Антон Чехов: “Хамелеон”
(аңгеме)
Жаңы шинель кийген, колунда түйүнчөгү бар полиция күзөтчүсү Очумелов базар аянтын кыдырып баратты. Артынан бирөөдөн тартып алган крыжовник толгон калбырды көтөрүп алган куйкулбаш городовой (кенже полиция кызматкери) ээрчип алган. Тегерек жым-жырт… Аянтта тирүү жан көрүнбөйт… Дүкөндөр менен сыраканалардын эшиктери жарык ааламга ачыккан ооздордой аңырайып ачык турат; алардын жанында жадагалса, тилемчилер да жок эле.
– Кишини каба турган сенсиңби, каргыш тийгир? – деген үндү укту капысынан Очумелов. – Жигиттер, коё бербегиле аны! Азыр кишини капканга уруксат жок! Карма! А… аа!
Иттин каңкылдаганы угулду. Очумелов кайрылып караса: соодагер Пичугиндин отун сактаган кампасынан үч аяктап ликилдеген бир ит алаңдаган бойдон качып баратыптыр. Аны крахмалданган чыт көйнөкчөн, бешманты топчуланбаган бирөө артынан кууп алыптыр. Ал чуркап келаткан күүсү менен жер сүзө жыгылды да иттин арткы шыйрагынан кармап алды. Иттин каңкылдагын коштогон: “Коё бербе!” – деген кыйкырык угулду.
Дүкөндөрдөн уйкусураган жүздөр көрүнүп, отун кампа жанына бат эле жерден жайнап чыккансып, топураган калк чогула калды.
– Бир тартипсиздик болгон окшойт, төрөм!.. – деди тартип сакчы.
Очумелов солго бурулуп чогулгандар тарапка басты. Так кампанын дарбазасынын оозунда бешманты топчуланбаган жанагы неме оң колун жогору көтөрүп, чогулган элге канаган бармагын көрсөтүп жатканын көрдү. Кызуурактай кебетеси: “Сенин териңди шылып албасамбы, шылуун алдамчы!” – деп тургандай, чоң ишти кыйраткансып бармагын да чычайтып алыптыр. Очумелов анын зергер Хрюкин экенин тааныды. Топтун ортосунда жаңжалдын күнөөкөрү – алдыңкы эки бутун эки жакка тартайта, денеси дир-дир титиреген тумшугу шиштей, желкесинде саргыч кашкасы бар апакай күчүк чокчоюп отуруптур.
– Бул жерге эмне үчүн чогулуп калдыңар? – бакылдады топко сүңгүп кирип барган Очумелов. – Эмне кылып турасыңар? Сен эмнеге бармагыңды көрсөтүп атасың?.. Бакырган ким?
– Мен эч кимге тийишпей жөн жай эле кетип бараткам, кайрымдуу төрө… – деп баштады муштумуна жөтөлө Хрюкин. – Митрий Митрич менен отундун жайын сүйлөшөйүн дегем, – анан эле мобу шүмшүк чыга калып шап эле бармагыма жабыша калса болобу… Сиз мени кечирип коюңуз, мен деген иштеген кишимин… Ишим майда. Ошондуктан жабыр тартканыма төлөп беришсин, балким мен бармагымды бир апта бою кыймылдата албастырмын… Кайдагы бир макулуктан кордук көрөт деген мыйзамда да жок, төрөм… Ушинтип ар ким эле тиштей берсе, бул дүйнөдө жашап деле кереги жокко…
– Хм!.. Дурус, – деди олуттуу жөтөлгөн Очумелов, кашын серпе. – Дурус… Ит кимдики? Мен муну мындай калтырбаймын. Итти тайраңдатып коё берген кандай болорун баарыңарга көрсөтөм! Токтомго моюн толгогон мындай улуктарга көңүл бурууга убакыт эчак жеткен! Мындай жүзү караларга очойто айып пул салса анан билет итти, ушул сыяктуу башка макулуктарды дейдиленте коё берген кандай болорун! Мен андайлардын акесин гана таанытып коем!.. Елдирин, – барк этти ал тартип сакчыга кайрылып. – Бул кимдин ити экенин бил да, протокол түз! Итти жоготуш керек. Тез! Кутуруп кеткен да болушу ыктымал… Бул кимдин ити деп жатам?
– Генерал Жигаловдуку шекилди! – деди топтун арасынан бирөө.
– Генерал Жигаловдун ити бекен? Хм!.. Елдирин, пальтомду чечип койчу… Абдан үп болуп чыкты го! Жаан жаайт окшойт… Мен бир нерсеге түшүнбөй турам: ит сени кантип каап алышы мүмкүн? – деп Хрюкинге кайрылды Очумелов. – Бармагыңа кантип бою жетти дейм да? Бу го кенедей ит экен, сен эңгезердей болуп турбайсыңбы. Ушул сен бармагыңды өзүң эле мык менен чукуп канатып алып, анан көз будамайлап атат окшойсуң, кызыталак. Сен акыры… белгилүү да. Билем силерди, шайтандарды!
– Ал эрмектейин деди да, чегип аткан тамекисин иттин тумшугуна басты, төрөм, ит да келесоо эмес да, мунун бармагын кырча тиштеп алды… Бул өзү түзүк адам эмес, төрөм!
– Жаныңды жебе кыйшык көз! Көрбөгөндөн кийин эмне жалган айтып атасың? Төрө акылдуу киши, кимдики калп, ким Кудай алдында таза, өзү билет… Меники калп болсо, анда муну сот чечсин. Анын мыйзамында айтылган… Баары теп-тең деп жазылган… Билгиңер келсе айтып коёюн, менин өзүмдүн агам да жандармда кызмат кылат…
– Сөздү көбөйтпөгүлө!
– Жо, бу генералдыкы эмес… – деди ойлоно түшкөн тартип сакчы. – Генералда мындай ит жок, аныкы негизинен шимшигич иттер.
– Сен муну анык билесиңби?
– Анык билем, төрөм…
– Мен өзүм деле билем дечи. Генералдыкы асыл тукум кымбат иттер, а мобул эмне, шайтан билеби! Же бир жүнү, же бир келбети болсочу… туруш-турпаты жүзү кара бирдеме го бул… Ушундай да ит кармайбы?! Силердин акыл-эсиңер жайындабы деги? Мындай ит Москвадабы же Петербургда жолугуп калчу болсо, билесиңерби эмне кылышмак? Аякта мыйзамга карап отурбай шарт эле көзүн тазалашмак! Сен жабыр тартыпсың Хрюкин, бул ишти ушу бойдон калтырба… Жазасын берип коюш керек! Убагы келди…
– А балким чын эле генералдыкыдыр, – үн катты тартип сакчысы. – Тумшугуна жазылып турбаган соң кайдан билесиң. Кечээ эле анын короосунан ушундай итти көргөндөй болдум эле.
– Бу ошо генералдыкы эле! – деди калайык арасынан бирөө.
-Хм!.. Пальтомду кийгизип койчу, Елдирин байкеси… Шамал урду окшойт… Чыйрыгып чыктым… Итти генералга алып барып тапшыр, ошол жерден сурайсың да. Сурап калса мени таап жөнөттү дейсиң… Көчөгө коё бербегиле деп айтып кой. Бул кымбат баа ит болсо керек, көрүнгөн доңуз эле тумшугуна тамекисин баса берсе, келбети бузулат да. Ит – назик бир макулук. Сен дөөпөрөс, колуңду түшүр сереңдетпей. Алдыгы бармак сөрөйүңдү көбеле чычайтып көрсөтө бербе. Күнөө өзүңдө!..
– Тигине, генералдын ашпозу келатат, ошондон эле сурай коелу… Эй, Прохор! Бери кайрыла кетчи, дос! Мына бул итти көрчү, силердикиби?
– Дөөдүрөбөчү! Мындай ит бизде эзели болгон эмес!
– Муну сүрүштүрүп деле кереги жок болчу, – деди Очумелов. – Бул дейди ит! Көп сөздүн кереги эмне… Дейди ит дедимби, дейди ит. Жоготуш керек, кеп бүттү.
– Бул ит биздики эмес, – сөзүн улады Прохор. – Бул генералдын кечээ келген агасынын ити. Биздин кожоюндун тайгандарга ышкысы жок, аларды агасы жакшы көрөт…
– Ыя, а кишинин агасы келди беле? Владимир Иванович э? – деп сурады жүзүнө көшөкөрлөнгөн жылмаюу жайыла берген Очумелов. – Ой тобо, карачы, мен билбей да калган турбаймынбы! Коноктоп келишкен экен да?
– Коноктоп келишти…
– Ой тобо, карачы! Инисин сагынган экендер да… Мен кабарым жок калган турбаймынбы! Ошо кишинин ити дечи? Абдан кубанычтамын… Муну алып кет эми… Сонун күчүк тура… Шамдагай да экен… көрчү, мобу келесоонун бармагын шап эле үзүп алыптыр! Ха-ха-ха… Эмне титирейсиң? Ррр… рр. Карачы, заары келип турганын, о бетпак десе.
Прохор итти чакырды да отун кампадан ары ээрчитип жөнөдү. Чогулуп тургандар Хрюкинди шылдыңдай каткырып калышты.
– Шашпай тур, али сага көргүлүктү көрсөтөм! – деп ага опурулган Очумелов шинелине оронду да, базар аянтын кыдыра жолун улады.
Орус тилинен которгон Бахтиер Шаматов
