Күзгү жалбырак
Шуулдашы шамалга дирилдеген,
Санаа салат жүрөккө билинбеген.
Сабагынан үзүлүп, бий бийлешип,
Жалбырактар жай учат бириндеген.
Келип конгон барикче алаканга,
Күн табына кызарган саратанда,
Ак желесин сезимдин алоолонтуп,
Боз чымчыкка айланып баратам да…
Ошол боёк чок сымал бариктеги,
Элес булас тартылган каректеги,
Унут калган сезимдин мейкинине,
Жетеледи белгисиз даректеги…
