|

Келбегин, болду…

5/5 - (4 добуш)

Боз талаа чаңы учкан,
кар жакын муздайт денем.
Келатып божурашып,
бурулуп кеткен элең.

Шок элең, өткүр элең,
кыдырып ойду-тоону,
чарчадың, эми мага
келбегин. Болду, болду.

Мен сени ар бир мүнөт,
келет деп күткөн элем.
Жай бою жаай берип,
күзүндө бүткөн элем.

Сен менден жазды күтпө,
дүйнөмө салып кечти
Кыш келет, күздөн кийин.
өрт сүйүү калып кетти.

Мыжыгат жүрөгүмдү
бир жарат эскирбеген.
Оо менин, көктүгүм ай,
ызама кеч кирбеген.

  • Акын. 1958-жылы Токтогул районунда туулган. 2 ыр китептин автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген