Күзгү жалбырак

3.3/5 - (3 добуш)

Шуулдашы шамалга дирилдеген,
Санаа салат жүрөккө билинбеген.
Сабагынан үзүлүп, бий бийлешип,
Жалбырактар жай учат бириндеген.

Келип конгон барикче алаканга,
Күн табына кызарган саратанда,
Ак желесин сезимдин алоолонтуп,
Боз чымчыкка айланып баратам да…

Ошол боёк чок сымал бариктеги,
Элес булас тартылган каректеги,
Унут калган сезимдин мейкинине,
Жетеледи белгисиз даректеги…

  • Ош облусунун Садырбай айылынан. “Жаңырган ай” аттуу ыр жыйнак китептин автору. Жогорку адабий курстун алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн. “Кыргыз кайрыктары” коомдук бирикмесинин мүчөсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген