Төрт саптар
* * *
Уучумду толтурган сары алтынга
Ууру үмүттү мен алдайм, акыр жетем,
Санаа менин душманым, сен болосуң,
Сабыркабайм билип кой, жем болосуң.
* * *
Доошуңа салтанат куруп жүрөм,
Добулуңа кабылбай бугуп жүрөм,
Чын-төгүнүн билдирсең бул жашоонун,
Мерездигиң өзүңө деп күлүп түтөм.
* * *
Бороондоруң, чагылганың, аптаптарың,
Бетиме уруп, төбөмө кактап жаттың.
Жакшылыктар келишет эшик кагып,
Жообумду ал ошондо сен “мен” тараптын.
