“Темир жол тепселе мелтейген…”
* * *
Темир жол тепселе мелтейген,
Узатып үмүттүү миң көздү,
Бийиктен поездге көз салат,
Биликтей бир үмүт, бир көздүү.
Узатат саналуу миң көздөр,
Сагыныч азабын сезише,
Куюлар жаштарын кылк жутуп,
Кусалуу миң көздөр кетишет.
Үшкүрүк сыяктуу поезддин
Үнүнөн миң кулак тунгандай,
Беш жүз ооз бекеттен жалынат,
Кудайдын жанында тургандай.
Беш жүзү колдорун булгалап,
Поездди узата жүгүрөт,
Беш жүзү бүктөлө бүшүркөй,
Табышмак тагдырга жүгүнөт.
Темир жол тепселе мелтейип,
Жондогу жүгүнө өбүлөт.
Томсоро бараткан миң көздүн
Ичинен миң үмүт көрүнөт.
