Ак бурганак
(повесттен үзүндү)
Кечээ онунчу класстын окуучуларына класс жетекчи коңшу айылдын төрүндөгү кашардын ичин тазалап, чабанга жардам бергени барабыз деп айтканда баары «ура-аалап» сүйүнүштү. Улан-кыздар буларды улуу кар, сулуу кар ушул карыш жердеги тоонун төрүндө күтүп турганын билишкен эмес. Булардын айылында кар ашып кетсе тизеден жаайт. Адатта, совхоздун чарба жумуштарына жетекчилер жогорку класстарды чакырганда, окуучулар жан кудай деп сүйүнүп барышат. Сүйүнбөгөндөчү!.. Үстү ачык машинеде же трактордун тележкасында классташтар менен чогуу ойноп-күлүп тоо койнуна кирип кетесиң! Барганда музыканы жаңыртып коюп аласың дагы, ээн-эркин жыргап бийлейсиң, ойнойсуң! Балдарда магнитофон сөзсүз болот. Арыдан-бери айтылган ишти бүтүрүп коюп, тоо койнунда ойноп-күлгөнгө эмне жетсин!..
Бул жолу да баары сүйүнүп, эркек балдар кетмен, күрөктөрүн алып, кыздар адаттагыдай эле тамак-аш даярдап чыгышты. Кыштын кычыраган чилдесине карабай, күн дагы чайыттай ачык, бардыгынын маанайы дагы жарык эле. Класс жетекчилер дайымкыдай эле үстү ачык машиненин кабинасына олтурушту. Ал эми окуучулар аркасына чыгышты. Ошентип, тоо боорундагы кар баскан бийик машине жолдо, үстү ачык машинеде онунчу класттын окуучулары ойноп-күлүп баратышты. Кышындасы ансайын кооз Таргалак капчыгайынын сулуулугу арбадыбы, айтор, балдар-кыздар айланага суктанып, кужурап атышып чабандын үйүнө кандай жеткендерин билбей калышты.
Кашарга жеткенде машинеден ойноп-күлүп түшүп, үй ээлери менен саламдашкан балдар-кыздардын улуу кардан көздөрү өтүп, ойногонго ашыгышты. Буларды ызааттуу меймандардай күтүп алган арыкчырай кемпир менен токочтой ыманы ысык наристе неберелери, чабан уулу, келини болуп үйдүн алдында турушуптур. Кар баскан тоо койнуна адам анча каттабай, үй ээлери киши-караны сагынып калгандары көрүнүп турат. Кабинадан түшкөн шоопур, мугалим агай, эжей, балдар менен жадырап-жайнап учурашкан кемпир менен уул-келини адегенде эле «үйгө кирип чай ичкиле» деп башташты.
– О-уу!.. Мынча бийик төргө чыгып алгансыздар, эже? Бул жерден кулаган элек-челекти ылдыйдан ким алып чыгат? – деп агай тамашалап сурады.
– Бул үй менен кашарды ыраматылык чалым совхоздун деректирине айтып жүрүп, аркасынан түшүп жүрүп ушул жерге салдырган. Силер билбейсиңер да, балам. Тээ этегине үй салдырып алсаң коюң деле, уюң деле, жылкың деле ушул жакты көздөй оттоп кете берип чарчатышат. Бул тарабында от кенен да. Анан чалым райком менен совхоздун деректиринин артынан айтып жүрүп, машине жол салдыртып, үй менен кашар салдырды. Азыр жаз-күз бир өйдөгө, бир ылдыйга көчүп коно бербей жыргап эле калдык! Жайындасы боз үйдү тигип койсок эле болду.
– Ошондой деңизчи, эже. Бийик сереге чыгып алып баарын дүрбүдөй көрүп жатат экенсиздер да ха-хаа…
– Ошо, балам, ошондой, бул жерден баары дүрбүдөй көрүнөт! – деди кемпир. Акыйкат бийик төрдөгү үй менен кашар турган жантайыштан айлана алаканга салгандай көрүнөт экен.
Жүзүнөн мээрими төгүлгөн арыкчырай кара кемпир, жадырап-жайнаган чабан жигит менен анын көздөрү күлмүңдөгөн келинчеги, алардын торсойгон кызыл бет татынакай үч наристеси жомоктогудай кооз жерде жашаган үчүн башкача адамдар белем? Таң?.. Үй ээлери «балдар ысык чай ичип алып иштешсин» деп, болбой атып баарын үйгө киргизишти. Болгон байлыгы жерге салынган ала кийиз, шырдамалдар, бостек, жер төшөк, жөлөңгүчтөр, керебетке тыкан жыйылган жүк менен текчедеги казан-аяк экени көзгө урунган жупуну эки бөлмөнүн ичи аябай ысык, тактайлары жуулуп таптаза, анан ушунчалык жылдыздуу экен. Төркү бөлмөдө жүк жыйылып, ортодо от дуулдаган темир мештеги чоң кара казанда эт боркулдап, кара көрөлөрдө чайга суу кайнайт. Кире бериштеги бөлмөдө дагы керебетте жүк жыйылып, жаздыктарынын үстүнө тордолгон ак жапкыч жабылып, чакан текчеде жалтылдап жуулган идиш-аяк, анан ооз жакта кийим илгич менен жаңы туулган козуларды салганга чоң жыгач жашиктен үчөө бар экен. Козуларды кире бериштеги бөлмөдө кармаганга ылайыктап, ичкерки бөлмөгө темир мешти орнотушканы көрүнүп турат. Баятан күлүп-жайнап дасторконду жайнатып жайган келин, баарына жалынып-жалбарып жылуу айран сунган эне, кичинекей балдарын кишинин көзүнчө кагып-силкпей, эркелетип мойнуна мингизип ойнотуп жаткан чабан жигит, бардыгы маңдайы жарык адамдар экен.
Үй ээлеринин өзгөчө пейилиненби, ушундай мээрбан адамдарды сыйлап калган окуучулар нак айран, жаңы каймак менен нан, ысык ширин чай ичип чыгышып, кашардын ичи-сыртын арыдан-бери мизилдетип тазалап, чабан жигиттин айтканын айткандай заматта аткарып коюшту. Анан баятан араң турган улан-кыздар карга сыйгаланып дуулдап киришти. Класс жетекчилердин «кой-ай» дегенине кулак салган кайдан? Каткырып күлгөн жаштар бийик жантайыштан ылдый сыйгаланып, улуу кардын ичинде көзгө көрүнүп-көрүнбөй тээ ылдыйга кирип кетишти.
…Мындай керемет сулуулук улуу кар баскан бийик тоолордо гана болот!.. Мындай жомок өмүрүңдө бир эле келет!.. Мындай бакыт чанда бир келет!..
…Бири-бирин көз ирмемден түшүнгөн улан менен кыз бир карашып түшүнүп, баарынан обочороок жерден ылдыйга сыйгаланышты. Кол кармашканча кардын ичи менен тээ ылдый барышты да, анан көкмөк асманды, кар жамынган аска-зоолорду, апакай айлананы үндөбөй карап кыйлага дейре унчукпай жатышты.
– Укмуштай сулуулук ээ?.. Асманды карасаң көкмөк! А биз аппак кардын койнундабыз!.. – деген кыз бетиндеги карды сүртүп уланды күлүп карады. Ал бактылуу жылмайды:
– Ии, кардын улуулугун карасаң!.. Биздин көкүрөгүбүздөн келет окшойт?
– Ооба, таң калып атам!.. Бизди издеп калышпасын?
– Издесе издейт да. Дагы корко баштадыңбы? Коркпочу?
– Макул, коркпойм.
– Мындай карды эми көрбөйбүз. Кардын ичинде жыргап жата береличи?
– Эмнеге көрбөйбүз?
– Билбейм. Мага ошондой сезилет, – деп улан ойлуу айтты.
Аппак кардын койнунда, кол кармашып асманды тиктеп жаткан улан менен кыз, апакай бакыт бүгүн экөөнү күтүп турганын билишкен эмес. Апакай бакыт ар дайым күтүүсүздөн келерин, апакай ирмемдер кайра кайталанбай турганын анда кайдан билишсин?
– Сенин кечээги жазган ырларың мага аябай жакты!.. – деди кыз бери бурулуп, бир колу менен чыканактап, бир колу менен уландын бетине кардан себелеп ойноп жатып.
– Чынбы? – улан кызды карап сырдуу жылмайып.
– Ооба, чын. Жатка айтып берейинби? – деп кыз дагы жылмайды.
– Айтып көрчү. Эмне жаттап алдыңбы?
– Жаттамак белем хи-хи… Мээме өзү жатталып калды. Азыр бир куплетин айтам, – деп күлмүңдөгөн кыз ырды шыбырап айта баштады:
…Кеп кылар көбү жаагын жанып,
Байкашып калса көзүмдүн кырын.
Кеп кылса мейли, кайылмын ага,
Күн болуп тийчи күн сайын мага,
Нурларга толсун махабат таңы!
– Ошон үчүн коркпо дейм го, – улан мээрим толгон көздөрү менен карап кыздын бетинен сүйдү.
– Ии, сага айтканга оңой!.. Мени аңдып эле турушат. Эртең мектепке барганда апама айтышат, анан дагы башталат…
– Айта беришсин. Мен турам го? Эмнеден коркосуң?
– Макул, коркпойм. Сага ишенем, – кыз бул жолу күлбөй айтты.
– Ушул жерде кыш ичи калып калсак, ээ? Коркпойсуңбу? Калат белең?
– Калат элем. Эч нерсеге карабай калат элем. Сен чабанга жардам берип кой кайтарып, мен келинчегинин үй ишине, балдарын караганга жардам берип жүрө бермекпиз.
– Ооба. Жок дегенде бир күнгө калып калсак ээ? Бирок болбойт да, – уландын үнүнөн өкүнүч сезилип турду. – Жол бийик, тайгак. Эртең сенин артыңдан машине менен издеп келебиз дешсе коркунучтуу. Кел, андан көрө карда жыргап жаталычы?..
– Макул, – деген кыз уландын ийинине башын жөлөдү. Кыздын апакай колун өөп, манжаларын айкалыштырып кармаган улан жылмайып тиктеди. Экөө кол кармашканды жакшы көрүшөт. Алакандарынан ушундай бир жанда жок жакындыкты туюнткан жылуулук өтүп, бири-бирине тойбой унчукпай карап тура беришет. Анан бири-бирине арбалып кандайдыр бир укмуш дүйнөгө учуп кетишет…
* * *
Бой тартып калган экөөнүн сезимдери качан ойгонду эле? Сегизинчи классты аяктап, экзамендерди тапшырып келген күнү, коридордо күзгүлүү тумбада турган телефон шыңгырап калды. Кыз эч нерседен иши жок телефонду алып «алло» дегенде аркы жактан толкунданган уландын үнү чыкты:«Кандайсың? Сен быйыл чөпкө барасыңбы?» деген. Күтүүсүз чалуудан толкунданган кыз: «Жок, барбайм…», – деп дирилдеп жооп берди. Анда эмнеге толкунданып, дирилдегенин түшүнгөн жок.
Анан, тогузунчу класска келгенде, биринчи сентябрь күнү класстагылар кирип-чыгып эч ким калбай калганда, улан кызыл түстөгү калың беш дептер менен түстүү ручкаларды кыздын алдына коюп: «Быйыл сабактардан конспект жазат экенбиз. Керек болот го?…» деп жылмайып басып кетти. Күтүүсүз белектерди алган кыз толкунданып, калың дептерлерди шашылыш сумкасына сала койду. Кийинки күнү, сабак башталганда, тушундагы жанаша партада олтурган уландын өзүн тиктегенин сезип акырын карады. Караса, анын алдында, кудум жанагы кызыл калың дептерлердин көк түсү туруптур. Бири-бирин карап жылмайган экөө сабак башталганда досканы карап калышты.
Мына ошондон баштап бир жылдан бери улан түштөн кийин телефон чалат дагы, толкунданган үнү менен окууну шылтоолоп сабактарды сурайт. «Биологиядан эмнени берди эле?», «Адабияттан окудуңбу? Китепти таптыңбы?», «Алгебрадан чыгардыңбы? Эртең жаныңа отурам. Жардам берейинби?» деген суроолорду уккан кыз бул жактан дирилдеп жооп берет. Кызыгы, коридордо телефон шыңгыраганда «ошол..» деп ким экенин жазбай билип жетип келет. Ушинтип түштөн кийин ата-энелери жумушта экенде бир маал сүйлөшүп алгандарына экөө бактылуу эле. Болгону бир-эки мүнөт гана сүйлөшөт, себеби экөө тең бири-биринен сүрдөп, толкунданышат.
Ошентип, онунчу класста окуп калышты. «Эртең алгебрада жаныңа олтурам» деген күнү улан чечкиндүү келип, эрте менен кыздын жанына олтурду. Илгерки жыгач парта болгондуктан, мугалимге партанын ылдый жагы көрүнбөйт болчу. Келип олтурду да, акырын партанын астындагы текчеге альбомду койду. Кыз альбомду акыр-ын ачып эки-үч барагын карады дагы, уланга таң калып алдыртан тиктеп бактылуу жылмайды. Альбомдун барактарында өзүнүн сүрөттөрү түстүү карандаштар менен тартылыптыр. Андагы чоң-кичине сүрөттөрдө өзү жүрөт: сабакта олтурганы, мектепке келе жатканы, терезеде ойлонуп олтурганы, үйүнүн алдындагы дүпүйгөн бакта көпөлөктөр менен гүлдөрдүн арасында экөө турганы, бүт баарында өзү же экөө тартылыптыр. Альбомду ары-бери ачып карап дароо сумкасына салган кыз толкунданып албырып чыкты. Кичинесинен улан сүрөт тартат, тартканда да абдан жакшы тартат. Апасы уулуна бала чагынан альбом, карандаш, боёкторду, кыл калемдерди китеп дүкөндөн тандап алып бере турганын кыз билет болчу.
Бул күн чоктой кызыл-сары алоо түскө боёнгон сулуу ноябрдын бешинчи күнү болчу. Кыз кудум ошол жалбырактардай алоолоп албырганы эсинде. Баятан экөөнү алмак-салмак көзүнүн кыйыгы менен байкап олтурган мугалим дагы, класстан кабар алганы кирген класс жетекчи эжей дагы унчугушкан жок. Негедир мугалимдердин бири дагы уланды алты саат бою «Бар, өзүңдүн ордуңа олтур!» деп айтышкан жок. Алты саат экөө бактыга тунуп олтурушту. Экөө бири-биринин жанында олтурганы үчүн эле чексиз бактыга тунуп олтурушту. Үчүнчү саатта улан кыздын оң колун акыры-ын өзүнө тартып, сол колу менен манжаларын айкалыштыра кармады. Бой тарткандан бери биринчи жолу кол кармашкан экөө ток тийгендей өздөрүн жоготуп коюшту. Мындай күтүүсүз сезимден албырган кыз бир аздан кийин «дептерге жазайын?..» деп уланга алдыртан уяң шыбырап, колун акыры-ын сууруп алды. Ал күнү экөө биринчи жолу алакандарынын отунан күйүп-жанып, сыйкырдуу дүйнөгө тушуккан болчу.
21.05.2026
