылап туруп жооп кайтармак эле, бирок, баары бир анысынан эч натыйжа чыкпасын түшүнүп, ал оюнан кайтты. Көңүлүн алагды кылыш үчүн дубалдагы илинип турган хромолитографияга көз чаптырды. Таң кала түштү. Бул сүрөт ага жакчу, бирок бүгүн аны биринчи жолу көргөнсүдү. Сүрөт ушул кепедеги башка буюмдардай эле үчүнчү сорттогу арзыбаган бир буюм болчу. Анын көз алдына өзү азыр эле көрүп келген үй тартыла түшүп, адегенде дубалда кыдыракей илинип турган сүрөттөрдү, анан коштошоордо мээримдүү жылмая колун кыскан Руфту көрдү. Ал өзүнүн кайда турганын, Бернард Хиггинботамдын бар жогун да унутту, качан гана ал сураганда эсине келди: 

– Эмне, көзүңө арбак көрүндүбү?

Мартин анын заары учкундаган митаам көздөрүнө тигиле карап туруп, бир оокумда Хиггинботам дүкөндөгү товарын сатып жатканда бул көздөрдүн майланышып, жагынган, кудум эле кулдукундай бөйпөңчүл ыраң болорун эстеп кетти. 

– Ооба, – деди Мартин, – арбак көрүнүп атат. Түнүңөр бейпил болсун! Жакшы жатып жай тур, Гертруда! 

Ал эшикти көздөй баратып килемге дагы чалынып кетип, аз жерден дагы кулап түшө жаздады. 

– Эшикти катуу жаппа, – деп корс этти артынан заар эскерте мистер Хиггинботам. 

Шарт кайрылып, ага бурула калган Мартиндин каны башына тээп чыкты, бирок өзүн кармап сабыр кылды да эшикти акырын жаап чыгып кетти. 

Мистер Хиггинботам болсо аялына табасы кана карады да: 

– Мас, – деди кирикиреген үнү менен, – мунуң тоюп келет деп айтпадым беле! 

Аялы жасакерлене баш ийкеди:

– Чын эле, көздөрү коюуланып тургансыйт. Мойнундагы жакасы да жок, үйдөн чыкканда тагынып кеткен эле. Мүмкүн, анча деле көп ичкен эместир. 

– Эй, бутунда араң турбайбы, – зиркилдеди күйөөсү, – мен киргенде эле байкагам. Чалынып кетпейин деп бир кадам да жасай алган жок го? Кире беришке кулап түшкөнүн сен уккан жоксуңбу, ия?! 

– Алисанын арабасына чалынып кетти окшойт, – деди аялы, – аны караңгыда байкабай калды да. 

Мистер Хиггинботамдын сиркеси суу көтөрбөй, ого бетер итиреңдеп кирди. Күн бою кардарлардын көзүн карап тикесинен тик турса, анан жок дегенде үйүнө келип биртике адамча бели-бутун жазып эс алайын деген ою бар эле, эми көрбөйсүңбү. 

– А мен болсо сенин иничегиң мас дебатам! 

Ал бул сөздү кесе, болгон заары менен, тимеле ар бир тамгасын станокто басып аткандай айтты. Аялы болсо шаабайы сууп, унчукпай отуруп калды. Бул эткээл борпоң, өмүрү тыкан кийинүү дегенди билбеген, дайыма өз салмагынан өзү жүдөп, оор түйшүк менен күйөөсүнүн такай көрсөткөн запкысынан чүнчүп бүткөн аял эле. 

– Мунуңдун араккечтиги атаңардан калган, – деди тиги прокурордон бетер такыктап, – атасы түшкөн жолго бул да түшөт. Ушуну бир билип кой! 

Гертруда туура дегендей дагы башын ийкеп, үшкүрүнүп алды да, колундагысына үңүлө кайра тигип кирди. Экөө тең Мартин үйгө өлө мас болуп келди дегенге токтошту. Булар жан дүйнөсү сокур, жашоодогу жаркын нерселерге эчак дүлөй болуп калган адамдар эле, болбосо анын от чачкан көздөрү, жаркылдаган жүзү алгачкы өспүрүмдүк махабатты чагылдырып турганын түшүнүшмөк эле го? 

– Балдарды да бузуп атпайбы бул! – кайра күтүлбөгөн жерден бакырды Хиггинботам, аялынын дым дебей олтурганына жаны кашая. Кээде ал аялынын көбүрөөк каршылык көрсөтүп, тилин тартпай, ажылдаша айтышып турушун каалачу. – Эгерде мындай дагы бир жолу кайталанса, иниң бул үйдөн караанын көрсөтпөй жоголсун. Уктуңбу? Менин бешиктен али бели чыга элек балдарым мунун мас кебетесин күндө көрүп, бузулуп кетишин каалабайм! – Мистер Хиггинботам азыр эле гезиттен окуй калган сөздөрүн пайдаланганды жакшы көрчү. – Ооба, бузулуп кетишин. Башкача айталбайсың муну. 

Аялы болсо дагы эле үшкүрүнүп, башын ийкеп коюп, тиккенин уланта берди. Мистер Хиггинботам кайра гезитин колуна алды. 

– Өткөн жуманыкын төлөдү беле? – сурады ал гезит окубатып. 

Аялы ооба дегендей башын ийкеди. 

– Анын азырынча акчасы бар. 

– Кемеси кайра качан кетет экен? 

– Акчасы түгөнөрү менен эле жөнөшү керек, – деди аялы, – ал кечээ күнү Сан-Франциского барып, ылайыктуу кеме издеп келди. Бирок азырынча акчасы түгөнө элек, ошондуктан туш келген эле кемеге жалданып кете бербейт. Кемелерди ылгаганды Мартин абдан жакшы билет. 

– Дагы эмне? Кемеде малай болуп жүргөн бул неме өлалбай атып дагы кеме ылгайт бекен?! – Мистер Хиггинботам кекээр күлүп койду, – Ылгай алат имиш! Карасаң деле! 

– Ал кайсы бир жерде катылган кенчти издеп алыс жактарга жөнөгөнү турган кеме жөнүндө айтты эле. Эгер күткөнгө акчасы жетсе, ошону менен кетсемби деген. 

– Кишидей болуп биерден эле иштегиси келсе, иниңди өзүмө киречи кылып деле алмакмын, – күңк этти күйөөсү. – Том кеткени жатат. 

Аялы чочуй түшүп, кабатырлана суроолуу карап калды. 

– Ооба, бошоп кетти. Ал Каррузерстерге барган атат. Тигилер көбүрөөк акы төлөйт экен. Мен аларчалык төлөй албайм. 

– Мына, көрдүңбү! – Гертруда кыйкырып жиберди, – сен анын ишине карабай акысын аз төлөчүсүң. Муну мен айткам сага. 

– Эмне?! Эй кемпир, – деди Хиггинботам буга заарын чача буркулдап, – мен сага менин ишиме алдыгы мурдуңду тыкпай жүр деп миң жолу айткам. Мындан ары кайталабайм. 

– Эмне кылсаң, өзүң билчи, – мыңкылдады аялы, – бирок Том жакшы жигит болчу. 

Күйөөсү каарын чыгара жалт карады. Кемпиринин бул айтканы ага болуп көрбөгөндөй одонолук эле. 

– Эгерде сенин иниң жатып ичер болбогондо, киречи болуп иштеп кетмек. 

– Ал тамагы менен батир акысын үзбөй төлөп атат, – деди кайратын жыйнаган аялы каршы чыга. – Мартин менин иним, сага берчү карызы жокпу, ага киришкениңди кой. Мен да адаммын го, жети жыл сени менен бекерге жашаптырмынбы? 

– Сен ага, эгерде түнкүсүн окуй турган болсо, газга да акы төлөй турганын айттың белең?! – дагы корс этти күйөөсү. 

Хиггинботам айым үн каткан жок. Ачуусу бат эле тарап, жанаракта жандана түшкөн кайрат-деми талыкшыган денесине кайрадан кирип бекинип алды. Күйөөсүнүн болсо табасы канып, үстөмдүк кылганына маашырлана, майда мончоктой тегерек көздөрүнөн кымыңдаган заардуу сүйүнүч жылт этти. Аялын ушинтип кыңк эттирбей баш ийдирген ага чексиз ырахат тартуулар эле; чынын айтканда, адеп баш кошкондогуга караганда, аялын эми колго алып алган, оозун моминтип заматта жаап салуунун кыйынчылыгы жок; жыл сайын тууй берип, анан да өзү көржеме менен канын иче берип, байкуштун шайын таптакыр оодарып салганы качан. 

– Болуптур анда, муну эртең айтып кой, – деди ал, – Баса, унутуп калба: эртең Мэриенди чакырт, балдарды карай турсун. Мен эми Том жок, товарга өзүм барышым керек, сен болсоң менин ордума дүкөндө соода кылып тургун. 

– Эртең кир жууй турган күнүм эле, – деди Гертруда жүүнү бош. 

– Эртерээк турсаң эле баарына жетишесиң… Мен саат ондон эрте бошой албайм. 

Ошентти да кабагын сала гезиттин экинчи бетин шалдырата оодарды да окуганын улантты.

(уландысы бар)

  • (1876–1916)

    Америкалык жазуучу жана журналист, коомдук ишмер. Ал көбүнчө укмуштуу окуялардын жана романдардын автору катары белгилүү.

  • Котормочу:

    Журналист, котормочу. 1961-жылы туулган. 1987-жылдан бери журналистикада. Кыргыз жана орус тилдеринде жазат, адабий котормо менен да алектенет. Учурда чет элдик тоо-кен компаниясында котормочу болуп иштейт. Москвадан чыкчу «Человек и мир» журналы менен туруктуу кызматташат.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген