Алгачкы махабат
Толукшуган ошол күздө,
Толгон ичке бук-арман.
Толуп-ташкан тун сүйүүм,
Тоо койнунда жаралган!
Арсыз жүрөк от болуп,
Алоолонгон, жаналган.
Ак мөңгүлүү ошол тоодо
Алгач сүйүүм жаралган!
Томук сымал жаш жүрөгүм
Топурактан жаралган.
Торгой болуп сайрап калды,
Тоо койнунда “камалган!”
Ырга айланып ал сезимдер,
Ырбап кеткен “жаралап”.
Сайда калган ошол сүйүүм,
Сага арналган “Саламат!”.
Ак-Сай, Тешик-Чап жайлоосу,
1978-жыл, октябрь.
