Ата-энем болбосо
Күлкүм күлкү беле атам болбосо,
Күчтүүмүн мен жөлөп-таяп колдосо.
Караанынан кубат алып жеңемин,
Жолуктурсам турмуш деген жолдо жоо.
Уйкум уйку беле апам күлбөсө,
Уктайт аалам мээрим төгүп сүйлөсө.
Апакемди, ак батасын айтмакмын,
Тынчтыгыңдын себепкери ким? – десе.
Бактым бакыт беле ыраазы кылбасам,
Ата-энем бар, түздүктөрдү, кырды ашам.
Не кааласам максатыма жете алам,
Айткандарын жүрөк менен тыңдасам.
