Жек Лондон: “Мартин Иден” (XIV-XV)
Романдан үзүндү. Калган бөлүктөрү: I, II, III, IV, V, VI, VII, VIII-IX, X-XI, XII-XIII
XIV БАП
Руфту сүйгөндүгүнө карабай, Мартин латын тилин үйрөнгөн жок. Олнинин кеңешинин бул жерде тиешеси да жок эле. Ага баарынан кымбат убакыт эле, ошондуктан латын тилине караганда алда канча маанилүү илимдерге көңүл бурушу керек эле. Анүстүнө ал жазууга да тийиш эле, анткени ага акча иштеп табыш керек болчу. Бирок анын жазгандарын эч ким баскан жок. Кол жазмалар редакциядан редакцияга саякаттап жүрө берди. Бирок башка жазуучулардыкын басып эле жатышпайбы? Көптөгөн убактысын окуу залында отуруп, башка чыгармаларды окуганга арнады, аларды өзү жазгандарга салыштырып, сын көз менен карап, талдап окуп жатты, бул жазуучуларга өз чыгармаларын орноштурганга жардам берген сырларды табууга аракеттенди.
Окуп чыккан чыгармалардын көпчүлүгүндө жандуу турмуштун жок экенин көрүп таң калып да жатты, бирок ошого карабай алар басма сөз беттерине чыгып кетиптир го. Бул аңгемелерде не жарык, не боёк деген ныпым жок эле.
Бирок жашоонун деми таптакыр сокпогон бул чыгармалардын ар бир сөзүнө эки центтен, ал эми ар бир миң сөзгө болсо, жыйырма доллардан төлөнгөн экен, – гезиттеги кулактандырууда ушинтип жазылыптыр болчу. болуш керек. Ал жеңил жана курч (ал муну моюнга албай коё албады), бирок эч кандай турмуш чындыгы жок бул көп сандаган аңгемелерди биринин артынан бирин таң калуу менен окуп чыгып, кайталап да окуду. Турмуштун өзү бирок ушунчалык таң каларлык, керемет нерсе эмеспи, анда чечилбеген маселелер, таттуу кыялдар, каармандык аракеттер толтура, мына бул аңгемелерде болсо баштан аяк күндөлүк турмуштун адамды жадатып жиберчү тузу жок аштай супсак окуялары гана баяндалыптыр. Мартин турмуштун улуулугун, чексиз алп күчүн, анын кайнактыгын жана назиктигин, анын козголоңчул духун сезип турду, – жазсаң, атаңгөрү, мына ушуларды жаз! Ал башын тобокелге байлап не бир опурталдарга тике караган кашкөй эрлерди, ашыктыктын отунан жинди болуп кете жаздаган жаш жигиттерди, күчү жашоону титиреткен, чыркыраган чымын жандын азабын тартып, үрөй учурган коркунучтардын арасында жакшылык үчүн кармашып жүргөн алптарды даңазалагысы келген. Мынабул басылып чыккан аңгемелерде болсо мистер Бэтлерге окшогон доллардын артынан кууган бечаралар, кунары качкан пенделердин өзүлөрүнө окшогон майда сүйүүлөрү даңкталып атканы. “Бул балким редакторлордун өзүлөрүнүн ушундай майдачыл, жарыбаган адамдар экенинен улам чыгаар? – деп сурачу Мартин өзүнөн. – Же бул редакторлордун, жазуучулардын баары жашоодон коркушабы?”.
Аны баарынан көбүрөөк кысындырган нерсе, ал редакторлор менен да, жазуучулар менен да тааныштыгы жок эле. Ал бир да жазуучуну билчү эмес, жадагалса, жазайын деп аракет кылган пендени да жолуктурган эмес. Андыктан анын менен сүйлөшүп, дурусураак кеңеш берип, туура жолго салган киши болбоду. Мындан улам анда редакторлор деги тирүү кишилер болот бекен деген күдүк ой пайда болду. Балким алар машиненин дөңгөлөгү чыгаар деп ойлоду. Так ошондой болсо керек. Азаптанып аңгеме, очерк, повесттерди жазып, аларга болгон жан дилин төгүп, анан аларды жаны жок машинелерге тапшырып аткан турбайбы көрсө. Ал кол жазмасын чоң конвертке салып, чаптап бекитип, анан кайра жооп алыш үчүн марканы кошо салып, почто жашигине таштаар эле. Кол жазма кыйла күн кыдырып жүрүп, анан башка конвертке салынып, кайра колуна келип тиер эле. Кыязы, буга караганда эч кандай редактор деле болбойт окшойт, болгону кыйтыр иштеген механизм гана кол жазманы башка конвертке салып, маркасын чаптап туруп кайра жөнөтүп коет окшойт. Кээ бир ушундай автоматтар болот ко, тыйын ыргытсаң, ичинен чайначу сагыз же бир тиштем шоколад чыгарып берген. Бир тешигине таштасаң – сагыз, экинчисине таштасаң – шоколад чыгат эмеспи. Редактор деген машине да так ушундай болсо керек. Бир жылчыгынан калем акынын чеги чыкса, экинчисинен куру жооп чыгат. Мартин болсо жалаң экинчи жылчыкка гана туш келип туруп алды.
Көңүл чөгөргөн бул жооп каттар деле ошол машинеге окшошуп турду. Булар сыртына автордун менен аңгеменин аты гана коюла турган стандарттуу басма кагазы эле. Мартин мындай каттардын кеминде жүзүн алды окшойт. Аны күйгүзгөнү, каттарда жок дегенде, өзүнө карата айтылган бир ооз жылуу сөз болсочу. Бир да редактор тирүү адамга окшоп жооп берип койгонго жараган жок. Акыры үмүтү үзүлгөн Мартин бечара бул дүйнөдө дегеле редактор атмай болбой, жалаң гана жакшылап майланып, өз ишин кынтыксыз аткарган автоматтар гана бар экен деген ойго келди.
Мартин кайраттуу жана чыдамкай жан болгондуктан, бул жансыз машинелерди узак жылдар бою кагаз камсыз кылып турууга эрки жетишээр эле. Ал майданда жарадар болуп кансыраган жоокердей эле, ошондуктан иштин тагдырын жылдар эмес, жумалар гана чечмек. Апталык батир акысы анын таптакыр сызга отура турган учурун жакындатып келатты, ага почтого кетип жаткан чыгымдар да кошул-ташыл болуп жатты. Ал эми китеп сатып ала албай деле калды, туш тарабынан кысмактап келген жашоосун бир азга болсо да жеңилдетиш үчүн эптеп майда-бараттан акча үнөмдөгөнгө өттү; бирок үнөмдөө дегенди түк билбеген жаны эжеси Мериенге көйнөк сатып берем деп беш долларынан кол жууду да, каптап келаткан кыяматты бир жумага тездетти.
Ушинтип өз шоруна өзү кайнаган Мартин кыйынчылыктар менен жападан жалгыз кармашып жатты, кеңеш берип, жылуу сөзү менен колдогон кишиси жок эле; тескерисинче айланасындагылар тегиз жабыла анын кайратын мокотууга биригип алышкандай эле. Алтургай, Гертруда да ага сыртын сала баштады: адегенде бир боор эжедей анын жазам дегенин элес албай, муну балалык макоолугу деп сезди, анан кайра эле бир бооруна күйгөн киши катары тынчы кете баштады. Ага Мартиндин тентектиги ашынып бараткандай көрүндү. Мартин анын кооптоно караганын байкап жатты, бирок бул ага мистер Хиггинботамдын жанга тийген шылдыңынан да катуу тийип жатты. Өз күчүнө ишенгени менен, мындай ишеним жалгыз өзүндө гана болчу. Кала берсе, Руфь да анын ишенимин бөлүшкөн жок. Анын адабиятка болгон ышкысын Руфь эч качан ачык сындап, колдоого да албаганы менен анын өз алдынча окуу менен гана алектенүүсүн каалар эле.
Мартин жазгандарынын бирин да ага көрсөткөн эмес. Аны өзүндөгү кандайдыр бир өзгөчө кыйкымчылдык токтотуп турду; мындан тышкары, университеттен бошобогон кыздын убактысын алып, окуусунан алаксыткысы келбеди. Кудай жалгап, сынактарын тапшырып бүтүп, даража алган соң Руфь андан жазган чыгармаларыңды көрсөт деп өзү суранып калбаспы. Мартин кубанып да, сүрдөп да кетти. Руфь анын накта сынчысы эле. Анткени ал искусствонун бакалавры деген наам албадыбы. Адабиятты килейген профессорлордун жетекчилигинде үйрөндү. Мүмкүн редакторлор деле тажрийбалуу сынчылардыр, бирок Руфь анын чыгармачылыгына башкача мамиле кылат да. Руфь ага басуудан баш тартылды деген бланканы карматпайт, аңгемелериңиздин баары сонун жазылыптыр, бирок тилекке каршы, бул басылмага чыгарганга ылайык келбеди деген кепти айтпайт. Ал анын жаазгандарына кадимки тирүү кишидей мамиле кылып өз оюн айтат, эң маанилүүсү – чыныгы Мартин Идендин ким экенин таанып, билет. Жок дегенде, Руфь анын жан дүйнөсүнүн аялуу сырларын төгүп жазган чыгармаларында ал эмнелереди кыялданганын түшүнөөр, анда катылып жаткан күчтү сезээр.
Мартин өзүнүн бир нече кыска аңгемелерин тандап алып, аларга «Деңиз ырларын» да кошуп койду. Ошентип июндун ысык күндөрүнүн биринде Руфь экөө велосипед минип алып, шаар четиндеги өзүлөрү жакшы көргөн дөңсөөлөрдү көздөй жол тартышты. Бул алардын экинчи жолку сейили. Күндүн ысык илебин кайтара соккон деңиздин салкын шамалын жиреп, зыпылдап баратып Мартин жашаган дүйнө менен махабаттын кандай керемет экенин бүткүл жүрөгү менен терең сезип жатты. Анан велосипеддерин жолдун жээгине жөлөп коюшуп, экөө күнгө күйүп калган чөптүн кургак, буруксуган жыты жетип турган дөңсөөнүн чокусуна чыгып кетишти.
– Бул өз милдетин аткарды, – деди Мартин, экөөбү жаңы эле жетип, Руфь анын күрмөсүнө, өзү болсо түз эле ысык жерге отуруп атышканда.
Ал башты эңги-деңги кылган ширелүү жыттын илеби урган абадан жыттап, көнгөн адатынча жекече ойлордон дүйнөлүк маселелерди талкуулаганга өттү.
– Мына бул чөп өзүнүн милдеттерин өтөдү, – деди ал куурап саргайган чөпкө тигиле, – кыштагы калың кардын нымы менен сугарылып, жазгы катуу шамалдар менен кармашып, гүл ачып, курт-кумурскаларды жана аарыларды тамактандырып, өзүнүн уругун чачып, мына эми болсо жаратылыштын алдындагы милдетин аткарып бүттү…
– Сиз эмне үчүн баарына кандайдыр бир практикалык көз менен карайсыз? – деди Руфь анын сөзүн бөлүп.
– Бул балким менин эволюциянын теориясын үйрөнүп жаткандыгымдан болсо керек. Чынын айтсам, баары нерсенин чыныгы түсүн жакындан бери эле көрө баштадым.
– Мындай практикалык мамиле менен сулуулукту түшүнө албайсыз го дейм. Сиз көпөлөктү мыжыгып ойногон жаша бала сыяктуу сулуулукту жок кылып жатасыз.
Ал андай эмес дегендей башын чайкады:
– Сулуулуктун да өзүнчө мааниси бар дечи, бирок мен ушул убакка чейин муну сезе элекмин. Мага кооз нерсе кооз болгону үчүн гана жага турган. Мен сулуулуктун маңызын түшүнгөн эмес экемин. Муну эми гана түшүнүп жатам, тагыраагы, түшүнгөнгө аракет кылыбатам. Бул чөп мага азыр алда канча кооз болуп көрүнөт, анткени анын бул дөбөдө өсүп чыгышы үчүн күндүн, жаандын жана топурактын химиялык таасири тийгенин билип атам да. Бир сабак чөптүн деле тарыхында романтика бар эмеспи, анткени ал көп окуяларды башынан өткөрдү. Ушул ойдун өзү эле мени шыктандырат. Күч менен материянын кубулуштары жана жашоонун өзү улуу күрөш экенин ойлогондо мен ушул чөп жөнүндө эле бир канча поэмаларды жазгым да келип кетет.
– Кандай сонун сүйлөйсүз, – деди көңүлү бир нерсеге алагды Руфь, бирок Мартин анын сынагандай көз карашын байкап калды.
Ал оңтойсуздана түшүп, кызарып кетти.
– Сүйлөгөндү акыры үйрөнгөнүмө кубанычтамын, – деди ал, – менде айта турган далай нерселер жатат. Бирок алар ушунчалык зор нерселер, андыктан кантип айтканга сөз таппайм. Кээде мага бүт дүйнө, бүт жашоо, ар бир тал чөп биз үчүн сүйлө дегенсип талап кылыбаткандай болот. Мен муну сезип турам – эми муну канткенде айтып бере алам? – баарынын улуулугун сезип турам, бирок айта келгенде эле аным баланын балдыраганындай болуп калат. Өз оюң менен сезимиңди сөзгө айландырыш, сөз кылып жазганда да алар угарман менен окурмандын сезимин козгоп, ошондой эле сезим менен ойду жараткыдай кылыш – бул абдан зор маселе. Болгондо да бул эч нерсе тең келе албаган укмуш милдет. Мына, караңыз, мен көмкөрөмөн түшүп алып чөптү жыттап жатам, мен дем алып аткан бул жыт кыялымда миңдеген ойлор менен элестерди ойготконсуйт. Анткени мен ааламдын жытын жыттап атпаймынбы? Кулагыма ыр менен күлкү угулат, кайгы менен муңду, күрөштү, ажалды көрүп турам. Кыялымда жылоолонгон чексиз көрүнүштөрдү сизге жана бүт ааламга билдиргим келет! Бирок муну кантип жасашым керек? Тилим кыска. Мына ушул чөптүн атыр жытын жыттап жатып, эмне сезсем ошонун баарын сизге айтып берсем дегем, бирок бул колуман келбеди. Болбогон эле маңызы жок бирдемелерди айткан болдум. Эч бир байланышы жок эле сөз болуп калды… а мен ушунчалык сүйлөгүм келди эле. О… – деди ал улам-улам манжаларын бүктөп, – бирок бул мүмкүн эмес! Айта албайм! Айтып жеткирүү мүмкүн эмес!
– Бирок сиз сопсонун эле сүйлөп жатсыз го, – деди Руфь, – ушунчалык кыска убакыт ичинде сүйлөгөндү кантип үйрөнүп алганыңыз таң каларлык. Мистер Бэтлер – элге таанымал оратор. Штаттын комитети аны дайыма шайлоо алдындагы өнөктүктө сөз сүйлөп берүүгө чакырып турат. Баягыда түшкү тамак учурунда сиз андан кем калышкан жоксуз. Ал сизге караганда саал токтороок. Сиз өтө кызууланып кетесиз, бирок бул бара-бара өтүп кетет. Сизден мыкты оратор чыгышы мүмкүн. Эгерде чындап кааласаңыз… алыска кетер элеңиз. Сизде күч бар. Башкаларды артыңыздан ээрчитип кете аласыңар, буга көзүм жетип турат. Сиз алдыңыздан чыккан кандай кыйынчылык болбосун, грамматиканы жеңгендей эле жеңип кетесиз. Таанымал адвокат же саясий ишмер болуп кетишиңер да ыктымал. Силерге мистер Бэтлер жеткен ийгиликтерге жетишүүгө эч нерсе тоскоолдук кыла албайт. Болгондо да ашказаныңызды оорутпай эле жетесиз, – жылмая кошумчалап койду Руфь.
Экөөнүн аңгемеси улана берди. Руфь демейдегидей эле сөзсүз окуу керек экенин жумшак, бирок кайра-кайра баса айтып атты, бардык билимдин негизи деп латын тилинин маанисине дагы бир токтолуп өттү. Кыз айтор, Мартинге өзүнүн кыялында ушундай болсо деп самаган адамынын элесин, алтургай, кылык-жоругуна чейин мүнөздөп берди. Ал адамдардын башында албетте өзүнүн атасы турду, анан мистер Бэтлердин да анча-мынча сапаттарын кошту. Чалкасынан түшүп жаткан Мартин сүйлөп жаткан Руфтун эриндеринин ар бир кыймылына суктануу менен карап жатты, бирок, анын айтып жаткан сөздөрүнүн бири да аны козгоп, толкунданткан жок. Руфь сүрөттөгөн келечеги аны кызыктыра албады, дилинде сүйүү азабы коштолгон үнсүз өкүнүч чыркырап турду. Кыз анын чыгармачылык иштери жөнүндө сөз козгоп да койбоду, окуп берем деп дегдеп атайын көтөрүп келген кол жазмалары эч ким карабай, жерде чачылып жатты.
Акырында бир аз унчукпай калышканда Мартин күндү карап, анын горизонттогу бийиктигин көз менен өлчөдү да кол жазмаларын чогултуп кирди.
– Ии, унутуп калган турбаймынбы? – деди Руфь ошол замат, – аңгемелериңизди абдан уккум келет!
Мартин ага өзү эң мыкты деген бир аңгемесин окуп берди. Ал аны «Турмуш шарабы» деп атаган эле; аңгемени жазып жатканда аны мас кылган сезимдер аны азыр да окуп жаткан кезде кайрадан башына тээп чыкты. Аңгеменин өзгөчө идеясында өзүнө арбаган бир сыйкыр бар эле, андыктан аны күчтүү сөздүн, сүйлөмдөрдүн кубаты менен ого бетер күчөтүүгө абдан аракеттенген. Жазып аткан чактагы өзүнө шык берген жалын аны эми кайрадан ээлеп алып, эч бир кемчиликтерин байкабастан, ого бетер зор кызыгуу менен окуп жатты. Бирок Руфь анчалык толкунданган жок. Анын кылдат уганаактыгы аңгеменин начар жактарын, үйрөнчүктүн аша чапкан шаңдуулугун, фразалардын ыргактуу түзүмдөрүнүн бат-бат бузулушун дароо эле байкап койду. Ал аңгеменин ыксыз кекирейме-салмактуу жерлерин кошпогондо, жалпы ыргагын таптакыр кармай албай койду, бул аны обу жок дилетанттык сыяктуу жагымсыз таңгалдырды. “Дилетанттык” – Руфтун эң акыркы өкүмү мына ушундай болду, бирок ал муну ачык айткан жок. Тескерисинче, ал бир нече майда эскертүүлөрдү гана жасап, аңгеме негизинен өзүнө абдан жакканын айтты.
Бирок Мартиндин көңүлү чөгө түштү. Сабыры суз боло түшкөнү мындан: ал чыгармасын Руфка мектеп окуучусунун жазганын бул жагына чекит коюш керек, мына бул жагында үтүр калып кетиптир дегендей майда-барат оңдоолорду киргизиш үчүн окуп берди дейсиңби. Аны Мартин өзү деле көрүп билип турат. Кеп мында эмес эле. Майда кемчиликтин жарасы жеңил, эртеби кечпи, аларды оңдоп атып, биротоло арылышы мүмкүн болчу да. Ал Руфка кайнаган жандуу турмушту көрсөткүсү келди эле, өз көзү менен көрүп, жүрөгү менен сезген чалкыган жашоонун зор, маанилүү окуяларын Руфь да сезсе деп дегдеген эле. Бирок андай болбоду. Мүмкүн редакторлордуку туурадыр. Ал зор жана маанилүү нерселерди көрүп турганы менен аларды сөз менен жеткире албайт окшойт. Мартин өзүнүн ирээнжигенин жашырып, Руфь айткан сынга дароо макул болду, Руфь болсо азыр эле айткандарынан Мартиндин дилинде нараазылыктын эмне деген албуут бороону жүрүп кеткени оюна да келбеди.
– Муну болсо атын «Казан» деп атадым, – деди Мартин экинчи кол жазмасын барактап жатып, – бул аңгемени төртпү, бешпи журнал жаратпай салды, бирок өзүмө абдан жагат. Албетте, кишиге өзүнүн аңгемесине өзү сын берүү өтө кыйын, бирок ошондой болсо да, менимче, бул аңгемеде анча-мынча дурус нерселер бар. Мүмкүн, бул аңгеме сизди менчелик толкундатпас чыгар, аңгеме кыска эле, болгону анда эки гана миң сөз бар.
– Үрөй учат! – кыйкырып жиберди Руфь, Мартин аңгемени окуп бүтөрү менен. – Бул үрөйдү учурат! Тимеле жүрөктү түшүрөт ко!
Мартин ичинен кым дей түшүп, анын кубара түшкөн жүзүнө, жылтыраган көздөрүнө, кыса жумуп алган колдоруна тигилди. Өз максатына эми жетти. Өзүн чексиз бийлеген сезимдер менен ойлорду Руфка жеткире алды. Аңгеме Руфка жактыбы, жокпу, мааниси жок, маанилүүсү, ага таасир эте алды, аңгемени кунт коюп угууга аргасыз кылгандыктан, ал майда-барат кемчиликтерди да байкаган жок.
– Бул жашоо, – деди ал жооп кылып, – а жашоо бардык эле убакта сонун боло бербейт. Мүмкүн мен апенди чалыштырмын, бирок ушундан да сулуулукту сезип турам. Тескерисинче, ал мага он эсе баалуудай…
– Бирок эмне үчүн бул байкуш аял… шылдың болуп калды… – деп жиберди Руфь анын сөзүн бөлүп. Анан кайра эле ачуулана кыйкырып жиберди. – О! Бул маскарачылык! Жүзү каралык! Бул ыпыластык!
Мартиндин жүрөгү токтоп калгансыды. Ыпластык! Ал эч качан мындай деп санап, ойлогон да эмес. Бүт аңгеменин тамгалары көз алдынан от болуп күйгөнсүп турду, жана анын нурунан көзү уялган ал эч кандай жийиркеничтүү нерсени сезгеи эмес. Мына, эми жүрөгү кайрадан иштеп кеткенсиди, анын абийири тынч эле.
– Сиз эмне үчүн жакшыраак сюжетти тандаган жоксуз? – деди Руфь. – Дүйнөдө ыпыластык деген толубатканын билебизго, бирок ошондой болсо да…
Кыжырланып алган Руфь бирдемелерди сүйлөй берди, бирок Мартин ага кулак түргөн жок. Кыздын сүйкүмдүү, айыпсыз жүзүнө тигиле карап отура берди, кыздын аруулугу Мартиндин тээ жүрөк түпкүрүнө чейин жетип, жан дүйнөсүн кошо тазартып, аны жылдыздын жарыгы менен жууп, аруулап жатты. «Дүйнөдө ыпыластык көп экенин билебизго» дейт да. Ичинен Руфь эмнени «билет» болду экен деп ойлоду Мартин, анан жылмайып койду. Жарк эте түшкөн көз ирмем ичинде анын көз алдынан өзүнө тааныш, нечен ирет өзү ары бери кечкен турмуш дайрасынын не бир ыпылас жактары тартыла калды да, Руфтун аңгемени түшүнбөй калганын кең пейилдик менен кечирди. Мындай турмушту көрбөгөн билбегени үчүн анда эмне күнөө, тескерисинче, Мартин кыздын мындай турмушту көрбөгөндүгү, анын кадыресе ыпыластыгынан алыс төрөлүп өскөндүгү үчүн кудайга ичинен ыракматын айтып турду. Бирок өзү бул жашоонун асмандай улуулугун да, кара көрдөй пастыгын да жакшы билчү, мына ошону жазып, башкаларга айтып жеткирсем деген ою бар эмеспи, шайдан алгырдыкы. Асмандагы ыйыктардын аруулугу жана айыпсыздыгы таң каларлык эмес. Алар башынан эле ошондой жаралган эмеспи. Ал эми ыпластыктын арасында аруу бойдон калган – укмуш керемет деген мына ушул эмеспи! Мына ошончүн жашаш керек! Адилетсиздиктин көңүлдү жипкирткен айласыз ыпластыгынан бийик көтөрүлүп, өз аракетиң менен боор көтөрө өсүп жетилиш, али кир чампаланган көзүң менен сулуулуктун алгачкы нурларын көрүш, алсыздыктан, бузукулуктан жана пастыктан күч менен акыйкаттын, асылзаттыктын гүлдөп өсүп чыкканын көрүш не деген улуу керемет ов!
Аңгыча болбой кулагына Руфтун мындай дегени кулагына шак дей түштү:
– Аңгемеңиздин тону кандайдыр бир кара ниеттүүдөй! Сонун жана көтөрүңкү нерселер көп ко: «Jn Memoriam»ды эстеңизчи.
Мартин ага «А Локсли Холлчу?» деп айтайын деди эле, кайрадан кыялдары азгырып кетпесе айтмак деле. Ал Руфтан тигилген көздөрүн албай туруп, нечен жүз миңдеген кылымдар бою кандай татаал жолдор менен жашоонун тепкичтери аркылуу жогору көтөрүлүп отуруп, акырында жаратмандыктан түспөлү так эле Руфка окшош аруу жана сулуу аял жаралганы жана ал өзүн ашык кылып дегдетип аруулукка умтултканы жөнүндө ойлоду. Ушул перизат эми пейили кенен кудайы күчтү алгачкы жашоо деңгээлинен, түбөлүк жаратмандык процессиндеги сансыз катачылыктар менен алаамат кырсыктардын баш аламандыгынан көтөрүлгөн Мартин Иденге ыроолоону каалап турганын ойлоп жатты. Мына, романтика, сулуулук, керемет деген кайда жатат! Жаза турган нерселер ушулар эмеспи: атаганат, буга жетер анда сөз болсочу! Асмандагы ыйыктар ошол жакта ыйык бойдон кала берсинчи. Ал болсо – адам.
– Сизде күч көп, – деген Руфтун үнүн укту, – бирок бул кандайдыр бир ооздукталбаган күч.
– Идиш-аяк саткан дүкөндөгү пилдей дейсизби? – деген Мартиндин тамашасына жооп кыла Руфь жылмайып койду.
– Сиз темаларды териштире билишиңиз керек. Өзүңүздөгү табитти, көркөмдүктү, анан стилиңизди калыптандырышыңыз керек.
– Мен өзүмдү оорураак ишке салып алган көрүнөм, – деген болду Мартин.
Руфь аны кубаттагандай жылмайып койду да, анын экинчи аңгемесин угууга даярданып калды.
– Билбейм, сизге жагабы, жокпу, – деди Мартин актангандай. – Бул таң каларлык аңгеме! Мүмкүн, мен бул жерде аша чаап кеткендирмин, бирок чынын айтсам, мунун идеясы абдан мыкты. Майда-чүйдөсүнө көңүл бурбай эле коюңуз. Эң башкысы, негизги ойду кармап калууга аракеттениңиз болгону. Бул маанилүү жана туура ой, бирок мен аны түшүнүктүү кылып бере алдымбы же жокпу, билбейм.
Ал окуп жатып, кез-кезде Руфту карап коюп жатты. Байкаса, аңгеме Руфту кызыктырып калгандай. Руфь ал жараткан образдарга суктана, андан көзүн албай, демин ката былк этпей угуп олтурду. Бул аңгемени ал «Укмуштуу окуя» деп атаган, ойдон чыгарылган эмес, аңгеме чынында эле баш тамгалуу окуя эле; бул сый менен жазага бирдей март, кесири башынан ашкан арамза, баш ийип, кулдай иштегенди талап кылган, бирде көз уялткан күнөстүү мейкиндиктерге алып чыгып кетсе, бир туруп чаңкоо менен ачкачылыктын азабын тарттырган, узак, кыйын жолго салып, же ажал апкелчү оор дартка чалдыктырган, тер менен кан кечтирген, уусу күч бөөн-чаянга чактырып, дагы да толгон токой майда-барат жагымсыз окуялардын узак чынжыры аркылуу акыры барып шумдук жеңиш менен аяктаткан каардуу өкүмдардын салтанаты эле бул аңгеме.
Мартин өзүнүн аңгемесинде мына ушуларды жана башка дагы көп нерселерди көрсөткөн эле. Мунун баары Руфту күйүп жанган көздөрү менен угууга аргасыз кылгандай сезилди ага; кыздын бети албырып чыкты, аңгеменин аягына жеткенде кулап калчудай сезилди Мартинге. Руфь чынында эле аңгемеден эмес, анын өзүнүн таасиринен аябай толкунданып чыккан эле. Кеп аңгемеде эмес болчу; кызды Мартинден уруп турган баягы тааныш күч кайрадан ээлеп, азгырып, жүрөгүн дирилдетип жиберген эле. Таңгалыштуусу, аңгеменин өзү да ошол күчкө сугарылыптыр, азыр эми бул күчтүн толкундары Руфту көздөй умтулган бирден бир нук болуп турду. Кыз эмне ортомчу болгонун байкабай, ушул күчтү гана сезип турду; азыр эле окулган аңгеме азгырып алгансыганы менен чынында кызды селт эттирген нерсе – мээсине таптакыр башка, тыштан келген, жүрөгүн түшүрүп күтүүсүздөн пайда боло калган ой болду. Ал күтүлбөгөн жерден нике туурасында ойлонуп кетти, бул ойдун жабышкактыгы аны чочутуп да жиберди. Бул аны ыңгайсыз абалга кептегенсиди. Буга чейин мындай сезим дегеле ага жат болчу. Аялдык сезим аны эч качан мынчалык азапка салып көргөн эмес эле, буга дейре ал Теннисондун ырлары менен сапырылган кооз түштөрдүн гана дүйнөсүндө жашап келген, жадагалса, акындын рыцарлар менен канышалардын ортосундагы ысык мамилелерине жасаган кылдат ишараларын да түк байкаган эмес. Буга чейин катуу уктап аткан экен, турмуш эми анын эшигин өктөм каккылап кирип келди. Коркуп кеткен Руфь жанталаша болгон илгичтерин илип алып жашынып калсам дейт, бирок, ойгонуп алган сокур сезими болбой эле аны бул кызыктай жана жамалы келишкен конокко эшигин кенен ачып бергенге аргасыз кылып турду.
Мартин болсо эмне айтаар экен деп бул да ичинен толкундана күтүп туру. Бул жолку өкүм да мурдагыдай болорунан шеги жок эле, бирок Руфтун:
– Ушунчалык кооз экен! – деген сөзүн угуп таң кала түштү.
Кыз унчукпай калды да, анан болгон ынтаасы менен:
– Бул абдан кооз! – деп кайталап жиберди.
Чынында аңгеме абдан көркөм болчу; бирок аңгемеде, көркөмдүк болгону каражат катары гана кызмат кылган андан да маанилүү нерселер бар эле. Мартин дагы эле чалкасынан түшүп көк чөптө жатты, башына кайрадан шектенүүнүн кара булут жылып келе жаткансыды… Ойлогону дагы ордунан чыкпады. Анда тил деген жок экен. Ал дүйнөнүн улуу кереметтерин көрүп турганы менен аларды так өзүндөй кылып айтып бералбагандан кийин көргөндөн не пайда.
– А аңгеменин… – деди ал, кокустан башка сөздү айтып жибербеске аракеттенип, – сюжети жөнүндө эмне дейсиз?
– Бир аз чаташып кеткен, – деди Руфь жооп берип, – менин жалпы пикирим ушундай. Мен негизги багытын кармаганга аракеттендим, бирок бул кыйын экен. Абдан эле көп сөздүү экенсиз. Сиз таптакыр башка материалды аралаштырып жиберип, окуянын жүрүшүн күңүрттөндүрүп жибергенсиз.
– Бирок негизги мазмууну кандай экен? – Мартин ошол замат сурап жиберди да кайра өзү түшүндүрүп кирди: – Бул ааламдык жана дүйнөлүк идея. Аңгемени так ушул идея менен байытсамбы дегем. Негизи аңгеме ушул идеянын сырткы гана кабыкчасы. Мен туура жолго түшкөнүм менен милдетти аткарууга келгенде кыйналып калдым. Айтайын деген оюмду ачык бералбай калганым көрүнүп турат. Мүмкүн бара-бара үйрөнүп кетермин.
Руфь анын сөзүн уккан жок. Ал кылдат искусствонун бакалавры болгону менен Мартиндин ойлорун түшүнө албады. Бирок муну Мартиндин өз оюн жеткиликтүү бере албагандыгы деп билди.
– Сизде абдан эле көп сөздүү экенсиз, – деди ал кайталап, – бирок мунун кээ бир жерлери абдан мыкты.
Анын үнү Мартинге тээ бир алыстан жетип жаткансыды, анткени так ушул учурда Руфка «Деңиз ырларын» окуп берсемби же бербесемби деп ыргылжың болуп турган чагы эле. Ал аргасыздыктан супсуну сууп, чалкасынан түшкөн бойдон жата берди, кыз болсо дагы эле ага тигилип, жанагы жанын жай алдырбаган нике туурасындагы оюнан арыла албай турду.
– Сиз атактуу болгуңуз келеби? – сурап калды Руфь.
– Ооба, ошондой болсо керек, – макул болду Мартин, – бирок бул эң башкы нерсе эмес. Мени азыр даңк жөнүндөгү ой эмес, ошол атакка жетүүнүн жолу көбүрөөк ойлондуруп турат. Андан тышкары, даңк мага башка нерсе үчүн керек. Мен атактуу болууну каалаганымдын себеби бар.
Ал «сиз үчүн» деп айтып жибере жаздады, эгерде Руфь анын чыгармаларына ысыгыраак көз карашта болгондо айтып да жибермек.
Бирок кыз бул тапта анын келечеги жөнүндө терең ойго батып турду, ошондуктан Мартинден эмнеге ишара кылыбатканын сураган да жок. Анын адабий карьера жасай аларына Руфь дегеле ишенбейт. Ал муну үстүртөн, баёо жазылган чыгармалары менен азыр эле далилдеп койбодубу. Мартин сүйлөгөндү билгени менен адабий стили жок. Ал аны Теннисон, Броунинг жана өзүнүн эң эле сүйүктүү прозаиктери менен салыштырып көрдү, – бул салыштыруу ого бетер эп келишпей турду. Бирок Руфь Мартинге эмне деп ойлогондорунун баарын эле айткан жок. Мартин козгогон түшүнүксүз азгырык кызыгуу кызды ага карата жумшагыраак болууга мажбурлап турду. Чындап келсе, Мартиндин жазуучулукка ынтаасы анын бираз эле чабалдыгы эмеспи, ошондуктан бул бара-бара өзүнөн өзү жоголуп кетээр. Ошондо ал өз күчүн сөзсүз башка бир олуттуу нерселерде сынайт чыгаар да ийгиликке жетишер. Руфь буга бөркүндөй ишенет. Мартин кайраты ашып ташкан жигит, ошондуктан турмушта эмнени көздөсө, ошого жетет… бирок жазганын эле эртерээк таштаса болду деп ойлоп турду кыз.
– Жазгандарыңыздын баарын мага окуп берсеңиз деп каалап турам, мистер Иден, – деди Руфь.
Мартин кубанганынан терисине батпай калды. Көрсө, Руфь анын чыгармаларына чындап кызыгып калган тура. Негизи Руфь анын чыгармаларын таптакыр жараксыз деген жок да. Айрым бир жерлерин өтө сонун чыгыптыр дебатпайбы.
– Жарайт, – деди ал көөнү көтөрүлө түшүп, – эми менин сизге берер убадам мисс Морз, келечекте сөзсүз мыкты жазуучу болом буюрса. Мен алыс жактан келгендигимди билем, алдымда дагы баса турган узак жол жатат, бирок мен төрт аяктасам да аны басып өтүшүм керек, – деди ал Руфка аңгемелердин таңгагын сунуп атып:
– Мына бул «Деңиз ырлары». Үйгө ала кетип убактыңыз болгондо окуп чыгарсыз. Бирок анан өз пикириңизди жашырбастан айтсаңыз э. Мен абдан сынга муктажмын! Мархамат, болгонун болгондой айтсаңыз экен!
– Мен эч нерсени жашырбайм, – убада кылды Руфь, ичинде бул жолу ага ачык айта албаганын билип турду, бирок мындан кийин да чечилип сүйлөшө аларын билбей турду.
XV БАП
– Алгачкы кармаш болуп өттү окшойт, – деди Мартин он чакты күндөн кийин күзгүнүн жанында туруп, – бирок эми экинчи, үчүнчү кармашуу болот, ушинтип отуруп…
Ал сөзүн бүтпөстөн, өзүнүн кунарсыз бөлмөсүн кыдырата карап, анын бир бурчунда додолонуп жаткан сүйрү конверттердеги кол жазмаларына көзү түштү. Буларды жаңы даректерге салып жибергенге акчасы жок эле, ошондуктан апта ичинде кол жазмалар көбөйүп үйүлүп кетти. Кол жазмалар эми ушинтип күн сайын кайра катарылып келе берет, ошентип отуруп баары кайтып келет окшойт. Аларды мындан ары жөнөтүүгө алы жок эле. Ижарага алган машинкенин акчасын бир айдан бери төлөй элек, төлөй да алмак эмес, анткени акчасы эептеп жанын багып турганга, анан ортомчу кеңсенин мүчөлүк акысына гана араң жетип атты.
Отурду да үстөлүнүн бетине тигилип калды. Андагы сыянын тагын көрүп, күтүлбөгөн жерден эреркеп кетти.
– Менин байкуш эски үстөлүм, – деди ал, – далай бактылуу мүнөттөрдү сенде отуруп өткөрдүм, сен чыныгы досум болдуң эле. Эч качан мени көкүрөккө түртүп, эч качан ыгы жок баш тартып, мени таарынтадың, иштин ооруна бир да жолу кайгырган эмес элең.
Үстөлгө башын коюп, колдору менен бетин басты. Кирпиктери нымдала түшүп, көзүнөн жаш атып кеткени араң турду. Эсине алгачкы жолу мушташканы түштү, анда алты гана жаштагы балакай эле, өзүнөн эки жаш улуу бала менен чабыша кетип, көзүнөн жашы чубуруп турса да тигинин эси оогончо токмоктогунан качпай, өлармандана жанталашып каршылык көрсөткөнү элестей түштү. Чуулдаган балдар аларды тегеректеп алышкан эле, мурдунан атып кеткен каны муштум тийген көзүнөн аккан жашына аралашып, жерге жыгылып түшкөн учурун даана көргөндөй болду.
– Байкуш балакай, – деди ал өзүнө өзү, – мына, сени эми кайра сабап кетишти. Сабаганда да ордуңан туралгыс кылып жанчып кетишти.
Ошол алгачкы салгылаш жөнүндөгү эскерүү жоголуп кетпей, анын артынан кийинки мушташкандары чубурду. Жарым жылдан кийин жанагы Тултук Бет (балдар ушундай деп аташчу) деген неме ага дагы бир жолу кол салды. Бирок бул жолу Мартин анын көзүн көгөртө сокту. Бул эми башка иш эле! Экөөнүн согушкандары биринин артынан бири эсине түшө берди. Тултук Бет дайыма ага үстөмдүк кылып койчу. Ошенткени менен Мартин бир да жолу андан качкан эмес. Ушуну ойлогон сайын эдиреңдеп эрдемсип калар эле. Келтектин айынан жаны ооруп, жабыркап турса да Мартин акыр аягына чейин көгөрө салгылаша берчү. Тултук Бет колунан баары келген карамүртөз жоо болуп, эч кимди аёо дегенди билчү эмес. Бирок Мартин ага дайыма аягына чейин туруштук берчү!
Кийин Мартин үстү оюлуп, жыгачтары көрүнүп калган чалдыбар үйлөр турган чолок көчөнү эстеди. Көчөнүн этегиндеги кыштан салынган бир кабат үйдөн «Жарчы» деп аталган гезиттин күндүзгү санын басып жаткан машинкелердин бир калыптагы күүлдөгү угулуп турчу. Мартин анда он бирде, Тултук Бет болсо он үч жашта эле, экөө тең гезит таратып сатышчу. Күн сайын таң заардан экөө басмакананын ачылышын күтүп, анын дарбазасынын түбүнөн кездешишчү. Тултук Бет Мартинге тийишмейинче тура алчу эмес, анан экөө чарпыша кетишчү, бирок саат төрткө туура он беш мүнөт калганда дарбаза ачылып, кармаш дароо токточу да, топурап турушкан балдар гезитти көздөй чуркашчу.
– Сенин мурдуңду эртең талкалайм, – деп убада берди ошондо Тултук Бет, Мартин болсо ыйлап калтыраган үнү менен эртең дал ушул жерде болорун айтты.
Эртеси Мартин мектептен качып чыгып, кармашуучу жерге Тултук Бетке караганда эртерээк келип турду. Чогулуп калган балдар Мартинди макташып, кантип согушуш керек экенин айтып, чурулдаша кеңеш берип жатышты. Ушундай эле кеңешин балдар Тултук Бетке деле беришчү. Бир тыйын төлөбөй бул балдар канча жыргашты дейсиң алардын кармашына! Ушуну эстегенде Мартин токтой калды да ошондо балдардын кандай кумар кандырышканын ойлоп, аларга эрксизден суктанып да кетти. Кармаш башталып, басмаканын дарбазасы ачылганга чейинки жарым саат бою уланды.
Мартин кайра-кайра күн сайын мектептен басмакананы көздөй шашып чуркаган балакайды – өзүн көрө берди. Катуу чуркай алчу эмес. Тынымсыз мушташтардан улам дайыма бир капталына кыйрайып, аксап басчу. Колдорунун тамтыгы кетип, көгөрбөгөн жери жок, денесинин соо жери калбай, жаракат алган жерлери ириңдеп да кетчү. Буттары, колдору, желкеси, бүт денеси сыздап ооручу; коргошун куюп койгондой башы салмактанып, ичинде туман тургансыдай эле. Балдар менен куушуп ойной албагандан кийин окууну деле таштап салды. Күн бою партада отурган ага өлүм эле. Күн сайын боло турган бул мушташтар башталгандан бери тимеле кылым өткөндөй; убакыт болсо улам бир кагылышууну тынбай күтүү менен ордунда катып калгансып жатты. «Тултук Бетти эмнеге сабап салууга болбойт?» деп ойлоду ал. Эгерде ушинте турган болсо, анда бардык азаптан кутулмак эле. Бирок эч качан сырын алдырып, Тултук Беттин өзүнөн күчтүү экенине моюн сунуп, ага багынып бериш түк оюна келген эмес.
Мына ушинтип ал күн сайын жүрөгү үшүп, денеси жанчылганына карабай, туруктуулук жана чыдамкайлык деген улуу илимди өздөштүрүү менен басмаканын дарбазасына барып, ал жерден өзүн күтүп турган сөөгөчтү душманы Тултук Бет менен беттешүүгө барчу. Тултук Бет деле бул кармашуудан ага окшоп тамтыгы чыгып, шайы ооп калган эле, шыкактаган мобул балдардын көзүнчө уят болорун ойлобогондо, ал келтектешкенди дароо эле жан дили менен токтотуп коймок. Бир жолу жыйырма мүнөткө созулган, кармаштын бардык эрежелери сакталган (бирин бири белден ылдый тийбеш керек, жыгылганды урбаш керек) аянышпаган согушуудан соң Тултук Бет ишти тең чыгуу менен бүтүрүүнү сунуш кылып калды. Муну эстегенде өзүнө ыраазы болгон Мартиндин каны азыр деле дүргүй түштү: айрылган эриндеринен дирилдеп аккан канга какап-чакаган Мартин Тултук Бетке атырылды, сүйлөөгө тоскоолдук кылган канын түкүрүп таштап, тең чыкканга макул эмес экенин айтып кыйкырды, эгерде Тултук Беттин шайы оогон болсо, анда жеңилип берсин деди. Бирок Тултук Бет жеңилип бергиси келбей, мушташ андан ары уланды.
Мушташ эртеси күнү да, андан кийинки күндөрү да кайрадан улана берди. Дайыма согушаар алдында Мартин оорудан жабыркап турар эле, анан оору өзүнөн өзү жоголуп, маңдайындагы Тултук Беттин уркуюп чыгып турган жаактары менен жырткычтыкындай жылтырап күйгөн көздөрүн гана көрчү да, жини башка тээп, аянбай былчылдаша кетчү. Өзүнүн болгон дитин ушул тултуйган бетке гана коюп, баары жоктун баарын унутуп калаар эле. Мартинге дүйнөдө ушул беттен башка жек көрүнгөн нерсе жок болчу, качан гана аны биротоло бачагын чыгарып, талпагын ташка жаймайынча, же өзү талкаланмайынча жаны жай албасын билчү. Мелдешти ошондо гана токтотсо болот. Бирок тең чыканга макул болуш ага, Мартинге, эч бир мүмкүн эмес эле!
Бир жолу Мартин белгиленген убакта басмакананын дарбазасына келсе, Тултук Бет жок. Ошол бойдон келген жок. Чогулуп турган балдар анын жеңилгени ошол дешип, Мартинди куттуктап калышты. Бирок Мартин иштин мындай бүтүшүнө ыраазы болгон жок. Талаш чечилбей калды. Кийин укса, так ошол күнү Тултук Беттин атасы каза болуп калган экен.
Мартин кыялында бир нече жылдарды аттап өтүп, өзүн театрдын жогорку катарында отурган жерден көрдү. Анда он жетидеги курагы, деңизден жаңы эле келген. Оюн көргөндөрдүн арасынан чыр чыгып кетпеспи. Бирөө бирөөнү түртүп жиберген го. Мартин чырга аралаша кетип, күтпөгөн жерден көздөрү өзүнүн эзелки душманы – Тултук Беттин чачыраган көздөрү менен чагылыша түштү.
– Сенин өпкөңү оюндан кийин үзөм, – шыбырады Мартинге душманы.
Мартин башын ийкеди. Чыр чыккан жерге тартип сакчылары жетип келишкен эле.
– Бүткөндөн кийин сырттан жолугабыз, – ызырына шыбырай жооп кылды Мартин сахна жактан көзүн албай.
Тартип сакчысы аларга карап коюп, артына бурулуп кетти.
– Чогуу жүргөн балдарың барбы? – сурады Мартин оюндун бир көрүнүшү бүтөрү менен Тултук Беттен.
– Албетте!
– Болуптур анда, мен дагы бирөөлөрдү табайын.
Антракт убагында ал сырттан өзүнө топ курады: ал мык заводунан тааныш үч досун, бир өрт өчүргүчтү, алты матросту жана базардагы аянттан да алтоону чогултту.
Оюн бүтөрү менен эки топ экиге бөлүнүп, көчөнүн эки жагы менен жүрүп олтурушту. Алар шаардын караңгы чет жагына чыгышып, өз ара аскер кеңешин өткөрүштү.
– Эң ыңгайлуу жер – бул Сегизинчи көчөнүн көпүрөсү, – деди Тултук Беттин тобунан бир сары неме, – мынабу ортодо, электр жарыгында мушташасыңар, биз болсок фараондорду саксактап турабыз. Эгерде алар жолдун бир учунан көрүнсө, биз башка жагына дыр коёбуз.
– Болуптур. Жарайт, – деди Мартин өзүнүн жолдоштору менен кеңешип.
Сан-Антонио куймасына салынган Сегизинчи көчөнүн көпүрөсүнүн узундугу үч кварталга барабар болучу. Көпүрөнүн ортосунда жана эки башында электр чырактары күйүп турат. Ошондуктан бир дагы полицей байкалбастан келип калышы мүмкүн эмес эле. Мартиндин көз алдына ошол мушташ өтө турган жердин ыңгайы ийне-жибине чейин тартылып турду. Кабактарынан кар жааган, бири бирин өлөөрчө жек көргөн өчөгүшкөн эки топ ар бири өз жоокеринин артында турганын көрдү. Мартин менен Тултук Бет бел кырчоого чейин чечиништи. Атайын дайындалган күзөтчүлөр көпүрөнүн эки башынан өздөрүнүн орундарын ээлешти. Матростордун бирөөсү эгерде кокустан полиция келип калчу болсо, коопсуз жакка жылт коюп кеткенге ыңгайлуу болсун деп Мартиндин курткасын, көйнөгүн, шапкесин чогултуп алды. Мартин ошондо өзүнүн мушташ майданынын чок ортосуна кантип чыгып баратканын, анан Тултук Беттин көзүнө тике карап туруп, муштумун кезей мындай дегени таптак көз алдына келе түштү:
– Сен ойноп атат дебе! – Түшүндүңбү? Акырына чейин салгылашабыз! Уктуңбу? Тайсалдамай жок. Экөөбүздүн бири-бирибизде эски карыздарыбыз бар, азыр ошону толук эсептешип алышыбыз керек! Түшүндүңбү?
Тултук Беттин олку-солку боло түшкөнүн Мартин сезди, бирок ал дымактуу неме болгондуктан, топ балдардын көзүнчө шерменде болгусу келбеди.
– Болуптур эмесе, чыксаң чыкпайсыңбы! – кыйкырды ал, – эмне эле какылдайсың, акырына чейин болсо, акырына чейин.
Мына ошондо муштумдарын түйгөн бул экөө жаштыктын болгон кызуу кандуулугу менен жолундагыны уруп, талкалап, майып кылмакка ээленип алган эки жаш букадай бири бирине атырылышты. Адамзаттын узак жана оор жолдо жетишкендиктери заматта бырын-чырыны чыгып кетти. Прогресстин унутулган доорундай болуп электр фонары гана бүлбүлдөп жанып турду. Мартин менен Тултук Бет үңкүрдө, жыгачтан ашталган баш баанектерде жашаган таш кылымдагы жапайы адамдар эле. Алар барган сайын алгачкы жашоонун сазына тереңдеп батып баратышты, бири бирин ар качан өзүнө тартып, кайра эле артка түрткөн, капылеттен кагышкан атомдор сыяктуу бирде тартылыша калып, бирде кайра артка кетип, кагылышып атышты.
– О, Кудай! Накта айбан болгон экенбиз! Эмне деген жырткыч болгонбуз! – бул салгылашууну баштан аяк эстеген Мартин онтоп жиберди. Элестетүүсүнүн чексиз күчү менен ошол окуяны көз алдына кадимки кино көрүп олтургандай дап-даана келтирди. Өзү болсо бир эле учурда катышуучу да, көрарман да болчу. Көп айлар бою жанталаша окуп ээ болгон билими менен маданияты бул жөнүндө ойлонгондо, аны селт этүүгө аргасыз кылып турду; бирок оюн ээлеп алган өтмүшү азыркысын ары сүрүп таштап, ал кайрадан мурдакы Мартин Иденге айланып чыга келди, деңизден жаңы эле кайтып келип, Сегизинчи көчөдөгү көпүрөсүнүн ортосунда Тултук Бет менен салгылашып жатты. Ал соккудан жабыркап, жаны ооруп, канга боёло кара терге түшүп жатса да, муштумдары көздөгөн жерге дал тийип атканына сүйүнүп жатты.
Булар адам эмей эле, бирине бири жапырылган эки куюн эле. Убакыт өтүп жатты, эки топ тең демин ичине ката катып турду. Мындай каны башына тепкен жиндиликти булар көрүшкөн эмес эле, бул алардын үрөйүн учуруп турганы. Алардын маңдайында өзүлөрүнөн да ашып түшкөн эки жырткыч кармашып жатты.
Кармашуунун алгачкы эпкини басаңдап, касташкандар эми абайлап, сактык менен согушуп калды. Бири да үстөмдүк кыла элек.
– Тең чыгышат, – деген сөз Мартиндин кулагы чалып калганы.
Ал кокусунан кандайдыр ыксыз кыймыл жасап жиберген кезде жаагын сөөгүнө чейин жырып жиберген оңбогондой соккуга кабылды. Жылаңач муштум мынчалык катуу уралмак эмес. Мартин дуу эте түшкөн үндөрдү угуп, жаагынан ылдый шорголой аккан ысык канды сезди. Бирок сыр алдырган жок. Анткени ким менен согушуп атканын, андан ар кандай пастыкты күтсө болорун жакшы билгендиктен, ошол замат сак боло түштү. Душманын кылдаттык менен байкап, анын колунан жылтырай түшкөн темирди көрүп калды да, кыябын таап шак колдон алды.
– Көрсөт колуңду! – өкүрдү ал, – сен мени кастет менен уруп жибердиң!
Өкүрүп бакырган, ашата сөгүнгөн эки топ бири-бирине атырылды; дагы бир эле секунд болгондо кандыбулоон түшкөн калаймакан кармаш башталып кетмек да Мартин өчүн ала албай калмак. Ал таптакыр кутуруп кеткен эле:
– Тарт артка! – деди заар доошу менен кырылдап, – баарың артка! Уктуңарбы! Умтулгандар жапырт кетенчиктеди. Анткени булар айбан болсо, Мартин алардан ашкан айбан эле, андыктан Мартиндин жаалы тигилерди шүйшүндүрүп баш ийгенге аргасыз кылды.
– Бул менин ишим, эч кимиң аралашпа! – Эй, сен! Келе кастетти!
Тултук Бет баш ийди, азыраак корко да түшкөндөйбү, катып алган куралын Мартинге карматты.
– Эй, буга кастетти сен бердиң, сапсары болгон энеңди, – сөзүн улады Мартин кастетти сууну көздөй ыргытып жиберип, – биерде кыпчылып жүргөнүңдү көргөм, бирок түшүнгөн эмесмин. Дагы бир жолу кыпчылчу болсоң, өлөөрчө түйрүп таштайм. Билдиңби?
Салгылаш кайрадан жанданды, каршылаштар экөө тең алдан тайып, чарчап бүтүшсө деле аларды тегеректеген, өзүлөрүнүн каничме кумарын толугу менен кандырып, анан мунун арты жамандык менен бүтөөрүн сезип үрөйү учкан жырткычтардын үйүрү аларды урушту токтоткула дей баштаганга чейин бири бирин аянбай төпөштөй берди. Келтектен улам адам кейпинен ажырап, бутунда араң эле турган Тултук Бет буйдала түшүп токтоп калды, бирок Мартин болбой эле кайра атырылып, үстөкө босток сокку узата берди…
Өчөгүшүп алган бул экөө бир кылымдан бери согушуп атышкандай болушту. Акыры Тултук Беттин жеңилип берери ачык болуп калганда, күтүлбөгөн жерден карс эткен катуу үн чыкты да, Мартиндин оң колу шалдайып асылып калды. Колунун сөөгү сынып кетиптир. Муну баары укту да, эмне болгонун ошол замат түшүндү. Кайратына келе калган Тултук Бет кайрадан жолборстой атырылып, тапыратып уруп кирди. Мартиндин тобу карап турабы, дароо жардамга умтулду. Соо колу менен чабышып атып, аларга Мартин: аралашпагыла деп кыйкырды, ачуусу менен жанын кашайткан ызадан онтоп, ызырына сөгүнө жалгыз сол колу уруп атты, өзүн өзү унутуп, тапырата сого берди, сого берди. Кулагына тээ алыстан үрөй уча шыбыраган үндөр угулгансып барып, анан кимдир бирөөнүн: «Балдар, бул мушташ эмес! Бирин бири өлтүрүп салат! Буларды ажыратыш керек!» – деген калтыраган үнүн укту.
Бирок алардын бири да экөөнө жакындай алган жок, Мартин болсо сол колу менен улам эчак жанчылып, адам кебетесине окшобой калган, кан менен эт аралаш былжыраган жумшак нерсени былчылдата койгулай берди, бирок ал жоголуп кетпей, тунарыктаган көз алдында кыймылдап тура берди. Ал ура берди, барган сайын дарманы куруп, соккусунун зарпы да акырындап баратыры, кылым согушуп, жүз миндеген жылдардан бери уруп жаткандай сезилди, акыры канга жуулуп, бачагы чыгып кеткен дене көпүрөнүн тактайына шалк эте кулап түшкөнгө чейин урганын токтотподу. Мына ошондо ал өйдө туруп, муундары калтырай, мастай теңселе басты да таанылгыс үн менен кайра-кайра сурай берди:
– Дагы каалайсыңбы? Айт… Дагыбы?
Ал жооп күтө улам-улам сурай берди, анан күтүлбөгөн жерден жолдоштору аны колтуктай сүйрөп, көйнөгүн кийгизип атышканын сезди да эсинен танды.
Үстөлдөгү будильник шыңгырап жиберди, бирок Мартин аны укпай, бетин баскан бойдон былк этпей отура берди. Ал эч нерсени ойлогон да жок. Эчак алыста калган ошол салгылашуу азыр эле болгондой таасир этип, баарын кайрадан башынан өткөрүп жаткандай, ошол түндө Сегизинчи көчөнүн көпүрөсүндөгүдөй азыр да эсинен танып турду. Бир нече ирмемге тегереги аңылдай түштү. Анан өлүп тирилген арбактай болуп, ордунан шарт ыргып тура калды, чачы маңдайына жабышып, көздөрүнөн от чагылып турду.
– Мен сени баары сабадым, Тултук Бет! – деп кыйкырып жиберди. – Буга алты жыл кетсе да, бирок акыры талпагыңды ташка жайдым!
Анын башы айланып, буттары калтырап кетти, теңселе басып төшөгүнө жетип отурду. Ал дагы эле өткөндүн таасиринде эле. Эки жакты элейе карап, кай жакта жүргөнүнө түшүнбөй, анан бурчта үйүлүп жаткан кол жазмаларын көргөндө гана эсине келе түштү. Ошондо акыл-эси батыраак иштеп кетип, төрт жылды катары менен зуу койдуруп зымыратып өттү, китептерди, алар ачып берген дүйнөнү эстеди, өзүнүн асман чабыттаган кыялдарын, үлпүлдөгөн жибектей назик, ак жуумал кызга болгон махабатын эстеди, ал кыз жок дегенде бир эле көз ирмемге азыр өзү эстеген окуяларга күбө болчу болсо, жашоонун өзү кечип өткөн ыпыластыгынын четин эле көрсө, үрөйү учканынан жүрөгү жарылып өлүп калмак экенин эстеди!
Ал ордунан туруп, күзгүдөн өзүн дагы бир жолу карады.
– Сен эми, Мартин, ал ыплас жашоодон кол үзгөнсүң, – деди ал салтанаттуу түрдө өзүнө өзү, – көзүң ачылып, жылдыздарга кол сермеп турасың, толук кандуу жашап, кылымдардын баа жеткис мурастарын аларды ээлеп алгандардын колунан талашып атасың.
Мартин кунт коё кайра өзүнө тигилди да күлүп жиберди.
– Бираз туталанып, кайгырып да алдыңбы? Мейли да! Мунун коркунучу деле жок. Сен бир кезде Тултук Бетти жеңген элең, – сага андан үч эсе ашык убакыт кетсе да басма кызматкерлерин да так ошондой жеңесиң! Бирок токтой көрбө. Алдыга умтул. Күрөшсөң – акырына чейин күрөш!
(уландысы бар)
Которгон Бахтиер Шаматов
