Адабияттагы популизм же аксиома болуп сатылган китептер
Азыр китеп дүкөнүнө баш баксаң, адамга акыл үйрөткөн китептердин көптүгүнөн кайсынысын аларды билбей каласың. Бири кантип байышты, экинчиси бактылуу жашоону, үчүнчүсү өзүңдү сүйүүнү үйрөтөт. Дагы бири жети күндө жашооңду өзгөртүп, отуз күндө ийгиликке жеткирмекчи. Кыскасы, китептин мукабасын ачпай жатып эле турмуштун бүт түйүнүн чечип алчудайсың. Анысы аз келгенсип, айрымдарынын аталышы эле буйрук сыяктуу: «Муну жаса!», «Мындай жаша!», «Эч качан багынба!»
Карап отуруп, адам баласынын жашоосу ушунчалык оңой болсо, ушунча китеп жазып убара болуунун эмне кереги бар эле деп да ойлоп кетесиң.
Мындай китептерди мен деле окугам. Азыр да кызыгып калсам барактайм. Арасында жакшылары бар, муну танбайм. Көңүлүңө төп келип, мурда маани бербей жүргөн нерсеңди башкача ойлонткон, бир топ пайдасы тийген эмгектер кездешет. Анан баарын эле бир таяк менен айдап, жараксыз деп чыгарып салганга болбойт. Ар нерсенин өз орду, өз окурманы бар.
Бирок бир китепти окуп бүтүп, экинчисин колуңа алсаң, баягы эле кеп, баягы эле кеңеш. Болгону сүйлөмдөрдүн орду алмашкан, мукабасы жаңырган, авторунун аты башка. Кээде бир эле китепти он киши кезектешип жазып, ар бири өз атынан чыгарып жаткандай сезилет. Айтылган ой жаман эмес, бирок аны улам башкача кооздоп, жаңы ачылыш катары сунуштай бергенде, эрксизден күмөн санай баштайсың.
Элибизде «Жылтыраганды алтын дебе» деген кеп бар эмеспи. Китепке да тиешелүү сөз окшойт.
Ушундан улам адабияттагы популизм жөнүндө ойлонуп калдым.
Популизм саясатта эле кездешчү көрүнүш эмес экен. Элдин эмнени уккусу келип турганын билип, ошону улам кайталап, көпчүлүктүн көңүлүнө жаккан сөздү талашсыз чындык катары көрсөтүү китеп дүйнөсүндө да бар. Өзгөчө адамдын бактысы, байлыгы, ийгилиги, жеке турмушу жөнүндө сөз болгондо муну байкоо оңой.
Анткени кимибиз эле жакшы жашагыбыз келбейт? Кимибиз бирөөнүн жакшы сөзүн уккубуз келбейт? Айрым учурда адамга кеңештен мурда үмүт керек болот. Ошону жакшы түшүнгөн авторлор да, басмалар да бар. Окурмандын көңүлүнө эмне жагарын билишет.
Бирок жагымдуу сөздүн баары эле чындык эмес да.
Адамдын өмүрү деген ар кимде ар башка. Бирөөгө туура келген кеңеш экинчисине туура келбей калышы мүмкүн. Бирөөнүн ийгиликке жеткен жолу башка бирөөнү таптакыр башка жакка алып барышы ыктымал. Анын үстүнө ар кимдин шарты, чөйрөсү, көргөн күнү, тарткан түйшүгү ар башка. Анан кантип ушунун баарын беш эрежеге, жети кадамга батырып коёбуз?
Математикада аксиома деген түшүнүк бар. Белгилүү бир тутумда далилсиз кабыл алынган баштапкы жобо. Бирок турмуш математика эмес экен. Адамдын кубанычын да, кайгысын да, бактысын да даяр формулага салып эсептей албайсың. Бирөөнүн турмуштук тажрыйбасын жалпы адамзатка жарай турган мыйзам катары сунуштоо да мага анча туура көрүнбөйт.
Эми муну айтып алып, өзүмө да бир суроо бергим келет.
Мен деле китеп, адабият, окуган чыгармаларым тууралуу көп жазам. Кээде бир китептен алган таасиримди эки-үч абзац менен эле айтып коём. Кээде оюм чубалып, узун сабак кепке айланып кетет. Биринен экинчиси чыгып, токтоно албай калган учурларым да болот. Көңүлүмө уюган ойду, окуп отуруп байкаган майда-барат нерселеримди башкалар менен бөлүшкүм келет. Кээде өзүмө жаккан сүйлөмдү кайра окуп, анын эмне үчүн көңүлүмө жакканын да түшүндүргүм келет.
Анан жазганымды кайра башынан окуйм.
«Ушуну менен бирөөгө ашыкча акыл үйрөтүп койбодум бекен? Китепти жөнү жок мактап жиберген жокмунбу? Балким, мага гана жаккандыр? Айткан сөзүмдүн салмагы барбы өзү? Бул жазганым бөлүшүүгө арзыйбы?» – деген ойлор келет.
Кээде жазганымды кыскартам. Кээде бир сүйлөмүн алып салсам, бүтүндөй ойдун жиби үзүлүп калгандай сезилет. Ошентип отуруп, башында айтайын деген оюмдан башка жакка ооп кеткен учурлар да жок эмес.
Калыс жазганга аракет кылам. Негизи, адабият жөнүндө сүйлөшкөндө бейтарап, сабырдуу көз караш мага жагат. Бирок дайыма эле андай боло бербейт экен. Өзүмдүн табитим, карманган принцибим, жактырган авторлорум бар. Кээде ошолорго тартып кетишим мүмкүн. Анан кайра ойлоном. Өзүмө жаккан чыгарма башкага жакпай калышы мүмкүн го. Мен түшүнбөгөн нерсени башка окурман жакшы түшүнүшү мүмкүн.
Мунун эмнеси жаман?
Элдин баары бирдей ойлосо, адабият жөнүндө сүйлөшүүнүн деле кызыгы калмак эмес.
Бирок өз оюңду айтуу башка, аны башкаларга таңуулоо башка. Айырмасы ушунда.
Китепти жакшы көрүү менен аны ашыра мактоонун ортосунда да ичке чек бар. Ошол чектен өтүп кетпөөгө аракет кылыш керек экен. Өзгөчө көп окулган, эл оозуна алынган чыгармалар тууралуу жазганда. Бирөө жактырган китепти баары эле жактырууга милдеттүү эмес. Ошол сыяктуу эле бирөөгө жакпаган чыгарманын башкалар үчүн баркы чоң болушу мүмкүн.
Анүстүнө, көп сатылган китептин баарын жеңил-желпи деп эсептөө да туура эмес. Кээде жөнөкөй эле тил менен жазылган чыгарманын ичинде бир топ терең ой жатат. Тескерисинче, окуганда тишиң сынчудай оор сүйлөмдөрдүн артында жарытылуу эч нерсе жок учурлар кездешет.
Демек, кеп китептин калың-жукалыгында, тилинин оор-жеңилинде же канча нуска менен сатылганында эмес экен.
Кеп анын окурманга кандай мамиле кылганында.
Автор окурманын өз алдынча ойлонууга чакырып жатабы? Же анын уккусу келген сөзүн улам кайталап, көңүлүн алып жатабы? Чындыкты издөөгө көмөктөшүп жатабы, же өзүнүн оюн даяр чындык катары сатып жатабы?
Менимче, адабияттагы популизм жөнүндө сөз кылганда ушуларга да көңүл буруу керек.
Азыр китептин өзүнөн мурда анын тегерегиндеги ызы-чуу алдыга чыгып алгандай. «Бул китеп жашооңду өзгөртөт», «Ар бир адам окууга тийиш», «Кылымдын эң мыкты чыгармасы» деген мактоолорду көп угабыз. Айрым учурда китеп чыга электе эле аны мактагандар көбөйөт. Окуй электе эле баа берип, бири-биринен калбай сунуштагандар да бар.
Албетте, мунун баарын эле популизм деп атаган туура болбос. Китепти окурманга жеткирүүнүн өз түйшүгү бар. Жарнама да керек. Автордун эмгеги элге жетсин деген аракетти жаман көрүүгө болбойт. Бирок жарнама бир башка, чыгарманын чыныгы көркөм наркы бир башка эмеспи.
Кээде китеп окуу да мода куумайга айланып бараткандай сезилет. Баары окуган үчүн окуйбуз. Баары мактаган үчүн мактайбыз. Өзүбүзгө жактыбы, жакпадыбы, аны ойлонууга деле үлгүрбөй калабыз.
Мен буга да этият карагым келет. Анткени бирөөнүн сунушу менен жакшы китеп таап алган учурларым көп болгон. Көпчүлүк окуган китепти окуунун эч жамандыгы жок. Болгону башкалардын пикири өзүбүздүн пикирибиздин ордун басып калбаса экен дейм.
Илгертен «Жети өлчөп, бир кес» деп коюшат. Китеп жөнүндө сөз кылганда да ушул кепти эстеп турган оң окшойт. Өзгөчө бир чыгарманы асманга чыгара мактаарда же жерге ура сындаарда.
Жакшы китептин баарын эле мактай бериштин кереги жок. Жакпаган китепти да сөзсүз жамандаш шарт эмес. Кээде чыгарма менен сенин табитиң келишпей калат. Кээде аны окуй турган мезгилиң келе элек болот. Кээде чындап эле автордун айтайын деген ою сага жетпейт. Мунун баары табигый нерсе.
Адабияттын жакшы жери да ушул го. Ар ким өзүнчө окуйт, өзүнчө түшүнөт, өзүнчө жыйынтык чыгарат. Бир эле китеп бир адамды кубантып, экинчисин капалантат. Үчүнчүсү болсо эч кандай таасир албай жаап коёт.
Ошол үчөөнүн тең өз пикирин айтууга акысы бар.
Китеп окуган сайын адамдын билими гана көбөйбөйт экен. Кээде өзүңдүн канчалык аз билериңди да түшүнө баштайсың. Мурда туура деп жүргөн оюңа күмөн санайсың. Бир кезде жактырбаган авторуңду кайра окуп, башкача кабыл аласың. Же, тескерисинче, аябай мактаган китебиңди жылдар өткөндөн кийин колуңа алып, эмнесине мынчалык суктанганыңды түшүнбөй каласың.
Менде деле андай болгон.
Ошон үчүн китеп тууралуу жазгандарымды акыркы сөз, даяр жыйынтык катары кабыл алгым келбейт. Булар – ошол учурдагы окуганым, түшүнгөнүм, көңүлүмө түйгөнүм. Эртең дагы бир китеп окуп, оюм өзгөрүшү мүмкүн. Муну өзүмө каршы чыгуу эмес, окурман катары өсүүнүн бир белгиси деп түшүнөм.
Кептин ток этери, китеп адамга сөзсүз эле жашоонун даяр жолун көрсөтүп берүүгө милдеттүү эмес. Кээде жакшы чыгарма көңүлүңдү жубатат. Кээде тынч жаткан оюңду козгойт. Кээде бир суроону коюп, жообун өзүңө калтырат.
Анын үстүнө көркөм адабиятты жалаң пайдалуу кеңеши менен өлчөөнүн өзү туура болбой калат. Китептин адамга берчү нерсеси акыл-насааттан алда канча кенен эмеспи.
Ошондуктан китептен дайыма эле даяр жооп күтө бербеш керек окшойт.
Кээде бирөөнүн акылын уккандан көрө, өзүңдүн оюңду угуп көргөн да жакшы.
Менин азырынча түшүнгөнүм ушул. Балким, жаңылып жаткандырмын. Балким, бул ойду да кийин кайра карап чыгармын.
Анткени адабиятта да, жашоодо да мен үчүн эң кызыгы – баарын билип бүттүм деген учур эмес, али билбеген нерсең бар экенин сезген учур.
Китеп бизге даяр акыл сатпаса экен. Өз акылыбызды иштеткенге түрткү берсе, ошонун өзү чоң олжо.
Болбосо бирөөнүн оюн өзүбүздүн чындыгыбыз деп көтөрүп алып, өмүр бою ошонун көлөкөсүндө жүрүп калбайлы.
Китеп окуп жатканыбыз менен, өзүбүз ойлонбой калсак, анан анын окубагандан эмне айырмасы калды?

Чыныгы руханий жан азык, чыныгы ырахат бир гана классика. Жашоодо издеген суроолоруңдун баарына жооп табыла турган да классика.