|

Ичимде толкун

5/5 - (1 добуш)

Бороондой куса, үшүтөт алсыз денемди,
Батынып айтпай азабын тартып келемин.
Бар бекен күнүм кусадан жүрөк арылган,
Бир эле көрүп көксөөмдүн басып ченемин.

Ийиктей толгоп санаанын сары жиптерин,
Ичимде толкун, телмирип сени тиктедим.
Ишеним алсыз, көөдөнүм толо сагыныч,
Илгери үмүт, көзүңдөн сүйүү издедим.

Садагам менин арзуумду сага арнадым,
Сезимиң сенин от сымал күйүп жанбады.
Сүйкүмдүү жүзүң, керемет мөлтүр карегиң,
Суктанып карап, кумарым эч бир канбады.

  • 1971-жылы Ат-Башы районунда туулган. Ыр жазууга кызыгат.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген