|

Айнанайын партия, же Барис акем экөөбүз КПСС менен коштошкондо…

5/5 - (2 добуш)

(Партийный аңгемелер түрмөгүнөн)

Советтер Союзунун Коммунисттик Партиясынын Лейлек райкомунда Каримкулов Абдибарис аттуу таманынан как төбөсүнө чейин коммунизмдин идеясына чыланган, баш-оту менен чылк берилген накта коммунист авам менен 90-жылдардын башында чогуу иштешип жүрдүк. Азыр а киши кайда, не иш менен алектенет, өзү жининдей жек көргөн, өзү айткандай, акыр-чикир, махоо-песке толгон капитализм доорунда көргөн күнү, жашоо тиричилиги кандай болубатат, айылга жете албагандыктан, көптөн бери кабарым жок. Бирок чогуу иштешкен жакшы адамдар эзели эси-көөнүңдөн чыкпайт эмеспи, ар качандан бир качан эсиңе түшүп, ичиңди жылытып, элеси көз алдыңа жылоолонот да турат.

Барис аке экөөбүздүн кабинеттерибиз да тушташ эле, кагаздан баш ооруп кеткенде коридорго атып чыгабыз да аркы башына барып алып фильтири жок «Прима» деген кара чылымдан чыласы чыккычакты буркурата үйлөшөбүз, аны-муну кеп кылып бир топ турабыз, анан Барис акем кокусунан чочуп кеткенсип: «Энди үка, ишти кылайык», – дегенде кайра кайтабыз да култ этип каналарыбызга кирип кетебиз. Күндө ошол кайталанма, жадатма, кагаз менен «Прима» тамекиден баш чыкпаган партиялык жумуш-турмуш, иши кылса.

Райкомдогу жумуш убактысы, сааты деген болчу эмес. Эртең менен сегизде келип, түнкү 9-10го чейин отурмай. Башкача айтканда, үйгө Биринчиден кийин гана кетмей, ал киши жылмайынча бизге да кыймылдаганга уруксат жок. Себеби, биринчи секретарь эртең менен жумушка келет да, бир-эки саат кат-кабар карап отургандан кийин райондогу чарбаларды, мекеме-уюмдарды кыдырып кетет. Ал жактан ошол кечки 9-10го кайтат. Кабинетине келип, бир пияла чай ичип, гезит-журналдар, каттар менен дагы бир сыйра таанышкан соң анан үйдү көздөй жылат. Биз болсо кабинеттин терезесинен шыкаалап карап турабыз, Биринчи машинесине отураары менен артынан биз да зуу коёбуз. 

Ошентип иштеп коюп жүрө бермекпизби, 1988-89-жылдардан баштап чыккынчы Горбачев баштаган «кайра куруу, жаңыча ой жүгүртүү, айкындуулук» деген жинди саясаттан улам арааны ачылып, күчөп отуруп, СССРды, ага көп коммунисттерди кошуп туруп, акыры Барис аке экөөбүздү да жайлап тынарын кайдан билдик…

Пиянитса Ельцин бийликке келээри менен КПССтин омурткасын сындырып, аны жөн эле катардагы коомдук уюмга айланткан жарлыгын чыгарган экен, ал жарлык биздин Лейлектеги Ак үйгө жеткенче кайсы заман… Айтор, дагы эле партиядан үмүт күдөрүн үзбөгөн чоңдор Барис аке экөөбүздү райондун ылдыйкы аймагындагы Кулунду сельпосун (айылдык керек-жарак коому) текшерип, бюрого даярдап келгиле деген жооптуу ишке айдабаспы. 

Оо, а кезде райкомдун бюросу дегенде кандай жетекчи болбосун, чымын жаны чыркырап, дамбалын булгап турчу; баарынан да курсагы тогуз айлык боюнда бар аялдан бетер салаңдап жерге түшөйүн деп калган раис акелер «жолдош Баланчаев, бюрого даярданың!» – деген кабарды уккан күндөн тарта өзүлөрүнөн өзүлөрү автоматтык түрдө «жёсткий диетага» отуруп, чандайган карындары ичине тартылып кеткичекти кекиртек-кулкунду унутушаар эле; арык-торук жетекчи атмайлар болсо ого бетер кынжыйып шылынып, ийне жутуп алган иттей ого бетер пастап кичирейип, шүмшүйгөн кебетелери тимеле концлагерден жаңы бошонуп чыккан туткундарга окшошуп калаар эле. Бюро дегендин сүрү ушундай катуу эле, бети курусун…

Азыркы райондун акими дегендер советтик кезде «Биринчи секретарь» аталышчу. Эми азыркы Аким менен ошондогу Биринчинин айырмасы асман менен жердей деп кой: бийликтин күчү деп ошону айтат, пай-пай-пай! Мына, бийликтин кудурети, касиети, сакралдуу ыйыктыгы… Азыркы акимди, керек болсо, өлөсөлүү осурак чал да оручасынан сөгүп туруп, жанагы ойрон үч тамгага айдап жиберсе, ал кездеги Биринчи деген райондун Кудайы болчу. Баарынан да кызыгы, совет доорунда райондогу сот менен прокурор, начальник милийса ж. б. дегендер кадимкидей бирден кой короого уполномочун болуп бекитилип, кезек менен койчунун жанында дүжүр боло турган. Чабандан бир замычание түшчү болсо, бюро алардын көзүн чукуп ала турган. Азыр анын бири жок, капитализм, аны ээрчий келген итирейген демократия заманы ушу байкуштардын бактысын бир ачып берди дейсиң азыр… 

Ошентип жооптуу тапшырма моюнга жүктөлгөн Барис акем экөөбүз таң заардан бетибизди атыр самын менен абдан жышып жууп, батиңкелерибиздин тумшуктарын жылтырата майлап, турмуктай болгон чаар галстугубузду (мен да а кишинин туурап, аныкына окшошун сатып алгам) каадалана кыкыйта байланып алып, зыңгырап кийинген бойдон бирден жука папкени колтукка кысып алып, сала кетчү машине жок, ылдыйкы зонаны көздөй таңкы автобус менен эле уруп кеттик. 

Күн мээ сызгыра кайнап турат, а деген демиң оозуңан алоо болуп чыгып турган маал. Мен го жеңилирээк кийинип алгам, Барис акем чыпташкан (фигурама жараша деп атайын ошондоюн алган) кычыраган, баскан сайын күнгө чагылышып, андатырдын терисиндей жылтылдаган, аба кирбес синтетика кастүм шымын кийип, бир жагынан галстугуна муунуп, маңдайынан чыпылдап куюлган терге карабай, сүрдүү да салмактуу, иши кылса, жанында жөн адам даап туралгыс салабатын айтпа.

Кулундуга жетип, солго бурулуп, чоң каналдын жээги менен жүрүп отуруп сельпонун канторуна да кирип бардык. Киргенин го кирип бардык, бирок… демейде «райкомдун инструкторлору бюрого даярдап келе жатыптыр» деген кабарды күн мурунтан уккан жетекчи атмайдын кимиси болбосун, абдан күтүнүп, парткомун көчүккө сайгылап, өзү кошо чуркап, келгендерди бөтөнчө бир урмат-сый менен тосуп алчу эле. Короого кирсек да киши көрүнбөйт, ээн. Сельпонун раисинин кабинетине жигирма метрдей жакындап барып калсак да, жүгүрүп чыккан эч ким жок, кел деген жан жок. Бул неси деп жүрөгүбүз бир жамандыкты туйгандай, шектене да түштүк… Советтик армияда кызмат өтөп келген эмеспи, Барис аке орусчасынан сөгүнө, тишин кычыратып: «жаптваймат, киши барбы деги, же баары саратандан кырылып калганбы?» – деп ызырына бышылдап жиберди… Кабинетке кирсек, дырылдап айланган желдеткичтин астында раис отуру чалкалап жумшак креслосунда, ачык көк чайдан ууртап коюп. Дегеле мурдун балта кеспейт, бюрого даярдайбыз деген биз кирип келсек да козголуп койгусу жок. Бул неси? Маңдайына жетип туруп калдык эле, эптеп козголду, жоон эткээл ийнинен тасырайган башын ташбакача сунуп коюп, ооз учунан келгиле демиш болду. Барис аке экөөбүз мындай тоготпогон, салкын дейм да, ачыктан ачык суук мамилеге чыдай албай жарыша: «бюрого даярдаганы келдик!» деп жибердик эле, тиги болсо көйнөгүнө тирелген кардын бүлкүлдөп күлүп жиберсе болобу! Бул байкуштун мээси ысыктан айнып калган экен деген ой экөөбүзгө тең бирдей келди. 

«Эй үкаларим, – деди раис жайдары, табалагандай түр менен, – бу силер жаңылыкты укпай калган окшойсуңар? Жок эми силердин ишенген КПССыңар, жо-ок, аллах акбар, тамам, пачак! Неужели, уга элексиңер? Же тамашалап атасыңарбы? Ага окшобойт. Энди мейли, ошончо жерден ат арытып келипсиңер, силерди жакшылап кушу-курсан кылып узатып коёюн, капа болбогула, арты бахайыр болсун партиянын… Ар нерсенин аягы болот деген ушул да. Кеп ушундай», – деди да жамбашы майланышкан бирөөнү чакырып «кара буларды» деди. Анысы жорголоп келип, кана, азиз меймандар, чай иче турган канага мархамат деди эле, уккан кулагына ишенбей туруп калган Барис акем башына бирөө муздак суу куюп жибергенсип (өңү да каракөк тартып өзгөрө түштү, аны көрүп, ичимен бу кишинин непадам талма-салмасы кармап калса Исфанага кантип апкетем деп кабатыр да боло түштүм) шарт бурулду да: «чайиге искейин, жаптваймат, кеттик!» – деди. Кетсе кеттик деп баягы «Белое солнце пустыни» деген кинодогу Петрухага окшоп мен да Барис акенин артынан ээрчидим. Партиянын жаны чыгып баратканда кайдагы чай да, кайдагы палоо, тооба… КПСС өлсө, райиске эмне жок дейм да анчалык кубанып…

Экөөбүз каналдын бою менен артка жүрүп отуруп берки кыргыз өйүздөгү Оочудан өтчү чоң кан жолго жеттик. Жолду ката унчуккан жокпуз, улам тамекиден тартып коюп. Барис аке гана анда-санда үшкүрүп коюп келатты. Исфанага кете турган автобустун аялдамасын көздөй бурула бергенде Барис аке шак токтоду. «Чөнтөгүңдө канча пулуң бар?» – деди. Ичет экенбиз деген ой кылт эте түшкүчөктү болбой Барис аке мойнундагы кыкыйган кызыл чаар галстугун шыпырды да тоголоктоп туруп ошол жердеги мусур челекке ыргытты. «Жылаандай муунткан кызыталак», – деп сөгүнүп алды. Мен да ошенттим. «Кеттик!» деп алып Тажикстан жакка, каналдын аркы өйүзүн көздөй жөнөп калды. Түз эле балмуздак сатып отурган тажик келиндин маңдайына жетип токтодук. Барис аке жана экөөбүз собур кылган акчанын баарын уучтап туруп келиндин колуна карматты да: «Бизге канча морожныйың калган болсо баарын табагы менен бер, карындашым, эки кашык кошуп, анан таштап кетебиз идишиңди», – деди. Мындай оптум морожный ала турган тоолук кыргыздарга чексиз кубанган тажик келин уккан кулагына ишенип ишенбей, экөөбүздү алмак-салмак (Барис акени көбүрөөк карады) таңыркай тиктеп, булар наваада оюнан айнып кетпесин дегенчелик кылып шыпылдата чоң табагын болгон морожныйы менен кармата салды. Барис аке: «Ич күйүп баратат кысталак, саябаныраак бир жерге баралы», – деп калды. Азыр ойлосом, чын эле партиянын ойрон болгонун жүрөгүнө абдан жакын алып, чындап ичи өрттөнгөн окшойт, болбосо бир чара морожныйды акылы соо киши алабы? Коммунист кишинин кылаар ишиби ушул? Чыныгы коммунист да, ызасы ашып-ташып, ичтеги күйүтүн чыгарайын деп атпайбы. Мен да кампания үчүн дегендей, ишенген партиянын минтип кырсык баскансып, ойдо жок жерден күм-жам болгонуна ичим бир ачышса, Барис акени карап туруп эки ачышса да ысыкка такат бералбай турган жаным табакты шап көтөрүп жөнөп калдым.

Экөөбүз ары-бери агылган элдин назарынан ээндеп барып бир кылбат, коюу көлөкө жерди таптык да отура кеттик. Жоготуунун чексиз кайгысын тең бөлүшүп, таттуу морожныйдан колтойгон алүмүн кашык менен апылдата алып жаттык. Морожный түгөндү. Эми муздап калган ичти кызытыш керек болду окшойт, Барис акем чөнтөгүн кайра көпкө чукулап атып, дагы акча таап чыкты да: «Закүскө зор болду, эми мынчалык болду, бир шишенин мойнун сындырып, бири бирибизге көңүл айтышпасак, ким бизге көңүл айтат, үка?» – деп калды. Тажикстан тараптын дүкөндөрүн бир сыйра кыдырып арак таппай, кайра Кыргызстанга өттүк. Чоң универмаг дүкөнгө үмүт менен кирип бардык эле, сухой закүн деп дүкөнчү алаканын жайды. Бирок жумшагыраак берки шербет вийнодон бар дегенинен намыска бек Барис акем: «Коммунисттер өлсө да барматуха ичпейт, төлкө арак керек», – деп көңүлдөнбөй койду. Эми ошондогу арактын каатчылыгын айтпа. СССР боюнча «сухой закон» кирип күчөп турган кез эмес беле. Жана эле сельпонун чайканасынан бир шише салып албай деп өкүнүп калдык. Ошентип арга таппай, оптум жеген балмуздак ичибизди курулдатып, күчүбүздү кайра «Прима» чылымдан чыгардык, үстүккө-босток соруп, түтүн буркурата Кулундунун абасы нык, дымкыл асманын ыштап турсак, алдыбыздан зуу өтүп барып бир «Уазик» токтоп калды. Начальник милийсанын машинеси. Номурунан тааныдым. Жетип эшигин ачсак, чын эле апасы жаанда төрөгөн болушу керек, качан караба, уйкусурап ныксырап жүрчү, азан чакырып койгон аты да Жааналы аке отурган экен алдыңкы отургучта үргүлөп. Лып чыгып отуруп алдык. «Бу кайдан жүрөсүңөр, райкомчулар?» – деп күңк эте сурап койду начальник. Болгон иштин жайын айттык. «Ахыбалыңар чүрүк экен, болор иш болуптур, партия ошону акыры көрмөк эле, көрүптүр, эми кайгыргандан пайда жок, андан көрө настраенияңарди көтөрүп алгыла, жол узак», – деп отургучтун астынан чети жаңы оюлган бир шише аракты сууруп чыкса болобу. Ага кошо закүскөсүн да узатты эпилдеген элпек шоопуру. Чоң устуканга караганда тажик тараптагы бир тойдон келаткан окшойт. 

Каадаланган тос-мосу жок эле Барис акем экөөбүз кырдуу ыстыканга баса куюп туруп шишенин жартысын көңтөрүп таштадык. Ооздон кирип тула бойду балкыткан ичкиликке магдырап уктап кеткенсидик. Бир маалда карасам, Барис акемдин жанатан бери бүркөлүп келаткан кабагы чайыттай ачылып, аны-муну кеп уруп, карс-карс күлүп, баягысындай бакылдап баштаптыр. Каныкей Эралиева ырдап келаткан машиненин магнитофонунда. «Бу киши бир пас дем алып турсун үка, музыканын шогураагынан бардыр? «Бони-М»ден коюңчу, мага жүда жагат да негир болсо да кысталактар», – деп калды. Ырдын «гари, игариго-о-о, гари, игариго -о-о!» деген жерлерин кошо ырдашып, отурган жеринен эле ийиндерин былкылдата бийлеп Барис акемдин көөнү көктөмдөгү гүлдөй ачылды. Мен да кошулуп, тимеле КПСС кайра тирилип келгенсип, өзүбүздү кайран компартия күчтүү кезиндегидей сезип кеттик. Жааналы Эзилбекович уйкусунан чочуп ойгондубу, же ылдый каттай берип ошол тушту жытынан билип калганбы, айтор Булак-Башынын жаңы чайканасына жеткенде машинесин бурдуруп, экөөбүздү ошол жакка таклип кылды. Ал жактан шак дедирте дагы шише таптырып буздуруп жиберди, өзү аз гана ууртады да, калганын дагы Барис акем экөөбүз жайлап таштадык. Аяктан чыгып, кайра музыкага магдырап, бапылдашып бирдемелерди айтышып отуруп уктап кетиптирбиз, ойгонсок эчак Исфанага жетип токтоп туруптурбуз.

Түшүп эми үйгө кетебиз го деп турсам Барис акем: «Баш пачак үка, жаптвайматтыкы, жүрчү «Ай-Көлдөн» жүздөн согуп анан таркап кетебиз, өлүп да кетсин баарысы», – деп түтөп жиберди эле, мен да мекиренип шеригимди кыялбай, экөөбүз ээрчишип паркты аралай майдалай басып кафеге бет алдык. Жетип астанасын аттар аттабас: «Ува-ай, Барис аке, парткомжан, сизди көрө турган да бактылуу күн болот экен аа, кудайыма шүгүр!» – деп булдурактаган оозунда насвайы бар, башындагы ак калпагы жуулбай жүрө берип кара калпакка айланып кеткен бирөө туруп келип Барис акенин мойнуна асылып, бети башынан чолпулдата өпкүлөп жиберди. Булар «Өзгөрүш» совхозунун малчылары болуп чыкты. Районго кайсы бир иш-чарага келишкен окшойт, ал бүткөн соң минтип кафеге келип, дуулдап атышкан чактары окшобойбу. Сапкоздун баштапкы партиялык уюмунун эски кадырдан мүчөлөрүн көргөндө Барис акенин да көзү жашылдана, муун-жүүнү бошошуп кетти шекилди, «иш пачак!» деп туруп тиги калпагы кыйшайган неме менен чын дилден айкалашып кучакташып, экөө коммунистерчесинен өпкүлөшө кетишти. Бейиши болгур Брежнев атабыз ушинтип өбүшчү эмес беле. Түркүн даам жайнаган чоң үстөлгө барып отурдук. Тамак тизеден, түркүн даамдан титиреген дасторконду карап туруп «жылкычынын бир жегенин хан да жебейт» деген макал эске түштү. Чын эле. 

– Оомийн, партком келди, балее келбесин! – деп бетине бата тарткан бирөө ошол замат демите суроо салды:

– Бу, шеп, партияны күм-жам кылып таштапсыз го? Эми биздин эртеңки күнүбүз эмне болот?

Баары тымтырс боло жооп күтүп, Барис акенин оозун тиктеп калышты. Ансыз да кызуусу дагы эле тарай элек, сиркеси суу көтөрбөй турган Барис акем:

– Эртеңкинин камын жегенче… же дегенди уктуң беле? Адегенде куйчу замзам суудан, аны жай отуруп сүйлөшөлү. Баса, партвзносту бул айга төлөдүңөр беле? – деди олуттуу карап. Мастар башын тегиз ийкеңдетип калышты. Анан:

– Партияны эч ким күм-жам кыла албайт! Муну ким айтты силерге? Партияны тынчыта турган адамдардын өзү тынчыйт! ГКЧП деген зор уюм түзүлдү, ошол эми жанагы күспүрүш Ельциндин энесин үч коргондон көрсөтөт! Көбеле дадывайма түшүп, тополоң кыла бербегиле чуу көтөрүп. Асман жерге кулап түшкөн жок. Ишти кылгыла, планды толтургула, взнос төккүлө. Малды семирткиле. Силердин вазийпа ошол. Партия менен ишиңер болбосун, анын тагдырын бизсиз эле чечип алышат. Эй, куйбайсыңарбы, гүл зыяпатты чогулушка айлантпай? 

Ошенткенде тигилер така-тука түшүп жапырт жанданып калышты, дасторкон жаңыланып, коюу демделген көк чай келди, артынан жыты каңылжаарды жарып, булоолонгон, атайын сары сабиз бөртө тууралып, кой майына, арча отундун табына демделген ширин, чачырама палоо келди гүлдүү жазы леген толо; анын артынан тийген тилди чоктой күйгүзүп, көздөн жаш чыгарган, жеген сайын адамдын ыштаасын ачкан таанымал палоо татымал-шакараптар берилди, кашыктар такылдап, ыстыкан пиялалар шаңгырап, үлпөт отурушка шаң кирди; көп өтпөй ортодо душман көзүнө деп кортойгон жашыл бөтөлкөлөрдүн арагы куюлган гүлдүү чайнектен эки-үчөө пайда болду. Бул да болсо ыйманы ысык түштүктүктөрдүн түрү суук аракты бөтөлкөсү менен сүйрөп келип, ниети ак куттуу дасторконго тарс дедире коюп, шалдырата куйбай, мойсопуттардан, айрыкча кадырлуу аксакалдардан кадимкидей ыйбаа кылып, секин аста чайнекке куюп келип, доошун чыгарбай, пиялага кыттай-кыттай куйган кылдаттыгы. Восток тонкий деп так ушуну айтат. Атаңгөрү, азыр ошол адат калды бекен биз тарапта… Кайдан.. Эми угушума караганда, эркектер биякта эле калып, тастаңдаган катындар кафелерде бөтөлкөлөрдү тизип алышып, ыстыкан кагышып, кадимкидей шаракташып калган дешет. Демократия биздин Лейлекке да жеткен экен… 

Барис акем экөөбүз малчылар менен канча отурдук эсте жок, иши кылса улам-улам ичилип атып, отуруш зыяпаттын куту качып, кишини киши укпаган алагүү бажылдакка айланган маалда бир тыңшасам, жанагы жылкычы коммунисттердин бири ооматы ойрон болгон КПССтын тагдырына абдан кейип-кепчип, үнү каргылдана тост айтып аткан экен. «Биздин алыскы тоолуу районубуздагы элибизди окутуп-чокутуп, киши катарына кошкон, азыркыдай даражага жеткирген көсөм Ленин атабыз түзүп кеткен ушу партия эле…», – деген жерине келгенде, бери жакта магдырап, ынтыгып отурушкан Барис аке, мен баш болгон коммунисттер жапырт эсибизге келе калдык, мындай күчтүү айтылган сөздүн таасиринен эреркеп, көзүбүздөн тыркырап жашыбыз куюлуп кетти. Барис акем башын чайкап, чукуланып атып, жанынан чоңдугу кудум сүлгүдөй дасоромолун сууруп чыгып бетин баса, башын кейиштүү чайкап отуруп калды. Аны көргөн берки коммунистер да токтоно албай чөнтөктөрүнөн шакмар бет аарчыларын жапырт сууруп чыгышып, көздөрүнө кармашты. 

Андан аркысы эсимде калбаптыр. Ойгонсом, үйдө жатыптырмын.

Ошентип КПСС менен коштошкон элек… Бул баянды непадам окуп калса Барис акем мага капа болбостур. Айтайын дегеним, коммунист атмайдын баары ушу Барис акемдей болгондо КПССтын да өмүрү узак болмок, улуу державанын койнунда тынч, татуу жашай бермекпиз. Өлбөй кал КПСС, өлбөй кал… 

А деп оозун ачса ары жагынан жүрөгү көрүнгөн ак көңүл, райондун Ак үйү болгон райкомдо иштесе да карапайым коммунисттерге дайыма боор тартып турчу камкор, керсейген дымагы жок карапайым мүнөз коммунист Барис акемди чынында көп эстейм. Жакшы кишини эстейсиң да, жаманды ит эстейби. Туурабы?

Автор

  • Журналист, котормочу. 1961-жылы туулган. 1987-жылдан бери журналистикада. Кыргыз жана орус тилдеринде жазат, адабий котормо менен да алектенет. Учурда чет элдик тоо-кен компаниясында котормочу болуп иштейт. Москвадан чыкчу «Человек и мир» журналы менен туруктуу кызматташат.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген