Чыгармага сын-пикир угуу кызматы сайтка кошулду
Ар бир автор чыгармасына калемдештеринин, адабий чөйрөдөгү урматтаган адамдарынын сын-пикирин уккусу келет. Анткени бул авторго ал канчалык деңгээлде туура жолдо баратканын, же туура эмес жолго түшүп алганын, чыгармаларынын кем-карчын же артыкчылыгын аныктаганга, чыгармачылыгын өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Буга өзгөчө адабият айдыңына жаңыдан кадам таштап жаткандар муктаж.
Ушул муктаждыкты кандайдыр бир деңгээлде канааттандыруу максатында биз сайттын редакция мүчөлөрүнүн сын-пикирин угуу кызматын киргизүүнү туура көрүп жатабыз.
Азырынча сын-пикирин билдире алгандардын катарына сайттын редакциясынын мүчөлөрүн киргизип жатабыз. Алар кыргыз адабиятында өз орду бар, белгилүү калемгерлер: Жыргалбек Касаболотов, Толук Бек Байзак, Марат Токоев.
Буз тизме кийинчирээк башка дагы кесипкөй адабиятчылар менен толукталышы мүмкүн.
Автор сайттын редакциясынын кайсы мүчөсүнүн сын-пикирин уккусу келгенин өзү тандайт.
Сайтта жарыяланган гана чыгармаларга сын-пикир айтылат.
Сын-пикир жеке автордун өзүнө гана жазуу түрүндө берилет.
Сын-пикирин билдирген адамдын акыл эмгеги үчүн акы төлөө каралган. Ал сүйлөшүү аркылуу чыгарманын татаалдыгына, көлөмүнө жараша аныкталат, бирок 1000 сомдон кем эмес.
Сын-пикир уккусу келгендер атайын форманы толтуруп жибериши керек болот.
