| |

Жек Лондон: “Мартин Иден” (XVI-XVIII)

5/5 - (1 добуш)

Романдан үзүндү. Калган бөлүктөрү: I, II, III, IV, V, VI, VII, VIII-IX, X-XI, XII-XIII, XIV-XV

XVI БАП

Сааттын кескин чарылдаганы Мартинди катуу чочутуп, ойготуп жиберди, ден соолугу начарыраак киши болсо уйкуга канбай башы ооруп жата бермек. Катуу уктаган экен, бирок мышык сыяктуу ошол замат ойгонду, беш сааттын өтүп кеткенине кубанып да кетти. Уктаганды өлөөрчө жаман көрөт. Анткени кыла турган, аткара турган иштери толтура эле! Ошондуктан уйку уурдаган ар бир мүнөт ага кымбат болчу, будильниктин шыңгыраганы басыла электе эле тура калып дагарадагы муздак сууга башын салып жуунуп кирди. 

Бирок бул күндү ал өзүнүн демейдегидей эрежесинен башкача кылып баштады. Жазып бүтүрө турган аңгемеси жок эле, кагазага түшүрсөм деген жаңы ою деле жок болчу. Түнү менен китеп окуп чыккандыктан, бир караса эртең мененки тамактын да убактысы болуп калыптыр. Чай ичип алып Фисктин китебинен бир главасын окуюн деди эле, башы салмактана ооруп туруп алганынан колуна алган китепти таштоого туура келди.  Бүгүн аны жашоо менен жаңыча кармашуу күтүп турду, андыктан жазганын азырынча токтото турууну чечти. Бурчта жаткан кол жазмаларына карап Мартин үй-жайын, бала-бакырасын таштап кетип бараткан адам сыяктуу кыйыла, кападар боло түштү.  Буларды эми эмне кылат, эч ким башбаанек бергиси келбеген, жолу болбогон байкуш балдардай аларды эми ушул бойдон таштап салабы. Эңкейип кол жазмаларын иреттеп, өзүнө жаккан жерлерин окуп кирди, “Казан”, “Укмуш окуяларын” үн чыгарып да окуду. Айрыкча өзүнө жакканы жакында эле жазылып, бирок марка жоктугунан жөнөтө албай бурчка ыргытып койгон “Сүйүнүч” деген аңгемеси чынында эле мыкты чыккан экен. 

– Түшүнбөйм, – деди өзүнчө күбүрөнүп, – же балким, редакторлор түшүнбөй жатышабы. Аларга мындан артык дагы эмне керек? Алар мындан да начар нерселерди басып атышат ко? Басылып чыккандардын дээрлик бардыгы анын аңгемелерине караганда чынында кыйла эле чабал болчу. 

Анан турду да басчу машинкени кутусуна салып Окленге жеткирип берди. 

– Бир айлык карызым бар, – деди ал буюмду ижарага берчү кызматчыга, – азыр жумушка кетип баратам, кожоюнга айтып коюңуз, келерим менен кутулам. Бир айда келип калам. 

Анан Сан-Францискодогу жумушка кабыл алуучу мекеменин кеңсесин көздөй кетти. 

– Кандай иш болсо да боло берет, – деп сөзүн жаңы эле баштап келатканда бирөө кирип келип сөздү бөлүп кетти. Кирип келген кардар жасанганды жакшы көргөн, арзан болсо да болушунча сылан короздонуп кийингенге көнгөн жумушчу эле неме окшоду. 

Кызматчы агент аны түңүлтүп, берген суроосуна башын чайкады. 

– Кантип эле жумуш издеген эч ким жок болбосун? – деди кирип келген киши кайталап. – Мага бүгүн бир адам абдан керек эле. 

Айтты да Мартинге карап койду, бул сулуучасынан келген жылдыздуу киши экен, бирок бети-башы шишимик тарта бозоруп, уйпаланган кебетесине караганда таң атканча бир зыяпатта күүлдөп отургандай түрү бар, 

– Иш издеп жүрөсүңбү? – сурады ал Мартинден. – Колуңан эмне келет? 

– Кандай эле жумуш болсо иштей берем, деңиз ишин билем, машинке баса алам, бирок стенографияны билбейм, атка мингенге да шыктуумун, деги кандай иш болсо баарын жасай берем. 

Берки ыраазы болгондой башын ийкеп койду. 

– Андай болсо жакшы экен. Менин атым Доусон, Жо Доусон, кир жуугучканада иштегенге жардамчы издеп жүрөм. 

– Кир жууган жайгабы? – деп сурады Мартин, эмнегедир ошол замат ага аялдардын ар кандай жылдур-жулдур үлбүрөгөн жука ич кийимдерин үтүктөгөн кызык көрүнүп кетти. Жалдоочу да ага жагып турду, ошондуктан минтип кошумчалап койду: – Кир жууган деле колуман келет. Деңизде жүргөндө кийимдеримди өзүм эле жууп алчумун. 

Жо Доусон ойлоно түштү да анан: 

– Экөөбүз келише алат окшойбуз. Бул кандай иш экенин билгиң келеби? 

Мартин башын ийкеди. 

– «Кайнар булак» деген жерде курорттук конок үйдүн алдында чакан бир кир жуугучкана бар. Ал жерге бир башчы, бир жардамчы болуп иштегенге эки киши керек. Мен башчы болом. Ар ким өз ишин аткарат, бирок сен мага баш ийесиң, Кандай дейсиң, макулсуңбу ушул ишке? 

Мартин ойлонуп калды. Жаңы ишке кызыгып турду. Бир нече ай иштеп койсо эле окуганга кайрадан убактысы болот. Ал катыра иштегенге да, окуганга да жөндөмдүү болчу. 

– Тамак-ашы жакшы, жатчу бөлмө өзүнчө, – деди Жо. 

Бул айтканы маселени ошол замат чечти. Өзүнчө бөлмө болсо, демек, ага таң атканча чыракты жандырып алып окуганга эч ким тоскоолдук кылбайт экен. 

– Бирок айтып коеюн, тозоку иш, – кошумчалады Жо. 

Мартин чытырап турган булчуңдарын сылап койду. 

– Жумушка бышып бүткөм. 

– Эмесе сүйлөштүк! 

Жо чекесин сыйпалады.  

– Туй ата, көзүм дагы эле караңгылап туру. Кече өлө ичип койгон экем… Ии, баса, иштин шарты мына мындай: эки кишиге айына жүз доллар, анан жатакана берилет. Мен алтымыш, жардамчым кырк доллар алчу. Бирок ал иштин жайын мыкты билчү да – а сен үйрөнчүксүң. Көңгүчөктү сен үчүн да иштөөгө туура келет. Ошондуктан, адегенде сен отуз доллардан баштайсың, анан бара-бара кыркка жетесиң. Сени алдабайм. Качан ишке абдан көнүгүп, кадимкидей иштей баштаганыңдан тартып, өзүңдүн кырк долларыңды ала баштайсың. Болобу?

– Макул, – деди Мартин Джо менен кол алышып. – Бирок мага алдын ала бир аз акча бере турсаңыз жакшы болор эле. Жолго, башка чыгымдарга таптакыр акчам жок. 

– Кап, акчанын баарын жоготуп салбадым беле, – деди Жо кабагын сала чекесин сылап, – менде кайра кеткендей гана тыйын калыптыр. 

– Мен жатаканага карызым бар болчу, ошону төлөшүм керек эле. 

– Ошо да кеп бекен, түкүрүп сал жатаканага,  акчам жок де да чыгып кете бер, – кеңеш берди Жо. 

– Анте албайм. Себеби бир тууган эжекеме карызмын.

Жо ишиң чатак экен дегендей созолонто ышкырып койду да, ойго бата түшкөнсүдү. Анан сунуш айтып калды: 

– Жанымда жарым бөтөлкөгө жеткидей тыйын бар. Жүрү, бирдеме кыларбыз. 

Мартин бул сунуштан баш тартты. 

– Ичпейсиңби? – таң кала сурады Жо. 

Мартин башын чайкады, Жо болсо супсуну сууй түшүп мындай деди: 

– Мен болсом ичпей тура албайм, ичпегениң жакшы экен. Кантесиң, жума бою эшектен бетер белиң майышканча иштейсиң, анан аракканага барбаска чараң жок. Эгерде ичпесем, кудай урсун, же эчак ишкананы өрттөп, же кекиртегимди кыя кесип салмакмын. Бирок сенин ичпеген кишилерден экениң абдан жакшы болду. Ичпей эле кой.  

Мартин өзү менен бул адамдын ортосунда китептер жараткан түпсүз туңгуюк жатканын көрүп турду, бирок аны менен дароо эле ымала табыша кетти. Өмүр бою өзү карапайым турмушта жашабадыбы, эмгектин кара таман кишилерине карата тилектештик сезими анын экинчи мүнөзү болуп калган эле. Жонун шишип турган башы жетпеген аны көчүрүп келүү маселесин Мартин бат эле чечип койду. Чамаданын Жонун белети менен салып жиберип, өзү «Кайнар Булакка» велесепет менен келмей болду. Ал аралыгы жетимиш миль (112 км.) келген «Кайнар Булакка» жекшемби күнү жетсе, дүйшөмбү күнү ишке киришет. Азыр үйүнө барып, буюмдарын жыйнайт. Коштошоор деле эч кимиси жок, Руфь болсо үйүндөгүлөр менен Сиеррге, Тэхо көлүнө кетишкен. 

Мартин абдан чарчап, бети-башы бозала чаң болуп «Кайнар Булакка» жекшемби күнү кечинде жетип келди.  Барбалаңдап кубана тосуп алган Жо башын апакай ным сүлгү менен таңып алыптыр, себеби керели кечке иштеген эле. 

– Мен сени жалдаган күнүчү, – деди ал, – өткөн жумадан бир топ кир калган болчу. Ошолорду бүгүн жууп бүтүрдүм. Баса, сенин чамаданың жетип келди. Бөлмөңө алып барып койдум. Зылдай оорун айтпа тимеле, эмне салып койгонсуң ичине, ташпы же алтындын куймаларыбы? 

Мартин чамаданын ачып буюмдарын чыгарганча Жо анын керебетинин кырына келип отура калды. Муну эми чамадан деп деле айтканга ооз барбас эле, мистер Хиггинботамга жарым доллар берип сатып алган кадимки эле консерванын жащигин алып туруп, жиптен кармагыч жасап, чамаданга окшоштуруп жасатып алган.  Жонун көздөрү бирин-экин ич кийимден кийин чамадандан түгөнбөгөн китептер чыга баштаганын көрүп чанагынан чыга түштү.

– Койчу эй! Ушунун баары китеппи? 

Мартин ооба дегендей башын ийкеп, китептерди кол жуугуч орнотулган үстөлгө чыгарып коё баштады. 

– Укмушсуң го! 

Жо ойлонуп калды, кыязы, башында кандайдыр бир ой пайда боло түштү окшойт. Анан ошол оюн курады сыягы: 

– Айтсаң, аялдар жагына кандайсың? Мыктысыңбы? – деп сурады. 

– Жо-ок, – деди Мартин, – мурдараак, китепке көп кызыга электе анча-мынча кыздарга бара койчу элем. Эми ага убактым жок. 

– Бирок бул жерде китепке деле чолоң тийбейт. Иш менен эле уйку болуп калат, көрөсүң го. 

Мартин өзүнүн беш сааттык уйкусун эстеп жылмайып койду. Анын бөлмөсү кир жуугучкананын үстү жагында орношуп, бөлмөлөргө жарык берип, сууну айдап чыгарган кир жуугуч машинелерди кыймылга келтирген мотор да ушул эле жерде экен. Мартин менен таанышканы кире калган кошуна монтёр узун зымга лампычкени ыңгайлуу кылып илип да берди. Эми жарыкты керебетке чейин жакындатып алса болот.  

Эртеси күнү Мартин саат алтыдан жыйырма беш мүнөт өткөндө турду – эртең мененки тамак ушул убакта берилет дешкен. Үйдүн ичинде кызматкерлер үчүн атайын ванна бар экен, Мартин муздак сууга жуунуп Жону таң калтырды. 

– Азамат болбосоң коё кал! – деп жиберди Жо чайга отурганда. 

Дасторкон үстүндө экөө, анан монтёр, багбан, анын жардамчысы жана эки-үч ат багар чогуу отурушту. Кабактарынан кар жаагансыган булар ара-чолодо күң-мыңк этип бидемени айткандары болбосо, унчукпай алдыдагы тамакты апа-супа ичип атышты. Мартин алардын кобурашканын угуп отуруп, булардан канчалык ыраактап кеткенин түшүнүп турду. Алардын түшүнүгүнүн чектүүлүгү, айткандарынын түккө тургус маанисинин жоктугу Мартиндин чыдамын кетирди, ошондуктан булар качан ичип бүтүп туруп кетишер экен деп ичинен тилеп отурду. Акыры чыдамы түгөнгөндө муздап калган, даамы деле билинбеген супсак боткону алардан озунуп арыдан бери түгөтө салды да сыртка, таза абага атып чыкты. 

Чакан киржуугуч көптөгөн ишти аткара турган жаңы машинелер менен мыкты жабдылыптыр. Мартин Жодон кыскача көрсөтмө насаат алган соң дөбө болуп үйүлгөн кирлерди иргеп кирди. Жо болсо бул учурда машинаны ишке киргизип, курамы химиялык жегич заттардан турган самынды сууга эзе баштады. Ал мунун ден соолукка зыяндуу таасиринен сактаныш үчүн көздөрү менен мурдун сүлгү менен таңып алгандыктан, кебетеси кудум эле мумияга окшоп калыптыр. Кирлерди иргеп бүтүп Мартин эми жуулгандарын сыга баштады. Бул ишти секундасына көз илешпей чимирилген өзгөчө машине жасайт экен. Кирди да ушул кургатат экен. Мартин кир кургаткан машинеден сыга турган машинеге чуркап, ал ортодо байпактарды да иргенгенге үлгүрүп жатты. Экөө түшкү тамактан кийин үтүктөр ысыганча байпактарды басышты. Кечки алтыга чейин ич кийимдерди үтүктөп жатып Жо шектене башын чайкады. 

– Балээни да бүтө албайбыз, – деди ал, – кечки тамактан кийин да иштей турган болуп калдык окшойт. 

Ошентип экөө түнкү онго чейин көз талдыра чакыйган электрдин жарыгында эртең ээлерине таратыла турган эң акыркы жуп ич кийим үтүктөлүп бүткөнчө баш көтөрбөй иштешти. Сыртта Калифорниянын үп түнү өкүм сүрүп турду, болгон терезенин баары аңырайып ачык турса да ысык үтүктөр менен темир мештердин деминен бөлмө ичи тимеле мончодогудай адам чыдагыс ысык эле. Бел кырчоого чейин жылаңачтанып чечинип алышкан Мартин менен Жо алка-шалка кара терге чөмүлүп, араң дем алып атышты. 

– Тимеле тропикалык портто жүк түшүрүп аткандай иш экен, – деди Мартин, тепкич менен өйдө бөлмөлөрүнө чыгып бара жатышканда. 

– Жарайсың, – деди Жо. – Мыкты иштейт турбайсыңбы. Эгер мындан ары ушинтип иштесең эмки айдан тарта эле кырк доллардан ала баштайсың. Бирок сенин мурда үтүк кармабаганыңа ишенбей турам, мени алдай албайсың. 

– Кудай урсун, өмүрүмдө алакандай да чүпүрөктү үтүктөп көргөн эмесмин. 

Мартин он төрт саат катары менен тынбай иштегенин унутуп чарчаганына таң калды. Шыңгырама саатты таңкы алтыга коюп, уйкунун беш саатын эсептен чыгарып таштады да түнкү бирге чейин китеп окууну чечти. Бутун эс алдырмакка тапичкесин чечип үстөлгө отурду да тегерете жайып алган китептерине үңүлдү. Фисктин эки күн мурда окуп баштап токтотуп койгон жерин ачты. Бел бүкпөй тынымсыз иштен улам башы зыңылдап тургандыктан, бир эле сапты эки-үч жолу кайталап окууга туура келип жатты. Бир оокумда шишип чыккан булчуңдарынын зырылдап ооруганынан жана ачык терезеден соккон тоонун муздак желинен үргүлөп кеткен көздөрү ачыла түштү. Саатты караса түнкү эки болуптур. Демек, эс алганга төрт гана саат калыптыр. Ушуну ойлоду да башы жаздыкка тиер замат катуу уйкуга кетти. 

Шейшемби да ушундай эле оор жумуш менен өттү. Баарынан да Мартинди суктандырганы Жонун иштеги чапчаңдыгы болду. Жо тимеле шайтандан бетер түк чарчабай иштейт экен. Иштеп атканда бир мүнөтүн да текке кетирбей болгон дитин ишке буруп Мартинге үйрөткөнгө да жетишип, беш кыймылдай турган жерде үч жолу, үч кыймылдаган жерде бир эле жолу кыймыл менен иштеп жатты. 

Муну көргөн Мартин да көңүл буруп, андан үлгү алууга аракеттенип жатты. Дегеле ал дээринен элпек, шамдагай, иштин көзүн билген кызматчы эле, көп учурда иштеген жагынан астына киши салдырбай турганына өзү да ыраазы эле. Азыр деле бүт дитин ишке буруп, Жонун айткан насаат-кеңештерин так орундатууга аракет кылып атты. Үтүктөгөн кезде көөп калган жерлери болбос үчүн Мартин жеңдин учтары менен жакаларындагы крахмалды эптүүлүк менен ушалап турганы Жонун мактоосуна арзыды. 

Экөө тыным албай иштеп атышты. Жо эч бир токтобой, күтпөй, бир да ишти кийинкиге калтырбай, бирин бүтүрөр замат экинчисин шып эле колго ала коюп жатты. Ошентип атып эки жүз ак көйнөктү крахмалдашты. Аларды крахмалдап жатып сол колдору менен көйнөктүн жакасын, боорун жана жеңдерин ысык сууга матырып, оң колдору менен анын башка бөлүктөрүн крахмалга тийгизе койбой  кармап турушат. Суунун ысыктыгынан колдорун улам муздак сууга малып алып жатышты. Бул күнү алар аялдардын бүйүрмөлүү ич кийимдерин крахмалдап түнкү он жарымга чейин иштешти. 

– Тропикада да мындан жеңилирек болсо керек, – деди Мартин күлүп. 

– Бул айтканың мага тиешелүү эмес, – деди олуттуу Жо, – мындан башка кесип колуман келбейт. 

– Бирок муну укмуш өздөштүрүп алыпсың го. 

– Ананчы, Оклендде он бир жашыман тарта иштеп баштадым. Буу баскычта да турдум. Ошондон бери он сегиз жыл өттү, бирок мен башка бир да ишти кылган эмесмин. А бирок мына бул жердеги сүргүндөгүдөй оор жумушту эч жерден көрбөдүм. Мында кеминде үч киши иштөөгө тийиш. Эртең түнкүсүн дагы иштейт окшойбуз. Шаршемби күндөрү дайыма түнкүсүн иштөөгө туура келет, анткени жакалар менен жеңдер күргүштөп келчү күндөр ушулар. 

Бөлмөгө келери менен Мартин сааттын коңгуроосун коюп үстөлгө отурду да Фискти ачты. Бирок ал китептин бир да бетин окуй алган жок. Саптар көз алдынан бийлеп, башы шылкылдап, үргүлөп кетип атты. Уйкуну качырайын деп тура калып ары-бери басты, колдору менен башын чапкылап да көрдү, бирок уйкунун азгырыгы ушунчалык күч эле, анысынан эч майнап чыккан жок. Анан китепти мурдуна такап коюп алып да жаагын таяна окууга аракеттенди, бирок ошол замат көзүн жумбаган бойдон уктап кетти. 

Чарчоо менен күрөшкөнгө такыр алы калбаган соң эмне кылып атканын өзү да жакшы сезбей, кийимдерин чечинген болду да керебетине учуп түштү. Ошо жаткан бойдон жети саат бою бут серппей уктаптыр, сааттын шыңгыраган үнүнөн чочуп ойгонуп, уйкусунун дагы эле канбай калгандыгын сезди. 

– Көп окудуңбу? – сынай сурады андан Жо. 

Мартин жок дегендей башын чайкады. 

– Эч нерсе эмес! – деди Жо анын көңүлүн улай. – Биз бүгүн түнү менен иштеп койсок эртең саат кечки алтыга бүтүп калабыз. Ошондо китеп окуганга убактың кокодон болот. 

Мартин бүгүн самын эритилген чоң тепшиге жүндөн жасалган буюмдарды салып чайкады, бул жумуш да Жо өзү мактангандай, ыңгайлаштырып жасап алган жабдыктын жардамы менен жүргүзүлө турган.

– Менин ойлоп тапканым, -деди Жо, – чыгырыкты алмаштырат, анан да жумасына жок дегенде он беш мүнөттү үнөмдөйт! Мындай тозоктун ичинде ар бир мүнөт эмне турарын билесиңби! 

Жең менен жакаларды баса турган темир аспап да анын ойлоп чыгарган аспабы болчу.  Жо аны мындай деп түшүндүрдү. 

– Башка кир жуугучканаларда мындайды али ойлоп табыша элек. Мен мунун жардамы менен ишемби күнкү жумушту саат үчтө аяктоо мүмкүнчүлүгүнө жетиштим. Болгону муну билгичтик менен пайдалануу керек. Бул үчүн бөтөнчө температура, өзгөчө басым талап кылат – кийимдерди үч жолу басыш керек. Мынакей, карачы.  

Ал көйнөктүн жең учун басып көрсөттү. 

– Колго минтип басалбайсың, туурабы? 

Бейшемби күнү ишке келгенде Жону ачууландырып, жинин кайнатканы крахмалдуу жука ич кийимдердин нормадан тышкары өзүнчө дагы бир чоң таңгагы келип калган экен. 

– Түү, шайтан алгырдыкы! – кыйкырып жиберди ал, – урдум баарын! Ишин да урдум! Менин жума бою тыным албай эшектей иштегеним деле жетишет, эптеп бош убакыт болобу деп жанталашсаң, муну карабайсыңбы – дагы очойтуп таштап кеткен тура! Мен деген эркин өлкөдө жашаган адаммын, коё тур, ит экенсиң деп жанагы бок курсактын бетине эле айтам! Французча сүйлөп да башымды оорутпайм аны менен, кудая шүгүр, ага айта турган сонун сөздөр Кошмо  Штаттардын тилинен деле табылат. Бир таңгакты нормадан ашык уруп жиберген тура бияка! Акмак десе, киши эмес турбайбы! 

– Эми дагы түнү менен иштешке туура келет, – деди ал эми эле буркан-шаркан түшкөнүн унутуп.  

Бул түнү да Мартин эч нерсе окуй алган жок.  Бир жумадан бери гезит бетин караганга шайы жок, карагысы да келбей калганына өзү да таң.  Жаңылыктардын эми ага түк кызыгы жок эле. Суй жыгылганча иштеген адамдын эмнеге көңүлү чабат дейсиң, ошентсе да ишемби күнү чыгынып велесепет менен Оклендге барып келмек болду. Жолдун ыраактыгы – барышы жүз он эки чакырым, келишиң да ошончо, башкача айтканда, таптакыр эс албайт, андайбы, демек, келерки жумага күч-кубат да топтой албайт. Поюзга түшө калса деле эки жарым доллар менен барып келмек дечи, бирок Мартин бир тыйын болсо да үнөмдөп акча чогултууну бекем чечкен эле.

XVII БАП

Мында иштегени Мартин кыйла жаңы иш көндүмдөрүн үйрөндү. Биринчи жумада Жо экөө бир эле күндүн ичинде эки жүз ак көйнөктү жууп, үтүктөп чыгышты. Жо машиненин басымын жөнгө сала турган темирдин учуна үтүктү илип коюп, андан көйнөктөрдүн крахмалдуу бөлүгүн үтүктөн өткөрүп, Мартинге ыргытып турду, ал болсо аларды тактайга жайып алып калган жактарын үтүктөп жатты.

Бул узак саатка созулган тынымсыз, адамдын жанын сууруп алгыдай оор жумуш эле. Кир жуугучтун терезесинен көрүнгөн конок үйдүн верандасында  болсо апакай кийимчен мырзалар менен айымдар көңүл ачып, ары-бери серүүндөп басышып же үстөлдөргө отуруп алып муздак суусундуктардан ууртап коюп эс алып отурушту. Бул жерде болсо тозоктун төрүндөгүдөй ысык жана дем кыстыктырган үп болуп турат. Бети эрип кетчүдөй болуп кызарган плитадан лапылдаган ысыктын илеби уруп, ным кирлерди бышылдата баскан үтүктөрдөн буу бүркүлөт. Бул үтүктөр үйдөгү кожейкелер колдонгон үтүктөрдөй эмес, булар алда канча жогору температурага жеткенге чейин ысытылат. Ысыгын кадимки эле колуңду шилекейлеп же бетине түкүрүп текшерип көрчү үтүктөр Мартин менен Жого али ысый элек үтүктөр эле. Бул жердеги үтүктөрдүн ысыгын алар жаагына жакын такап туруп аныкташчу. Мында кандайдыр бир өзгөчө сезгичтик болушу керектигин Мартин адегенде түшүнбөй жүрдү. Үтүк абдан ысып кеткенде анын бетин муздак сууга бир малып алышчу. Бул иш да эпчилдикти талап кылчу. Үтүктүн бетин музак сууга бир секундага кармап туруп дароо кайра ала коюш керек эле, Мартин бул кыймылды ушунчалык эпчилдик менен автомат сыяктуу аткарганына өзү да таң калып жүрдү. 

Бирок минтип укмуш турбаймынбы деп корстон болуп отурганга убакыт жок болчу. Болгон дитин ал ишке койгон. Тыным албастан иштей берип бара-бара тирүү машинедей эле болуп калды, мындай иш адамды соо коёбу, анын болгон күч-кубатын соруп алып атты. Башында баягыдай дүйнөнүн, жашоонун табышмактары жөнүндө ойлогонго жер калган жок. Мээсиндеги бардык кенен, мейкин жерлер чапталып, жабылгандай эле. Акыл-эси колуна, манжаларына үтүктү тигиндей карма, жеңдерди, көйнөктөрдүн этектерин, өңүрлөрүн, капталдарын минтип үтүктө, үтүктөлгөн көйнөктөрдүн бүктөөсүн жазба деген сыяктуу буйруктарды гана берип турган тар, кичинекей штурмандык рубкага айланып калгандай.  

Мээси бир көйнөктү аяктап, экинчисине кам уруу менен гана алек эле. Ушинтип тыным албай алпурушкан узак сааттар Калифорниянын аптаптуу ысыгынан сырттагы дүйнөнүн кыбыр эткен кыймылы токтоп калганга дейре уланаар эле. Иш бир гана ушу кир жууган жерде токточу эмес, анткени конок үйүндөгү сылаңкороз тургундарга таза кийимдер дайыма керек эле. 

Мартинден тер суудай агып турду. Сууну чакалап ичип атса да, ысыктын катуулугунан денесинен шорголоп тер акпаган жер жок. Деңизде матрос болуп жүргөндө Мартин өз убактысына өзү кожоюн эле, бул жерде болсо кир жуугучтун ээси анын оюна да кожоюн болчу. Анткени жанын кыйнаган иштен башканы ойлогонго чамасы келбей калып атты. Жадагалса, Руфту да сүйөрүн унутуп калды. Тынымсыз оор иштен талкаланып, шалдырап бүткөн Мартиндин бирдемени эскерүүгө да шайы жок эле, бир гана төшөккө жатаарда же эртең мененки тамакты жеп отурганда гана кыздын бүдөмүктөгөн элеси эсине түшүп калып жатты. 

– Тозоктон да жаман экенби ыя? – деп сурады андан бир күнү Жо. 

Мартин ооба дегендей башын ийкеди да, күтүлбөгөн жерден жини келе түштү. Мунун себеби айтпаса деле түшүнүктүү болчу. Алар эч качан иш үстүндө сүйлөшчү эмес. Кеп ишке жолтоо болгондуктан, азыр да Мартин Жонун суроосуна алаксый түшүп эки жолу артыкбаш кыймыл жасап жиберди. 

Жума күнү эртең менен алар кир жуугуч машинени ишке киргизишти. Конок үйүнүн тасмалдарын, сүлгү жана жаздык кап сыяктуу кирлерин жумасына эки жолу жууганга туура келчү. Булардын баарын жууп бүткөндөн кийин гана ич кийимдерге өтүшчү. Бул машакаты арбын, адамдын эсин бат эле оодарып салчу түйшүгү көп, анан да колду кармаган майда иш эле. Аткарганда да бул ишке абдан кылдаттык керек, ушуга байланыштуу Мартиндин иши жай бүтүп жатты; бир эле жаңылышса иши текке кетерин ойлоп да санаасы тынчыбады. 

– Момуну көрдүңбү? – деди Жо аялдын бүктөп туруп алаканыңа катсаң батып кетчүдөй үлбүрөгөн жука жибек эмчек кабын көрсөтүп. – Күйгүзүп алсаң, сенден жыйырма долларды ошол замат кемитип коёт. 

Кудай жалгап Мартин алардын бирин да күйгүзгөн жок. Ал мээси чыңалганы менен булчуңдарын эркинирек таштап, болгон ынтаасын коё абдан этияттык менен үтүктөгөндү билчү. Азыр да Жонун өздөрү жуубаган соң мындай жука ич кийимдерди кийген аялдарды ашата сөгүп атканын тыңшап коюп, ичинен туура айтыбатат деп иштей берди. Экөөнүн далай убактысын уурдаган мына ушул үлпүлдөгөн жука ич кийимдер эле да. Керели кечке алпурушуп атып акыры бүтүштү кечки саат жетиде ишти токтотушту. Эми шейшептерди, тасмалдарды жана сүлгүлөрдү үтүктөш керек эле. Эл жаткан түнкү саат ондон тарта экөө кайрадан ич кийимдерге киришти, аларды жууп, үтүктөп даярдап койгончо саат түнкү эки жарымдан ары чаап кетти. 

Ишемби күнү да эртең менен дагы толтура ич кийим, башка майда-чүйда кир келди, ошентип алпурушуп атып бир жумалык иш күндүзгү саат туура үчтө аяктады. 

– Бу ирет Оклендке барбай эле коёт окшойсуң? – сурады Жо экөө тепкичке келип эс алып олтуруп, тамеки тартып атып. 

– Барышым керек. 

– Эмнегеле аякка чуркап турасың ыя? Кызга барасыңбы же? 

– Жок, китепканага барып китеп алам. Эки жарым долларды үнөмдөш үчүн поюзга түшпөй велесепет менен эле барып атам. 

– Китебиңди почто менен эле жибербейсиңби? Көп болсо жыйырма доллар кетер. 

Мартин ойлоно түштү. 

– Сен эртең андан көрө жакшылап эс ал, – деди Жо. – Сөзсүз эс алышың керек. Баспай каласың. Мен өзүмдөн улам айтып жатам. Бачагым чыгып кетиптир. 

Анысы көрүнүп турду. Секунда менен мүнөттөрдү кыскартсам деген, тыным албай иштеп, жетер чегине жеткен адамдан жасалган мотор Жонун бир жумалык ишин аяктап, тырп этерге дарманы жок шалдайып отурган кейпи эле бул. Кыйналып алы кеткени ушунчалык, кабагы кара булуттай түнөрүп, иреңи күлдөй бопбоз. Тамекини чыласына чейин соруп, үнү да каргылданып чыкпай калыптыр. Бул адамда азыр баягыдай шайдооттук, кайрат жок эле, жадагалса, аны алдыда турган эс алуу да кубандырбай турду.  

– Дүйшөмбүдөн баштап дагы кайра башынан түшөбүз, ээ, – зирк этип алды Жо жерге чыйт түкүрө, – мунун баарынын эмне кереги бар деги? Ыя? Мен кээде кайырчыларга ушунчалык суктанып кетем. Эй, аларың иштебесе деле күн көрүп атышпайбы. Ох ата, азыр бир крүшкө муздак пийва болсо сонун эмес беле бирок пийва ичиш үчүн кыштакка барыш керек да. А сен келесоо болбо, андан көрө китептериңди почтого салдырып ал да  өзүң биерде жат эс алып. 

– Биерде калганда кечке эмне кылам? – деди Мартин. 

– Эс аласың. Өзүңдүн канчалык чарчаганыңды сен билбейт окшойсуң. Мен болсом жекшембиге чейин тимеле тырп этерге алым калбайт. Гезит караганга да чамам келбей калат. Бир жолу келте менен ооруган элем. Ооруканада эки жарым ай жаттым – бирок бир жолу кыбыр этип кыймылдап койгон жокмун. Эх, жыргадым эле атаңгөрү ошондо бир! Сонун кез болгон эле! – деди ал кыялдана түшүп. 

Мартин мончого түшкөнү кетип, кайра келсе, Жо жок экен. Пийва ичкени кеткен го деп ойлоп, бирок аны издеп артынан кыштакка барууга көңүлү чаппады. Бөлмөсүнө келип, керебетке бутун чечпестен кыйшайды да түркүн ойго батып кетти. Китепти баягы бойдон ачкан жок. Тимеле эзилип калган экен, кечки тамактын мезгилине чейин үнсүз-сөзсүз чала жан кишидей сулап жатты. Жодон дагы эле дайын жок. Багбанчыдан сураса, аның арак ичкен жеринен чыга албай отургандыр деди. Кечки тамакты ичип келип эле кулаган бойдон терең уйкуга кетти, эртеси күнү эртең менен өзүн толук эс алгандай сезип, уйкусунан ойгонсо Жо дагы эле келбептир. Гезиттин жекшембилик санын алды да бактын астында окуп отурду. Гезитке кызыгып күн шашкеден кандай өткөнүн да билбей калыптыр. Ага эч ким жолтоо кылган жок, көзү талып уктап да кетпеди, бирок ошондой болсо да гезитти акыр аягына чейин окуй албады. 

Түштөн кийин кайрадан окууга киришти эле, бирок тез эле гезитти жазданган бойдон кайрадан уктап кетти.

Жекшемби күн ушундайча өттү, ал эми дүйшөмбү күнү эртеңден баштап Мартин кайра кир ич кийимдерди иргей баштады. Жо болсо башын сүлгү менен таңып алып, ашата сөгүнө самындан чылады да кир жуугуч машинени жүргүздү. 

– Меники ушу башка аргам жок, – деди ал, – ишемби күн келери менен эле ичким келип турат. 

Тынымсыз оор эмгектенген дагы бир жума өттү, жума бою алар чакыйган электр жарыгында түнкүсүн иштешти. Ишемби күнү саат туура үчтө иш токтоору менен Жо зарыгып күткөн дем алышын алып, кайгы-муңун унутуу үчүн кыштакка жөнөп кетти. Мартин бул жекшембини да өткөн жекшембидей эле өткөрдү. Бактын көлөкөсүндө жатып алып колундагы гезитти окуган киши болуп кечке дейре эч нерсе кылбай, эч нерсени ойлобой сулк жата берди. Аябай чарчагандыктан бирдемени ойлогонго да мээси иштебей, мындай кебетесине жини келип өзүн өзү жек көрө баштады. Анын көкөлөгөн кыялдары төмөн чөгүп, атак-даңкка болгон көксөөсү мокоп кайраты азайгандыктан, баягыдай умтулууну сезбей да калды. Ал азыр тирүүнүн өлүгү болчу. Денеси дем алып атканы менен жаны өлүү эле. Жумушка чегерилген бир малдай эле. Баштагыдай жашыл жалбырактарды көзөп жылоолончу күндүн шооласынын кооздугун сезбей, ай-ааламдын чексиз көк-жашыл түсү да баягыдай жүрөгүн өрөпкүтпөй калды, өзү сырларын билүүгө дилгирленген, табышмак сыры толтура космос жөнүндө ойлоого да шайы жок болчу. Турмуш ага кунарсыз, супсак көрүнүп, оозунда анын ачкыл даамы гана калды. Анын элестеринин экраны кара парда менен жылчыксыз жабылып, кыялдары болсо күн нуру жетпеген тым караңгы бурчка камалгандай сезилди. Мартин эми утуру ишемби сайын кыштакка каттап, аракка өлө тоюп, ылжып мас боло келерки оор жуманын кайгысын басаңдатып келчү Жого суктана да баштады.  

Бул жерде иштегенине үчүнчү жума болуп баратты. Өзүн өзү жектеп, жашоосуна наалат айтып, санаасын жеңилүү жөнүндөгү ой кара булуттай басты да калды. Анын аңгемелерин жараксыз деп четке каккан редакторлордуку чынында туура экен. Буга азыр ачык түшүнүп кечеки эле дымагына, желбиреген кыялдарына кайра өзү күлдү. Так ушул кезде Руфь «Деңиз ырларын» почто аркылуу өзүнө салып жиберген экен. Кыздын катын көңүлсүз окуп чыкты. Руфь кыязы, анын ырларына суктанганын билдирем деп абдан аракеттенген окшойт. Кыз эзели калп айтканды билчү эмес, чындыкты жашыруу да ага кыйын эле. Ырларынын жакпай калганы Руфтун жазган катынын ар бир сабынан даана сезилип турат. Бул туптуура деди Мартин, жазган ырларын кайрадан окуп чыгып, кооздукка болгон сезими таптакыр мокоп калгандыктан, буларды жазганга эмне мажбурлаганын өзү да түшүнө албай турду. Мыкты чыккан деген сөздөрү жана сөз тизмектери эми күлкүсүн келтирип, салыштыруулары абдан эле обу жок жана шумдуктуудай көрүндү. Азыр эле тура калып «Деңиз ырларын» жан дили менен өрттөп салмак эле, бирок кагазды өрттөш үчүн машина бөлүмүнө барып анан от жагыш керек эле, буга алы келген жок. Анткени болгон күчү чоочун адамдардын кир кийимдерин жууганга короп, өзүнүн жеке иштерин жасаганга алы калбай, шайы ооп калган эле. 

Мартин жекшемби күнү эптеп чыгынып Руфка кат жазып жиберүүнү чечти. Бирок ишемби күнү кечинде ал жумуш аяктап мончого түшүп келген соң көр түйшүктүн баарын унуткусу келип туруп алды. «Барып көрөйүнчү, Жо кантип көңүл ачып атты экен», – деди ал, ошол замат өзүн алдап жатканын сезди, бирок бул жөнүндө ойлогонго анын кайраты жетпей турду, – жетишкен күндө деле өзүнүн алдамчылыгын билдирмек эмес, анткени ага ушул тапта көңүл ачуу баарынан жогору болуп турду. Ал шашпай басып кыштакты көздөй бет алды, бирок пийваканага жакындаганда кадамы өзүнөн өзү ылдамдап кеткендей болду. 

– Мен сени суудан башканы ичпейт ко деп ойлодум эле! – деген Жо досу аны барбалаңдап тосуп алды. 

Мартин анын сөзүнө жооп кайтарбай туруп бир бөтөлкө кызыл вино алды да өзүнө бир ыстыкан толтура куюп туруп бөтөлкөнү Жого сунду. 

– Кана, ал эртерек, – деди корс этип. 

Жо буйдала түштү, Мартин ага карабай колундагы ыстыканды тарс согуп ийип, шалдырата кайра экинчисин куйду. 

– Эми сени күтүп турайын, – деди Мартин кабагын ачпай, – ылдамыраак алып жибер. 

Жо көп суратпай, экөө чогуу тартып жиберишти. 

– Жетер жериңе акыры жеткиришкен экен э? – деди Жо. 

Бирок Мартин бул теманы талкуулагысы келген жок. 

– Бул иш эмес эле бир тозок деп айтпадым беле сага, – деди Жо сөзүн улап. – Чынын айтсам, мага сенин артка сийгениң жакпай турат, Март. Э, койчу, энесин урайын калжырак кепти! Келе, дагы бирден алалы. 

Мартин унчукпастан шыпкап ичип, улам жаңы шишелерди алып келтире берди, анын мындай марттыгы баарынан да кебетеси кызга окшош, көгүлтүр көз, чачын тең бөлүп жалпайта тарап алган, ушул эле айылдын жигити – барменге өлө жакты.  

– Адамдарды минтип эшектей кылып эзип иштетүү – жеткен чочкочулук, – деди Жо. – Эгерде мен ичпесем, анда бар го, бул мекемени кудай урсун, эчак эле өрттөп иймекмин. Алардын бактысына мен ичип калганымды карачы, эй. 

Бирок Мартин эч нерсе деп жооп кайтарган жок. Дагы бир-эки ыстыкан соккондон соң башы эңги-деңги боло түштү, ичимдик мээсине тепти. Ох! Акыры бир нече жумадан бери ал жашоонун демин кайрадан сезип турду. Желбиреген кыялдары кайра жанды. Алар жанагы тумчуккан караңгы жерден атып чыгып, кайрадан бийикке көкөлөп учту. Элестөөсүнүн экраны кайрадан жарык күмүш түспөлдөнө жанып чыкты, бирин бири кубалашкан жаркын элестер кайрадан көз алдынан чубурду. Нурдуу, керемет кооз нерселер аны колдон жетелеп, мээсин кайрадан ээлеп алышты. Ал мунун баарын Жого түшүндүрөйүн деди эле, бирок тиги бакылдап, өзүнүн эчактан бери көкүрөккө багып келаткан арманын айтып кирди – көрсө Жо кургур эптеп жан бакканын токтотуп, чоң кир жуугучкананын кожоюну болсом деп эңсеп жүрүптүр. 

– Ушундай Март, бирок мен жаш балдарды эч качан ишке салбайм, буга бөркүңдөй ишене бер. Кандай кыйынчылык болсо да аларды иштетпейм. Кечки саат алтыдан кийин кир жуугучканада тирүү жан калбайт. Уктуңбу? Машинелер да, адамдар да көп болот, иш өз убактысында бүтөт. Сени болсо өзүмө жардамчы кылып алам. Менин планым ушундай. Ичкиликти таштайм да акча чогултуп туруп анан эки-үч жылдан кийин… 

Бирок Жонун бабырап айтып аткан планын жанында отурган айылдык балага таштап коюп, Мартин уккан да жок. Жо оюн акырына чейин айтып бүтүргөнчө кыштактык баланы шарапканага жаңы эле кирип келген жергиликтүү эки фермер чакырып калды. Ошондо Мартин паашаныкындай жоомарттык менен шарапканада отургандардын түгөл баарын – эки-үч бир мандикер кедейди, багбандын жардамчысы менен конок үйүнүн атбагарын, эмелеки айылдык жигитти, анан кирген чыкканды көлөкөдөй ээрчип, шарапканадан кете албай айланчыктаган кайырчыны кошо сыйлады.

XVIII БАП

Жо дүйшөмбү күнү эртең менен адатынча сөгүнүп сагынып атып кир кийимдердин бир таңгагын машинага ыргытты. 

– Ошондуктан айтып атканым да…– деп баштады эле. – Койчу! – деди араң турган Мартин ага зиркилдеп. 

– Кечирип кой, Жо, – деди кийин Мартин, экөө тамакка отурганда. 

Жонун көзүнө жаш тегерене түштү. 

– Эч нерсе эмес, байкеси, – деди ал, – өзүбүз ит турмушта жашасак, анан кээде ушинтип карманалбай кетесиң да. Бирок мен сени башынан эле эмнегедир бөтөнчө жакшы көрөм. Кудай урсун. Ошондуктан кээде капаланып да кетем. Мен сага абдан көнө түшүпмүн.

Мартин анын колун бекем кысып койду. 

– Баарына түкүрүп салалычы, – сунуш кылды Джо, – жүрү, энесин урайын, селсаяк болуп кетели. Мен эч качан антип көргөн эмесмин бирок бул абдан жагымдуу болсо керек. Ойлоп көрчү: эчтеке кылбаган кандай сонун! Мен бир жолу келте менен ооруп, ооруканада оонап жаткан элем, муну эстегендин өзү жагымдуу. Кайра бир ооруп калсам кана эми. 

Жумалар зуулдап өтүп жатты. Мейманканадан конок үзүлбөй, жуула турган жука ич кийим да көбөйгөндөн көбөйдү. Алар баарына бардаш уруп, электрдин жарыгында түн оогонго дейре иштеп атышты, тамактын убактысын да кыскартып, ишти таң заардан тура калып баштап жатышты. Мартиндин баягыдай муздак сууга жууганга да убактысы калбай калды. Жо болсо убакытты билгичтик менен пайдаланып бир мүнөттү да текке кетирбейт, убакытты сараң пулун эсептегендей секундасынан өйдө эсептеп, аянбай өзүн өзү унутуп машинедей иштеп атты, аны менен тыгыз байланышта бир кезде Мартин Иден деген аты бар адам – экинчи тирүү машине иштеп жатты.

Мартин чанда гана ойлончу болду. Ойлорунун уясы жабык, терезелери кагылып салынган эле, өзү болсо анын эшигинин алдындагы караңдаган кароолчуга айланып калганы. Ооба так караанга айланбадыбы. Жо туура айткан экен. Экөө башы менен аягы көрүнбөгөн эмгек майданындагы караңдаган караандар эле. А балким, мунун баары түшүндө болуп аткандыр? Колтойгон оор үтүктөрдү ысык буусун чыгара апакай ич кийимге ары-бери басып атып Мартин кээде чын эле мунун баары түш болсо керек деген ойго алдырчу. Балким жакында, балким миң жылдан кийин ал өзүнүн баягы тар, караңгы бөлмөсүндө уктап жаткан жеринен ойгонуп кетет да, сыяга булганган үстөлүнө отуруп, токтотуп койгон ишин улантат чыгаар. А балким анысы деле түшү болгондур, вахта алмаштырганга керебетинен ыргып туруп палубага чыгар да жылдыздар жайнаган тропиктин асманы астында штурвалга турганда желдин салкын деми денесин ичиркентип жиберер. 

Ишемби дагы келип, саат үчтө жумуш аяктады. 

– Барып бир күрүшкөдөн пийва бастырып келсекпи ыя? – деди Жо кайдыгер. Ал алсырай бошошуп, көөнү майрам тилеп турду. 

Бирок Мартин уйкудан ойгоно түшкөндөй эле. Ал велеспетин бир сыйра майлап жөндөп, рулун текшерип, тазалап чыкты. Анан анын рулуна жатып алып педалын бир калыпта чимирилтей айдап, алдыдагы жетимиш милдик чакырым баса турган чаңдуу жолу тиктеген бойдон уруп жөнөгөн чакта Жо эчак шарапканада отурган. Жетти да ошо күнү Оклендде түнөп, эртеси жекшемби кайра тартып, дүйшөмбү күнү ишке чыгып кете берди, алыс жолдон чарчап келсе да бул жолу арак ичпей койгонуна ичинен кубанып жатты.

Арадан беш жума өтүп артынан алтынчысы узады, Мартин болсо машине сыяктуу иштеп жашай берди, бир гана тээ жүрөгүнүн түпкүрүндө, аны жума сайын велесепет тээп, жүз кырк миль аралыкты басканга мажбурлаган оттун кичинекей учкуну сакталып турган эле. Бирок алыс сапарга барып келген эс алуу эмес болучу. Бул баягы эле тынымсыз айланган машиненин дагы бир ого бетер алсыраткан иши эле. Ошентип жүрүп Мартиндин бара-бара жүрөгүндөгү бул учкун да күйүп бүттү. Жетинчи апта аяктаганда эч бир буйдалып отурбай Жону ээрчип айылдагы шарапканага келди да «турмуштун даамынан» аянбай татып, ошонун деми менен дүйшөмбүгө чейин жашады. 

Бирок ал кийинки ишемби күнкү чарчап шалдайганын андан бетер күчөтүп, кайра жетимиш милдик жолго аттанып чыкты. Ошентип жүрүп үчүнчү айдын этегинде гана Жо менен үчүнчү жолу айылга барып келди. Кайрадан эле көнүмүш жашоону улантты эле, бирок күтүлбөгөн жерден мээсин чагылгандай жарк эткен ой жанып өтүп, эсине келе түштү да өзүнүн айбан кейиптенип баратканын көрдү, – ичкенден эмес, бели бүгүлбөй иштегенден ушул абалга жеткенин түшүндү. Ичимдикке берилип кеткени буга себеп эмес эле, бул анын кесепети болду. Балекет баскыр ичкилик аны дайыма жумуштан кийин түн артынан таң аткандай эле артынан калбай ээрчип калган тура. Ичкиликтин айынан макулукка айлансаң эңсеген бийиктигиңе өмүрү жетпейсиң; ичип аткан виски мына ушул ойду ага таңуулаганы, буга ал макул эле. Виски ага улуу даанышмандык кылды. Маанилүү акыйкатты ачып берди.  

Мартин кагаз менен калем бергиле деди да шарапканага чогулгандардын баарын сыйламакка шарап алдырды, элдин баары бака-шака түшүп, анын ден соолугу үчүн ичип атканда Мартин үстөлгө эңкейип бир нерселерди кагазга жазып атты. 

– Жо, телеграмма, – деди ал анан, – окуп көрчү. 

Жо адегенде мастыгы менен жалжая күлүп окуп кирди да, катта жазылгандарды окуп ошол замат соолуга түштү. Бул эмне кылганың дегендей Мартинге карады да көздөрүнөн жаш кылгыра түштү. 

– Сен мени таштап кетесиңби, ыя Март? – муңая сурады ал. 

Мартин башын ийкеди да ошол жерде жүргөн бир балакайды чакырып, телеграфка чуркатып жиберди. 

– Токто! – деди тили булдуруктаган Жо, – сага бир нерсени айткым келип турат. 

Ал кулап баратып кайра бийик үстөлдүн кырынан кармай калды, Мартин да ошол замат белинен кучактап, жөлөй кармады. 

– Жаз, эки кызматчы тең кетет деп жаз! – бурк этти күтүлбөгөн жерден Жо. – Жаз. 

– Кое тур, сен эмнеге кетесиң? – сурады Мартин. 

– Сен эмнеге кетибатсаң, мен да ошончүн кетем. 

– Мен деңизге чыгып кетем, а сен кайда бармак элең… 

– Туура, – деди Жо, – мен болсо кайырчылык кылам. Өлө сонун да бул. 

Мартин бир мүнөттөй ага тигиле карап турду анан мындай деп жиберди: 

– Урдук баарын, туура айтасың! Жүк арткан мал болгондон көрө кайырчы болгон артык эмеспи. Жок дегенде, анча-мынча болсо да жашайсың. Сенде ушуга чейин деги кишидей жашоо болду беле… 

– Болгон, – Жо аны түзөтүп койду. – Бир жолу ооруканага жаткам. 

Мартин телеграмманын текстин өзгөрткүчө Жо мындай деди: 

– Ооруканада жатканда таптакыр ичкилик ичким келбей калган. Укмуш бекен, ыя? Ал эми биерде жума бою чегилген аттай иштейсиң, анан кантип ичпей коёсуң? Ашпозчулардын аракты суудай ичкенин… наабайчылар деле алардан кем калышпасын элдин баары эле билет… Биздики алардыкынан жеңилби? Жумуш ушундай оор болубатса эмне кыласың анан. Токто! Телеграмманын жарым акысын мен төлөйм. 

– Макул, анан эсептешип алабыз, – деди Мартин. 

– Эй, баарыңар бери келгиле, мен сыйлайм! – кыйкырды Жо үстөлгө акчасын чачып таштап. 

Дүйшөмбү күнү эртең менен Жонун тынчы кетип, толкунданып турду. Башынын сынып турганына да көңүл бурбай, ишке карап да койгон жок. Терезеден сырттагы күн нуруна, жашыл бак-дарактарга суктана тигилип отурганча бир канча убакыт өтүп кетти. 

– Карачы, – деп кыйкырды анан ал. – Мунун баары эми меники. Бул эркиндик да! Эгер кааласам, мен мобу көк-жашыл бак-дарактын көлөкөсүндө сунала бой таштап миң жылга чейин уктасам койсом да өзүм билем. Жүрү, Март. Бардыгына түкүрдүк. Маа десе кири камыран калсын! Эмнени күтөбүз! Алдыда бекерпоздуктун чалкыган өлкөсү жатат, мен ошол жакка билет алам, ошо бойдон артка кайрылып баспайм. 

Бир нече мүнөт өткөндөн кийин Жо кир жуугуч машинени кир кийимдер менен толтуруп жатып, конок үйүнүн ээсинин белги салып койгон кир көйнөгүн көрө койду. Азыр эле төбөсүнө кулап түшкөн эркиндикке жетине албай турган неме көйнөктү колуна ала койду да жерге бир чаап, буту менен тебелеп кирди. 

– Энеңди урайын, бу сенин көйнөгүң эмес эле, башың болуп калса кана, мыртыйган чочко! – деп бакырды Жо. – Ме сага! Ме! Ме сага! Эр болсоң мени бирөөң азыр токтотуп көрчү! Жанагы чочко ушуну көрсөчү азыр! 

Мартин шеригинин бул жоругуна күлүп, кой-койлоп акылына келтиргенге аракет кылды. Шейшемби күнү кечинде эки жаңы кызматчы келип, Мартин менен Жо аларды жуманын акырына чейин бардык эреже тартипке үйрөтүү менен алек болушту. 

Жо кургак насаат айтуу менен гана чектелип, колун жадагалса, муздак сууга тийгизген да жок.

– Түкүрдүм баарына! – деди ал. – Эми манжамды да кыбыратып койбойм. Мейли мени мөөнөтүнөн мурда айдаса айдап чыксын, баары бир түк эч нерсе кылбайм. Мен иштеп бүттүм. Мындан ары жүк арткан вагондорго түшүп алып кыдырып жүрө берем, бактын көлөкөсүнө жатып алып каалашымча уктайм. Эй ишмерлер! Эми кезек силердики, силер аракет кылгыла! Тоңкочук аткыла, шайтан баскырлар, арам териңерди төгүп көргүлөчү! Силер да мага окшоп баспай калганда так мендей чирип бүтөсүңөр? Ыя? Чыныңарды айткылачы, акыры баары бир эмеспи? 

Экөө ишемби күнү мекеме менен эсептешип, жолдун айрылышына чейин чогуу келишти. 

– Албетте сен мага кошулбайсың да, буга сени үгүттөштүн да кереги жок, – деди Жо үмүтү үзүлгөндөй түр менен. 

Мартин башын чайкады. Ал велесептке отурганы камданып калган. Экөө бирин бири кыялбай коштошмокко кол алышып турганда Жо мындай деди: 

– Март, аман болсок бул жарыкта экөөбүз дагы көрүшөбүз. Мен буга бөркүмдөй ишенем. Кош эми Март, жолуң ачылсын, бактылуу бол, жигитим. Сени, ишенсең, абдан жакшы көрөм. Абдан! 

Жолдун ортосунда турган Жо Мартиндин карааны бурулуштан көрүнбөй калганча артынан муңая карап узатып кала берди. 

– Кайран жигит, – деди ал күңк этип, – жигиттин гүлү эле да. 

Андан кийин таман жолду бойлой илкий басып, жүк ташуучу поездди күтүп жал ылдый жантайышта жаткан беш-алты селсаяктан арыраактагы көлмөнү көздөй бет алды.

(уландысы бар)

Которгон Бахтиер Шаматов

  • (1876–1916)

    Америкалык жазуучу жана журналист, коомдук ишмер. Ал көбүнчө укмуштуу окуялардын жана романдардын автору катары белгилүү.

  • Котормочу:

    Журналист, котормочу. 1961-жылы туулган. 1987-жылдан бери журналистикада. Кыргыз жана орус тилдеринде жазат, адабий котормо менен да алектенет. Учурда чет элдик тоо-кен компаниясында котормочу болуп иштейт. Москвадан чыкчу «Человек и мир» журналы менен туруктуу кызматташат.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген