Эркиндиктин грамматикасы
Кубатбек Жусубалиевдин көркөм дүйнөсү жана кыргыз прозасындагы эркин сөздүн табияты.
Кээ бир жазуучулардын китебин окуп бүтөсүң да, текчеге коёсуң. Айрымдарынын чыгармасы менен талашың китеп жабылгандан кийин башталат. Алардын каармандары, сүйлөмдөрү, кээде түшүнүксүз калган бир окуясы көпкө чейин оюңдан кетпейт. Жылдар өткөндөн кийин да баягы чыгармага кайрылып, мурда байкабаган нерсеңди табасың. Кубатбек Жусубалиев мен үчүн ошондой калемгерлердин бири. Анын чыгармачылыгына болгон кызыгуум 2018-жылы башталган. Адегенде интернеттен аудиоаңгемелерин угуп жүрдүм. Кийин адабий сайттардан чыгармаларын издеп окуй баштадым. Фейсбуктан да айрым үзүндүлөрүнө, жазуучу тууралуу пикирлерге туш келдим. Ошентип, бирде угуп, бирде окуп, анын көркөм дүйнөсүнө акырындап жакындадым. Бирок 2024-жылы «Муздак дубалдар» колума тийгенде гана мурдагы түшүнүгүм кыйла өзгөрдү. Ага чейин Жусубалиевди өзгөчө жазган калемгер катары билсем, романды окугандан кийин ошол өзгөчөлүктүн түпкү себебин түшүнүүгө аракет кылдым. Кыргыз прозасында сөзгө мынчалык эркин мамиле жасаган, баяндоонун көнүмүш тартибине мынчалык күмөн санаган жазуучулар көп эмес экен. Кээде мага анын сөзү өзү жашаган дүйнөдөн да эркин сезилет.
Адабияттагы эркиндик деген эмне? Жазуучунун оюн тайманбай айтышыбы, коомдук тыюуларды бузушубу, же өзүнө чейинки көркөм салттан башка жол издешиби? Жусубалиевдин чыгармачылыгын окуганда бул түшүнүктөрдүн баары маанилүү болгону менен, анын негизги эркиндиги баяндоонун өзүндө экенин байкайсың. Ал окуяны сөзсүз башынан баштап, белгилүү бир жыйынтык менен бүтүрүүгө милдеттүү сезбейт. Каарманын окурманга жагымдуу көрсөтүүгө шашпайт. Адамдын ар бир кылыгына даяр түшүндүрмө бербейт. Кээде бир эскерүү бүтүндөй окуянын нугун өзгөртөт. Бир сөз экинчи ойду козгоп, баяндоо күтүлбөгөн жакка бурулат. Адамдын аң-сезими да ушундай иштейт эмеспи. Биз өткөн өмүрүбүздү календардын ирети менен эстебейбиз. Бала кезде уккан бир үн бүгүнкү окуядан ойгонот. Көчөдөн бирөөнү көрүп, көптөн бери унутулган адамды эстейбиз. Кээде өзүбүзгө суроо берип, жообунан качабыз. Жусубалиев адамдын ички турмушундагы ушул үзүл-кесил кыймылды көркөм чыгарманын түзүлүшүнө алып кирүүгө умтулат.
1941-жылы Алайдын Кердегей айылында туулган жазуучунун алгачкы аңгемелери 1963-жылы жарыяланып, 1967-жылы «Күн автопортретин тартып бүтө элек» аттуу китеби чыккан. Кийин «Толубай сынчы», «Муздак дубалдар», «Жети сөз жана Конфуций» сыяктуу китептери окурманга жеткен. Анын чыгармачылык тагдырындагы өзгөчө окуялардын бири «Муздак дубалдарга» байланыштуу. 1969-жылы жазылган роман окурманга жыйырма жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин гана жеткен. Мындай кечигүү басма ишиндеги катардагы тоскоолдук катары гана каралбашы керек. Чыгарма өз мезгилиндеги адабий талкууга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Ошол жылдары аны канча окурман окумак, канча жаш калемгер андан таасир алмак, кыргыз прозасында кандай талаштар жаралмак – муну азыр так айтуу кыйын. Бирок көркөм чыгарманын тагдыры менен адабияттын өнүгүшү бири-биринен бөлүнбөй турганы анык.
«Муздак дубалдар» кыргыз прозасында адамдын ички турмушун сүрөттөөнүн башкача мүмкүнчүлүгүн сунуштаган чыгарма. Анын башкы каарманы Арыковдун сырттагы жашоосу менен ички дүйнөсүнүн ортосундагы ажырым романдын негизги көркөм чыңалуусун түзөт. Окуянын өзөгүндө жол жүрүү мотиви жатат. Арыков атасын тосуп алуу үчүн автобекетке барат, бирок аны жолуктура албай кайтып келет. Кийин атасынын өлүмү жана сөөгүн айылга алып баруу менен байланышкан окуялар баяндалат. Бул сапарлардын мааниси каармандын бир жерден экинчи жерге жеткенинде гана эмес. Жолдо баратып ал өткөн өмүрүнө кайрылат, айланасындагы адамдардын мамилесин аңдоого аракет кылат, өзүнүн ички карама-каршылыктары менен беттешет. Ошентип, сырттагы жол адамдын аң-сезиминдеги кыймылга айланат. Жусубалиевдин көркөм табылгасы ушул эки кыймылды – мейкиндиктеги сапар менен эстутумдагы сапарды – бир баяндоонун ичинде айкалыштырганында.
Арыковдун өзүн таанууга болгон аракети романда түз сызык менен өнүкпөйт. Эскерүү, ой жүгүртүү, түш, азыркы учурдун таасири бири-бирине аралашып, адамдын ички дүйнөсүнүн өзгөрүлмө табиятын ачат. Кээде окуянын өзү артка жылып, каармандын ошол окуяны кандай кабыл алганы алдыңкы орунга чыгат. Мындай учурда окурман «андан кийин эмне болду?» деген суроодон «бул окуя адамдын ичинде кандай жашап калды?» деген суроого өтөт. Психологиялык прозанын олуттуу жетишкендиги да ушунда. Адамдын өмүрү башынан өткөргөн окуяларынын жыйындысы менен эле өлчөнбөйт. Ошол окуялардын эсинде кандай сакталып, кийин кандай өзгөргөнү да анын ким экенин аныктайт.
Романдын аталышы да көп мааниге жол ачат. Дубал үйдү калкалайт, ошол эле учурда бөлүп турат. Адам өзүн коргош үчүн тургузган дубалдын артында жалгыз калып кетиши мүмкүн. «Муздак дубалдардагы» муздактыкты мен адамдын коомдон, башкалардан, кээде өзүнөн өзү обочолонушунун көркөм белгиси катары кабыл алам. Бирок аталышты бир гана символдук мааниге байлап коюу чыгарманын образдык дүйнөсүн тарылтат. Андагы обочолонуу, эскерүү, өлүм, коркунуч жана өзүн таанууга болгон аракет бири-бири менен байланышып, адамдын ички турмушунун татаал көрүнүшүн түзөт. Арыков өткөн өмүрүн эстеген сайын өзүн тереңирээк түшүнөбү же жаңы күмөндөргө туш болобу? Роман окурманды ушул суроонун ичинде кармайт.
Адабият таануунун тили менен айтканда, «Муздак дубалдарды» психологиялык-философиялык модернисттик роман катары кароого негиз бар. Бирок бул аныктамадагы түшүнүктөрдү айырмалоо зарыл. Модернизм – көркөм-эстетикалык багыт; психологизм – адамдын ички турмушун ачуу принциби; аң-сезим агымы – баяндоонун ыкмасы; экзистенциалдык маселелер болсо жалгыздык, эркиндик, өлүм, жашоонун маңызы сыяктуу суроолорго байланыштуу. Жусубалиевдин прозасында ушул көрүнүштөрдүн ар бири өз ордун табат. Ошол эле учурда чыгарманы бир гана адабий мектептин эрежеси менен түшүндүрүү жетишсиз. Анын тилинде кыргыздын оозеки кеп маданияты, элдик дүйнө тааным, жергиликтүү сөз байлыгы жана заманбап прозанын формалык изденүүлөрү өз ара аралашат.
Бул жагынан Марсель Прусттун «Жоголгон убакытты издеп» романдык түрмөгү эске түшөт. Прустта эскерүү адамдын өткөн өмүрүн кайрадан жараткан көркөм күчкө айланат. Өткөн күн календардын ирети менен кайтып келбейт. Аны жыт, даам, үн, күтүлбөгөн сезим ойготот. Жусубалиевдин «Муздак дубалдарында» да Арыковдун өткөн турмушу эскерүүлөр, ассоциациялар, түштөр аркылуу ачылат. Экөөндө тең адамдын өткөн өмүрү анын азыркы аң-сезиминде жашоосун улантат. Бирок Прусттун көп катмарлуу романдык түзүлүшү менен Жусубалиевдин кыргыз турмушуна, оозеки кеп маданиятына, советтик мезгилдеги руханий абалга байланышкан көркөм дүйнөсү бирдей эмес. Окшоштук эстутумдун баяндоодогу кызматында, айырмачылык анын маданий жана көркөм уюшулушунда.
Жеймс Жойстун «Улисс» романы менен салыштыруу да кызык. Жойс кадимки бир күндүн ичинде адамдын аң-сезими канчалык көп катмарлуу экенин ачып, ички монологду, тилдик тажрыйбаларды, стилдик өзгөрүүлөрдү чоң көркөм түзүлүшкө айланткан. Жусубалиевдин прозасында да ойдун эркин агымы, сүйлөмдүн көнүмүш түзүлүшүн өзгөртүү, автордук баяндоо менен каармандын ички кебинин аралашып кетиши кездешет. Бирок «Муздак дубалдарды» кыргыздын «Улисси» деп атап коюу жеңил-желпи бүтүм болмок. Жойстун мифологиялык параллелдери, стилдердин татаал системасы, шаардык турмуштун кеңири панорамасы башка көркөм милдет аткарат. Жусубалиевде тилдик тажрыйба көбүнчө каармандын психологиялык абалын, аң-сезиминин үзүл-кесил кыймылын, өзүн аңдоодогу кыйчалыштарды көрсөтүүгө кызмат кылат. Бул эки жазуучунун ортосунда түз таасир болгонун ырастоо үчүн өзүнчө текстологиялык жана тарыхый изилдөө керек. Азырынча баяндоо ыкмаларындагы типологиялык үндөштүк тууралуу айтууга болот.
Виржиния Вулфтун «Миссис Дэллоуэй», «Маякка карай» романдары менен салыштырганда дагы бир өзгөчөлүк көрүнөт. Вулфта тышкы окуянын көлөмү кээде чакан болгону менен, каармандын ичиндеги убакыт кыйла кеңейет. Бир көз ирмем адамдын бүтүндөй өмүрүн козгоп жибериши мүмкүн. Жусубалиевде да сырттагы аракетке караганда ички түйшүк көбүрөөк орун ээлеген учурлар бар. Бирок Вулфтун лирикалык ыргагы, сезимдин майда өзгөрүшүн кылдат кармаган жумшак интонациясы менен Жусубалиевдин кээде оозеки кепке, кээде ачуу юморго, кээде философиялык толгонууга өтүп кеткен сүйлөмдөрүнүн айырмасы чоң. Вулф адамдын аң-сезиминдеги толкунду назик ыргак менен кармаса, Жусубалиев айрым учурларда ошол толкундун жээкти бузуп өткөн күчүн көрсөтүүгө умтулгандай сезилет.
Жусубалиевдин экзистенциалдык катмарын караганда Франц Кафка менен Альбер Камю да эске түшөт. Кафканын «Процессинде» адам өзү толук түшүнө албаган бийликтин жана күнөөнүн алдында калат. Камюнун «Бөтөнүндө» адамдын коомдук күтүүлөр менен ички чындыгынын ортосундагы ажырым ачылат. Жусубалиевдин Арыкову да ички карама-каршылыктары, обочолонуусу, дүйнө менен мамилесинин татаалдыгы аркылуу экзистенциалдык окууга жол ачат. Бирок Камюнун салкын, үнөмдүү, дээрлик кургак баяндоосу Жусубалиевдин сөзгө бай, эркин, кээде атайылап чубалжыган тилине окшобойт. Кафканын дүйнөсүндө түшүнүксүз мыйзам менен адамдын алсыздыгы үстөмдүк кылса, Жусубалиевде ички психологиялык кыймыл, эскерүү жана тилдин өз алдынчалыгы алдыңкы орунга чыгат. Демек, экзистенциалдык маанайдын болушу жазуучуларды бир эле көркөм мектепке киргизип койбойт.
Жусубалиевдин баяндоо манерасынын эң айырмалуу белгилеринин бири – синтаксистик эркиндик. Анын сүйлөмдөрү кээде кыска, кескин, сүйлөшүп отурган кишинин кебиндей угулат; кээде ойдун артынан ой кошулуп, узарып, чубалып, кадимки адабий сүйлөмдүн чегинен чыгып кетет. Мында кайталоо, ассоциациялык өтмөктөр, ички монолог, эркин кыйыр кеп сыяктуу каражаттардын мааниси чоң. Адабий тил менен оозеки кептин, диалектилик сөз менен философиялык түшүнүктүн, элдик айтым менен автордук тилдик тажрыйбанын аралашышы анын прозасына өзгөчө үн берет. Мындай тилдик чечимдерди жөн гана эрежени бузуу катары баалоо жетишсиз. Алар каармандын аң-сезимин, дүйнөнү кабылдоо ыкмасын, баяндоонун ички ыргагын түзүүгө кандай кызмат кылганын карашыбыз керек.
Бул өзгөчөлүк «Улакчы» аңгемесинде даана көрүнөт. Аңгеме Эргештин жепирейген үйүнүн алдында, жалгыз таар шымын жуудуруп коюп отурган учурунан башталат. Улакка кетип жаткан элдин ызы-чуусу угулат. Эргештин делебеси козголот, бирок кийчү шымы жок. Жазуучу каармандын кумарын түшүндүрүп отурбай, аны турмуштук жагдайдын ичине салып көрсөтөт. Шымдын бир багалеги көк, экинчиси сары болуп боёлгону, үй алдындагы дарактардын абалы, аттын кыймылы – баары Эргеш жашаган дүйнөнүн материалдык өңүн берет. Ошол эле учурда баяндоочунун кыстарма сөздөрү, тамашалуу салыштыруулары каарманга карата элдик күлкүнүн интонациясын жаратат. Окурман Эргешке күлөт, бирок аны кемсинтпейт. Анткени анын бүтүндөй турмушун ээлеп алган ышкысы түшүнүктүү: улак – ал үчүн оюндан чоң нерсе, өзүн ким катары сезеринин бир бөлүгү.
Эргештин образы аркылуу жазуучу адамдын кумары менен аброюнун ортосундагы кызык мамилени ачат. Кээде адам өзү сүйгөн иштин туткуну болуп калат. Анын кубанычы да, намысы да, айланадагылар менен мамилеси да ошол ишке байланып калат. Эргештин улакка жөнөшү окурманга күлкүлүү көрүнгөнү менен, каармандын өз дүйнөсүндө бул өтө олуттуу чечим. Мына ушул эки башка өлчөм – сырттан карагандагы күлкү менен каармандын ичиндеги олуттуулук – аңгеменин трагикомедиялык күчүн түзөт. Жусубалиев кыргыздын көкбөрү маданиятын этнографиялык кооздук катары колдонбойт. Ал ошол чөйрөдө жашаган адамдын психологиясын ачат.
«Улакчыны» Антон Чеховдун айрым аңгемелери менен салыштырып окууга болот. Чехов да кадимки турмуштук көрүнүштөн адамдын терең ички абалын ачууга умтулган. Бирок Чеховдун үнөмдүү, көп учурда көмүскө мааниге таянган баяндоосу менен Жусубалиевдин элдик кепке, кыймыл-аракетке, сүрөттүн жандуулугуна бай тили бирдей эмес. Жусубалиевдин аңгемесиндеги күлкү кыргыз айылындагы адамдардын өз ара мамилесинен, намыс тууралуу түшүнүктөн, оозеки кептин табиятынан жаралат. Мына ушул жергиликтүү өзгөчөлүк чыгарманын дүйнөлүк адабият менен сүйлөшө ала турган мүмкүнчүлүгүн да түзөт. Анткени адамдын ышкысы, аброю, өзүн өзү алдоосу кайсы элге болбосун тааныш, ал эми ошол касиеттердин кыргыз турмушунда кандайча көрүнөрү башка окурман үчүн жаңы дүйнө болушу мүмкүн.
Жусубалиевдин чыгармаларындагы көп катмарлуу кепти Михаил Бахтиндин диалогизм тууралуу түшүнүктөрү аркылуу да изилдөөгө болот. Анын прозасында автордук баяндоо, каармандын ички кеби, элдик сөз, турмуштук тамаша, философиялык ой бири-бирине жакындап кетет. Бирок ар кандай кеп катмарынын аралашуусу эле толук маанидеги полифонияны билдирбейт. Полифония үчүн каармандардын өз алдынча аң-сезими, бири-бирине баш ийбеген көз караштары көркөм түзүлүштө кандайча жашарын көрсөтүү зарыл. Жусубалиевдин чыгармаларында мындай изилдөөгө кызыктуу материал бар, айрыкча автордук сөз менен каармандын аң-сезиминин ортосундагы чек өзгөргөн учурларда. Бирок аны Достоевскийдин полифониялык романдары менен бирдей көркөм түзүлүшкө ээ деп айтуу үчүн кеңири тексттик далил керек.
Мына ушундай салыштыруулардан кийин бир суроо туулат: Жусубалиев дүйнөлүк окурманга эмне бере алат? Анын чыгармаларын башка тилге которуп, Прустту, Жойсту, Кафканы окуган адамдын колуна карматсак, ал эмнеге кызыгышы мүмкүн? Менимче, биринчи кезекте, кыргыз адабиятынын ички ар түрдүүлүгүнө. Дүйнөлүк окурмандын Борбор Азия тууралуу түшүнүгү көп учурда талаа, тоо, көчмөн турмуш, тарыхый эс тутум, советтик доор, улуттук салт өңдүү темалар менен байланышат. Бул темалардын баары маанилүү. Бирок Жусубалиев кыргыз прозасында адамдын аң-сезимин, тилдин эркиндигин, философиялык күмөндү, абсурддук жагдайды көркөм изилдөөнүн да өз тарыхы бар экенин көрсөтө алат. Анын чыгармалары аркылуу дүйнөлүк окурман кыргыз адабиятын бир гана этнографиялык же тарыхый материалдын булагы катары эмес, заманбап көркөм формалар менен иштеген адабият катары да таанууга мүмкүнчүлүк алат.
Экинчи маанилүү жагдай – кыргыз тилинин көркөм тажрыйбасы. Жусубалиевдин диалектилик сөздөрүн, оозеки кептин ыргагын, фразеологизмдерди өзгөртүп колдонгон учурларын, синтаксистик одур-бодурулугун жөнөкөйлөтүп салсак, чыгарманын эң маанилүү касиеттеринин бири жоголот. Тескерисинче, ар бир сүйлөмдү сөзмө-сөз которуп, башка тилде табигый угулбаган текст жаратсак, жазуучунун көркөм күчүн окурманга жеткире албайбыз. Демек, Жусубалиевди которуу – окуяны бир тилден экинчи тилге өткөрүү гана эмес, анын сөз менен жасаган тажрыйбасын башка тилдин мүмкүнчүлүктөрү аркылуу кайра жаратуу. Мындай ишке кыргыз тилин да, которула турган тилдин адабий салтын да терең билген котормочу керек.
Жусубалиевдин чыгармачылыгы дүйнөлүк модернизмдин тарыхын бир гана Батыш Европа менен Американын адабияты аркылуу түшүндүрүү жетишсиз экенин да эске салат. Модернисттик көркөм ыкмалар ар башка тилдерде, ар башка саясий жана маданий шарттарда өз алдынча өң алган. Кыргыз адабиятындагы мындай изденүүлөрдү салыштырма адабият таануунун кеңири алкагында изилдөө маанилүү. Бирок Жусубалиевдин модернизмин дүйнөлүк адабият үчүн таптакыр белгисиз жаңы көрүнүш деп көрсөтүү ашыра баалоо болмок. Анын жаңылыгы, биринчи кезекте, кыргыз прозасынын ичиндеги көркөм өзгөрүүлөр менен байланыштуу. Дүйнөлүк окурман үчүн баалуулугу болсо белгилүү көркөм маселелердин кыргыз тилинде, кыргыз турмушунун шартында кандайча чечилгенинде жатат.
Мен үчүн Жусубалиевдин дагы бир маанилүү касиети – анын окурманга жагууга шашпаганы. Азыр китеп жазган адамга окурманды биринчи беттен кызыктыруу, окуяны тез өнүктүрүү, каармандын максатын дароо көрсөтүү, ар бир бөлүмдүн аягында кызык суроо калтыруу тууралуу көп кеңеш берилет. Мындай ыкмалардын өз орду бар. Бирок адабияттын бүтүндөй мүмкүнчүлүгүн ушул эрежелерге байлап койсок, бир топ чыгармаларды түшүнө албай калабыз. Жусубалиев окурманды дайыма жетелеп жүрбөйт. Кээде аны жалгыз калтырат. Өзүң ойлон, өзүң тап, өзүң чеч дегендей мамиле жасайт. Бул окурманды сыйлабагандык эмес. Тескерисинче, анын өз алдынча ойлоого жөндөмдүү экенине ишенүү катары да кабыл алса болот. Бирок мындай ишеним жазуучуну көркөм жоопкерчиликтен бошотпойт. Түшүнүксүздүктүн өзү көркөм жетишкендик эмес. Чыгарма канчалык эркин жазылбасын, анын ички мыйзамы, образдык бүтүндүгү, өзүнө тиешелүү көркөм зарылдыгы болушу керек.
2024-жылы «Муздак дубалдарды» окуп жүргөнүмдө ушул маселеге кайра-кайра кайрылдым. Анын айрым жерлерин дароо кабыл алуу кыйын болду. Кээ бир сүйлөмдөрүнө токтолуп, кайра окууга туура келди. Бирок мени кызыктырганы ошол кыйынчылыктын өзү эмес эле. Жазуучу эмне үчүн башкача баяндоону тандаганын, эмне үчүн адамдын ички турмушуна мынчалык терең кирүүгө аракет кылганын түшүнгүм келди. Кийин анын мурда уккан аңгемелерин эстеп, «Муздак дубалдар» менен салыштыра баштадым. Ошондо жазуучунун ар башка чыгармаларында бирдей эле көркөм ыкма колдонулбаганын, бирок адамды сыртынан карап баалоого шашпаган мамилеси сакталарын байкадым. «Улакчыдагы» адам менен «Муздак дубалдардагы» адамдын турмушу эки башка. Биринде айылдын дүбүртү, аттын деми, элдин сүрөөсү угулат. Экинчисинде адамдын өз оюнан өзү чыга албай кыйналган түнт дүйнөсү үстөмдүк кылат. Бирок экөөндө тең жазуучунун кызыгуусу адамдын ичинде.
Жусубалиевди кыргыз адабиятындагы эң өз алдынча, эң адаттан тыш калемгерлердин бири деп эсептегеним да ушундан. Бирок бул баа анын ар бир чыгармасы башкалардыкынан жогору дегенди билдирбейт. Кыргыз адабиятынын көркөм дүйнөсү бай, анын ичинде ар кандай багыттагы мыкты жазуучулар бар. Жусубалиевдин өзгөчөлүгү ошолордун баарын басып өткөнүндө эмес, өзүнчө жол издегенинде. Ал жолдо ийгиликтер да, талаштуу көркөм чечимдер да болушу мүмкүн. Мага анын чыгармачылыгын урматтоо үчүн кемчиликсиз жазуучу кылып көрсөтүүнүн кереги жоктой сезилет. Тескерисинче, чыгармалары тууралуу талашып, айрым ыкмаларынын ийгилигин же чектелүү жагын көрсөтүп окуу ага көбүрөөк жарашат. Анткени эркин сөздүн ээси жөнүндө жазып жатып, анын чыгармаларына сын айтуудан корксок, өзүбүз эле ошол эркиндикке каршы чыккан болобуз.
Кыргыз адабиятында Жусубалиевдин орду тууралуу кеп кылганда дагы бир жагдай эске түшөт. Бизде жазуучуну баалоонун калыптанып калган адаты бар. Адегенде өмүр баянын айтабыз, анан китептерин санайбыз, сыйлыктарын эстейбиз, акырында улуу талант болгонун белгилеп коёбуз. Мындай сөздөрдөн жазуучунун өзү көрүнбөй калган учурлар көп. Анын китебин окубаган адам да ошол мактоолорду кайталап жүрө берет. Жусубалиев жөнүндө мындайча жазуу өзгөчө жарашпайт. Анткени анын чыгармачылыгы даяр аныктамаларга батпай турган көркөм изденүүнүн өзү менен кызык. Аны модернист деп атадык дейли. Анан эмне? Бул термин романдын кайсы жеринде кандай ыкма колдонулганын түшүндүрбөсө, окурманга пайдасы аз. Аны философ жазуучу дедик дейли. Бирок анын философиясы каармандын тагдырынан, баяндоонун түзүлүшүнөн, көркөм образдардан кандай көрүнөрүн ачып бербесек, бул да куру мүнөздөмө бойдон калат.
Мен бул макаланы жазып отуруп, 2018-жылдан берки тааныштыгымды да кайрадан эстедим. Адегенде интернеттен угулган аңгемелер, анан сайттардан табылган чыгармалар, Фейсбуктагы үзүндүлөр, акырында 2024-жылы колума тийген «Муздак дубалдар»… Ушул жылдардын ичинде менин жазуучуга болгон мамилем да өзгөрүптүр. Башында анын башкача жазганына кызыксам, кийин ошол башкачалыктын артында кандай көркөм ой жатканын түшүнгүм келди. Азыр болсо анын чыгармаларын кыргыз адабиятынын кеңири тарыхы менен байланыштырып окуу маанилүү көрүнөт. Бир жазуучунун китеби сага ушундай суроолорду бердире баштаса, аны менен болгон окурмандык мамилең жөн гана жактыруу же жактырбоо чегинен чыгып кеткен экен.
Кээде «Муздак дубалдар» жыйырма жылдан ашык жарык көрбөй калганын ойлоп, кызык абалда калам. Китепти сандыкка катып коюуга болот экен. Бирок жазуучунун ошол китепке салган оюн эмне кыласың? Ал ой кагаздын ичинде күтүп жата берет. Бир күнү окурман табылат. Бир күнү китеп ачылат. Анан жыйырма, отуз, элүү жыл мурда жазылган сүйлөмү бүгүнкү адам менен сүйлөшө баштайт. Адабияттын таң каларлык касиети ушунда. Мезгил өтөт, бийликтер алмашат, бир кезде катуу айтылган өкүмдөр унутулат. Ал эми адамдын өзүн түшүнүүгө болгон муктаждыгы кала берет.
Кыргызда «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» деген кеп бар. Бул сөздү көбүнчө оюн ачык айтуунун эркиндиги катары түшүнөбүз. Бирок көркөм адабиятта тилдин дагы бир эркиндиги бар экен. Ал – дүйнөнү башкача көрүү, адамды көнгөн түшүнүктүн чегинен чыгарып сүрөттөө, сөздүн мурда байкалбаган мүмкүнчүлүгүн ачуу эркиндиги. Жусубалиевдин прозасында мени кызыктырган нерсе ушул. Анын сөзү кээде өзүнөн мурдагы адабий эрежелерге баш ийбей кетет. Кээде окурманды да аябайт. Бирок ошол эркиндигинин ичинде адамдын жанын аңдоого болгон өжөр аракет бар.
Кубатбек Жусубалиевдин сөзү мага кээде өзү жашаган дүйнөдөн да эркин сезилет дегем. Мунун себеби эми түшүнүктүүрөөк. Дүйнө адамга чек коёт. Адабият ошол чектин ары жагын элестетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок ал мүмкүнчүлүктү ар бир жазуучу пайдалана албайт. Жусубалиев пайдаланууга аракет кылган.
Анын чыгармаларын окуп бүткөндө менин оюмда бир эле суроо калат: адам өзүнүн жашоосунда канчалык эркин боло алат?
Анын жообун жазуучу даярдап бербейт.
Балким, ошонусу менен анын сөзү эркин…

Жакшы, ар тараптуу талдоо болуптур.
Бул жерде сөз болгон байкоого тиешелүү үзүндүлөр кошулса мындан да ынанымдуу чыкмак деп ойлойм.
Кубатбек Жусубалиевдин чыгармаларын түшүнүү кыйын, талдоо андан да кыйын. Андыктан бул абдан керектүү жана кызык талдоо..