|

“Жолумду тоспо менин…”

5/5 - (5 добуш)

* * *

Жолумду тоспо менин,
жогуңду таба албайсың.
Чачылсаң төгүлсөң да,
аялуум саналбайсың.

Алдыңан чыкканымда,
сен мага учурашпа.
Кыйналган көзүң менен,
кыйроого учуратпа.

Оо менин акылсызым,
тоңдуруп койбодуңбу.
Адашып кайра келсең,
кечет деп ойлодуңбу?

Чамынган дарыянын,
түз жерде токтошу бар…
Колумду кармабагын,
колумда коштошуу бар.

  • Акын. 1958-жылы Токтогул районунда туулган. 2 ыр китептин автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

  1. …чамынган дарыянын түз жерде токтошу бар…
    таамай саптар

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген