Майрамбек Токторов – “кыргыз Гамзатову”
Акын Майрамбек Токторовдун “Түбөлүк тур, ата журт” ырлар жыйнагы жарык көрүп, мага бергенине бир айдан ашып калды. Ошондо, мага бергенде эле окуп чыккам. Андан да тагыраак айтсам, анын бул китеби мындан 4-5 жыл мурда эле даяр болуп, “Китеп чыгарсам дейм, бир карап бересиӊби” – деп мага бергенде эле окуп, басмага даярдап жаткан кол жазмасынын ийгилик-кемчиликтери тууралуу өзүнө айткан болсом керек эле, азыр эмне айтканым эсимде жок. Эсимде калганы, Майрамбектин “Жаз чакырган жан дүйнө” алгачкы ырлар жыйнагына мен редакторлук кылгам, кийин ыр китебин басмага бергенде, менин сунуш, ой-пикирлеримди, айрым бир колум тийген жерлерин киргизбей коюптур. “Ай, Майрамбек, Майрамбек…” десем, укмаксан болуп койду. Ичим тызылдап калган.
Жашырганда эмне, таластыктар мактаганды да, мактанганды жакшы көрөт. Мен да бул көйрөӊ сапаттан куру калган эмесмин. Майрамбек тегин жерден чыккан эмес. “Аккан арыктан суу агат” дейт го, анын чоӊ аталары Токтор бий, Сүйүнбай бий казак-кыргызга таанымал, бай да, бий да болгон адамдар.
Эл арасында Сүйүнбай бий жана анын карагер күлүгү тууралуу мындай бир уламыш бар. Ал аябагандай малга да бай, акылга да бай адам, дубанга байге бербеген Карагер күлүгү болгону айтылат. Илгери казак менен кыргызда аш-той болгондо Сүйүнбайдын карагери байге берчү эмес экен. Бир жылы казакта аш болуп, аламан байгеде 200 күлүктүн ичинен карагер озуп келет. Байгесине 500 кой, 9 төө, 9 куру ат, бир үйүр жылкы, айтор, ар түлүктөн тогуздап байге сайылган экен. Ошондо ашка эл баштап барган, биздин элдин жакшысы – болуш Турду аке: “Сүйүнбай, эми бул байгеӊди айылга айдап кетесиӊби, же эмне кыласыӊ?”, – деп сурайт. Анда Сүйүнбай: “Ээ, Турду аке, өзүӊүз билесиз, мынча мал айылда деле бар. Ушул малды үйгө айдап баргандан байлыгым ашып-ташып кетет дейсизби, тескерисинче, көкүрөк Таластын эли “Сүйүнбайдын пейили тарып калган экен” деп ойлобойбу. Байгенин шааниси жолдо-белде кезиккендерге байгеден ырымдап бөлүшмөй эмеспи”, – дейт. “Оп баракелде, Сүйүнбайым. Анда байге шаанисин ашка келген элге ырымдагандан башта”, – дейт Турду аке. Сүйүнбай “байге боо” деп ашка келишкен ар уруунун жакшыларына бирден төө жетелетип, жетпегенине бирден кур аттын чылбырын карматат. Анан кезек бир үйүр жылкыга жетет. Ашка келгендер Таластан келген кыргыздар байге албай эле, кайра элге байге таратып жатат го, карагердин ээси да, ошол элге башчылык кылып келген башчысы Турду аке нарктуулугун көрсөтүп жатканы кийинки урпактарга үлгү эмеспи дешет. Ошентип, Сүйүнбай бий “байге боо” бөлүштүрүп отуруп, Көк-Кыянын кырына, казак менен кыргыздын чегине чыкканда, алдыларында айдаган 20-30 кой калган экен. Сүйүнбай бай кыжалат боло Турду акеге карап: “Турду аке, биз белде кымыз ичип эс алып турсак, аӊгыча балдар барып, мал айдап келбесе, бу байгенин малы өзүбүздүн элге жетпей калчудай”, – дейт. Сүйүнбай айлына чаптырып, 200 кой, 10 кур ат, бир үйүр жылкы алдырат. Турду аке Сүйүнбайдын сыр билгилигине ыраазы болот.
Мына ушундай, Сүйүнбай бий качан да болсо байге алганда, байгенин малын “байге боо” деп элге бөлүп берип, эгер жолдо-ката мал жетпей калса, жакын болсо, айлынан алдыртып, алыс болсо, ырымдап акчалай берип, элдин батасын байгенин малынан өйдө койчу экен.
Майрамбек Токторов мына ошондой сыр билги, жөн билги адамдын тукуму.
Ошол күнү бүгүн эл оозунда аӊыз болуп айтылып келаткан карагер күлүккө арнап, Майрамбек Токтор, Сүйүнбай чоң аталарынын жаркын элесине арнап, “ЭРКИНДИК ЖӨНҮНДӨ БАЛЛАДА же КАРАГЕР күлүк баяны” деп жазган ыры бар:
ЭРКИНДИК ЖӨНҮНДӨ БАЛЛАДА
же КАРАГЕР күлүк баяны
Токтор, Сүйүнбай чоң аталарымдын жаркын элесине
Тулпар десе тулку бою бап келген,
Талбай учкан ташыркабай таш жерден.
Алга озсо төрт туягы тыбырап,
Ат чабымдай алыс калган ат кербен.
Айгайлаган айыл журтун кубантып,
Ал Карагер далай байге алып келген.
Карагерди бай ээси баптап турчу,
Саяпкери жанында таптап турчу.
Жеңиш менен жалы учса сапырылып,
Кубангандан эл көзүн жаштап турчу.
Карагерим деп ырдап төкмө акындар,
Чаң жугузбай жарышта мактап турчу.
Карагер ат жылкынын асылы эле,
Таңдандырчу а тургай басыгы эле.
Маңдайында кашкасы күйүп турчу,
Чуркагандан башка анын жазыгы не?!
Туйлап турган бул тулпар чындыгында,
Туулгандан аз журттун азыгы эле.
Жаткан кезде эл чардап алы менен,
Жаңы заман, төңкөрүш капыс келип.
Бай-манабын баш кылып малга кошуп,
Бар байлыгын байлашып, асып, керип,
Үйүр-үйүр жылкысын кошуп айдап,
Канагайран түшүрдү жазык берип.
Эх, ошондо жылкылар кошкурунуп,
Чаң ызгытып сай менен кеткен дешет.
Карагерди кайрып журт кала албаптыр,
Тулпар тургай, ат ээси азап чегет.
Азыноолап, кишенеп күлүк кургур,
Айдаганга баш бербей араң кетет.
Айдап барып коргонго камашыптыр,
Ат көрбөгөн арамдар таңдан кечке,
Ай чекелүү тулпарды талашыптыр.
Атырылып жулкунган Карагерди,
Аса байлап алууга камынышып,
Алы жетпей кечинде тарашыптыр.
Ошол кечте от алып, каны дүргүп,
Коргонду аттап Карагер качкан экен.
Жан жагында тургандар жапырылып,
Кармайбыз деп ээлигип шашкан экен.
Тийбесе да эки ирет мылтык менен,
Тири укмуштар ташка уруп аткан экен.
Карагер ат, Карагер калдактаган,
Карамүртөз адамга карматпаган.
Алды-артынан тозушуп, чалма салып,
Адамдарга буйт берип дардактаган.
Алып учуп жөнөптүр туулган жерге,
Агышайга, жайлоого жайдак калган.
Карагерди кайран эл көрүп алып,
Көздөрүнөн жаш алып ыйлашыптыр.
Кайран тулпар каңгырап ээсин издеп,
Өзү жүргөн төрдөгү кырды ашыптыр.
Бош коюшуп, сыртынан акмалашып,
Карагерди кишидей сыйлашыптыр.
Карагер ай, Карагер, Карагерим,
Каран күндө билгенсиң таң атарын.
Туткунунан турмуштун туйлап качып,
Туулган жерди туу кылып баратасың.
Эркиндигин бербеген ошол тулпар,
Ошол тулпар аты эле чоң атамдын!
“Аккан арыктан суу агат” деп бекеринен айтылбайт. Майрамбек Токторов өзү да жакшы адам, жакшы акын. Ал экөөбүздү көп нерселер байланыштырып турат. Майрамбек экөөбүз бир айылданбыз. Бир мектепте окуганбыз. Бир жылдары адабият дүйнөсүнө келгенбиз, Сүйүнбай Эралиев, Омор Султановдун мектебинен өткөнбүз.
Майрамбекте тубаса сөзгө чечендик, акындык талант бар. Ал жай сүйлөгөндө эле жорго сөз менен куюлуштура, элестүү сүйлөйт. Сүйлөп жатып эле, бир картинаны элестүү кылып тартып коет.
Анын окурмандардын колуна жаңыдан тийген, сыясы кургай элек «Түбөлүк тур, Ата Журт!» ыр жыйнагы – акыркы он жылда жарык көргөн эмгектердин эң мыктыларынын бири болуптур. Китеп өзүнүн публицистикалык курчтугу, ачык жарандык позициясы жана терең эмоционалдуулугу менен айырмаланат. Андагы басымдуулук кылган мекенчилдик пафосу менен башка калемдештеринин чыгармаларынан өзгөчөлөнүп, обочолонуп турат.
Баамчыл окурман үчүн бул – абдан маанилүү көрүнүш. Себеби акыркы жылдары айрым калемдештерибиз жеке керт башынын бүтпөгөн майда-барат түйшүгүн, таарыныч-ызасын, айтор, көр тирликтин басырындысынан өйдө көтөрүлбөгөн маселелерди жалпы адамзаттык трагедия катары сүрөттөөгө өтүп алышты. Лирикалык каарманы аркылуу өзүнүн алсыздыгын жүз кайталап билгизип, «башкалар мага боор ачыса» деген маанайда жазылган мындай ырларды окуганда, кара жиниң кашайбай койбойт.
Майрамбектин ырлары мына ошондой “ыйлаак” ырлардан обочолонуп турат. Анын ырларынын негизги пафосу жана башкы идеясы – Ата Журттун бүтүндүгүн, биримдикти, эне тилди жана бабалар наркын көздүн карегиндей сактоо, улуттук нарк-насилди аздектөө, коомду аруулукка, ынтымакка, адептүүлүккө чакыруу. Ал окурманды дүнүйө-мүлк, атак-даңк сыяктуу өтмүш нерселерге азгырылбай, ач көздүктөн, маңкурттуктан, бөлүнүүчүлүктөн алыс болууга чакырат. Адабият аркылуу коомду аруулукка, ынтымакка, адептүүлүккө үндөп, Мекенге адал, ак кызмат кылууну жана адамгерчилик бийиктикти жоготпоону алдыга коёт.
Майрамбек улуттук баалуулуктарды даңазалоо менен бирге, коомдогу терс көрүнүштөрдү калыс сөз менен сынга алат. Анын калемдештеринен айырмачылыгы мына ушунда.
Жыйнак негизги төрт багытты камтыйт: Ала-Тоо, Ата Журт, туулган айыл, Ысык-Көл сыяктуу ыйык түшүнүктөргө болгон сүйүү, сый-урмат жана Ата Журттун келечеги үчүн кабатырлануу. Эне тилдин кадыр-баркын көтөрүү, улуттук баалуулуктарды даңазалоо, маңкуртчулукка, бөлүнүүчүлүккө каршы туруу жана бабалар керээзин сактоо чакырыгы. Социалдык теңсиздик, заманбап адамзаттын кризиси, акчанын кулчулугу, миграция азабы, адилетсиздик, согуш жана тынчтык, ошондой эле коомдогу «кичинекей кишинин» тагдыры тууралуу философиялык толгонуулар. Энелердин улуулугу, балалыктын аруулугу, кир кол менен кармагыс баёолугу, перзентке болгон аталык ак тилектер, адам өмүрүнүн чыныгы кадыр-баркы.
Ыр китеп адамзаттын түбөлүктүү көйгөйлөрүн, аалам менен адамдын ортосундагы татаал мамилени чагылдырган философиялык-лирикалык “Дүйнө” ыры менен ачылган. Окуп көрөлү:
ДҮЙНӨ
Жамгыр беле, же бул көлдүн суусубу,
Канды мына какшыган жер суусуну.
Булут минип бакыт келди төбөңө,
Сен дыйканым сездиң бекен ушуну.
Наристенин үнү угулса ыңаалап,
Бүт жер шары тургансыды ураалап.
Бир баладан миңдеп дүйнө куралат,
Сен жаш эне, сездиң бекен ушуну.
Пенде затым байманасы ташыган,
Жамандыкты көрбөсөң дейм жашыңан.
Сөз кубалап, кек сактабай көгөрүп,
Дос жасай бил кырчылдаган касыңан.
Турат дүйнө күтүп таңдын атышын,
Тазарууга болсун десең катышың.
Жаныңдагы жолдошуңа жылмайып,
Керек сенин түз жолдордо басышың.
Мына тоолор, мына жаркын талаалар,
Куюлушат өзөндөрдө аккан суу.
Баары сага кызмат кылып жаткансыйт,
Сен ушуну сездиң бекен адамзат.
Бирок сага баары аздай көрүнөт,
Чек аралар жылып келет берилеп.
Дүйнө өзүнүн коломтосун өрттөсө,
Жаракалар тигиштердей сөгүлөт.
Адам өлөт, согуш бүтпөй уланат,
Жаратканым Жер тынчтыгын суранат.
Ага болбой ачылууда арааның,
Неге мынча жаралгансың сугалак?!
Караӊызчы, кандай керемет ыр. Майрамбек Токторов акын катары такшалып калганы, ой жүгүртүүсүнүн чабытынын кенендиги ушул ырынан дароо көзгө урунат, ал бул ырда күнүмдүк майда-бараттардан өйдө көтөрүлүп чыгып, дүйнөнүн өнүгүп-өсүү тагдырына кабатырланган философ катары ой жүгүртөт. Бул ыр – гуманисттик көз карашта жазылган, адамзаттын табияты, анын дүйнөдөгү орду жана моралдык жоопкерчилиги тууралуу философиялык жана граждандык лирика. Ырдын темасы – жаратылыш менен адамдын ортосундагы байланыш, өмүрдүн уланышы жана согуш, ач көздүктүн айынан келип чыккан дүйнөлүк коркунучтар. Ал эми ырдын негизги идеясы – дүйнө адамга бардык жыргалчылыгын тартуулаганына карабай, адамзат ач көздүк (“сугалактык”) жана согуштар менен өз үйүн (Дүйнөнү) өзү кыйратууга бара жатат. Автор адамдарды акыл-эс пештеп токтоого, арууланууга жана тынчтыкты баалоого чакырат.
Дыйканды кубандырып, жамгырдын жааганы жана энени сүйүндүрүп, наристенин төрөлүшү – өмүрдүн түбөлүктүүлүгүнүн символу. А «Чек аралар жылып келет берилеп», «ачылууда арааның» деген саптар – саясий-аймактык кагылыштарды жана согуштун трагедиясын чагылдырат. Мына ушундай, курч кылычтын мизинде жашаган доордо адамзаты канткенде жер бетинде аман калышы ыктымал. Буга Майрамбектин жообу – касты дос кылуу, айланага аруулук менен мамиле кылуу чакырыгы.
Лирикалык каарманды айланадагы кубулуштарга кайдыгер карабаган, дүйнөнүн тагдырына тынчсызданган даанышман, байкоочу жана насаатчы катары таанысак, автор адамзатка кейүү өкүнүчү жана риторикалык суроолор («сездиң бекен ушуну?», «Неге мынча жаралгансың сугалак?!») аркылуу элди эс-акылына келүүгө үндөйт.
Майрамбек Токторовдун «Элим», «Ата Журтум», «Бүркөлө көрбө, Мекеним», «Кыргызым», «Ысык-Көлүм», «Ала-Тоо», «Абайла», «Туулган жерге», «Кайыңдуу айыл» аттуу ырлары – терең философиялык мааниге ээ, мекенчилдик сезимди козгогон жана жаратылыш менен адам ортосундагы ажырагыс байланышты баяндаган философиялык-патриоттук лирикага кирет. Бул ырлар анын “Дүйнөсү” менен логикалык жактан киндиктеш, бири-биринде айтылган ойду, идеяны толуктаган ырлар.
Бул ырлардын бардыгын бириктирип турган башкы лейтмотив – Ата Журттун тагдыры, элдин адеп-ахлактык абалы жана туулган жерге болгон ыйык сүйүү.
«Элим», «Ата Журтум», «Бүркөлө көрбө, Мекеним», «Кыргызымда» ал коомдогу социалдык дөөлөттөрдүн бузулушун, ач көздүктү («ууру-кескилерди», «маңкурттарды», бөлүнүүчүлүктү) ачык сындайт. Бирок ошол эле учурда элдин келечегине жана оңолоруна болгон үмүтүн жоготпойт. Ал эми «Ысык-Көлүм», «Ала-Тоо», «Абайла», «Туулган жерге», «Кайыңдуу айылда» жаратылыш жөн гана пейзаж эмес, адамга күч-кубат берүүчү, рухий жактан тазалоочу түбөлүктүү касиет катары сүрөттөлөт.
Анын лирикалык каарманы – туулган жердин топурагын даңазалаган, элдин кубанычына да, кайгысына да ортоктош болгон мекенчил, сабырдуу, ички дүйнөсү бай мекенчил карапайым адам. Ал мезгилдин өтүп жатканын («биз акырындап топуракка айланабыз») түшүнөт жана өмүр тууралуу кенен ой жүгүртө алат. Демек, ал жөн гана адам эмес – философ.
Майрамбек Токторов акын катары такшалып калыптыр дебедикпи, муну ал өз ырларында колдонгон көркөм каражаттардан байкасак болот. Айталы, ал бул ырларында антитезаны (карама-каршы коюу) ыктуу колдонгон: Тоолордун, жаратылыштын түбөлүктүүлүгү <–> Пенденин майдаланып, убактылуу өмүр сүрүшү («таранчыдай үтүрөйүп»). Асыл журттун оңолушу <–> Нысапсыз шылуундар менен космополиттердин көбөйүшү. Ошондой эле автор пайдаланган риторикалык кайрылуулар да ыктуу. «Сен ушуну сездиң бекен адамзат?», «Бүркөлө көрбө, Мекеним!», «Абайла Ала-Тоодон!» – деп окурмандар менен түз диалогго кирет. Бир сөз менен айтканда, бул ырлар топтому – улуттук аң-сезимди ойготууга жана адамды өз тамырын унутпоого чакырган теңдешсиз философиялык-этикалык чакырыгы.
Эми анын “Тилек” аттуу ырына өзгөчө токтолсокпу деп турам. Оболу окуп алалы:
ТИЛЕК
Оо Теңири, мынча түнөрбө,
Жалгызга жар бер сүйөргө.
Жардыдан бакыт аяба,
Күйөө бер кызга тийерге.
Ууруга нысап бере көр,
Байлардын пейили кең болсун.
Балага зарга бала бер,
Жашоодо баары тең болсун.
Жигитке бер намысты,
Кызга бер кылык, жакутту,
Тирүүгө бер ишеним,
Өлгөнгө бер табытты.
Ордуна баарын коё көр,
Күйгөнгө калыс боло көр.
Жамандык бербе пендеге,
Тынч болсун ушул кара жер!
Мага: “Ууруга нысап бере көр, / Байлардын пейили кең болсун” деген ыр саптар өзгөчө жакты. Минтип чыныгы акын гана, болгондо гуманист адам гана жазып, тилек кылат. Жараткандан ааламдагы, коомдогу жана адамдардын турмушундагы адилеттүүлүктү, ынтымакты жана теңчиликти тилеген бул ыр – классикалык философиялык-этикалык лирика жана элдик оозеки адабияттагы бата-тилек (жалынуу, кайрылуу) жанрынын заманбап поэтикалык формасы. Дүйнөнүн адеп-ахлактык гармониясы (шайкештиги) жана ар бир нерсенин өз ордунда болушу – адамзаттын эң башкы бактысы.
Мында да антитеза (карама-каршылык) ыктуу колдонулган: Жалгыздыкка – сүйүү: «Жалгызга жар бер сүйөргө»; Жардылыкка – бакыт: «Жардыдан бакыт аяба»; Адеп-ахлак: «Жигитке бер намысты, Кызга бер кылык…»; Заңдуулук жана акырет: «Тирүүгө бер ишеним, Өлгөнгө бер табытты». Ырдын эң күчтүү саптарынын бири – «Ордуна баарын коё көр» деген сап. Бул ааламдагы тартиптин, адилеттүүлүктүн жана калыстыктын символу. Лирикалык каарман өзүмчүл тилектерден жогору турган, бүтүндөй адамзаттын жана коомдун амандыгын, аруулугун тилеген гуманист-ортомчу. Мында жеке кызыкчылык эмес, жалпы кара жердин тынчтыгы («Тынч болсун ушул кара жер!») башкы орунга чыгат. Ыр адам баласынын эң башкы баалуулуктарын – намыс, адеп, сүйүү жана адилеттүүлүктү бир калыпка салып, жалпы ааламдык тынчтыкка чакырган жыйынтыктоочу ак бата сыяктуу таасир калтырат.
Майрамбектин жыйнактагы мыкты ырларынын бири – “Мени эмнелер картайтты?”.
МЕНИ ЭМНЕЛЕР КАРТАЙТТЫ?..
Бишкекте өткөн Китеп майрамында Кыргыз эл акыны Сагын Акматбекова эжекебизге жолугуп, ал жай сурашып калдык. Эжейдин мени көрө коюп эле айткан сөзү бул болду:
– Майрамбек, картая элексиңби? Картайба! – деди күлүп.
– Жок, картая элекмин, – дедим мен да күлүп. Дегеним менен, арадан эк-үч күн өткөндө Сагын эженин ошол учкул эки ооз сөзү жүрөк булкутуп, ойго салды. Акын эжебиз бул сөздү бекер айтпаптыр. Эгемендүүлүктүн отуз жылында эмне деген гана төңкөрүштөр, калаймандар болуп өтпөдү дейсиң. Ошол окуялар бизди картайткан жокпу? Ал окуялардын запкысына туш болгондор картайтмак тургай азап-кайгы чегишти го. Ыр ушул жөнүндө жазылды.
Келатамын “Өмүр” деген чоң жолдо,
Көпчүлүккө билинип да, билинбей.
Тагдыр мени калчап көрдү оң, солго,
Ойлогондо аттиң, – деп бир күйүнмөй.
Чач агарды, чаалыккандай түрүм бар,
Жапжаш туруп неге мынча картайдым?..
Кантсе дагы өчпөс менде сүйүү бар,
Бальзамындай баркы түшпөс Алтайдын.
Анда неге мен ушунча картайдым?..
Жапжаш эле болмокмун деп толгоном.
Жүрөгүмдө түнөп калып бар кайгым,
Мени кимдер картайтты деп ойлоном.
Көрсө бизге көсөм болуп убакыт,
Мезгил сурак киргизээрин билбеппиз.
Калыс сөздү айтаар кезде тартынып,
Жалганды айтып, жагалданып сүйлөппүз.
Мына ошондо бир картайдым түңүлүп,
Жүргөн кезде үмүт кылып сүйүнүп.
Үмүт сындуу жүз бала өлдү аянтта,
Бүткүл журттун келечегин күйүнтүп.
Толубайдай чындыкты айтыш кыйындыр:
– Токто! – булар тулпар эмес чынында,
– Хан алданба! Чын тулпарга сыйын кыл! –
Деген сөзгө жарабадык ырымга.
Чобурларын тулпар десе чубатып,
Баары тулпар деп акырын коштодук.
Толубайлар толкуп чыкса жолунан,
Топ карышкыр көргөндөй жол тородук.
Келечектин көзүн оюп салаарда,
Таппай турдук Толубайдай жан арга.
Калың журтуң каптап келсе качышты,
Ата Журттун кереги жок аларга.
Чындык жерде жаткан кезде тургузбай,
Жалганчыны калкаладык ургузбай.
Адашса да адал жолду табышты,
Улут барбы Ала Тоодо Кыргыздай!
Салтанаты элибиздин көп болсун,
Максатына жетсин дайым самаган.
Кут кетпесин, ынтымагы бек болсун,
Жакшылыктын жарчысы бол, заманам!
Кыргыз поэзиясындагы сейрек кездешүүчү автобиографиялык-эссеистикалык лирика жанрында жазылган бул ырда Майрамбек Токторов акын Расул Гамзатовдун ыр чабытындай чабыттап, кенен-кесири ой жүгүрткөн экен. Ырга баш сөз (преамбула) катары киргизилген Кыргыз эл акыны Сагын Акматбекова менен болгон диалог ырдын жаралуу тарыхын ачып, ага өзгөчө чынчылдык жана публицистикалык курчтук тартуулап турат.
“Мени эмнелер картайтты?”. Бул мыйзам ченемдүү суроо Шералынын чокоюндай ар бирибиздин бет маӊдайыбызда качан да болсо илинип турганы турган. Биерде сөз жеке адамдын табигый (физиологиялык) карылыгы тууралуу эмес, руханий карылыгы (адеп-ахлактык өкүнүч); улуттук тагдыр, эгемендүүлүк жылдарындагы коомдук-саясий кайгылуу окуялар (төңкөрүштөр, Апрель окуясы) жана интеллигенциянын жоопкерчилиги тууралуу сөз болуп жатат. Адамды курак же жылдар эмес, адеп-ахлактык кайдыгерлик, убагында чындыкты айта албай «жагалданганы» жана улуттук трагедияларга күбө болуп, аны алдын ала албаганы картайтат.
“Мени эмнелер картайттыда?” Майрамбек таланттуу акын катары өзүнүн чеберчилиги өсүп жеткенин далилдеп, Толубай сынчы менен хандын ортосундагы сюжетти азыркы саясий заманга салыштырууда аллегория жана тарыхый параллелизмди пайдаланган. Чыныгы адилеттикти сунуштагандарды «карышкыр көргөндөй жол тороо» – саясий куугунтукту жана кайдыгерликти көрсөтөт.
Лирикалык каарман өз катасын моюнга алуудан коркпогон, коомдун кайгысын өзүнүн жүрөгү аркылуу өткөргөн абийирдүү азамат. Ыр элегиялык (санааркоо, өкүнүч) маанайдагы пафос менен башталып, ортодо трагикалык-сатиралык (ашкерелөө) нукка өтөт да, финалы патриоттук-оптимисттик маанайда жыйынтыкталат. Бул ыр – жөн гана жеке сагыныч же жаштыкты аңсоо эмес, бул эгемен кыргыз мамлекетинин 35 жылдык адеп-ахлактык хроникасы.
«Алыс кеткен азаматтар келишет», «Коркпо досум» ырларында миграция жана улуттук социалдык трагедия темасы козголгон. Миграция – автор үчүн жөн гана экономикалык маселе эмес, улуттук кайгы-капа. («Балдар эмес, чалдар да кетип жатат»). Бирок, анын лирикалык каарманы «элим бир күн эс-акылына келип, Ала-Тоону оңдойт» деген улуттук үмүт-ишенимди (социалдык оптимизмди) карманат.
«Жылдыздар жана бийиктик жөнүндө ыр», «Акыркы кабарлар», «Чарчадык» ырларында глобализация жана жалпы ааламдык кабатырлануу бар. Автор өзүн Кыргызстандын гана эмес, бүткүл Ааламдын бир бөлүгү катары сезет. Жер жүзүндөгү согуштар, бомбалоолор, качкындар маселеси анын жүрөгүн оорутат.
«Кичинекей киши», «Акча, акча!», «Үч түс», «Тең эмес», «Убадага күйгөн ырда» социалдык адилетсиздик жана «Кичинекей кишинин» трагедиясы тууралуу сөз болот. Орус адабиятындагы А. Пушкин («Станционный смотритель»), Н. Гоголь («Шинель») негиздеген «Маленький человек» (Кичинекей киши) концепциясы кыргыз турмушуна чебер ылайыкташтырылган. «Кичинекей киши» билинбей жашап, кичинекей айлык алып, акыры ошол эле «чоңдордун» уурулугунун курмандыгы болуп өтөт. Акчага кул болгон коомдо адеп-ахлак менен абийирдин наркы арзандаганы трагедия катары сүрөттөлөт.
«Энелер карыбаса экен деймин», «Ачык күнүм», «Кыш», «Жоголгондо», «Жашасын, жарык дүйнө!», «Күлүк курак», «Күйүндүм», «Күүгүмдөгү сүйлөшүү», «Маанай», «Адам», «Төрт мезгил» – өмүр мезгилдери, элегия жана экзистенциализм темасы козголгон философиялык-элегиялык лирика. Бул ырлар топтому – автордун дүйнө таанымынын эң бийик, жетилген курагын көрсөтөт. Автор коомдогу бардык адилетсиздикке, согушка, ач көздүккө карабай, корутундусунда «Жашасын жарык дүйнө, шүгүрчүлүк!» деген улуу оптимизмди жана Кудайга болгон ыраазычылыкты туу тутат.
«Эзелки ибарат», «Санат ыр», «Чакырык», «Көз баштыктын» негизги тематикасы – адамгерчилик, напси жана моралдык адеп-ахлак. Бул ырлардагы негизги ой – «пендечиликти жеңүү жана адеп-ахлакты таза кармоо» маселеси. «Көз баштыкта» хандын тойбос көзү – адамдагы чексиз напсинин символу.
«Кур дүрмөт», «Сүйүнөм», «Жоголбойлу», «Чындык кайда?», «Кайран кеп», «Тоо бүркүтү жөнүндө тамсилдеги» башкы тема – социалдык чындык, эки жүздүүлүк жана «чындык» оорусу. «Кайран кеп» ырында кур кыйкырык салган, бирок реалдуу ишке келгенде жок, социалдык тармактарда же көчөдө куру чеченсинген курулай чечендерди (попугайларды) ашкерелейт.
«Ким жайыңды сурады?..», «Улуу журтта» миграция, мекен жана өлкө тагдыры тууралуу сөз болот.
Сүйүү лирикасын кимдер гана жазбаган. Майрамбек Токторов да андан четкери эмес. Анын махабат лирикасында – адеп-ахлактык эстетика, махабат лирикасы, жубайлык берилгендик жана өмүр өкүнүчү менен кубанычы алдыңкы планга чыккан. Автор аялзатын жөн гана сулуулуктун объекти катары эмес, ааламды кармап турган негизги тирек (улуттук жана ааламдык бейиш) катары сүрөттөйт. «Аял бардан дүйнө турат сакталып» же «Аял бейиш, аял менен адамбыз» деген саптарда Адам ата менен Обо энеден башталган суфийлик-философиялык терең маани бар. Ошону менен бирге кыз-келиндердин чыдамкайлыгын, «жоктон барды жараткан» эмгекчилдигин жана эр жүрөктүүлүгүн баса белгилеп, аялга карата зомбулук көрсөткөн «таш боор, зөөкүрлөрдү» чечкиндүү айыптайт. «Сагынганда», «Эңсегенде», «Жаңырык», «Арман кайрык», «Келе кетчи», «Сары кар», «Күз» аттуу ырларында арзуу, сагыныч жана өкүнүчтү көрөбүз. Анын сүйүү лирикаларынан жаштыктагы тунук сезимдерди («Сен бар үчүн»), ажырашуунун арманын («Арман кайрык»), убакыт өтсө да өчпөгөн сагынычты («Келе кетчи») таба аласыз. «Сары кар» жана «Күз» метафорасында: Жазгы жылуу жамгырдын карга айланышы – өтүп бараткан жаштыктын, бирок ошол эле учурда сүйүүнүн кечигип келген же эскирбеген жылуулугунун символу. Күз мезгили келип, жалбырак саргайса да, адам дилинде жаз сымал «оолугуу» кала берерин чебер берет.
«Турмуш» – жубайы Заремага арналган ырда турмуштун ысык-суугун, «жазы кышка айланган» өткөөл күндөрдү бирге жеңип өткөн чыныгы өмүр өнөктөшүнө болгон ыраазычылык чагылдырылган. Бул өмүрлүк жубайынын көӊүлүн курулай улап коюу эмес, бул турмуштун сыноосунан өткөн, жашоонун жаргылчагында жанчылып бышкан сүйүү. «Турмуш балладасы», «Кумарда» да кызылдай турмуш чындыгы жатат. Адамзат жашоосунун тиреги үй-бүлө. Акындын корутундусу так: Адамды, үй-бүлөнү жана бүтүндөй дүйнөнү сактап кала турган жалгыз керемет күч – бул аялзатына болгон аруу сүйүү жана урмат.
«Ар кыл ырлар» топтому Майрамбектин жарандык позициясын, мекенчилдик сезимин, адамгерчилик нарк-насилди жана турмуштун ачуу-таттуу чындыгын чагылдырган философиялык-социалдык масштабдуу лирикасы десек болот. Мурунку топтомдордо махабат жана ички сезимдер басымдуулук кылса, бул ыр топтомдо доордун көйгөйлөрү, адамзаттын сыноолору жана коомдук-социалдык адилетсиздикке болгон каршылык биринчи планга чыккан.
«Ооруган шаар», «Сыноо», «Өлбөгүлө эх, кайран туугандарым», «Аман болгун» ырларында – пандемия сыноосу темасы басымдуулук кылса, «Жаман киши», «Ууруларга ода», «Убалдан коркпогон убадалар», «Бир шилтемдер» – социалдык-сатиралык жана жарандык курч лирикалык маанайдагы ырлар. «Мезгил», «Окуп бүттүм», «Аттиң!», «Түңүлбөйт», «Күүгүм», «Кышкы жамгыр» – өмүрдүн учкулдугун, мезгилдин тездигин эске салат. «Кышкы жамгыр» ырында 2025-жылдын 31-декабрында жааган жамгыр аркылуу табияттын теңдештигинин бузулушун, адамзаттын кесирлиги менен куулугун айыптайт.
«Кыш жомогу», «Кызык» ырларында жөнөкөйлүк жана дидактика бар. «Кызык» ыры чакан сатиралык тамсил түрүндө жазылып, баланын жөндөмүн эске албай, сокур дымак менен тарбиялаган ата-энелердин катасын («Карга баласын булбул кылам деп пианино сатып берди…») күлкүлүү жана жыйынтыктуу ачат.
Майрамбек Токторовдун – «Арноолор» жана «Жалган дүйнө – Арман дүйнө» цикли – акындын поэтикалык талантынын дагы бир терең, кабырганы кайыштырган аруу барактарын ачат. Эгер мурунку ыр топтомдордо сүйүү, философия жана коомдук курч маселелер басымдуу болсо, бул ырларда улуу инсандарга таазим кылуу, ата-энеге болгон сагыныч, убайым жана оо дүйнөгө кеткен жакындарды жоктоо (элегия) негизги лейтмотивди түзөт.
«Арноолордо» акын улуттук маданиятка, адабиятка жана коомдук турмушка эбегейсиз салым кошкон инсандарга болгон урмат-сыйын жылуу, калыс жана даанышман сөздөр менен билдирген. «Жалган дүйнө – Арман дүйнө» – арман, жоктоо жана элегия. Бул ырларда эч кандай куру жасалмалуулук жок. Сезимдер кандай болсо, дал ошондой ак дилден, тунук жана жараланган жүрөк менен кагазга түшкөн.
Бул ырлар топтому акындын гуманисттик дүйнө таанымын дагы бир ирет тастыктайт. Тирүүлөргө – сый-урмат: Улуу инсандардын эмгегин көзү барда баалап, таазим кылуу; Өткөндөргө – эскерүү жана дуба: Кайтыш болгон ата-энени, жакындарды унутпай, алардын асыл сапаттарын улантуу. Акын окурманга эң башкы философиялык ойду калтырат: «Тирүүлүктүн баркын билип, ата-энени бөпөлөп, батасын алуу – адамдык эң бийик парз».
Майрамбек Токторовдун поэзиясы – кыргыз жарандык жана философиялык лирикасынын мүнөздүү үлгүсү. Ал бир эле учурда коомдук курч маселелерди ачык айткан публицист-акын жана жан дүйнөнүн эң назик кылдарын титиреткен лирик. Анын ырларында жасалма риторика жок, тили жутум суудай жөнөкөй, эӊ башкысы ойлору жугумдуу, жүрөккө түз жетет. Коомдогу терс көрүнүштөрдү жаап-жашырбай, айрым учурда сатиранын курч тили менен ашкерелейт. Окурманга анын «тирүүлүктө кадырлашуу» идеясы ынайт деген ойдобуз. Ата-эненин, жакындардын жана замандаштардын кадырын көзү барда билүү, алардын эмгегин баалоо – адамдык эң бийик милдет. Ошондой эле руханий тазаруу жана ыйман идеясы азыр күн тартибинде турган көйгөйлөрдөн. Эгер коом материалдык байлыкка же коррупцияга азгырылса, улут катары жоголуу коркунучу бар. Атажуртубуздун алдында эгемен мамлекет катары өнүгүүнүн бир гана жолу бар. Ал ар бир адамдын ички тазалыгы жана ыйманы.
Бул китеп мекенди чын дилден сүйүүгө, ыйманды сактоого жана тирүүлүктө бири-бирибизди кадырлоого багытталган поэтикалык чакырык десек болот. Майрамбек Токторовдун поэтикалык дүйнөсү – ички сезимдердин аруулугунан коомдук-философиялык масштабга чейинки көркөм эволюция.
Ал көп изденген акын. Жазганына караганда көп ойлонот. Жөн ойлонбой образдуу ойлонот. Ошондон болсо керек, анын ырларынан метафоралар, эпитеттер, салыштыруулар балдай таамп турат. Анысынан да, Чыгыш адабиятындагы классикалык рубаи жана бир шилтем жанрларын нукура кыргыз кыртышына чебер адаптациялап, аз сөзгө көп маани батырган миниатюралардын чебери экени эч жашырын эмес.
Жыйынтыктап айтканда Майрамбек Токторов “Түбөлүк тур, ата журт” ыр жыйнагы улуттук поэзияга такшалган акын, болгондо да ой жүгүртүү чабыты Расул Гамзатовдой кенен, башкаларга эч окшобогон, өз үнү бар, өзүнүн сөзү бар акын келгени тастыктайт десек эч жаңылышпаган болобуз. Бир кезде ал Сүйүнбай Эралиев, Омор Султановдордон үлгү алса, бүгүн эми өзү жаштарга үлгү болчу куракка келди. Макебиздин жаңы чыгармачылык бийиктиктерди багынта беришине тилектешпиз.
Болотбек Таштаналиев
