Жек Лондон: “Мартин Иден” (IV)
Романдан үзүндү. Калган бөлүктөрү: I, II, III
IV БАП
Мартин Иден караңгы оозгу бөлмө аркылуу өзүнүн болгону бир керебет, бет жуугуч жана табуретка араң баткан тар бөлмөсүнө жеткенде эмеле жездеси менен кагылыша кеткени дагы эле кулагында жаңырып турду. Мистер Хиггинботам кессе кан чыккыс сараң неме эле, аялы иштей алабы, демек кызматчы жалдап кереги не деп койгон. Анүстүнө артыкбаш бир кишилик бөлмөгө экөөнү тыгып салса болот да. Мартин ала келген Суинберн менен Броунингди үстөлгө таштады да, кастүмүн чечип керебетине отура кетти. Денесинин оордугунан керебеттин зымдары кычырап, онтоп ийгендей болуп кетти, ага көңүл да буруп койгон жок. Бутун чечмекке төмөн эңкейе бергенде, бет маңдайындагы дубалдын боорундагы чатырдан агып түшкөн жаандын карарган тактарын көрө коюп ката түштү. Эми булганган дубалдын бетинде көз алдына кайрадан түркүн элестер жылоолонуп, кайрале жоголуп кетип жатты. Батинкесин унутуп, узакка дейре дубалга тигилип калды, анан эриндери кыймылга келип «Руфь!» деп шыбырап жиберди.
«Руфь!». Жөнөкөй эле дабыштын ушунчалык уккулуктуу болорун Мартин эч бир ойлобоптур. Бул тыбыш анын кулагын эркелеткендей, бир нече жолу «Руфь, Руфь» деп кумарлана кайталап да жиберди. Бул дубасы сыйкыр тумардай эле; айткан сайын Руфтун элеси көз алдына тартылып, дубалды алтын нурдуу жарыгына бөлөп тургансыды. Бул нур балкыган жарык дубал бетинде көпкө турбай, чексиз тереңдикке сиңип кетип жатты жана анын жаны ал жактагы алтындай жаркыраган мейкиндиктен кыздын жанын издеп жүрдү. Анын ички дүйнөсүндө, негизи эле дээринде болгон мыкты нерселердин баары кубаттуу агым болуп ташкындап тышка атырылды. Кыз жөнүндөгү ойдун өзү эле төбөсүн көккө жеткирип, мындан да чыгаан, мыкты болууну эңсетип турду. Бул таптакыр жаңы нерсе эле. Ушу кезге чейин Мартин өзүн минтип мыкты болууга мынчалык шыктандырган бир да аял затын кездештирген эмес. Тескерисинче, ага жолуккан аялдар аны жапайы макулукка айлантып жиберишчү. Ошентсе да алар ага канчалык кедей экенине карабай, болгон кымбат нерселерин ыроолоп келишкенинен ал түк кабары жок эле. Мартин эч качан өзү туурасында ойлочу эмес, өзүндө ургаачылардын ышкысын козгогон, сансыз аялдарды аны менен бирге болууну эңсеткен касиет бар экени оюна да келген эмес. Аялдарды ал эч качан издечү эмес, алар өзүлөрү артынан чуркап турушчу; алардын айрымдары анын таасиринен улам ого бетер татынакай болуп кулпунуп чыга келишкени оюна да келген эмес. Буга чейин ал аял атмайдын баарына камырабаган шалакылык менен карап келгендиктен, аялдар ага дайыма өзүлөрү жабышып, ыпылас колдору менен чеңгелдеп мыкчып келгендей туюлуп кетти. Аларга да, өзүнө да адилетсиздик кылган экен. Бирок ал муну түшүнмөк эмес, анткени мындай нерселер туурасында ой жүгүртө алмак эмес, андыктан улам кумарын кандыргандан кийин гана эстеп, уятына өрттөнгөндөн башкага жарабас эле.
Күтүлбөгөн жерден Мартин шарт тура калды да кол жуугучтун үстүндө илинип турган күңүрт күзгүгө келип тигилди. Күзгүнүн бетин сүлгү менен абдан тазалап аарчып, анан өзүн көпкө чейин кунт коё карады. Чынында ал өзүн минтип өмүрүндө биринчи жолу карабатканы эле. Көздөрү негизи көрүү үчүн жаралса да, бирок ушу кезге чейин алар дүйнөнүн тынымсыз кубулган жүзүн гана көрүп келди, ал эми өзүн- өзү жакшылап караганга убактысы жетишкен эмес экен. Эми ал маңдайындагы жыйырма жаштагы өспүрүмдүн кебете-кепширине тигилип, анын өңү сулуубу же жокпу деп айталбай турду, анткени анда баалай турган башка чен-өлчөмү жок эле. Ал жазы, кең маңдайынан өйдөрөөк уюлгуган кара коңур чачын көрдү. Быжыгыр тармал чачы аялдарга жакчу, алар аны сылаганды, салаалап тараганды өлө жакшы көрүшө турган. Бирок ал Руфь үчүн анын чачы кымындай да мааниге ээ болбостур деп, чачтарын караганын коюп, эми болгон ынтаасын коё, астында эмне катылып жатты экен деген тейде өзүнүн маңдайына тигилди. Мээм кандай болдукен, бул мээден эмнени күтүүгө болот? Бул мээ аны кандай тагдырга туш кылаар экен? – деп өзүнөн өзү такып сурай берди.
Баарынан да Руфка жеткирер бекен?
Мартин өзүнөн мына бул көгүлтүр, бир туруп күн нуруна чагылышкан деңиздин кадимки көгирим мейкинин өзүнө сиңирип алгандай көздөрүнөн жан дүйнөсү көрүнөр бекен деп сурап атты. Анын көздөрү Руфка жагар бекен. Ал көздөрүнө Руфь тигилгендей карайын деди эле, бирок мунусунан майнап чыккан жок. Демейде ал башка адамдардын ойлорун оңой эле билип алчу, бирок алар өзү турмушун жакшы билген адамдар эле да. Ал эми Руфтун жашоосун болсо таптакыр билчү эмес, кыз ага бир туруп табышмак да, сыры терең керемет да эле, андай болгон соң анын, жок дегенде, бир оюн тапмак кайдан? Мейли ошондой болсун, баары бир мына бул көздөрдө арамдык, куйтулук жок деген тыянакка келди. Бетинин кара торулугу аны таң калтырды: эч качан өзүн мындай капкара экенин ойлобоптур. Жегдесинин жеңин өйдө түрүп, чыканагынын жогору жагындагы колунун апакай терисин бетинин терисине салыштырып көрдү. Жо, ал ак эле киши экен. Бирок колдору да күнгө куп күйгөн экен да. Эми ал чыканагын бүктөп, кары булчуңун жыйып, колдорунун күнгө күйбөгөн этин издөөгө аракеттенди. Бул жерлери да апакай экен. Ал күзгүдөгү коло өңдөнгөн жүзү да бир кезде апапак болгонун ойлоп, күлүп жиберди; өзүнүн күнгө күйбөгөн эти сыяктуу апакай денеси менен мактана турган аялдар бул дүйнөдө анчалык деле көп эмес экени оюна да келген жок.
Эгерде ачууланган кезде көнүмүш адаты боюнча өзүнүн сезимтал эриндерин өңүнөн каардуулук, кала берсе, безерилик көрүңгүдөй кылып бекем кымтыбаса, анда анын эриндери деле кадимкидей көрүнмөк. Бул эриндер жоокер менен ашык жигиттики эле. Ээги менен бир аз салмактуу ылдыйкы жаагы анын мүнөзүнүн өктөмдүгүн айтып турат. Бул кайраттуулук сезимталдыгын тең салмактап тургандыктан, ал жандуу кооздукту гана жактырып, жандуу сезимталдыкка гана жооп кайтарчу. Ал эми жылмая караганда эриндеринин арасынан өмүрү тиш догдурга иши түшпөгөн седептей тизилген тиштери жарк эте түшөт. Азыр да күзгүдөн жакшылап карап отуруп, акактай тиштеринин бекем, тегиз отурганын байкады. Бирок ошол замат эмнегедир уяла түшкөнсүдү. Акыл-эсинин кайсы бир бурчөгүндө айрым адамдардын күн сайын тиштерин тазалап турганы бүдөмүк элестеп чыга келди. Ал адамдар мартабасы жогору чөйрөдөгү, Руфтун чөйрөсүндөгү адамдар болчу. Руфь да күн сайын тиштерин тазалап жууп турат болушу керек. Эгерде ал Мартиндин өмүрү тиш жуубаганын укса эмне деп ойлойт? Ал эртеси эле тиш щетка сатып алып, муну эми такай эреже кылып алмай болду. Кызды бир гана эрдигиң менен багынта албайсың. Ал бардык жагынан өзгөрүшү керек, тиш жуугандан тартып, ага кудум эркинен ажыраткандай сезилсе да, сөзсүз крахмалданган жака тагынып жүрүүгө чейин оңолбосо болбой калды эми.
Мартин колун өйдө көтөрүп сөөмөйү менен алаканынын чорун ушалап сыйрып кирди, кир этине ушунчалык терең сиңип калган экен, щетка менен кырсаң деле кетчү түрү жок. Руфтун алаканычы! Жадагалса, эстегенге да жагымдуу. Роза гүлүнүн желекчесиндей назик; кармасаң салкын, кардын кыпынындай жепжеңил. Мартин аялдын колу ушунчалык жумшак жана назик болорун түк ойлобоптур. Мына ошол колдор эркелетсе кандай лаззатка батыраарын ойлогондо Мартин уялып, кызара түштү. Руфка карата болгон мындай ою өтө эле одоно жана анын жан дүйнөсүнүн сулуулугун кемсинткендей сезилип кетти. Анткени Руфь күнөөсү арбын кара жерден алда канча бийик, алыс мейкиндерде каалгыган караан, куба өңдүү периште эмеспи. Анан да Руфтун жумшак алакандарын эстей берди. Ал оор иштен колдору туурулган фабрикадагы кыздардын жана баш аягы көрүнбөгөн үй тирилигинен белдери бекчейген аялдардын таштай катуу жана чор баскан колдоруна жедеп көнгөн эле. Арийне, алардын колдору эмнеликтен мындай экенин жакшы билчү. Руфтун колдоручу, жумшак, үлбүрөк назик – анткени кара жумуш деген ага жат эмеспи. Жашаш үчүн иштегенге зарылдыгы болбогон адамдар бар экенин ойлоор замат, Руфь экөөнүн ортосундагы туңгуюк айырма кайрадан тереңдей түшкөнсүдү. Ошол замат көз алдына жумуш деген эмне экенинен кабары жок ак сөөктөрдүн образы тартыла калды. Агыш-киргил дубалдын бетине калкып чыга калган бул образ ага кадимки колодон жасалган сүрдүү айкел сымал көрүндү. Мартин эс тарта баштагандан тартып эле, кара жанын карч уруп иштей баштаган; анын бүт үй-бүлөсү да жээр нанын маңдай тери менен таап келген. Мисалы, Гертруданы эле алалычы. Анын кир жууй берип самындан жарылган колдору шишип, сууга кайнаган эттей кызарып кеткен. Же берки эжеси Мэриенчи. Ал консерва жасаган заводдо иштечү, кичинекей назик колдорунда помидор туураган бычактан кесилген жерлери сансыз эле. Анан да өткөн кышта картон жасаган фабрикада иштеп жүргөндө, машинеге эки манжасын алдырып жибергеничи. Анан көз алдына энесинин табытта кайчылашып жаткан туурулган колдору тартыла түштү. Атасы деле өмүр бою кара жанын карч урган иштен бери болгон жок го, анын алаканындагы чордун калыңдыгы беш эли эмес беле. Ал эми Руфтун колдору, анын эле дейсиңби, ага-инилеринин, апасынын колдору да пахтадай жумшак эле. Аны бөтөнчө айран-таң калтырган мына ушул нерсе болду – бул кыз экөөнүн ортосун асман менен жердей бөлүп турган айырмалыктын далили менен кол тийгис ак сөөктүктүн кашкайган анык белгиси эле.
Мартин кейиштүү жылмая керебетке олтурду да, акырында бутун чечти. Ал акылынан адашкан экен, – аялдын өңүнөн, аялдын назик колдорунан да киши кадимкидей мас болобу, капырай. Аңгыча болбой, көз алдына жаңы көрүнүш тартыла берди. Мына, ал түнкү Лондондун Ист-Энд көчөсүндөгү кебетеси суук, заңкайган үйдүн жанында туру, жанында болсо он бешке келип калган жумушчу кыз Марджи бар. Мартин аны оюн-зооктон кийин үйүнө узатып барса керек эле. Кыз малканадай болгон ушул ыплас үйдө жашачу. Коштошуп жатып Мартин ага колун сунду. Марджи буга жооп кылып эриндерин тосо берди, бирок Мартин аны түк өпкүсү келген жок. Кыз аны эмнеси менендир чочулатып тургансыды. Ошондо шагы сына түшкөн кыз байкуш шашкалактап колун кыскан эле. Мартин анын кичинекей алакандарындагы одуракай чорду сезди да, күтүлбөгөн жерден ичи эңшериле, боору ачып кетти. Ал кыздын жалдыраган көздөрүн, али баланыкындай болсо да, аялдын азырынча уяң мүнөз, бирок ачкөз сокур сезими эчак ойгонгон денесин көрүп турду. Боорукер жаны чыдабай кетип, кучактап, эриндеринен өөп койду. Кызчанын сүйүнө онтоп жибергенин укту да, колтугуна мышыктай жабышып кынала түшкөнүн сезди. Кичинекей алсыз жан бечара десе! Эчак алыста калган ошол элеске Мартин муңайым тиктеп турду. Кыз ага ыктаган ошол минутадагыдай денеси дирт эте түшүп, жүрөгү аянычтан кысылып кетти. Бул бозорогон кунарсыз элес эле: асман ошондо да бозомук эле, таш төшөлгөн кир көчө бетине шыбыргактап төгүп турган жаан да бопбоз эле. Бир оокумда көздү уялткан жарык шоола үйдүн дубалын нурдантып, көзүнө элестеп турган эмелеки көрүнүштөрдү түгөл жууп кеткенсиди, маңдайында алтын чачтан тажы кийген Руфтун ак жуумал жүзү кайрадан кол жеткис жылдыздай жарк этип чыга келди.
Ал үстөлдө жаткан Суинберн менен Броунингдин томчолорун колуна ала калып өпкүлөп жиберди. Кыздын дагы келип кет деп суранганын эстеди. Анан өзүн кайрадан күзгүдөн карады да, угуза жана салтанаттуу заңк этти:
– Мартин Иден, сенин эртең туруп биринчи кылаар ишиң бул, – дароо акысыз китепкананы көздөй урасың да, адептүүлүк жөнүндө китеп таап окуйсуң. Түшүндүңбү?
Мына ушундан кийин ал газды өчүрүп, керебетине кулады, оор денеден темир зымдар кычырап, онтоп жибергендей болду.
– А эң башкысы, Мартин, азыраак келжире. Уктуңбу абышка! Ушуну эсиңе түйүп ал!
Ушинтти да уктап кетти, анын ойго келбеген шумдуктуудай түштөрүн баңгибаздын татуу кыялдары менен гана салыштырууга болоор эле.
(уландысы бар)
Которгон Бахтиер Шаматов
