Жек Лондон: “Мартин Иден” (X-XI)
Романдан үзүндү. Калган бөлүктөрү: I, II, III, IV, V, VI, VII, VIII-IX
X БАП
Бул кечте Мартин Морздордукуна конок болуп калды жана Руфту чексиз кубандырып, анын атасына жагымдуу таасир калтырды. Аңгеме Мартин беш колундай жатка билген матростук кесип жөнүндө жүрдү: кийин мистер Морз аны абдан тапкыч жана акыл-эстүү жигит экен деп сыпаттады. Кеп үстүндө Мартин орой жана ыксыз сөздөрдөн сактанып, адептүү конок катары шашпай, айтайын дегенин жакшылап түшүндүрүп жатты. Түшкү тамактын алдында былтыркыдай кысынып-кымтынбастан алда канча эркин отурду, Мартинде пайда болгон мындай бурулуш кыздын апасы мисс Морзду да абдан таңыркатып, жагымдуу таасир калтырды.
– Бул Руфка таасир эте алган биринчи жигит, – деди ал күйөөсүнө кийин. – Кызыбыз жигиттерге эч качан көңүл да буруп койчу эмес эле, мунусу эмнеси деп чочуңкурап да жүрдүм эле.
Мистер Морз аны таңгала карады.
– Сен, эмне, ушул жаш матрос кызыңдын аялдык сезимин ойготсо деп турасыңбы? – деп сурады.
– Мен анын кара далы болуп, дүйнөдөн так өтүшүн каалабайм. Эгерде Иден Руфтун жалпы эркек атмайга болгон кызыгуусун козгой алса, анда мунун өзү эле жакшы болбойбу деп ойлоп атам да.
– Жакшы болбойбу! – кайталады мистер Морз. – Мм! Бирок жоромолдоп көрөлүчү кымбаттуум, ии, кээде ушинтип жоромолдоого да туура келет, мисалы айталык, ал Руфтун кызыгуусун жалпы эмес, өзүнө гана козгоп койсочу?
– Мындай болушу мүмкүн эмес, – деди миссис Морз күлүп, – Руфь андан үч жаш улуу, экинчиден, мындай болушу таптакыр мүмкүн эмес! Жок, эч кандай чекилик иш болбойт. Мага ишенип кой.
Ошентип Мартин Идендин ойной турган ролу так аныкталды. Ал ортодо Артур менен Норманга жакындашкысы келип жүргөн Мартиндин өзүндө да өзгөчө бир ой жаралды. Кеп жекшемби күнү шаар тышына велесепет сейилин уюштуруу туурасында эле, негизи сейил Мартиндин өзүнө анчалык деле кызыгы жок эле, бирок Руфтун да кошо барарын укканда маселе шарт чечилди да калды. Мартин эч качан велесепет тепкен эмес, бирок Руфь тээп аткандан кийин ал да сөзсүз үйрөнүшү керек болуп калды. Ошондуктан үйгө кайтып келатып, дүкөнгө кайрылды да кырк долларга велесепет сатып алды. Мындай акчаны ал кара терге түшүп атып бир айда да тапса араң тапмак, ошондуктан мындай чыгаша анын чөнтөгүн кыйла жукартып койду. Бирок ал “Баяндамачыдан” ала турган жүз долларга “Жаштык жолоочусу” төлөй турган жанагы төрт жүз жыйырманы кошту да акчанын бир бөлүгүн ыгы менен жумшай турганына корстон да боло түштү. Бирок жаман жери, велесепетти алары менен тээп көрөм деп костюму менен шымын айрытып алганы кыжалаттантып турду. Ошол замат Хиггинботамдын дүкөнүндөгү тикмечиге коңгуроо кагып, жаңы костюмга буйрутма берди. Анан велосипедди кууш тепкич менен сүйрөп чыгып өзүнүн бөлмөчөсүнө жеткирип алды да дубалга такай коюлган керебетин саал бери жылдырып велесепетин койду эле, бөлмө ичинде көчүк бурулаар жер калбай калды.
Жекшемби күндү кабыл алуу сынагына даярданууга арнамак болду эле, бирок акак кармоочулар жөнүндөгү аңгемеси ушунчалык ышкысын козгоп туруп алгандыктан, керели кечке мээсинде жанып турган картиналардын сулуулугуна азгырылып, чыгармачылыктын кумарына батты. Бул жекшембиде да «Баяндамачы» анын кенч издегендер туурасындагы аңгемесин жарыялаган жок, бирок ага ал анчалык деле капа болбоду. Кыялы менен абдан бийикке чыгып кеткен окшобойбу, жадагалса тамак ич деп эки жолу чакырган үндү да укпай калыптыр. Ошентибатып мистер Хиггинботамдын жекшемби сайын атайын жасатчу даамдуу тамагынан да ооз тийбестен кетти. Мистер Хиггинботам мындай тамактарды өзүнүн жашоодогу шумдук ийгилигинин чыныгы далили деп эсептер эле жана тамактануу дайыма америкалык турмуш ыңгайынын даанышмандыгы жана ал адамдарга бай мүмкүнчүлүктөрдү тартуулары тууралуу ой жүгүртүүлөрү менен коштолчу. Ал өзү буга ичинен абдан ишенчү жана эч кимге алардан шектенүүгө жол берчү эмес, мисалы, мындай жашоо тартиби дечү ал, – муну атайын баса белгилеп, – адамды жашылча дүкөнүнүн карапайым сатуучусунан анын кожоюнуна чейин көтөрүлүүгө жол ачат.
Дүйшөмбү күнү эртең менен Мартин өзүнүн бүтпөй калган акак кармоочулар жөнүндөгү очеркине кападар боло көз жүгүртүп алды да, сынак тапшырмакка Окленддеги мектепти көздөй жөнөдү. Эки-үч күндөн жыйынтыгын билейин деп келип, грамматикадан башка бардык сынактардан өтпөй калганын укту.
– Сиздин грамматика боюнча билимиңиз мыкты экен, – деди профессор Хилтон, калың көз айнеги аркылуу Мартинге тигиле карап, – бирок, башка сабактарды билбейт экенсиз, тагыраак айтканда, таптакыр эч нерсе билбейсиз, айрыкча Кошмо Штаттардын тарыхы боюнча берген жоопторуңуз тимеле теңирден тескери, мындайды атайлап ойлоп да таппайсың. Ошондуктан мен сизге бир масилет берер элем…
Профессор Хилтон ушул жерден токтой калды да, Мартинди өзүнүн лабораториялык айнек түтүкчөлөрүнүн бирине карагандай жактырбагансып, көңүлкош карап калды. Физика боюнча профессор бул кишинин чоң бүлөсү бар эле, жарыбаган айлыгы аны багууга жетчү эмес, бирок билиминин көптүгүн айтпа, физиканы тимеле чемичкедей чагып, анын болгон мыйзамдарын тоту куштан бетер жаттап бүткөн эле.
– Макул, сэр,– деди Мартин токтоо гана, мына бул профессор Хилтондун ордуна маалымат бөлүмүндөгү китепканачы менен сүйлөшүп жатпаганына өкүнүп.
– Айтаар кеңешим башталгыч мектепте дагы бир-эки жылча окусаңыз жакшы болор беле демекчимин. Саламатта болуңуз!
Сынактан кулап калганы Мартинди анча деле кейишке салган жок, бирок, профессор Хилтондун кеңешин Руфка айтканда анын аябай капалана түшкөнүнө өзү да таң калды. Анын кайгырганын көрүп туруп, иши болбой калганынан эмес, кызды капалантканына өкүндү.
– Мына, көрдүңүзбү, – деди кыз, – мен сизге туура айтканмын. Сиз кээ бир студентке караганда чынында көптү билесиз, бирок, карачы, сыноодон да өтө албай олтурасыз. Мунун себеби системалуу эмес, тийди-качтыга сала окуп келгенсиз. Сиз белгилүү бир система боюнча окушуңуз керек, буга жакшы мугалим керек. Билим бышык болууга тийиш. Профессор Хилтон туура айтат, эгерде мен сиздин ордуңузда болсом, кечки башталгыч мектепке бармакмын. Курсту ал жактан бир жарым жылда бүтөсүз, дагы алты айды үнөмдөп каласыз. Ошондо сизге жазганга да, андан майнап чыкпаса, башка бир иш менен алектенгенге убактыңыз болот.
«Макул, күндүз иштесем, кечкисин мектепке барсам, анда сиз менен качан жолугушам?» – деп Мартиндин чочуган биринчи ою ушул болду. Бирок айтканга дааган жок, анын ордуна:
– Кечки мектепке барып окуган мага жаш балдардын ойнундай эле көрүнүп жатат. Эгер мындан чындап пайда чыга турган болсо, ага деле карабас элем. Менимче, мунун эч бир пайдасы жок! Мен мугалимдерден окугандан көрө өз алдынча окусам кыйла тезирээк үйрөнөм. Мектепке барган жөн эле убакытты текке кетирген менен барабар болубатпайбы (ал Руфка жетүү жөнүндөгү каалоосун эстей калды), а мен убактымды жоготкум келбейт! Менде убакыт деген таптакыр жок!
– Бирок сиздин кыла турган иштериңиз толтура болуп атпайбы.
Ал Мартинге мээримдүү карады. Мартин ага каршы айтканы үчүн өзүн ичинен көк мээ айбан экенсиң деди.
– Физика менен химия үчүн лаборатория керек, – деди Руфь. – Алгебра менен геометрияны сиз эч качан өз алдыңызча үйрөнө албайсыз. Сизге сөзсүз жетекчи, тажрыйбалуу адис мугалимдер керек.
Мартин буга эмне деп жооп берсем дегендей бир мүнөткө ой жүгүртүп, унчукпай калды.
– Мени мактанып атат дебеңиз, – деди ал, – кеп таптакыр мында эмес. Бирок менде баарын бат эле өздөштүрүп кете аларымды сезип турам. Баарын өзүм эле үйрөнөм. Мени окуу казды сууга тарткандай эле өзүнө тартып турат. Грамматиканы кандай өздөштүргөндүгүмдү өзүңүз көрдүңүз го. Мындан башка да көп нерселерди окуп үйрөндүм, аны сиз элестете да албайсыз… А мен окуганды жаңыдан гана баштап атпайымбы. Мага бир гана… – деп ал мукактана түшүп, анан кийин так айтты: – түрткү жетишпейт. Мен эмитен гана чийинге түшүп келатам да.
– Чийинге түшүү деген эмне? – Руфь анын сөзүн бөлүп кетти.
– Тиги кандай, бу кандай экенин билүү, – деди ал.
– Бул фраза эч нерсени түшүндүрбөйт, – деди кайра Руфь.
Мартин оюн башкача кылып түшүндүрүүгө аракеттенди:
– Өзүмдүн багытымды эми гана түшүнүп келатам.
Руфь боору ачып кетип, унчукпай калды. Мартин андан ары улады:
– Илим мага деңиз карталары сакталып турган штурмандын бөлмөсү сыяктуу көрүнөт. Китепканага барган сайын ушул жөнүндө ойлойм. Мугалимдин милдети окуучуларды бардык карталар менен ирети менен тааныштырып чыгуу гана. Болгону ушул. Ал өткөргүч сыяктуу. Өзү эч нерсени ойлоп чыгара албайт. Жаңы нерсени жарата да албайт. Картада баары ачык көрсөтүлүп туру, мугалим болсо окуучулар адашпас үчүн эмненин кайсы жерде экенин көрсөтүп гана коёт. А мен адашпайм. Кайсы жер болбосун, тааный алам. Не кылуу керек экенин жакшы билем… Дагы бирдемени ката айттымбы?
– «Не кылуу» эмес, «Эмне кылуу» – деди Руфь.
– Туура айтасыз, эмне кылуу, – кайталады Мартин ыраазы боло. – Эмнени айтып аттым эле, ии, ооба, деңиз карталары жөнүндө. Кээ бир пенделерге…
– Адамдарга, – Руфь дагы түзөттү.
– Ооба, кээ бир адамдарга жол көрсөтүүчүлөр керек. Туура. Бирок мага алардын кереги жок. Анткени мындай карталардын далайын көргөм, мага кайсыл жээк керек, кайсынысын изилдеримди жакшы билем. Багытымды да батырак тандап алам. Флоттун ылдамдыгы дайыма эң жай жүргөн кеменин ылдамдыгы менен ченелет. Мектеп деле так ушундай. Мугалимдер ишин эң начар окуган окуучулардын деңгээлине карап жүргүзүүсү керек. А мен жалгыз эле батыраак жыла алам.
«Бирок жалгыз эмес, сиз менен бирге жылганды каалар элем», – деп айтып жибере жаздады. Ушул тапта көз алдына чексиз ааламдын көз талдырган улуу картинасы, күн нуруна чагылышкан мейкиндик, сансыз жылдыздардан куралган жол элестеп, аларды аралап экөө кол кармашып учуп бараткандай көрүндү, Руфтун аксаргыл алтын түс чачтары жайыла желбиреп, Мартиндин бетине тийип жаткандай сезилип кетти. Ошол замат өзүнүн тилинин аргасыз кедейлигин дагы бир жолу сезип, деми кыстыгып кетти. Эх, атаганат! Эгерде ал азыр өзү көргөндүн баарын Руфь да көрсөчү! Көз алдына капылеттен пайда болуп чыга келген ушул көрүнүштү Руфка сүрөттөп айтып берсем деп ээ жаа бербей тула боюн дүүлүктүрүп жиберген каалоосу жанын кыйнап да жиберди. Так ушул жерден ал бир нерсени түшүндү! Көрсө, сырдын кулпусу бул жакта жаткан турбайбы! Мындай ишти бир гана улуу чеберлер – акындар менен жазуучулар гана кылып атышпайбы! Алардын улуулугунун сыры – өзүлөрүнүн көргөн сезгендерин, бук болгон ойлорун сөз менен айтып бергенди билишкенинде турбайбы. Күнөстөп ургүлөп жаткан ит деле түшүндө үрүп жиберет эмеспи, бирок аны буга эмне түртүп атканын макулук тили менен түшүндүрүп бералбайт эмеспи. Өзүн да азыр так ошол итке салыштырып турду: не деген сонун ажайып нерселерди көргөнү менен бирок аларды Руфка сүрөттөп бералбаган соң ошол иттен эмнеси артык. Эми уктаганы жетишер. Эми көзү ачылып, өз көргөндөрүнүн жомоктогудай кооздугун тили менен бөлүшө алганга жетишкенге чейин, талыкпастан окуп иштей бермекчи. Ойду түшүндүрүүнүн бөтөнчө сырларын билген жана сөздөрдү өзүнө кул сыяктуу багындырып, аларды таң каларлыктай керемет айкалыштыралган адамдар да бар эмеспи. Бир ирмемде эле өзүн буга дейре кыйнап келген терең сырдын түйүнү кокусунан чечилгенине таңгала түштү да, көз алдына кайрадан күн менен жылдыздардын чалкыган мейкиндиктери тартылгандай болду. Капылет келе калган жымжырттыкка таңданып, эсине келди да, жылмая карап турган Руфту көрдү.
– Мен өңүмдө кыялданып кеткен турбаймынбы, – деди Мартин, толкундана түшүп, айтарын айтып, жүрөгү түрсүлдөп кетти.
Ал бул сөздү кантип тапты? Анын кыялын азгыра түшкөн бул паузанын себебин туптуура түшүндүрбөдүбү бул айтканы. Бул укмуш эле! Ал эч качан сонун ойлорун минтип сонун сөздөр менен айталчу эмес, ага аракеттенип да көргөн эмес. Эми баары түшүнүктүү болду. Буга деле аракеттенип көрбөптүр. Суинберн, Теннисон, Киплинг жана башка улуу акындар буга аракеттенип жетишкен эмеспи. Ушул жерден өзүнүн «Акак кармоочулары» аңгемеси түштү. Ойлосо эч качан өзүндө жаткан кооздукту сөз менен сүрөттөп бергенге аракет кылган эмес экен. Эгерде буга башынан умтулганда, мүмкүн аңгемеси таптакыр башкача чыкмакпы. Эмне деген керемет нерселерди жазмак экенмин деп ойлогондо чочуй да түштү; кыялы болсо андан ары алып учуп кетти, өзүн толкуткан кооздуктун баарын жанагы улуу акындар сыяктуу куюлушкан, кудайы пейил ырлар аркылуу сүрөттөп бергенге аракет кылса болбойбу? Жогеле дегенде Руфка болгон махабатын, сүйгөн жандын сырдуу жыргалы менен сүйүүнүн бийик рухун жеткирип бере алса кана. Акындар кылганды эмнеликтен ал кыла албайт экен? Сүйүүнү алар ырдай алат экен да, Мартин ырдай албайт бекен!
– Миң жолу шайтан алгырдыкы!
Угуза айтып жибергендиктен өзүнүн кулагына күн күркүрөгөндөй катуу угулду. Кыялга терең берилип кеткен экен, бети албырып, чачтарынын түбүнө чейин кызарып кетти.
– Мен… мени… кечирип коюуңуз, – шыбырады ал, – мен ойлонуп кетиптирмин…
– Сиз муну тимеле «сыйынып аттым эле» дегендей кылып айттыңыз го, – тайманбай тамашалады Руфь, бирок аны майда калтырак басып турду.
Анткени кыз өмүрүндө биринчи жолу өзүнө тааныш адамдын оозунан мындай сөгүнгөндү угуп отурат, ошондуктан азыркы сөз анын кулагына тимеле таш менен ургандай катуу тийди, анын бейкапар жаштыгы өтүп жаткан жылуу-жумшак, камдуу орун-очогуна муздак шамалдай жулуна кирип келген бул сөз ага акаарат келтирип, сыпаа сезимин чыңалтып коркутуп да жиберди.
Ошентсе да кыз аны кечирип, мындай ырайымдуулугуна өзү да таң кала түштү. Аны кечирүү эмнегедир оңой эле. Жигиттин турмуш шарттары ага башкаларга окшогонго мүмкүнчүлүк бербесе да муну оңдоого тырышып, көп нерселерге жетишип отурбайбы. Руфь өзүнүн ырайымдуулугун түшүндүргөн дагы башка жөнөкөй себептердин бар экени оюна келген жок. Кыз Мартинге чын жүрөгүнөн берилип, бирок бул сезимдин эмне экенин өзү али түшүнө элек болчу. Түшүнө да алмак эмес. Анткени жыйырма төрт жылдык өмүрүндө бейкапар жашап, бир да жолу сүйүүгө, жок дегенде, жеңил-желпи кызыгууну башынан өткөргөн эмес, өз сезимдерин билбеген кыз махабат деген адамды табы менен жылытарын, азыр да өзүн ушул сезим жылытып турганын түшүнгөн жок.
XI БАП
Мартин кайрадан өзүнүн «Акак кармоочуларын» жазууга киришти, бирок анын көңүлүн ыр жазуу кумары азгырып кетпегенде аны бат эле бүтүрүп коймок. Бул Руфь шыктандырган махабат жөнүндөгү ырлар эле. Баштарын баштап алып, бирок бир да ырынын аягына чыккан жок. Кыска убакыттын ичинде поэзия деген укмуш өнөрдү өздөштүрүп алуу мүмкүн эмес эле. Ыр дегендин ыргагы, көлөмү, жалпы эле түзүлүшү оңой нерсе эмес тура, андан тышкары, ал улуу акындардын ырларынан адамдын акылы менен ою жеткис не бир көзгө илешпеген касиеттерди тапканы менен аларды өзүнүн ырларына такыр киргизе албай койду. Бул болсо поэзиянын эч бир ага баш ийбеген, кармап калалгыс духу эле. Мартинге бул оттуу туман уюлгуган кандайдыр бир нур сыяктуу көрүнүп, жакындап барганда кайра эле тарап кетип жатты, болгону үзүктөрүн гана кармап, өзүнчө кооз саптарга киргизсе болоор эле, бул уккулуктуулугу жанда жок саптар анын мээсинде музыка сыяктуу жаңырып, же караңдаган элестер сыяктуу чубалып жатты. Бул азаптын азабы болчу. Ойду удургутуп, дене балкыткан бул сезимдер тил учуна келип турса да, жаза келгенде кагаз бетине супсак, кунарсыз бирдеме болуп түшүп жатты. Жазгандарын өзүнө өзү үн чыгара окуп берсе, ырдын өлчөмү, уйкаштыгы жана ыргагы дурустай болгону менен, анда жалын, көңүл көкөлөткөн эргүү жок эле. Мунун эмне себептен ушундай болубатканына такыр түшүнбөй койду, аргасы кеткен учурларда ырды жыйнаштырып коюп, кайра эле аңгеме жазганга киришип кетип жатты. Кара сөз кыйла тил алчаак каражат эле.
Акак кармоочулар жөнүндөгү очеркти улантып жатып, Мартин дагы башка, – деңиз кызматы, таш бакаларды кармоо, ысык өлкөлөрдөгү түндүк- чыгыш кургак шамалы жөнүндө да очерктерди жазды. Анан тажрыйба иретинде окуясы курч чакан аңгеме жазсамбы деп кызыгып кетип, бирдин ордуна алты аңгеме жазып салды да аларды ар башка алты журналга жөнөтүп жиберди. Руфка же китепканага барган сааттарды кошпогондо, Мартин көшөрө отуруп, таң заардын түн ооп кеткенге дейре тынбай жазаар эле. Мындай күндөрү ал өзүн чексиз бактылуу сезчү, жашоо ага мазмундуу жана сонун көрүнүп, чыгармачылыктын кумары тарабай турчу. Буга чейин ал кудайлардын гана колунан келет деген жаратмандыктын кубанычы эми анын да колунда эле. Курчап тургандын баары – чирип кеткен жашылчалар менен самын суунун жыты, эжесинин күйпөйгөн карааны жана мистер Хиггинботамдын күлкүнү келтирген кебетеси ага түш сыяктуу. Чыныгы дүйнө анын мээсинде гана жашап, ал эми жазган аңгемелери болсо, ошол дүйнөнүн чачыранды сыныктары эле.
Күндөр ага өтө эле кыска болуп жатты – анткени сүңгүп кирсем деген илимдердин тармагы болсо абдан арбын эле. Уйкусун беш саатка кыскартып, ошону жетиштүү деп чечти. Бул мөөнөттү ал төрт жарым саатка чейин кыскартып көрдү эле, бирок кайра эле өкүнүп, мурдагы беш сааттык нормага кайтууга аргасыз болду. Калган башка бардык убактысын ал сабактарына жумшады, кээде жазыш үчүн гана окуусун токтотууга мажбур эле, окуусун болсо китепканага барыш үчүн токтотууга туура келди: илимдин штурмандык рубкасын таштап кетүүгө шашпай, чыгармаларын кантип болсо да жайгаштырган сырдуу жазуучулардын аңгемелери толгон журналдардан кыйылып атып башын көтөрөөр эле. Руфтун үйүндө болгон кезде дайыма кетип баратып ал жакта жүрөгүнүн жартысын калтырып жаткандай болор эле; ал жактан чыгаары менен эле убактысын жоготпой, китептерине батырак жетиш үчүн караңгы көчөлөрдөн таскактап чуркап кетчү. Баарынан кыйыны алгебра же физика китебин жааап, уручке менен дептерди жыйнаштырып коюп, талыган көздөрүн жумуп уйкуга кетиш азап болчу. Жашоодон жок дегенде мына ушул кыска убакытка чыгып калыш Мартинге ушунчалык оор эле, аны соороткон сезим будильниктин беш сааттан кийин аны кайрадан ойготоору эле. Ал болгону беш гана саат жоготот, андан кийин сааттын чырылдаган үнү аны пайдасы жок уйкудан сууруп чыгат да, кайрадан он тогуз саат иштегенге убактысы болот.
Ал ортодо убакыт өтүп жатты, Мартиндин акчасы түгөнүп баратты, күткөн калем акыларынан болсо алиге кабар жок эле. Бир айдан кийин «Жаштык жолоочусуна» жиберген кол жазмасы кайра кайтып келди. Басуудан баш тартуу абдан кылдат жазылгандыктан, алтургай Мартинде басмканадагыларга карата кадырлоо сезимин ойготкондой болду. Бирок «Сан-Франциско баяндамачысы» жөнүндө кеп таптакыр башкача эле. Мартин эки жума күтүп, жооп келбегенден кийин ал жакка кат жазып жиберген; бир жумадан кийин кайра кат жазып жиберди. Акыры жооп болбогон соң редактор менен көзмө-көз жолугушууга барайын деп чечти. Барса эшикти кайтарып турган куйкул сарыбаш жигитче аны өтө урматтуу редактордун дидарын көрүүгө жолоткон да жок. Бешинчи жума аяктап калганда кол жазма эч кандай түшүндүрмө жообу жогеле кайра кайтарылды. Не баш тартуу, не түшүндүрмө кат – эч нерсе жок эле. Ошондон көп өтпөй эле анын Сан-Францисконун башка журналдарына жиберген аңгемелери да кайтып келди. Анда Мартин өзүнүн очерктерин чыгыш штаттарынын газеталарына жөнөтүп, бирок ары карап бери караганча эле алары да чыкпай калды деп коштолгон жооптор менен кайра келди.
Анын аңгемелери да ушундай эле тагдырга туш болду: Мартин аларды бир нече жолу кайрадан окуп чыгып, абдан жактырды, бирок алар эмнеликтен реадкторлордун купулуна толбой чечкиндүү кайтарып жатышканына башы жетпей жатты. Мунун себеби бат эле анык болду. Көрсө, кол жазмаы деген сөзсүз машинкеде басылууга тийиш тура, Мартин муну бир гезиттен окуп калып, иштин жайын ошондо билди. Туура да, редакторлордун иши чачтан көп эмеспи, анан ийрелеңдетип кол менен жазылгандарды көз жоорутуп окуп отурганга убактысы болмок беле. Мартин ошол замат эле баса турган машинкени прокатка алды да керели кечке басканды үйрөндү. Күн сайын жазгандарынын четинен машинкеге терип отуруп баарын кайрадан басып чыкты. Анан машинкеге басылгандары деле кайрадан кайтып келе баштаганда Мартин таңгалып, эси ооду. Ага бош келчү ал бекен, өңү сурданып, жаагы сөөктөрү оркоюп чыкты, кол жазмаларын болбой эле өжөрлөнүп жаңы даректердин улам бирине жөнөтө берди.
Акыры ал адам өз чыгармасына өзү баа бериши өтө кыйын экенин түшүнүп, аңгемелеринин айрымдарын сынатып көрүү үчүн эжеси Гертрудга окуп берүүнү туура тапты. Эки-үчөөн окуп берди эле, эжесинин көздөрү жашылдана түшүп, Мартинге сыймыктануу менен карады да мындай баасын берди:
– Сенин мындай нерселерди жазганың жакшы да!
– Ооба, ооба, – деди Мартин шашкалактап. – Бирок сага жагабы же, жакпайбы – ошону айтчы?
– Кудай урсун! – деди ал, толкундана түшүп, – жакпагандачы! Чындыгында көңүлүмдү эритип жиберди!
Бирок Мартин эжеси аңгеменин баарын эле эле түшүнө бербегенин сезип турду. Анын жайдары жүзү бирдемени түшүнбөгөндөй эле. Мартин ойлонуп калды.
– Айтсаң Март, мунун акыры эмне болуп бүтөт? – деди эжеси бир топко чейин унчукпай тургандан кийин, ыя? Жанагы тили булбулдай сайраган жигит эмне болот, берки кызга үйлөнөбү же үйлөнбөйбү?
Мартин өзү көркөмдүк жагы мыкты деп эсептеген бул аңгемесинин эмне болуп аяктарын айткандан кийин эжеси:
– Мына сага, мен деле дал ушундай деп ойлогом. Эмнеге сен түз эле ушундай болот деп жазган жоксуң?
Гертрудга он чакты аңгемесин окуп берип, байкаса, эжесине аягы жакшылык менен бүткөн аңгемелер гана жагарын түшүндү:
– Бул аңгемең абдан жакшы жазылыптыр, – деди ал тепшиден өйдө боло берип үшкүрүп алды, буудан кызарган колдору менен чекесин сүртүп койду. – Бирок бир гана жери мени капаланатты. Ыйлап да жибергим келди. Ансыз деле тегеректин баары кайгы-капага толуп турбайбы. Жакшы нерселер жөнүндө уксам, өзүм да жеңилдей түшөм. Эгерде ал жигит сүйгөн кызына үйлөнгөндө… Мени жаман көрбөйсүңбү, Март, – деди ал чочулай түшүп. – Мүмкүн мага ошондой көрүнүп жаткандыр, анткени мен аябай чарчадым. Ал эми аңгемең тимеле укмуш, эң сонун. Эми муну кайда жиберейин дебатасың?
– Бул башка кеп, – күлүмсүрөп койду ал.
– Эгерде бир жерге чыгарып калсаң, ушуга канча акча алар элең?
– О, анда кеминде жүз доллар алмакмын.
– О-о! Чыгарып алсаң, жакшы болмок экен ээ!
– Аз акча эмес, туурабы эжеке? – анан мактана кошумчалап койду: – Билип кой, мен муну эки эле күндө уруп салдым. Ошондо күнүнө элүү доллардан тапкан болом!
Мартин аңгемелерин Руфка ушунчалык окуп бергиси келип, бирок ага даабай жүрдү. Ал жазгандарынын жок дегенде бирөөсү жарыкка чыкканга чейин күтүп турууну чечти, – мына ошондо Руфь анын чыгармачылыкка болгон умтулуусун жакшыраак баалар. Ошол эле учурда ал окуусун да уланта берди. Ага баштан өткөргөн мурдагы окуяларынын бири да азыркыдай акыл-эстин али жол салына элек чытырман токоюна жасаган саякатындай кызыктуу эмес эле. Ал физика менен химия китебин сатып алды да, алгебра менен катар физиканын мыйзамдарын, анын далилдерин үйрөнө баштады. Лабораториялык тажрыйбаларды оюнда жасады, андыктан кыялынын күчү ар кандай химиялык реакциялардын жүрүп жатканын тимеле көзү менен көрүп жаткандай жардам берип, бул болсо тажрыйба жасоого катышып жүрүшкөн студенттердин кимисинен болсо да, реакциянын формуласын жакшы түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди. Окуган китептеринен Мартин акырындык менен жаратылыштын, дүйнө сырларын биле баштады. Мурда дүйнөнү ал өзүнөн өзү жаралып калгандай кабыл алып келсе, эми анын түзүлүшүн, кубулуштурды жана күчтөрдүн катышын, материянын курамын аңдап биле баштады. Анын акылы дайыма эчактан тааныш нерселерди кайрадан түшүнүп жатты. Рычагдар менен чыгырыктар деңизде жүргөн кезиндеги оор жүк тарткан машинелер менен крандарды анын эсине салды. Кемелерге ачык деңиздеги багытынан адашпоого мүмкүнчүлүк берген навигациянын теориясы күтүлбөгөн жерден айдан ачык болуп чыга келди. Аны менен кошо Мартин бороон-чапкындардын, жамгырдын, суунун көтөрүлүшүнүн, тропикалык кургак шамалдардын сырларын ачты. Муну билгенде өзүнүн түндүк-чыгыш тропикалык кургак шамал туурасындагы очеркин да эртерек жазып койгон окшойм деп да ойлонуп кетти. Ошентип канткенде да окуп билгендери эми аны жакшыраак жазганга шыктандырарын түшүнүп турду. Бир жолу ал Артурга кошулуп университетке барды да демин ичине ката, пейили кенен жайылып, ал жактагы лабораторияларда жүргүзүлгөн тажрийбаларга тыкыр көз салуу менен профессорлордун окуган лекцияларын кунт кое тыңшап отуруп кайтты.
Окууга катуу киришкени менен Мартин чыгармачылык иштерин таштап койгон жок. Чакан аңгемелер мурдагыдай эле калеминен куюлуп атты, алтургай, башка журналдарга чыгып жаткан ырлар сыяктуу бир топ ырларды жазууга да убакыт тапты; ананыраак чымыркана калып эки жумада ак ырлар менен трагедия жазып жиберди эле, тилекке каршы, басмаканачылар мунусун да жараксыз деп табышты. Бир күнү ал Гэнлини абдан окуп, анын «Оорукана керебетинен жазылган поэмаларынын» үлгүсү боюнча деңиз жөнүндөгү ырлардын өзүнчө бир түрмөгүн жазып салды. Булар жөнөкөй, жарык жана кооз, эрдик менен романтикага шыкалган ырлар эле. Мартин аны «Деңиз ырлары» деп атап, өзүнүн чыгармаларынын эң мыктысы деп тапты. Бул түрмөк отуз ырдан турду; ал күн сайын күндүзгү кара сөздөн кийин бирден ыр жазып отурду, – эл мода катары окуган башка жазуучу буга толук бир аптасын жоготмок. Бирок эмгектенгендин өзү Мартинге эч кандай мааниси жок эле. Башкысы ал эми сөз касиетин багынтты, нечен жылдар бою дилинде үнсүз катылып жаткан аруу ойлор эми көзү ачылган булактай шаркырап сыртка атылып чыгып, токтотуп болбос кубаттуу, шыңгыр агым менен албууттана акты.
Мартин «Деңиз ырларын» эч кимге көрсөткөн да, эч кайда жөнөткөн да жок. Редакторлордон түңүлүп калган эле. Бирок бул ирет мунун себеби башка болду. Оюнда бул чыгарма ушунчалык көркөм эле, андыктан мугу ыгы келгенде бир гана Руфь менен бөлүшүүнү каалап туруп алды, жан дүйнөсүнө бүлүк салган ошол ирмем келсе, акыры даап, кызга өз чыгармаларын окуп бермекчи. Ага чейин өзүндө тура турсун деп чечти да, ырын кайра – кайра окуй берип жаттап да алды.
Мартин ар бир ирмемди өңүндө да, түшүндө да күйүп-жанып жашап атты; ал аргасыздыктан текке кетирип жаткан беш саатына да каршы чыккысы бар эле, күн бою ойлонуп эсине орноп калгандын баарын андан ары өнүктүрүүгө далбас уруп, укмуштуудай жаңы ойлор менен не бир ширин кыялдарды жаратып жатты. Ушинтип атып эс алуу дегенде таптакыр унутту, анын ордуна саламаттыгы начарыраак жана жүүнү бош башка бирөө болгондо эчак баспай калмак. Руфь менен жолугушуусу да улам сейрек болуп баратты: кыз сынак тапшырып университеттин дипломун ала турган июнь айы да жакындап кирип келди. Искусствонун бакалавры болмок! Мартин бул наам туурасында ойлогондо Руфь андан кол жеткис бийиктикке учуп кетип, ал жетпей кала тургандай сезилер эле.
А Руфь болсо канткен менен аптанын бир күнүн Мартинге арноочу, бул күнү Мартин Морздордукунан чай ичип, түштөн кийин музыка угуп кетер эле. Мындай күн ага майрам болчу. Морздордун үйүндөгү маанай Мартин жашаган ыплас шарттарга түк окшобой турган, Руфтун жакындыгы ага канат бүтүрүп, ар дайым үйгө кайтып келе жатканда өзүнө өзү кандай болбосун, мына ушундай бийиктиктерге жетем деп ант берер эле. Ээ жаа бербеген чыгармачылыктын илхамына жана дайыма сулуулукту эңсеп турганына карабай, ал махабат үчүн гана иштеп жатты. Баарынан мурда ал ашыглык өртүнө баш оту менен малынган жан болгондуктан, эмне кылса, баарын бир гана махабатка баш ийдирип алган эле. Анын махабаттан издегени ар кандай руханий изденүүлөрүнөн маанилүү болучу. Дүйнө ага кандайдыр бир сырдуу мыйзамдар менен өз ара аракеттенген атом менен молекулалардан куралганы үчүн эмес – анда Руфь жашаганы менен кызыктуу, таңгалыштуу эле. Руфь буга чейин өзү кезиктирбеген, кыялданбаган, алтургай, таптакыр билбеген бир керемет болчу.
Бирок кыз экөөнүн ортосундагы аралыктын таасири Мартинди кээде көңүлүн чөгөрүп жибере турган. Руфь андан кол жеткис чексиз алыс эле, ага жакындаш үчүн дагы эмне кылсам деп ойлонуп атып, башы маң болду. Мурда ал өз чөйрөсүндөгү кыз-келиндерге кадыры жогору эле. Бирок алардын бирин да сүйгөн эмес, Руфка болсо бир көргөндө эле катуу ашык болуп калды. Кеп Руфтун башка чөйрөгө таандык экендигинде эмес эле. Мартиндин сүйүүсү Руфту бардык чөйрөдөн өйдө койгон болчу. Руфь бөтөнчө жаралган жан эле, бөтөндүгү ушунчалык, Мартин өз сүйүүсү менен ага кантип жакындаганды да билбей жүрөт. Чыны, кругозорун кеңейтип, туура сүйлөгөндү үйрөнгөндөн кийин ал кызга жакындап барды, алар тил табышкандай болушту, жалпы темалар, кызыкчылыктар, окшош табит пайда болгону менен бул махабат ышкысын канааттандырган жок. Ал оюнда Руфту ушунчалык ыйык жана кол тийгис аруу затка айлантып алгандыктан, дене жагынан жакындашуу жөнүндө ойлоого да батынбас эле. Сүйүүнүн өзү Руфту андан алыстатып, кол жеткис кылып койгондой. Сүйүү ал жан дили менен каалаган Руфту да өзүнөн тартып алгандай.
Ошентип бир күнү күтүлбөгөн жерден алардын ортосун бөлүп турган чексиз туңгуюкка көпүрө салына калгандай, экөө көз ирмемге жакын боло түштү. Алар чогуу отуруп, ширеси аккан чоң-чоң кара алчадан жеп олтурушту. Руфь ага «Канайымды» окуй баштаганда, Мартин анын эриндеринен кызыл алчанын изин байкап калды. Ошол замат Руфтун ыйыктыгы жоголо түшкөндөй болду. Көрсө ал деле карабашыл адамдын баласы тура, анын денеси да башкалардыкындай эле бир мыйзамга баш иет тура. Эриндери деле Мартиндикиндей эле тура, алчанын ширесинин изи аныкында деле калып жатпайбы. Демек анын эриндери ушундай болсо, калган тулку бою деле ушундай болууга тийиш эмеспи. Руфь башка аялдардай эле аял тура. Бул ой ага чагылгандай тийгендей таңгалдырып, эсин оодарды. Бул ага чыныгы ачылыш болду. Көзүнө кудум күн асмандан кулап келаткандай же бир ыйык нерсени маскаралоого катышып тургандай сезип кетти. Мартин бул ачылыштын маанисин түшүнгөн соң, бул асмандан түшүп келген пери эмей эле, эриндери алчанын ширесине боелгон кадимки эле аял болуп чыкканда, анын жүрөгү туйлай согуп, ушул аялга жетсем деген кадыресе эркектик ышкысы ойгонду. Бул осол оюнан өзү да чочуп кетти, бирок анын туура экенин билдирип, анын акылы менен жүрөгү шаттанып турду. Кыязы, Руфь Мартиндин маанайындагы күтүлбөгөн бул өзгөрүүнү байкай койду окшойт, окуп атканын токтото коюп, аны карады да жылмайып койду. Мартиндин көзү кыздын жүзүнөн жылып отуруп алчанын ширеси тамган эриндерине жетти, кенедей мала кызыл так анын бүткүл делебесин козгоп жиберди. Колдору өзүнөн өзү кызга сунулуп баратты, каалагандай чалчактап жашап жүргөн тээ бир кездерде ал аялдарга ушинтип кол сунаар эле. Руфь да кудум ушуну күткөндөй ага ийиле ыктай калган экен, бирок Мартин болгон эркин күчкө салып, өзүн араңдан зорго кармап калды.
– Сиз бир да сөздү уккан жоксуз, – деди Руфь таарына.
Ошол замат Мартиндин жаш баладай сүрдөп турганы ого бетер жагып кетти. Мартин анын туптунук көздөрүнө караганда эле өз оюндагыны кыздын сезбегенин түшүндү да, уяла түштү. Ашап чаап кеткен окшобойбу! Ал Руфтан башка муну түшүнбөгөн бир да аялды учураткан эмес эле. Руфь болсо сезген жок. Айырма мына ушунда болчу! Көрсө ал таптакыр башка тура! Мартин өзүнүн оройлугуна жана кыздын аруулугуна сына түштү, экөөнүн ортосундагы көпүрө кулап, түпсүз туңгуюк дагы кеңейе түшкөндөй болду.
Ошентсе да бул окуя аны Руфка жакындаткансыды. Эстеген сайын бул окуя көңүлү калган, эки анжы болуп турган учурларда аны сооротуп жүрдү. Экөөн эки жакка бөлүп турган аралык эми баягыдай алыс болбой калды. Анткени Мартин искусствонун бакалавры наамына караганда алда канча узун жолду басты. Руфь аруу экени чын, болгондо да ушунчалык пакиза дейсиң, ал мындай аруулукту дегеле билбеген. Мейли, анын эриндеринде алчанын ширесинин изи калыптыр, ал дүйнөдө жашаган башка адамдардай эле физиканын мыйзамдарына баш иет экен, башкалардай эле тамак ичип, же суукка урунуп сыркоолошу мүмкүн экен, анын канчалык мааниси бар? Маанилүүсү, ал ачкалыкты, суусаганды, үшүгөнду, ысыганды сезеби, демек, сүйүүнү, эркекке болгон махабатты да сезе билет эмеспи. Өзү эркек эмеспи! Анда эмнеге мындай учурда ушундай адам боло албасын? “Мен бактылуу болом, – деп шыбырады ал. – Мен анын сүйгөн адамы болом! Колуман келет. Мен бактылуу болом!”.
(уландысы бар)
Которгон Бахтиер Шаматов
