|

Ага-ининин кат алышуусу

5/5 - (1 добуш)

Журналист, жазуучу Нурканбек Керимбаев менен акын, жазуучу, котормочу Мухаммадамин Хожакбаровдун Фейсбуктагы кат алышуулары.

Ярославлдагы иниме кат

Өмүрүңдө кезигише элек адамга сыртынан байкоо салып, анын ишине ичиң жылыган учурлар чанда кездешет. Айрыкча чыгармачылык чөйрөдө ар тараптан изденген жаштардын көбөйгөнү кубандырат. Аларга жүрөктөгү сөзүңдү арнап, кенен-кесир пикир алышсаң дейсиң.

Фейсбуктан Мухаммадамин Хожакбаров инимдин жазгандарын окуп баштаганыма эки айдан ашты. Ошто төрөлүп-өскөн, 25 жаштагы жигит экен. Учурда Россиянын Волга дарыясынын боюндагы Ярославль шаарында окуп, эмгектенип жүргөндөй. Кыргыз адабиятынан тартып дүйнөлүк адабиятка чейин казып окуганын, окуп гана тим калбастан, талдай билген жөндөмдүүлүгүн баамдадым.

Эсселери, аңгемелери окуганга жеңил, тили жатык. Басыгы мыкты жоргодой сүйлөмдөрү бирине-бири жалгашып, чыгарманын ичине кантип сүңгүп кирип кеткениңди байкабай каласың. Жаштыктын буркураган деми сезилет.

Колубуз телефонго тушалып, аң-сезимибиз жеңил-желпи нерселерге шыкалган ааламдашуу доорунда китеп бетин ачуудан зеригип калдык. Ушундай заманда акындыкка, жазуучулукка ыктап, көңүлдөгүдөй чыгармаларды жаратууга далалаттанган Мухаммадамин сындуу жаштарга кантип ыраазы болбойсуң?

Иним, жалындаган жаштыктын деми, күчү барында убактыңды натыйжалуу пайдалан. Бүгүн жаза турганыңды бүгүн жаз, жарата турган чыгармаларыңды бүгүн жарат! Жаштыкта жаралган чыгармалар бөлөкчө керемет болот.

Чыгармачылык өтө назик, баёо келип, бапестеп мамиле кылганыңды күтөт. Күнүгө көңүл буруп, көзүңдүн карегиндей сакта. Антпесең таарынып, узак жылдар бою жолобой коюшу ыктымал.

Журналистикада көп жыл жүрдүм. Ортодо мамлекеттик кызматта да иштедим. Мен сыяктуу күчүн толук жумушка арнап, чыгармачылыктан убактылуу четтеген ага-эжелериң бар. Акыркы мезгилде четинен кайра чыгармачылыкка кайтып келе баштадык. Биздин муундун катачылыгын кайталаба, ылайым. Себеби, ар бир курактын өзгөчөлүгү бар, ошого жараша чыгармалар да күчтүү жазылат.

Салижан Жигитов агайдын “ар тармакка чарпыла бербей, жазуучулуктун өтөөсүнө чыксам болмок экен” деп өкүнгөнүн окугандай болдум эле. Иним, адамдардын катасынан сабак алып, туура жыйынтык чыгарарыңа ишенем. Адабий талдоолорду жасап, ыр жазууну да таштабай, негизги басымды прозага койсоң деген изги тилектемин. Келечекте сенин калемиңден жаралган салмактуу чыгармалар окурман журтчулугу издеп окуй тургандай бүйүр кызытып, адабият таануучулардын, сынчылардын купулуна толсо дейм.

Мухаммадамин иним, сен багынтчу ийгиликтер, бийик ашуулар алдыда. Калемиң курчугандан курчуп, таскагың катуулап, улуу муундагы агаларыбыздын, эжелерибиздин жолун жолдоп, бараандуу жазуучу бол!

Жазуучулук жолуңдагы жорго жүрүшүңдөн тайба! Кара сөздүн чебери бол!

Жараткан өзү колдосун!

Кытайдан салам жолдогон агаң Нурканбек КЕРИМБАЕВ

Кытайдагы агама

Нурканбек ага, катыңызды окуп, аябай сүйүндүм. Адам өмүрүндө жүз көрүшө элек бирөөнүн көңүлүнө мынчалык жакын болуп каларын ким ойлоптур. Сиз менен азырынча кол алышып, бир дасторкондо чай ичише элекпиз. Бирок жазганыңызды окуп отуруп, көптөн бери тааныш ага-инидей эле сезилип кеттик.

Дүйнөлүк адабияттын тарыхында акын-жазуучулардын бири-бирине жазган каттарын кызыгып окуйм. Райнер Мария Рилькенин жаш акын Франц Каппуска жазган каттары кийин өзүнчө китеп болуп чыккан. Ал каттарда чыгармачылыктын түйшүгү, адамдын өз жолун табышы, өз үнүн жоготпой сакташы жөнүндө көп кеп бар. Ал эми Стефан Цвейг менен Ромен Ролландын кат алышуусу отуз жылдан ашык убакытка созулган. Экөө адабияттан тартып адамзаттын тагдырына чейин ой бөлүшүп, кыйын кезеңдерде бири-бирине тирек болушкан.

Цвейг 1915-жылы Ролланга жазган каттарынын биринде: «Кээде бир ооз сөздүн өзү эле адамдын көңүлүндөгү оорду жеңилдете алат», – деп жазган экен. Анын ушул сөзү бүгүн өзгөчө эсиме түштү.

Албетте, ал залкарлардын орду өзүнчө. Бирок адабият аркылуу адамдардын таанышып, бири-бирине кат жазып, пикир алышып турганы кандай жакшы. Кытайда жүргөн ага Ярославлдагы инисине кат жазып отурат. Ортодо канча жер, канча суу бар. Экөөбүздү тааныштырган болсо кадимки кыргыздын сөзү, китепке болгон кызыгуу экен.

Ага, мен да сиздин новеллаларыңыз менен эсселериңизди окуп жүрөм. Жазгандарыңыздан турмушту көргөн, адамдарга байкоо салган, калемге жоопкерчилик менен мамиле кылган кишинин мүнөзү байкалат. Ошондуктан бүгүнкү катыңыз мага бөтөн кишинин айткан мактоосундай сезилген жок. Өзү да жазуунун түйшүгүн тартып жүргөн агабыздын инисине айткан акыл-насаатындай кабыл алдым.

Айрыкча чыгармачылыктан кол үзбө, жаштыгыңда жазчу нерсеңди жаз деген кеңешиңизди көп ойлондум. Чынында, кээде өзүм да бир топ ишке чарпылып кетем. Жумуш, үй-бүлөнүн түйшүгү, окуу, күнүмдүк тиричилик… Ушунун арасында китеп окууга, жазууга убакыт таап жүрөм. Бирде он барак жазам, бирде ошол он барактын бирөөнө да көңүлүм толбой, кайра башынан киришем. Жаш деген менен адамдын да чарчаган, өзүнөн күмөн санаган күндөрү болот экен.

Прозага көбүрөөк көңүл бур деген кеңешиңизди да туура көрдүм. Аңгемелеримди жыйнап, ирээтке келтирип жатам. Ырды да, адабий эссени да таштагым келбейт. Анткени мен адабиятка эң оболу окурман болуп келгем. Азыр да өзүмдү көп окуп, билгенинен биле элеги арбын, али үйрөнө турганы көп жаш калемгер катары сезем.

Салижан Жигитов агайдын өкүнүчүн эске салганыңыз да бекеринен эмес. Адам кээде тиричиликтин артынан түшүп, өзүнө эң кымбат ишин кийинкиге калтыра берет тура. Ошол «кийин» дегендин качан келерин ким билиптир. Андыктан колумдан келишинче убакытты текке кетирбей, жазгандарымды бышырып, жакшы чыгарма жаратууга аракет кылам.

Нурканбек ага, мени мактаганыңыздан да, али жүз көрүшө элек иниңиздин жазгандарына эки айдан бери көңүл буруп, убактыңызды бөлүп окуганыңыз кымбат болду. Мындай мамилени баалайм. Анткени азыр бири-бирибиздин жазганыбызды жакшылап окууга да чолообуз тийбей калган учурлар көп эмеспи.

Биздин элде улуу киши кичүүнүн жакшы жагын көрсө сүрөп, кемчилигин көрсө түз айтып келген. Ошол жакшы адат уланса экен. Менин жазгандарымдан кемчилик көрсөңүз, тартынбай айтыңыз. Андай сөзгө таарынбайм. Кайра өзүмө сабак алам. Калем кармаган адамга жылуу сөз да, калыс сын да керек.

Буюрса, бир күнү жүз көрүшүп, бир чыны чай үстүндө адабият тууралуу кенен сүйлөшөрбүз. Ошол күнгө чейин каттарыбыз каттап, жазгандарыбыз аркылуу кабарлашып туралы.

Кытайдан жолдогон саламыңыз Ярославлга жетти, Нурканбек ага. Эми Ярославлдагы иниңизден сизге, ысык салам болсун!

Катыңызга, жакшы ниетиңизге, ага катары берген кеңешиңизге чоң ыракмат. Аман болуңуз!

Ярославлдан иниңиз, Мухаммадамин ХОЖАКБАРОВ

  • 1985-жылы туулган. Журналистика тармагында, мамлекеттик кызматта эмгектенген. 2024-жылы “Чыңгызхандын арманы” новелласы үчүн проза жанры боюнча “Алтын калем” сыйлыгына татыган.

  • 2001-жылы Ош шаарында туулган. Акын, прозаик жана котормочу. Кыргыз, өзбек, орус жана түрк тилдеринде чыгармачылык жана котормочулук менен алектенет. Алгачкы ыр жыйнагы 2018-жылы жарык көргөн. Анын кыргыз поэзиясынан котормолору Өзбекстанда жарык көргөн түрк дүйнөсү адабиятынын 100 томдук антологиясына кирген. Азыр Ярославль шаарында жашап, чыгармачылык жана котормочулук менен алектенет.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген