Көчмөндөр оюндары
Ак калпактуу Ала-Тоону жердеген,
Ата салты – жоого намыс бербеген.
Ат жалында шамал менен тең ойноп,
Азаматтар чыккан улуу жергемен.
Ат жалына жабышып,
Найза сунат эрлери.
Билектерде карышат,
Балбандардын чеңгели…
Улак кармап каруулар бек карышып,
Улам күчтөп чуркайт аттар жарышып.
Айыгышкан кармаш жүрүп ортодо,
Намыс үчүн кирип жатат кан ысып.
Бири басса такымга,
Бири колдон талашат.
Мыктылары суурулуп,
Тай казанга жанашат…
Кырчылдашып чаңды көккө сапырып,
Кызып аттар чуркайт кулак жапырып.
Удургушуп, ат артынан ат чуркап,
Улам бир топ коштойт ураан чакырып.
Топ күлүктөр чаң салып,
Бир-биринен озушат.
Сүрөөнчүлөр камчы алып,
Мара жактан тосушат…
Ат үстүндө ак көйнөгү желбиреп,
Аялзаттын аруулугун белгилейт,
Кыргыз кыздын кыйындыгын көрсөткөн
Кыз куумайды коштоп турган эл билет.
Аргымактар ансайын,
Желдей сызып учат бат,
Жигит жетип карачы,
Кызды өбөт кучактап…
Саяпкери сан күлүктү таптаган,
Мүнүшкөрү куш канатын сактаган.
Кырк өнөрдүн сырын билген кыйладан,
Кыргызымды ырга салып мактанам.
Көчмөн кыргыз көп кылым,
Сактап келген ураанын:
«Манас! Манас! Манас» – деп
Мен чакырып турамын!
Көч башында кыргызым,
Көп кылымды карыткан.
Ат оюнун эзелтен,
Дүйнө элине тааныткан!..
