Төрт саптар

5/5 - (1 добуш)

* * *

Уучумду толтурган сары алтынга
Ууру үмүттү мен алдайм, акыр жетем,
Санаа менин душманым, сен болосуң,
Сабыркабайм билип кой, жем болосуң.

* * *

Доошуңа салтанат куруп жүрөм,
Добулуңа кабылбай бугуп жүрөм,
Чын-төгүнүн билдирсең бул жашоонун,
Мерездигиң өзүңө деп күлүп түтөм.

* * *

Бороондоруң, чагылганың, аптаптарың,
Бетиме уруп, төбөмө кактап жаттың.
Жакшылыктар келишет эшик кагып,
Жообумду ал ошондо сен “мен” тараптын.

  • Нарын облусунун Кара-Ой айылынан болот. Бала чагынан ыр жазганды жакшы көрөт. Аңгеме, эсселерди да жазат.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген